Кыргызымдын дагы бир зоосу урады
Нурак агай жок арабызда. Бул сөздөрдү айтуу мен үчүн азыркыга чейин оор.
Агай менен тааныш эмес элем. Бирок агайды көрүп, кылып жаткан иштерин байкап, чыгармаларын угуп кыргызда мындай адамдын бардыгына ичимен ыраазы болуп коет элем.
Агай мен үчүн тээ алыста көрүнгөн көк мөңгүлүү тоолордой эле. Ал тоолор барда кыргыз да бар сыяктуу, агай барда кыргыздын келечеги бар сезилчү. Агай жок эми… Бирок ал кылган иштеринде, шакирттеринде, чыгармаларында калды. Арабызда калды. Алар барда кыргыз да бар.
Бул мен инернеттин ар кайсы жеринен тапкан Нурак агайдын катышуусундагы видеолор.
Токтогулдун кербези
Жусуп Самаковдун “Кумармын” ыры
Улуу тоолор
Ой, булбул
Юлия Руцкаянын аткаруусунадгы “Аппак сүйүү”
Сөзү: Нурак Абдрахманов
Обону: Нурак Абдрахманов
Бабалардан калган сүйүү ыргагы,
Бул жашоонун көркү көңүл ачууда.
Өмүр шаңы экөөбүзгө тең орток ай,
Сен туш болдуң жаным көңүл назына.
Сенсиз көрккө келбейт,
Жазгы тентек желдей.
Жансыз күндөр өттү басып ирмемдей.
Билчи жаным билчи,
Жан дүйнөмө кирчи,
Сен күткөн бакыт эшиги ачып бергендей.
Бир берилген шаттуу өмүрдө,
Кир кетпесин аруу көңүлгө.
Бул жашоодо өкүнүүлөр аз болоор ай
Ак куу мисал сүзсөк жаштык көлүндө.
Бул өмүрлөр өткөн, өтө да берет,
Конок сымал коомай карап турсаң да.
Максаттардын сересине умтулуп ай,
Ай жылдыз ай сербеп колду сунсам да.
Назиик көркү гүлдөй.
Керемети күндөй
Чоң сүйүүгө жолугууну тилеймин.
Өмүр наркы бизден, көңүл наркы бизден
Майда адам майда сүйгөндөй майда сүйбөйлү.
Чындык ошол жашоо шартында,
Эмне жетсин бийик арзууга
Мен да сага аппак сүйүү берейин ай
Сен да мага аппак сүйүү тартуула.
Мен да сага аппак сүйүү берейин ай
Сен өзүңдү мага бүтүн тартуула.