«Курманжан датка» тартылып бүттү

kurmanjan12

Толук метраждуу, эки сериялуу «Курманжан датка» тарыхый көркөм фильмин «Айтышфильм» студиясы, «Кыргызфильм» студиясы менен биргеликте тартып бүтүрдү. Мамлекеттик деңгээлде каралган бул долбоорго баш-аягы 70 миллион сомго жакын каражат кетти. Фильм Алай, Ош, Ысык-Көл, Чүй аймактарынын эң кооз жерлеринде тартылган. Режиссеру — Садык Шер-Нияз. Башкы оператору — Мурат Алиев. Композитору — Бакыт Алишеров. Башкы ролдорго: Эл артисттери — Назира Мамбетова, Жамал Сейдакматова, жаш артисттер — Элина Абай кызы, Азиз Мурадилаев, Мирлан Абдуллаев, жана башкалар тартылды. Массовкалары менен беш жүздөн ашык адам катышкан тарыхый тасма, 31-августта Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүк күнүнө карата көрсөтүлөт.

"Кырчылдашып чабышып, найзанын учу кагышып... "  Капчыгай ичиндеги кан кармаш. Алай.
«Кырчылдашып чабышып, найзанын учу кагышып… » Капчыгай ичиндеги кан кармаш. Алай.
Эс алуу маалында элдин баары аралаш.
Эс алуу маалында элдин баары аралаш.

Сүрөттөрдү толугу менен бул жерден көрсөңөр болот.

Алтынай Темирова, «Азаттык», 21.05.2014-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.