“Сүйгөнүм”
Кыргызда обончулук деген түшүнүк өзгөчө орунду ээлейт. Калкыбыз ырга, күүгө өтө жакын. Ошондуктан обончу менен комузчуну калкыбыз кадырлап, сый-урматка бөлөп келген. Эч кандай музыкалык билими болбой туруп эле симфонияга тете күүлөрдү же ария, романстарга тете ырларды чыгарган орошон таланттарды санай берсек оголе көп. Ошондой таланттардын айрымдарынын аты айылдан ары чыкпай, унутулуп кетүүдө.
1908-жылы көл жээгиндеги Тепке айылында жарыкка келген Асанбек Жантемировдун негизги кесиби актер-режиссер болгон экен. 1935-жылы Москвадагы Луначарский атындагы театралдык институтта эки жыл окуп, ден соолугуна байланыштуу аягына чыкпаптыр. Негизинен райондук театрларда режиссерлук кесипте эмгектенген. 1947-жылы Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти наамын алган. Өткөн кылымдын 50-жылдары анын “Көл жээгинде” аттуу ыры эл арасына тарап, кийин белгилүү ырчы Жапар Чабалдаевдин аткаруусунда “Сүйгөнүм” деген ат менен радиого жазылып, ошол варианты элге алынып кеткен. “Көл жээгинденин” сөзүн акын Абдылда Белеков жазган болсо, Ж.Чабалдаевдин өтүнүчү боюнча “Сүйгөнүмдү” эл акыны Эрнис Турсунов жазып бериптир. Асанбек Жантемировдун “Күлүп кой”, “Күлүмкан”, “Чабан келинге”, “Күкүк”, “Күттүм сени” ж.б. ырлары калк арасында ырдалып жүрөт. Өзгөчө “Күттүм сени” аттуу ыры тереңдиги, музыкалык кайрыктарынын байлыгы менен айырмаланат. Ал маанайы боюнча романс жанрына жакындап кетет. А.Жантемиров ондогон обондорду жаратып, айрымдарын башка бир авторлорго таандык болуп, талаш маселе жаратып жүргөндүгү тууралуу маданият министрлигине кат түрүндө эчен ирет кайрылып келген. Кезинде ал маселе ар кандай шылтоо-себептер менен каралбай калган. Ошол каттарында өмүрүнүн акыркы жылдарында бир нече күү жаратканы тууралуу да айтылган. Тилекке каршы, алар тасмага же нотага түшүрүлбөгөн бойдон, чыгармачылык толук баасын албастан 1990-жылы өзү менен кошо о дүйнөгө кете берди…
Дарактуу кыштак четинде,
Кечинде,
Дал болуп турган кезимде.
Таалайдан көзүң балбылдап,
Жалжылдап,
Тараттың сүйүү сезимге.
Толкундун серпип бакытын,
Чачыпсың.
Тосууга мен да ашыктым,
Азоодой жүрөк туйлады,
Кыйнады,
Ашыкмын сага ашыкмын.
Ким үчүн согот жаш жүрөк,
Күчтүүрөөк,
Күндө эле күйүп жанамын.
Туюндум жаштык кезиңе,
Өзүңө,
Тутпадың бирок эсиңе,
Эмне үчүн, жаным, эмне үчүн,
Сен бүгүн,
Көрүндүң эки көзүмө.
Күрпүлдөп өзөн шаркыраар,
Ай чыгаар,
Күүлөнгөн жүрөк басылар.
Сүйгөмүн сени, сүйгөмүн,
Билбедиң,
Мени да сүйгөн бар чыгаар.
Турдубек ЧОКИЕВ, композитор, “Агым” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 30.10.2009