А.Жакыпбековдун 75 жылдык юбилейине арналган “Шекерден Ааламга жол” аттуу китеп көргөзмөсү ачылат

Үстүбүздөгү жылдын 25-августунда Улуттук китепканада манасчы, киносценарист, публицист, акын Ашым Жакыпбековдун 75 жылдык юбилейине арналган “Шекерден Ааламга жол” аттуу китеп көргөзмөсү ачылат.

А.Жакыпбековдун “Жабыркаган көгүчкөн” аттуу биринчи эмгеги 1961-жылы жарыкка чыккан. Анын колунан: “Балачактын кыйынчылыктары”, “Биз атасы жок өстүк”, “Кыргыз жеринин жомоктору”, “Шекерден Теңирге”, “Шаа-Ата” аттуу чыгармалар жаралган.

Улуу жазуучу Чынгыз Айтматовдун, С.Цвейга, М.Лермонтов, М.Горький, А.Чеховдун эмгектерин кыргыз тилине которгон. Ал мындан тышкары кыргыз кино тармагына да эмгеги сиңген.

Көргөзмө төрт бөлүктөн турат: “Адабият дүйнөсүнө сапар”, “Көркөм чыгармачылык сөздүн генийи”, “Көркөм котормочулуктун чебери”, “белгилүү публицист, киносценарист”.

Иш чарага жазуучулар, маданият ишмерлери, А.Жакыпбековдун эмгегине таазим кылгандар чакырылган.

М.Момуналиева, «Кабар» МА, 20.08.2010-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.