Кыргызстанда СССРдин эл артисти Болот Миңжылкиевдин 70 жылдык мааракесине арналган марафон өтүүдө

Караколдогу К. Жантөшов атындагы Ысык-Көл облустук музыкалуу драма театрында Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, СССРдин эл артисти Болот Миңжылкиевдин 70 жылдыгына арналган марафон өттү.

Бул туурасында Махмуд Кашкари-Барскоони атындагы мамлекеттик университетинин ректору Асан Ормушев билдирди.

Анын айткандарына караганда марафондук жүрүш алгач Балыкчы шаарында, Ысык-Көл районунда, бүгүн болсо Караколдо кыргыздын эстрада жылдыздарынын коштоосунда өткөрүлүп жаткан ыр майрамы болду.

“Бүгүн марафондук акция Бишкекте жыйынтыкталат. Балыкчы шаарынын тургундары марафонду колдоо иретинде 85 миң сом, «Тору-Айгыр» коомдук бирикмеси 130 миң сом, Ысык-Көл районунун эли 120 миң сом, ал эми областтык мамлекеттик администрациясы 300 миң сом жана областтык ишкана-мекемелердин, райондук мамлекеттик администрацияларынын өкүлдөрү, Караколдун тургундары 77 миң сом чогултушту.

Топтолгон каражат атактуу ырчынын эстелигин орнотууга, китебин чыгарууга жана маркумдун юбилейлик иш-чарасын өткөрүүгө жумшалат. Буга чейин Б. Миңжылкиев жөнүндө тартылган кинотасманын бет ачары болуп өткөн”-деди мааракени уюштуруунун демилгечиси А. Ормушев.

Кубан Мамбетов, “Кабар” МА, 22.04.2011-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.