Кулуке, Туруке жана Береке

(жомок)

Илгери-илгери чал кемпир жашаптыр. Алардын үч: Кулуку, Туруке, эң кичүүсү Береке аттуу уулу болуптур.

Бир күнү чал – кемпир балдарын чакырып : «Балдар, биз карыдык, көзүбүз тирүүдө келиндин колунан чай ичип, небере көрөлү, үйлөнгүлө» -дейт. Ошентип улуу баласы Кулукени колукту караштырганы жиберет. Узак жол жүрүп соңунда чарчап жолдон келе жатса алдынан бою сакадай бир аксакал чыгат: «Уулум, менден коркпо, эмне издеп жүрөсүң?» -дейт. Кулуке өзүнүн арманын айтат. Мени менен жөнө, менин айтаканым жасасаң, тилегиңе жетесиң деп өзү менен ээрчитип кетет. Көпкө жүрүп эки жолдун айрылышына келишет. Ал жерде чал бир чоң ташты көрсөтүп: «бул ташты оодарсаң издегениңди табасың. Кулуке болгон күчүн жумшап ташты ордунан жылдыра албай коет.

– Сен ушундай алсыз болсоң өзүңө колукту табалбайсың,- деп аксакал көздөн кайым болот.

Кулуке үйгө кайтып баарын ата-энесине айтып берет. Турукени жиберсе ал да ошондой келет.

– Анда кезек сенде, Береке,-деп кемпир-чал кенжесине батасын берип жолго жөнөтөт.

Көпкө жол жүрүп Береке баягы чалга жолугуп калат. Аны көрөөр замат коркпой учурашат.

– Уулум эмне болду сага, эмне иш менен журөсүң?

Береке өзүнүн максатын айтат.

-Жүр мени менен, сен издеген нерсең табылат, – деп чал Берекени да баягы жерге алып келет. Береке ташты оңой оодарып жиберет. Анда таштын алдындагы жерде бир аң ачылат.

-Ичине түшсөң үч хандык бар, ар бир хандын кызы бар. Каалаганын тандап ал,-деп чал көздөн кайым болот.

Чалдын тилин алып Береке арканды карманып жердин астына түшөт.

Түшүп биринчи хан-сарайдын ичине кирсе, бир сулуу кыз отуруптур. Береке менен учурашып аты-жөнүн сурайт. Береке ага «Биринчи дасторконду жайып, анан сураштырыш керек, же салтыңыз башкачабы?» -дейт. Кыз уялып дасторкон жайып Береке менен жай-баракат сүйлөшөт.

Курсакты тойгузуп Береке кыздын колун сурайт. Кыз ага «Биринчи башка хандын кызын көрүп аны жактырбасаң кел»-деп кеңеш берет. Береке экинчи хандыкка барса ал жактан андан да сулуу кызга жоолугат, бирок, ал жактан – «үчүнчү хандын кызына бар»-деген кеңешти угуп үчүнчү жерге келет.

Үчүнчү жерден кыздын колун сураса, кыз ага макул болот. Алтын шакегин тагып, баланын жашаган жерине кайтышат. Жолдон баратып, баягы экинчи хандын кызын кошо алып, биринчи хандын кызына жөнөшөт. Ал жерден жез шакекти белекке берген хындын кызын алып сыртка чыга турган болот.

Сырттан аларды, Кулуке менен Туруке күтүп атыптыр. Биринчи үч кызды аркан менен алып чыгышат. Аягында Береке арканга карманып сыртка башын көрсөткөн кезде бир туугандары көрүп, арканды Береке менен кошо кесип жиберишет. Эмне кыларын билбеген Береке кайгырып баягы чалга кайра жолугуп калат.

-Кайгырба, балам, – дейт аксакал.

Азыр жолуңду уланта бер, дагы бир мендей бир чалга жолугасың. Ал сага өз жардамын берет,-деп аксакал жок болуп кетет. Жети күн, жети түн жүрүп Береке баягы айткан чалга жолугат.

-Кыйын абалда калыптырсың, бирок сага жардам берейин, бул жактан дагы бир ай журөсүң, аягында бир жезкемпирге жоолугасың. Анын алп-каракушу бар. Ошону менен үйгө жете аласың. Андан башка эч ким сага жардам бере албайт.

Аксакалдын тилин алып баягы жезкемпирге келет.

-Каяктан келдиң, ажал издеп жүрөсүңбү? – деп жезкемпир сурайт.

-Мага кыйкырбай, жардам бер,-деп Береке өзүнүн окуясын айтып берет.

-Мейли, жардамым тийсин,-деп жезкемпир отуз кампасынын ачкычтарын берет. Эгер ошонун ичинен тапсаң, алп-каракуш менен жетип ала аласың,-дейт жезкемпир.

Биринчи кампага кирсе – алты баштуу жылан бар экен. Кылычын алып чыгып, жыланды өлтүрүп салат. Экинчи кампада жолборс, үчүнчүсүндө – барс экен – баарын жеңип башка кампаларга кирсе, алтын күмүш толтура экен, акыркысында алпкаракуш бар экен. Ага минип үйгө аман-эсен жетип алат. Аны көргөн Кулуке менен Береке коркконунан качып кетет.

Береке алтын шакек берген кызга үйлөнүп карылыкты чогуу тосуп бактылуу жашап калат.

Соц тармактар:

One thought on “Кулуке, Туруке жана Береке

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.