Отунчу падыша

(жомок)

Бир заманда Султаналы деген отунчу болгон экен. Өзүнө ылайык кембагалдын кызы Умсунайга баш кошуп “эки бакыр, бир тукур” болуп оокат кылышат. Аялы көп кечикпей эле эркек төрөп бериптир. Баланын кубанычы менен жылаңач- жабык эстен чыгып кетет. Мырза аттуу баласы бат эле чоңоюп, он жашка чыгат.

Султаналы үй- бүлөсүн, өз кардын тойгузуу үчүн “өлбөс оокат, чыкпас жан” дегендей, кара жанын карч уруп, күнүгө талаадан отун терип калаага сатуучу экен.

Күндөрдүн биринде кылаңгыр чайга тоюп, өлбөс оокатка жан талашат. Койнуна бир көмөчтү салып, жолду карата көп ойлорду ойлоп баш катырды. “Мен алтымыштан, кемпирим элүү жаштан аштык. Демек экөөбүз тең картайдык. Артыбызда керки, чотту жыйнап, атыбызды өчүрбөй турган тукумум Мырза бар. Жалгызымдын колун адалдап коюуга кудуретим келбеди. Атаганат!”- деп далай жерге келип калганын да өзү билбей калыптыр.

Отун алуучу жеринде эмне кыларын билбей, “урушарга жоо таппай, урунарга тоо таппай” жолдун боюнда сары сан болуп терең ойго батып отуруп калат. Бир убакта ордунан ыргып туруп артын көздөй жөнөйт. Баратып кантип уулунун тоюн берүүнү ойлонду: “Кой, аздан акча жыйнайын, катып койгон акчамды таптакыр унутуп калбайын, күрүч, кой алып туруп, уулума той берип, элден бата алайын” деп кызык кыялга батты.

Жолдо келе жатып көздүн жоосун алган сонун куурайларга көзү түшөт. Ана- мына деп карап турбай Султаналы жол боюндагы шуудурап турган куурайларды оро баштады. Күндөгүсүнөн алда канча көп куурай жыйнап, бекемдеп таңып, көтөрүүгө көп аракеттенип, кара терге түштү. Бир маалда эптеп дөңгө сүйрөп жеткирип, чарчап алы кеткендиктенби, аны ордунан кайра жылдыра албады.

Бүткөн бою суу болуп, өзү кара терге түштү. Көтөрө албайт, көтөрүп тура калайын дегенде, башынан ашып көмөлөнүп кетет. Бир туруп ызаланып, бир туруп капаланды. Кандай жеткирүүнүн амалын таппай, казыктай болуй жолду карап туруп калды.

Жолдон өтүп бараткан жолоочу көрүп- билип тургансып Султаналынын кыжырын кайнатып суроо берди. Ал жини келип:

– Көзүң көр, кулагың кереңби? Бооруң ачыса жеткирип бер, болбосо эмнеге куру сүйлөйсүң,- деп кыйкырып үнүн катуу чыгарды.

– Ачууланба, чабалдык кылба, билем сенин эмне кылганыңды, балаңа той берүүнүн камын көрүп, азап тартып, убара чегип жатасын. Сен куу жаныңды кууратып эмне кыласың. Ыракаттан жүзүн көргөн жериң жок, дүйнөгө келгениңден кийин жыргайм деп ойлосоң боло. Отунчум куу жанынды кууратпай менин акылыма көн. Тетиги чоң ташты көтөргүн, астындагы чуңкурга колуңду салсаң бир тасторкон, бир бешмант, бир сака бар. Ошолорду алгын, көктөн тилегениң жерден табылат.

– Аларды шаарга сатамбы?- деп Султаналы сураганда, жолоочу:

– Кокуй, андай кыла көрбө, кайсы тамакты көңүлүңө түшүрсөң ошол замат даяр болот, каалаганча жеп, тасторконду кайра катып коюп жүргүн. Бешмантты кийип алсаң, эл көзүнө көрүнбөй каалаган жерге жетесиң! Саканы болсо, башыңа кыйын иш түшкөндө курал кыл. Саканы тамдын төбөсүнө коюп туруп анын артынан өзүң чуркап бар. Сака түшкөн жерде эшик ачылып калат. Ичине кирип ылдый түшсөң адамдын көңүлүн чайыткан бак пайда болот. Ортосунда чоң жолу бар, жол менен басып бараткаңда оң жагыңды карасаң бышып жетилген мөмөлөрдү көрөсүң. Бирок сол жакка карабай, ар убак оң жактын мөмөлөрүн же. Сол жактагы мөмөнү сага мурда ким жамандык кылса ошолорго берип жедир. Аны жегенден кийин алар таш болуп катып калат. Каргап туруп берсең, сен жаман санагандай болот. Кыскасы кандай ойлосоң ошондой болот,- деди дагы жолоочу көздөн кайым болду.

Султаналы: “өңүмбү, түшүмбү”, деп бир топко дал болуп туруп калып, араң- араң эсине келди.

Султаналы жолоочу айткан чоң ташты ордунан жылдырып коюп, дагы колун ийнине чейин төмөн карай салып, төмөнүрөөк жибергенге коркту. “Колумду улам салам деп отуруп, өзүмдү сордурбайын, кой кемпиримди жардам бергенге алып келейин” деди. Үйүнө барып кемпирине сүйүнчүлөп, “жүр, кемпирим” деп, алып келди.

Султаналы чөк түшүп отурду да, артынан кемпирине этегин карматып:

– Сак бол, кокус мени ары карай тартса, сен бери карай тарт, андай кылбасаң мен өлдүм,- деди.

Кемпири ээгин тиштеп, Султаналыны бекем тартып, кыйналып кысталып туруп тасторкон, бешмант, саканы сууруп алып чыкты. Кубанычтары койнуна батпай, абдан сүйүнүштү.

– Кемпирим эмне жегиң келет?- деп жалт карады. Умсунай:

– Сары майга бышырылган каттама болсо!

– Мен да ошону каалаймын,- дей салды Султаналы. Ичинен сары майга бышырылган каттама чык,- деп тасторконду ачты эле, тасторкон толду, өлгөнчө жеп тоюшту.

Баягы жолоочу айткандай жеп бүтүп, кайра жаап коюшту. Айт тамактар болуп, береке жайнап ырахаттын жүзүн көрө башташты.

Анан бешмантты кийип, Султаналы шаарга чыкмакчы болду. Бешмантты алып, жолоочу айткандай эч кимге көрүнбөй шаарга кирип барды. Султаналы шаарды аралап, бир жерди караса набайчы нан чыгарып жатыптыр, “ушундан бирди алып көрөйүн, билинер бекен, билинбес бекен”, деп нанды алды дагы, тыяк- быякка карап көрдү. Бир аз басып, кайра турду, набайчы аны менен иши да болбоду.

Султаналы дагы сынап, бир киши алма сатып отурган жерден алмасын алды эле, эч ким көрбөдү. Андан ары бал саткан жерге келип, оюндагысын алып, керек дегенин колуна кармады. Бирок такыр адамдын көзү чалбады.

Султаналы кездеме саткан соодагердин жанына келип: “Бул адамдын акчасын алайын” деп ойлонуп, коюн кончуна тыгып акчаны ала берди. Бул дагы көргөн жок.

Анан Султаналы келатса, базарда чөнтөкчү уурдаган акчасын санап туруптур. “Мейли бул дагы бирөөлөрдү какшаткан акча”, деп анын дагы акчасын, алды.

Ары барса, кай бирөө какшап, кай бирөө боздоп жүрүшөт. Султаналы абайлап канча жоготсо, ошончо акчаны орундарына салат.

Андан ары сыйкырдуу бешмант менен жүрүп отуруп кайыр – тилеген пенделердин арасына келип баягы акчаларды берип отуруп, аны дагы апың- упуң кылды.

Жолдо келе жатып Султаналы бир казыга кезигип калды. Казынын башындагы жибек жоолугуң алып жаман чүпүрөктөрдү ороп койду. Казы бул ишти байкабай жүрө берди, ары өткөн, бери өткөндөр шылдың кылышып шермендеси чыкты.

Сыйкырдуу бешмант менен аман- эсен Султаналы үйүнө келип болгон иштердин чыпчыргасын коротпой аялына айтып берди.

Арадан көп убакыт өтпөй Султаналы: “Эми саканы сынайынчы”, деп үйүнүн үстүнө чыгып, жолоочу айткандай саканы атып жиберип, анын артынан өзү келди. Шарт этип эшик ачылып, мөмөлүү бактар көрүндү. Мөмөлөрдү көрүп, айран таң калып, оң тарабындагы жемиштерди татып көрдү.

Жолдун сол жагындагы ашпурт, анжыр, алмаларга көзү түштү. Самсаалап турган анжырдан бирди үзүп алып, өзү жебей: “Умсунай муну жакшы көрүүчү эле”,- деп сүйүнгөн бойдон кемпирине аласала алып келди.

Умсунай “жеп коеюн” деп, оозуна салаары менен мышык болуп мыялап калды.

Султаналы аргасы кетип, айласы түгөндү. Умсунай дубалга чыгып, эмне кыларды билбей жалдырап турду.

“Бир анжырдын азабынан кемпиримден айрылдым”, деп кокуйду үстөккө- босток айтып, эстен танды. Аргасы кетип көзү карайлап, баягы сакасын калчап, бактын оң тарабындагыга барып, анжыр, ашпурт, анар, жүзүм терип алды дагы, бирден мышыкка зордоп жедирди. Анжырды жегенден кийин кемпир өз калыбына келди.

Султаналы сүйүнүп, “Кемпиримден бөөдө ажырап кала жаздадым”, деп мөмөлөрдүн кандайы дабаа, кандайы залал боло турганын жакшы билди. Султаналы сыйкырдуу бешмантты көп кийип күндө базарга барат. Арам тамак соодагер, байлардын акчасын алып, кембагалдарга таратып берет. Кембагалдар тоюнуп жыргашты. Кандын казынасын чачты. Короо- короо кой, өрүшү менен жылкыны таратып, кедейлердин жарпы жазыла баштады.

Жердин үстүндөгү жемиштер дагы калганы жок, утурумдук оокат үчүн Султаналы Умсунай экөө алтын саканы ыргытып коюп жер астындагы бактардын мөмөлөрүн сата баштап турмушу оңолду.

Бир күнү Султаналы баласына той берип шаардын падышасын вазирлери менен чакырып ааламда жок даамдарды тасторкон жасап, аябай тан калтырды.

Кетээрде падыша Султаналынын сыйкырдуу бирдемеси бар экенин билип, анын сырын билиш үчүн:

– Мындан ары жакшы жүрөлү, келишип кетишип туралы, балким кудалашып каларбыз,- деп өзөр- мазир сөзүн айтты.

Султаналы кубанычы терисине батпай:

– Кулдук- кулдук,- деп таазим кылды.

Мына ушундан баштап падышанын кызы Айжамал менен Мырза көп ойной турган бодду.

Бир күнү Султаналы менен Умсунай бир жакка кетишип, баягы сыйкырдуу бешмантты үйгө унутуп калтырышат.

Айжамал менен Мырза бышып турган коонго барат да ээси кармап алып, Айжамалды жибербейт. Ошондо Мырза кызга боору ачып, сыйкырдуу бешмантты алып келип, коонду оюнча жеп, каалаганча алып кетишет.

Бешмантты үйүнө коюп, Мырза билмексен болуп калды.

Айжамал болгон ишти төкпөй, чачпай атасына айтып келди.

– Сен ошол бешмантты алып келсен, алтындан сөйкө жасатып берем,- деп падыша кызына убада кылды.

Кыз атасынын айтканын орундатып, сыйкырдуу бешмантты алып келип берди. Падыша сыйкырдуу бешмантты сынап көрүп, бекем катып таштады.

Бир күнү Султаналы менен Умсунай экөө дагы айылчылап кеткенде, Мырза Айжамалдын астына барбактап тасторконду жайып, түрдүү оокатты жайнатат. Каалаганча жешип, тасторконду кайра ордуна илип коюшат.

Айжамал үйүнө келип атасына сыйкырдуу тасторкон жөнүндө айтып берет. Атасы аябай кубанып кызына:

– Сага алтын шакек берем, ошол тасторконду алып келсең,- деп дагы жумшайт.

Сыйкырдуу тасторкон да алынып келди.

Султаналынын тырпы тышына айланып, бешмант, тасторкондон ажыраганына аябай капаланды. Ким колдуу болгонун дароо байкады.

Алтын саканы ыргытып, анан өзү чуркап жердин алдындагы бакка барып, мөмөлөрдү эки- үч чакадай жыйнады. Кыштын кырчылдаган күнү падышага тартуу кылып алып барып берди. Баарысы аң- таң калып, жеп жыргашты.

– Эртең дагы алып келем,- деп убада кылды.Султаналы бактын сол жагындагы мөмөлөрдү терип туруп падышаныкын көздөй басты. Султаналы:

– Мен бирден оозуңарга салам, оозуңарды ачып, көзүңөрдү жумуп тургула – дегенине падыша менен вазирлер макул болду.

– Падыша мышык, вазирлери ит болсун,- деп Султаналы шыбырап, колун бир силкип койду.

Ошондон кийин баарысы айткандай болду. Падышанын тактысына өзү олтуруп, адил иш жүргүздү. Жоголгон буюмдарын таап, жаркырап- жайнап жатып калган экен.

Соц тармактар:

One thought on “Отунчу падыша

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.