Кыргызстан жана Кыргыз Эл: алмашкандан эмне өзгөрөт?

Жакында “Ар-намыс” партиясы биздин мамлекеттин атын өзгөртүп, Кыргыз Эл деп атайлы деген сунуш менен чыкты. Мен бул демилге тууралуу эч нерсе айткым келбейт, анткени Кыргызстан, Кыргыз Республикасы деген деле жаман ат эмес, анын үстүнө кеп атта эмес, затта го. Ошондой болсо да ыңгайы келип турганда көптөн бери келаткан бир түпөйүл ойду ортого салгым келип турат.

Дүйнөдөгү аты ар кандайча атала берген сейрек мамлекеттердин бири Кыргызстан. Расмий атыбыз Кыргыз Республикасы, бирок оозеки тилде Кыргызстан деп көнүп калганбыз. Ага мейли. Орусча атыбыз – Киргизия, дагы бир атыбыз Киргизстан, бирок расмий каттарда, дипломатиялык кат алышууларда ар дайым Кыргыз Республикасы, Кыргызская Республика, The Kyrgyz Republic деп жазабыз.

Бир кезде, эгемендикке жаңы эле жеткен жылдарда Кыргызстан Республикасы же Республика Кыргызстан деп аталып, баш мыйзмамга да ушундай жазып жүрдүк. Бирок 1993-жылдан бери эл аралык документтерде Кыргызская Республика, The Kyrgyz Republic деп жазып келатабыз. Бул деле туура болду. Ырас, орус туугандар бизди “Кыргызстан” деп айтканга таптакыр көнбөй койду. Баягы эле көнгөн адатынча Киргизия деп сүйлөп да, жазып да келатышат.

Буга деле мейли эле. Баарынан өкүнүчтүүсү, англисче жазылышыбыз абдан чаташ болуп калды. 1993-жылдан бери эл аралык документтерде Kyrgyzstan, The Kyrgyz Republic деп жазылып келатабыз. Чаташ болгону ушу: биздин кандайча аталышыбызды билбеген же өз кулагы менен укпаган англис тилдүү киши Kyrgyz дегенди “кыржыз” деп окуй бериши толук мүмкүн жана ошондой кылып окуп да жүрүшөт. Ошон үчүн алгачкы жылдары бизди көп чет элдиктер  “Кыржызстан” кээде “Курдистан” деп да чаташтырышчу. Бул тууралуу бир жолу Роза Отунбаева абдан күйүп-бышып бир чоң чогулушта сөз сүйлөгөнү эсимде. Анын себеби “g” тамгасынан кийин “h” тамгасын кошуп жазбаппыз. Ошондо гана “г” тамгасы ачык жана даана айтылмак экен. Англисче аталышыбыздагы “г” тамгасын так жана даана кылып айтуу үчүн ушул тамганы кошуу абдан керек болчу. “H”  тамгасы кошо жазылбаса Kyrgyzstan “Кыржызстан” болуп окулушу түшүнүктүү нерсе, дешет англис тилин жакшы билгендер. Kyrghyzstan деп жазсак бул тилдин айрым өзгөчөлүктөрүн эске алмакпыз, окулушубуз да Кыргызстан болуп туура окулмак. Маселен, Индиянын Дели шаарын англичандар Deli эмес, Delhi деп жазышат. Антпесе “л” тамгасы баса айтылбай калат.

Буга деле макул дейли. Менин айтайын дегеним, мамлекеттин атын алмаштыргандан мурун ошол атты, башкача айтканда  “Кыргызстан” деген сөздү туура жазганды ойлосок. Маселен, түрк туугандар бизди башынан эле Kyrghyzistan деп айтып да, жазып да жүрүшөт. Башкача айтканда, алар “и” тамгасын жана тыбышын кошуп жазышат жана айтышат.

Ооганстанда, Өзбекстанда, дагы бир катар өлкөлөрдө биз тууралуу ушундай айтылыш жана жазылыш сакталган. Туура. Анткени биздин атыбыз чынында да Кыргызстан эмес, “Кыргызыстан”. Мындан жыйырма жылдай жыл илгерирээкте ушул ойду биздин мыкты фольклорист-окумуштуубуз Сулайман Кайыпов айтып чыкан эле. Тилекке каршы, ал кезде бир нерсени өзгөртө коюу өтө кыйын болчу, себеби “легендарлуу” парламенттин депутаттары мурунку советтик көнүмүштөр менен жашаган адамдар эле. Ал гана эмес, “Мекен” деген сөздү “Родина” деп жазыш керек деп канча убара кылышканы али күнчө эсибизде.

Айтор, мамлекетибиздин атын, Кыргызстанды башынан көнүп калган грамматикалык салт менен “ы” тамгасы жок жазып келатабыз. Анын натыйжасында “з” тамгасы менен “с” тамгасы биригип келип “с”га айланып кетүүдө. Тил илиминде муну фонематикалык элизия деп коет, башкача айтканда окшош тыбыштыр ошентип куюлушуп кетет. Ошол жазылыштын таасиринен эл да “з” ны “с” кылып айтып, мамлекетибизди “Кыргыстан” деп айтканга көнүп калдык.

Ушул сыяктуу өкүнүчтүү көрүнүштөр биздин бир катар маанилүү түшүнүктөрдү орусчага которгондо жаралууда. Мисалы “Жогорку Кеңеш” деген сөз. Бул баягы эле “Верховный Совет” деген орус сөздөрүнүн калькасы, сөзмө-сөз котормосу. Анда ЖКнын орусчасын “Верховный  Совет” деп эле атабай, эмнеге өжөрлөнүп “Жогорку Кенеш” деп атап келатабыз? Түшүнүксүз. Казактар парламентти “мажлис”  деп туура атап алышты. Бизде деле ошондой атап алсак туура эле болмок. Бизде деле эл: “Ой, эмне эле баарыңар бакылдап, бул жерге мажлис куруп ийдиңер” деп айта берет.

Ушул эле чаташтык “айыл өкмөтү” деген сөздө жатат. Орусчасы “сельская управа” деген эле сөз, бирок аны ар дайым “айыл өкмөтү” деп орусчага которбой жазабыз. Ал гана эмес кыргыз радиосунун орусча берүүлөрүндө да “Говорит Биринчи радио из Бишкека” деп айтчу болдук. Ар бир тилди эл түзөт жана байытат, анын тарыхы жана эч ким зордоп өзгөртө албай турган өзгөчөлүктөрү болот. Ошондуктан башка тилдерге да сый менен мамиле кылып, биздин ойлорубузду, түшүнүктөрүбүздү башкалар так жана ачык түшүнгүдөй кылып которуп жана жазышыбыз керек го.

Эми кайрадан жогорудагы маселеге – Кыргызстанды Кыргыз Эл деп атоо сунушуна келели. Менимче, бул болбогон сөз. Жогоруда айтылган “запастагы” көп аттарга дагы бир ат кошулат. Эл да, дүйнө да ого бетер чаташат. Баягы “Манаке дейин десем сакалың канаке, Данаке дейин десем калпагым мынаке” деген анекдоттой болобуз.  Андан көрө эл агартуу тармагына көбүрөөк көңүл буруп, элдин кат сабатын көтөрүүнү ойлошубуз керек. Негизги маселе мына ушуда.

Осмонакун Ибраимов, «Азаттык», 22.09.2014-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.