Тибеттин белгисиз сырлары

Белгилүү тележурналист Темирбек Токтогазиевдин «Тибетте жашаган кыргыздар» деген китеби жарык көрдү. Китепти окуган адам, тибеттин ачылбаган улуу касиеттери жөнүндө ой толготот. Байыртадан бери Тибетте байыр алган кыргыздар, кыргыз тилинде сүйлөп, кыргыздардын каада-салттары, үрп-адаты менен жашап, өзүлөрүн «Аруу элбиз», «Күн тукумубуз» дешип, ушул кезде да жашап келүүдө. Деңиз деңгээлинен 4000 метрден бийиктикте жашасада, Кыргызстандыктардан айрымасы, орточо жашы 160 чейин жаш экени окурмандардын көңүлүн өзүнө бурбай койбойт. Алардын Будда дининин байыркы үлгүлөрү Дунхуан шаарына жакын үңкүрлөрдүн сакталышы. Анда ак чоподон тапталган топо тоонун боорун оюп, байыркы бир замандарда Будканалардын курулгандары, тоопкананын ар биринде үчтөн, он бешке чейин айкелдердин жасалышы, миңдеген сүрөттөрдүн тартылышы, Гансу провинциясы Тибетке эң жакын болуп, элинин орчундуу бөлүгү тибеттиктер. Канча кылым өтсө да, Улуу Манас эпосунда Сагынбай Орозбаковдун айтуусунда айтылып калышы да бекер эмес. Будкананын ичин өзү көргөндөй сүрөттөп айтышы сырдуу:

Бийиктиги коргондун
Билимдүүлөр койгонун,
Эки кулач эни бар,
Ага жакын баралбай,
Кудайдын үйү ушу деп,
Куп табынган эли бар.
Жай күнүндө басылбас,
Сыдырым соккон жели бар.
Кыш күнүндө басылбас,
Кызытып турган деми бар.
Айтып болдук орунун,
Буткананын борумун.
(С.Орозбаков. Манас. Хан-Теңири басмасы, 2010, 257-б.)

«Будда» жөнүндө кыскача түшүнүк берип, санскрит тилинен которгондо «ойгонгон» (пробуждённый) мааниги ээ болуп, тунук зирек ой жүгүртүп, өзүнүн табиятын толук ачууга жетишкен «макулукту» (затты) түшүндүрөт. «Будда» сөзүнө «Ойгонгон» же «Агарган» (агартылган) түшүнүк туура келет, деп, андан ары: Бул дин алгачында Индияда пайда болуп, кийин Тибетте өнүккөн. Будда (Сиддхарти Гаутама) б.з.ч. 560 – 480 – жылдары жашаган; Буддалык эрежелердин алгачкы пайда болушу – б.з.ч. 486-жыл; Буддизимдин өнүккөн кези – 220 – 236-жылдарга туура келет; Тибетке алгачкы буддалык тоопкана биздин замандын VII-VIII кылымдарда пайда болгон; Тантарлык (санскритте – мыйзам же эреже) буддизм VII кылымда өнүккөн; Тибеттеги негизги будда окуулары XI кылымда өнүккөн; Тибеттеги алгачкы – 1- Далай-ламасы 1391-1475-жылдары жашаган; Тибетте Далай-лама титулун аныктап бекиткен адам Содиам Жамцо болгон. Ал 1548-1588-жылдары жашаган; Акыркы же XIV Далай-лама 1935-жылы туулган; – 1950-жылы Тибет Кытайдын карамагына өткөн; Кытайдагы Маданий революциянын учурунда (1966-1976-жылдары) Тибетте буддизим куугунтукка учураганын тарыхый хронологияга кайрылып, будда динин сырын ачкысы келет. Буддизимдин негизги максаты Нирванага (санскрит-nirvana-тынч алуу; өч алуу; өлүү). Нирванага жетүү үчүн адам баласы бардык түйшүктөн, кайгыдан арылуусу абзел. Будда абалына жетүүгө умтулууда тунуу абалында (медитацияда) сезиминин туу чокусунда бактылуулукту сезүүсү керектиги. Нирвана абалына жеткен адам бул Будда деп түшүнүшөт тибеттик буддисттер. Нирвананы үчкө бөлүп көрсөтөт: Биринчиси, көз ирмемдик нирвана – кыска мөөнөткө адам жаны жай алып, кандайдыр ырахатка балкуу абалына келүү. Экинчиси, жашоо нирванасы – мында, адам ушул турушунда бүткүл денеси менен балкуу абалына кирип жашоонун ырахатын даана сезүүсү. Үчүнчүсү, түбөлүктүү нирвана. Бул абалга адам баласы физикалык денесинен толук бошонгондо гана жетүүсү. Мында адам баласы өлгөндөн кийин, анын денеси жерге, отко берилип, анын жаны түбөлүк нирвана абалына келет дейт буддачылар.

Тибеттеги буддалардын дагы бир аты Ламаизм. Бул термин европалыктар XIX кылымда атап алышкан сыяктуу. Мунун өзөгү катары ламалардын сыйынуусун көргөндөн кийин айтылып калса керек. Тилдин фонетикалык жактан айтылып-угулушун салыштырып, «лама» сөзү бүгүн биздин диний чөйрөдөгү «уламалар» деп айтылып жүргөн – диний аалымдар катары кабылдоого болот. «Лама» термини биздин «улама» деген сөзүбүздүн кыскартып айтылышынан келип чыкса крек деген ойдон да алыс эмес. Тибет ламаизми бул буддизимдин ичиндеги өзгөчө бир конфессия катары кабылдоого болот. Тибет буддизми Индиялыктардыкынан айрымаланып турары, бул айрыманы Тибет ламаларынын тантараларды кобуранып жүргөнүндөрүн жазат. Т.Токтогазиевдин байкашында, Буддизмдин өнүгүшүнө көөнөргүс салымын кошкон Будда Шакьямуни (б.д.ч. 624 – 544 жж..) тууралуу ар түркүн айыңдар бар, деп. Андан ары, Санскриттен – Sakuamuni – Сакиямуни деп котормолоруна токтолот. Аалымдардын айтуусуна караганда – Сак уруусунан чыккан акылман. Бирок, Буддизм Тибетке биздин доордун VII кылымында киргени. Бул кезде, тибеттиктердин мамлекети өнүгүп, аскери урунарга тоо, урушарга жоо таппай турган чагы эле. Андыктан, булар бир жагынан Түрк каганаты менен, экинчи жагынан индиялыктар менен кагылышып, дагы бир жагынан кытайлардын да тынчын алып келишкен. Будда дининин мында таралышынын негизги жүйөөсү катары VII кылымда Кытайдын Тан империясы басымдуулук кылып, басып алган жерлерге өз динин таңуулашат. Тибет бийлигинин башында турган падышалары буддизимдин келиши менен өздөрүн Индиянын байыркы эпосу болгон «Махабхаратадагы» падышаларынын урпактары катары даңазалашкан. Ал эми, биздин доордун VII кылымына чейин Тибетте теңирчилик, башкача айтканда шамандык көз караш өкүм сүргөнүн далилдеген ар түркүн элементтерди бүгүн да жолугат. Алардын эң эле жөнөкөйү – түркүн түстөгү чүпүрөктүн айрындыларын тал-дарактардын бутактарында байлангандарын Тибеттин бардык эле жерлеринен көрүүгө болот. Тибетте жашаган элдердин түшүнүгүндө, тоодогу үңкүрлөрдөн түбөлүк орун алган сомадхилер мезгил-мезгили менен жер бетине тирилип келишип, жашоо учугун улашат дешет.

Көңүл бура турган нерсе, байыркы санскрит тилиндеги жазмаларда бул көрүнүш «сомадхи» же «сомати» жазылганы. Адам баласы зорго жете ала турган тоо койнундагы үңкүрлөрүндө адамдардын малдаш токунуп олтурган абалында таштай катып калган денесин тибеттиктер «сомадхи» дешип, кызыгы, аларды жаны бар – тирүү, түбөлүктүү сыйкырдуу адамдар катары кабылдашат. Миң жылга чейин ушул каткан абалында болуп, муктаждык болгон учурда «соматилер» тирилип келип, эл ичиндеги тартипти жөнгө салып, айрым учурларда, адамзатынын жаңы муунун жарык дүйнөгө алып келип, анан кайрадан «сомати» абалына кетип турушарына ишенишет. Демек, «сомадхи» же «сомати» адамдын экстатикалык жана толук тунуу (транс) абалы. Бул терминдин этимологиясына көз чаптырсак, «сам-адха» – «өзү башкаруу» дегенден келип чыкса керек. Кимде-ким мындай касиетке ээ болуп, өзүнүн бардык мүмкүнчүлүгүнө – физикалык жана менталдык дараметин толук башкара алса, аны йоганын туу чокусуна жеткен адам деп билишет.

Дүйнөнү дүңгүрөткөн өткөн кылымдардын мамлекет башчылары да тибеттин сыйкырдуу, сырдуу күчтөрүнө кызыкпай койбогон. «Сомад», «Сомадхи» деген сөздөрдүн негизги мааниси – «түбүлүк» деген түшүнүктү билдирген – тибет тоолорунда буддизимдин үңкүрлөрүндөгү ант уйкуда жаткан – каткан адам калдыктарына берилип, булар кайрадан тирилип келип адамзатынын жашоо көчүн улантуучу касиетке түбөлүктүү сапатка болгусу келгендер, XX кылымдын ысымы унутулбаган лидерлери: Адольф Гитлер жана И.В. Сталин болгон. А.Гитлер бийликке келген соң атайы «Ананербе» деген жашыруун экспедициясын Тибетке жиберген болсо, Совет өкмөтү орногондон кийин И.В. Сталиндин жашыруун буйругу менен Кытай ЭР Компартиясынын председатели Маоцзедун менен жакшы мамиледе болуп, Тибеттин тоолоруна жашыруун экспедиция уюштурганы табышмактуу, жашыруун нерсе болгон. Алардын издегендери, сыйкыры көп Шамбала экени азыркы кезде жашыруун эмес. Экөөнүн тең көксөгөн максаты – абсалюттук бийликке жетүү болгон, экөө тең жашыруун Шамбаланы издешкен.

Шамбала изилдөөчүлөрдүн айтымында, кыргыз тоолорунун койнунда бир эле эмес, бир канча эшиги тууралуу сөз козголот. «Балыкчыга жакын тоолордун, Талас тоолорун, түштүктөгү Өзгөндүн Камыр Ата тоосунда анын эшиктери катылган деген божомолдор айтылып жүрөт. Т.Токтогазиев бул жагынан кызыгып, интернеттен алган булактарга таянып, Шамбалага барчу жолдун Кыргызстандын ичиндеги маршуруттары түзүлүп, ага баруу эрежелери иштелип чыкканын жазат. Бул эрежелерге ылайык, Шамбалага барам деген чет элдин жараны болсо, сөзсүз түрдө Кыргызстанга Талас областы аркылуу кириши шарт экен. Казакстандан Таласка кирип, өрөөндү аралап Өтмөк аркылуу Бишкекке келип, андан ары Балыкчыга өтүүгө тийиш. Албетте, атайы чийилген маршурут аркылуу жол жүрүүсү абзел. Зыяратчыны атайы даярдыктан өткөн (Адептүү) жол көрсөтүүчү кошоктоп жүрөт. Болбосо, зыяратчынын аракети текке кетип, Шамбалага жетүү мүмкүн болбой калышы ыктымал дейт» автор.

Шамбаланын Тибет менен байланыштырган себеби, Шамбаланын бир эшиги Кыргызстанда экен деген сөз бар. Шамбала жөнүндө байыркы замандарда эле, б.д.ч. II кылымда жазылып калган маалымат бар экенин кийинки кызыккан окумуштуулар айтып да, жазып келишкен, ал тургай «Шамбала» аталышындагы мамлекет тууралуу баяндалып, анын алгачкы падышасы Сучандар аттуу адам өзүнүн Аксарайында гүлбакчада Калачкра*, маналдасын* (калачкра*санскритте-убакыт айлампасы же өмүр өтөлгөсү, мандала* саскритте – айлампа же шакекче. Ошондой эле Веданын он бөлүгү да мандала деп аталат). Ошондон бери эле аты аталган жер Калачкра илиминин башаты болуп калганы баяндалып калганы жашыруун сыр болгон. Шамбаланы тибеттиктер Калапа десе, Азиялыктар – өлбөстүн өрөөнү, Россиялыктар – Ак Суу өрөөнү (Беловодье), жүүттөр –Г рааль биримдиги (братство Грааля), индиялыктар Шаңгрилла деп аташат. Башкача айтканда, Шамбала бул биздин планетардык жашоонун өзөгү жайгашкан жай. Ал жерде кудайдын эрки боюнча жер жүзүндө аткарылчу бардык иштер долбоорлонуп ишке ашырылат. Адамдардын, улут аралык тагдыры, башынан кечирчү азап-тозогу, көрөр жыргалы менен куурашы, саясий кыймылдардын жаралышы менен өнүгүшү, коомдун илимий прогресстери менен артка чегинүүлөрү, диний жактан агаруулары, айтор адам баласынын турмушуна байланышкан бардык нерселер ушул жерде чечилет деп билишкен адепттер* (адепт* – латын тилинде Adeptus «Жетишкен». Окульттук илимде – эзотерикалык философиянын туу чокусуна жетип Мастер атагына татыган адам).

А.Гитлер менен И,В,Сталиндин максаты Шамбаладагы сыйкырдуу сырларды ачып алса, алар ааламдын ээси болуп, бардык максаттарга жетебиз деген ойдон алыс эмес болгон . А.Гитлердин, Шамбаланын кыргыз тоолорунун арасында бир эмес, бир канча эшиги жайгашкандыгы жөнүндө кабардар болгону. Анын кыргыздарга кызыккан себеби, Тибет, Гималай, Тянь-Шань ж.б. кыргыз тоолорун XIII к. бери изилдеген саякатчылар: Марко Поло (1254-1324), Карл Риттер (1779-1859), Александар фон Гумбольдт (1769-1859), Орус императору Александр III (1854-1894), Н.М. Прежевальский (1839-1888), Н.К.Рерих 1932-ж. тарткан сүрөттөрү чындыкты чагылдырган. Ошол себептен анын кабардар болушу бекер жерден болбогон.

Тибетке азыркы күнгө чейин ислам дини жетпесе да, исламдын куран китебинде «Ыклас» сүрөсүндө «сомадхи» сөзү «ас-сомад» – түбөлүктүү деген мааниде кезигет. Анын маанисин так берүү мүмкүн эместигинен кабар берет. «Ас сомад» деген түшүнүк Куранда бир эле жолу кездешкени менен, аллага берилген сыпат катары колдонулганы – Аллага таандык экени, ал эч кимден жана эч нерседен муктаж эместиги, бардык жандууларды ал жаратып, түбөлүк ислам аалымдары белгилешкен. Сагымбайдын Манас айтуусунда Курандын сүрөөсүнө карата мындайча айтылган: Бар! – деп билгин ката жок,

Туудурду дебе, ата жок,
Тууду дебе, эне жок,
Бир жараткан кудаага
Туш келишер неме жок,
Өзүнөн бөлөк даана жок,
Өзү бар да, бала жок,
Өзгө тууган, урук жок,
Өзүнөн бөлөк улук жок! (С.Орозбаков. Манас. Хан-Теңири басмасы, 2010, 107-б.).

«Сомад», «сомадхи» сөздөрдүн негизги маниси – «түбөлүк» деген түшүнүктү билдирген менен, «сомад» – исламда бир Аллага таандык сыпат катары белгиленсе, «сомадхи» – тибет буддизиминде үңкүрлөрдөгү ант уйкуда жаткан – каткан адам калдыктарына берилип, булар кайрадан тирилип келип адамзатынын жашоо көчүн улантуучу касиеттүү, түбөлүк өлбөгөн сыпаты бар адамдар жөнүндө сөз кылат. Темирбек Токтогозиев, сомадхи – ант уйкуга жооп издеп, ант уйку абалында адам кандайча болот деген суроого жооп катары Бурятиядагы буддисттердин көрүстөнүнөн сөөгө казылып алынып, экспонат катары музейге коюлган Пандито Хамбо-лама XII Даши-Доржо Итигеловдун мисалын атайт: «Будда динини ламасы 1927-жылдын 15 июнунда өзүнүн окуучуларына жаны учуп кеткенден кийин, окуучулары өзүнүн денесин кантип көмөөрүн аманат катары дайындап, 30, 50 жылы өткөндөн кийин ачып кароолорун өтүнүп, кайрадан көөмп койгула деген. Д.Д.Итигелов 75 жыл өткөндөн кийин бул жашоого кайрадан тирилип келээрин айткан экен. Окуучулары аманатын аткарып, 1955-жылы Пандито Хамбо-лама XVII Лубсан-Нимо Дармаевдин катышуусу менен, экинчи жолу 1973-жылы Пандито Хамбо-лама XIX Жамбал-Доржо Гомоевдин жетекчилиги астында анын анын денесин Бурятиянын Иволгинский районундагы Хухе-Зуран көрүстөнүнөн, алып чыгышып, изилдөөлөрдү жүргүзүшүп, кайрадан саркофагына салып көөмп коюшкан. 2002-жылдын 10 сентябрында Пандито-Хамбо-лама XXIV Дамба Аюшев окумуштуулардын катышуусунда ламанын тулку сакталган саркофагды көрүстөндөн алып чыгышып аны сактоо үчүн атайын курулган «Хамбо-лама Итигеловдун жыргалдуу ак сарайы» деген жерге алып барып коюшат.

Таңкалыштуусу, Д.Д.Итигеловдун «сөөгүн» изилдеген окумуштуу Россия судмедэкспертизасынын инсанды таанып-тактоо бөлүмүнүн башчысы Виктор Звягиндин айткандарына караганда, «ламанын» денеси чириген эмес, өлүктүн жыты байкалбайт, муздак болгону менен, билинер-билинбес жаны бардай туюлат, айрым учурда салмагы аны көрдөн алып чыккандан бери, алгачкы бир-нече өскөнүн айткан. Окумуштуу бул ант уйкудагы адамдын жылда 2 кг оорлонсо, акыркы 6 жылда 10 кг өскөнүн айткан. Бүгүн анын салмагы 41 кг. (Комсомольская правда гезитинен 2012-жылдын 27-сентябрдагы санында А.Моисеенко менен А.Баратовдун «Загадка нетленного Ламы: 85 лет между жизнью и смертью» макаласынан алынган). Мен, Т.Токтогазиевдин бул китбин окуп чыгып өзүмчө бир тыянака келдим, өлбөстүктүн айкалышкан чеги болгондуктан ал жай Кудайдын турагы катары эсептелери, аны изилдөөгө жетүү адам баласынын аң сезимин, акыл оюн мындан миңдеген жылдар бою иликтеп келинсе да, дагы деле болсо табышмактуу бойдон калары талашсыз нерсе. Адам баласы жогору жактан (ааламдан) уруксатсыз эч нерсе жасай албасын, бирнерсе жасоо үчүн жооптуу ишти мойнуна алып, ак жүрөктөн, чын дили менен жасаса жаратылыштын мыйзамы адам баласына өз кайтарымын берерин, ага жаратылыштын ал тургай тоо-таштагы өсүп жаткан мөмө-жемши, тоо бетиндеги гүлдөрү, жагымдуу жыпар-жыттуу өсүмдүктөрү, агып жаткан шылдыр кашка сууларына чейин аяр мамиле кылганда гана ар кандай касиеттүү сапаттарга жетерине ишенүү керек деген ойду айткым келди…

Жолдошбек Султанов жөнүндө «Көк Асабага» көп эле жолу жаздык, ошонун ичинде бир сөзү эсиме келет: «Адам баласы өлүп жок болсо, анда жашоонун максаты эмнеде?» деген. Бул китепте да Ж.Султановдун илимдин артында жүрүп изилдеп алдына койгон максатына жетүү үчүн жер кесеп, санскрит тилин үйрөнүүнү издеп жүргөн Швециялык бир адамга жолугуп, аны менен кошо сапарга чыгып Индияда Бомбей андан ары Швецияда окуйт. Өзү менен чогу окуган немец кыздары менен Тибеттин борбору Лхасага барганын, тоо арасында жайгашкан Будда чиркөөлөрүнө, тибеттин кыргыздарына жолугуп алар менен бир жылдай жашаганын, көргөн, билгендери жөнүндө баян кылат. «Тибеттиктер, өзүлөрүнүн бакшыларынын айтымында байыркы заманда бөлөк планетадан келгенин жана ошол планета системалары менен байланышып турушаарын, алардын табигат таануусу, аалам таануусу абдан жогору экени, кыргыздар жөнүндө кабарлары таптакыр жок экени таң калтырган. Жер бетинде ар кандай цивилизация болгону, анын ичинде Аруу цивилизациясы болгону, тибеттик кыргыздардын айтуусу боюнча, алар Аруудан чыккан чыккан элдин урпактары экен. Аруу цивилизациясы Кудайдын мыйзамдарына баш ийген, абдан жогору билимдүү адамдар болушкан. Бул цивилизация менен Ариянын ортосунда карама-каршылык пайда болгондо, Арияндар аны жок кылган. Омоной эненин айтуусунда караганда, Ариянын тукуму Алтай, Шибер (Сибирь), Чукотка жерлеринде жашашкан. Ал кезде бул жерлер бейишке окшогон керемет жерлер болгон. Азыркы Орто Азияда жашаган элдерди да Ария тукумдарынын калдыктары десек болот» – дейт. Дүйнөдө эң чоң диндер: Будда, христиан, ислам дини болсо, дүйнө таанымын байыркы веда жазуулурынын негизинде болуп калганы, салыштырмалуу айтканда веда илими диндердин ортосунда айрымачылык деле жок, булар бир кудайга алып баруучу жол. Веда илимин терең билген Ражелег деген киши өзү 360 жашка чыккан, өзүнүн 200 жылын тунууга (медитацияга) арнаган. Ал бир ордунда медиацияда отуруп, дүйнө тааныган. Анын айтуусунда: «Азыркы мезгилде «шайтан доору» деп койгон. Азыркы цивилизацияланган коомдо технологиянын өнүккөн доору, аалам медитациясына таасир берет. Анын далилдөөсүндө, ал Вириндаванда Ягна деген ыйык дарыянын жээгине келип, веда илимдерин изилдеп жүргөн кезде1996-жылы мен ага жолуктум. Швециядан Индияга эки айга баргам. Ошол улуу адамдын айткандары эсимден кетпейт, медитацияга отурганда эки, үч метр бийик абада калкып калганын көргөм, буту эч качан жерге тийбеген. Индиянын Аллахабад деген шаарында Ямуна, Данга, Сараспатий дарыяларынын кошулган жеринде Маха Хумхамерий деген чоң салтанат болот. Салтанатка 60 миллион адам чогулат, мындай салтанат 12 жылда бир болуп турат. Бул майрамга Индиянын өкмөт башчысы 3 миллиард ашык акча сарп кылат, чогулган элдерге шарт түзүп берет. Ал жерге ар кандай диндин өкүлдөрү чогулуп бардыгы бир кудайга сыйынышат. Ал жерден тарап кеткенден кийин, ар кимиси өз диндеринин кудайына сыйына, өз кудайларын макташа талаша беришет». Тибетте, Индиядадагы кыргыздардын карманган диндери ар башка, Индиядагы кыргыздар болсо мусулмандар , Тибеттик кыргыздардын жарымы жарымы буддачылар, жарымы теңирчиликке ишенимин кармашышат. Ал эми шаман маданиятындагылар динди көп кабыл албайт. Алардын көз карашында, динди адамдардын аң сезимин көтөрүүчү илим деп түшүнүшөт, шаманизим диндерден жогору турат дешип, аалам менен байланыштырып турган ишеним түшүнүктөрү бар.

Китепти окуган адам, аруулукту, жашоонун жол-жобосу, жаратылышта адам баласынын биле элек сырлары бар экенинен башка дагы философиялык ой толгоолор менен жашоодогу көнүгүүлөрдү аткарып тунуу (медитация) абалын үйрөнүүдө адам баласы өмүрүн узартууга жол ачары жөнүндө ыйык нерселерди байкай алат…

Кайнарбек Бийлибаев, “Мурас”, 11-13.09.2014-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.