Казактар

“Шайкалып тузелген шанырак” деп мурунку муундан ар бир казак өз өмүр баянын баштаган. Мейли элдин негизги уюткусу – 11 миллиондойу жашаган түпкү мекени Казак жериндеби, бүгүнкү күндө төртүнчү мууну катары 39 миңдейи байырлаган биздин жердеби, же болбосо ааламдагы 40тай өлкөдө өмүр кечирген казактарбы – ар жерге барып калгандагы таржымал казак элинин “басынан кешiрген, көзүмен көрген” окуялардын, кайгысы-жыргалы бир тең тарых-баяндын уландысы.

Соңку жаңылыктарга абай салсак, Жер калкы немис фондунун (DSW) 2014-жылдын 1-январына карата берген эсеби боюнча, дүйнө эли 7,2 млрд адам болду жана бул процесс кайсы бир элдин санынын өсүшүнөн, кайсы биринин кемишинин эсебинен жүрүп жатат. Тил, дил, жан дүйнө, тарых, каада-салт, маданият, жашоо-тиричиликтеги өздүк мүнөз – ж.б. “өзүн-өзү сактап калуу” туюму, жакшыбы-жаманбы, көп элде ойгонду, көп өлкөлөр башка жердеги улутташтары менен байланышты күчөттү, түпкү мекенине кайрылып барганга камкордугу каралган программалар саны өстү. Андайдан азыркы Казакстан да четте калган жок. “Нурлы көш” – (каз. Нурлы көш; кырг. “Нурдуу көч”) деген программасы менен башка өлкөлөрдөн оралмандарды (кайтуучулар) түп мекенине көчүп келүүгө чакырганга өттү. Ал эми тыштагы казактардын саны дүйнө жүзүндө бир топ эле.

* * *

Ар кыл маалыматты жалпылаганда, дүйнөдөгү казак аттуунун саны 15 миллионго чамалап барат, анын ичинде сырттагысы 4,5 миллиондой казак, 40тай өлкөдө казак диаспорасы ачылып иштеп жатат, аалам боюнча баары менен ич ара байланышты Дүйнөлүк казактар ассоциациясы камсыздап келет; диаспоралардын эң көлөмдүүсү – Кытайда (1,3 миллиондун тегереги), Орусияда (1 миллионго жакын) жана Өзбекстанда (түпкүлүгү казак, бирок ар кыл себеп-шылтоо менен документте “өзбек” деп жазылгандар бар деген түкшүмөл менен эсептегенде 2 миллионго чейин барат), орточо көрсөткүчтө (100 миңден көп-кем деп алганда) Түркмөнстан жана Монголияда. Калган жерде 45 миңден (Ооганстан) ылдый кетет, биз 39 миңдей казак баурдасыбыз менен ушул саптабыз.

Кызыгы, сырттагы казактарды илимий негизден иликтегендер баарын эле “диаспора” түшүнүгүнө кошо беришпейт, алтүгүл азыраагын гана ушундай деп эсептешет. Маселен, казак коомдук илимдер жаатында диаспорология деген жаңы багытты теориялык-практикалык эмгектери менен байытып жаткан Гүлнара Мендикулова “Казак диаспораларынын тарыхый тагдыры. Жаралышы жана өнүгүшү” деген эмгегинде мындай дейт: “…Казакстандан тышкары 4,5 млн казак мурунку СССРдин 14 мамлекетинде жана дүйнөнүн 25 өлкөсүндө жашайт, алардын 800 миңдейи гана диаспора деп эсептелет, калган 3 млн. 700 миңи казак ирреденттери, б.а., ар кыл тарыхый доордо ар учурдун саясий элиталарынын аферисттик оюндары жана амбицияларынан улам Россияга, Кытайга, Өзбекстанга Казакстандан ажыратылып берилген жана кошуп салынган чектерде жашашат. Ирриденттерге Россиянын Астрахань, Оренбург, Курган, Омск, Тоолуу Алтай автономиялык облустары; Кытайдын Алтай, Тарбагатай, Или, Кулжа, Еренкабырга, Бар-кол-Кумул – Синьцзян-Уйгур Автономиялык району; Монгол Эл Республикасынын Баян-Ульгин аймагы; Өзбекстандагы Сыр-Дарыя, Чирчик, Кызылкум жана Мырзашол райондорундагы казактар кирет”…

* * *

Мындан чыкты, канча жерибиз Г.Мендикулова көрсөткөндөй эле себептер менен кертилип кемигенин (учурда уланып жатканын) эске алсак, биздеги казак тускандар ирриденттер эмес. (Ирридент дегенди чечмелесек, италия тилинен “эрксизден бөтөн жерде күн өткөргөндөр” таризде которулган irredentismo, irredento сөзүнөн жаралган, 19-20-кылымда италиялыкмын дегендер жашаган чектеш жерлерди Италияга кошобуз деген кыймылдар жараткан түшүнүк). Тереңинен алганда, тарыхта ирегелеш жашап, турмуш-тиричилигибизде, маданиятыбызда, каада-салтыбызда жалпылыгыбыз, окшоштуктарыбыз көптүгүнөн улам, эгемендик менен өз жүзүн, өз тарыхын, өз насилин изденүү жанданып, бир башаттан көз жарган орток жана өз-өзгө таандык улуттук баалуулуктарды “энчиге” баскан көрүнүштөр, “ким биринчи жаралган, кимиси кимден тараган” сындуу талаш-тартыштарга байма-бай кабылып келаткан түптүү түрк тилдүү элденбиз. Өзгөчө “эки элдин биримдиги сыналган, чыңалган” “ойрот баскынчыларына каршы күрөш” (17-к-дан 18-к-дын ортосуна чейин жүргөн) менен акыры Жунгар мамлекети кулап, “калмактар Борбордук Азиядан биротоло куулгандан кийинки”, эки элди элдештирген 1847-жылдын 22-августундагы тынчтык келишимине (Кенесары хандын 1847-жылдын жазындагы акыркы жортуулу менен аяктаган) чейинки тарыхыбызда эки элдин тең баатырларынын башын жеген чабыштар, кагылыштар чагымчыл мүнөздө улам-улам көтөрүлүп айтылып келет. Анткен менен, казак-кыргыздын акын-жазуучусу Мухтар Шаханов агабыз айткандай, “куштун кош канатындай” эки элбиз, Кыргыз Эл Баатыры, азыр кутман курак 90 жаштын турмушун көрүп жаткан акын атабыз Сүйүнбай Эралиев “Казак тууганга” деп ыр арнагандай, “Казак, кыргыз – бир тууган/ Байыртан бери бир суудан/ Ичсе да бирге ичишип,/ Бет жууса – бирге бет жууган./ Бир кезде келген табылбай/ Тарыхта катар издери./ Бир ырдын эки сабындай/ Өмүрлөр окшош биздеги”.

* * *

Негизи казактар кимдер, кыргызга жакындыгы канчалык деген суроонун тарыхый жагын алсак: “Казактар – түрк тилдеринин кыпчак тобуна кирген тилде сүйлөгөн калк. 15-к-дын экинчи жарымында Казак хандыгынын пайда болушу менен бир нече кылымга созулган казак элинин түзүлүү (этногенез) процесси аяктаган;… калыптанып бүткөн казак эли негизинен Улуу жүз (Жети-Суу аймагын жердеген), Орто жүз (Борбордук Казакстанды жердеген), Кичи жүз (Батыш Казакстанды жердеген) бирикмелерден турган (азыр бул багытта тактап-териштирген таржымал көп, маселен, “ушул үч жүзгө кирген уруулардын негизин кыргыздын уруулары түзөт” деген иликтөө-изилдөөлөрдү жазган кыргыз эле эмес, казак тарыхчы-иликтөөчүлөрү да бар – ред.). Казак, кыргыз уруулары бири-бири менен эзелтен бери карым-катнашта болуп келишкен. Бир катар этникалык компоненттер (карлук, чигил, йагма, кыпчак, йабаку, кытай ж.б.) бул коңшу элдер үчүн жалпы болуп саналат. Казак-кыргыз саясий союзу өзгөчө ойрот баскынчыларына каршы күрөш маалында чыңдалган. Бул тарыхый карым-катнаштар эки элдин материалдык жана рухий маданиятына, турмуш-тиричилигине, тилине, оозеки жана жазма адабиятына терең таасир тийгизген”. Айтмакчы, “казак” этноними да айтылуу Алтын Ордо чачырап тараганда азыркы Казакстандын аймагында Жаныбек хан жана Керей хан түптөгөн алгачкы Казак хандыгы менен кошо жаралган. Айтымында, хандыктын эли өзүн “казак” (“казактар”) – эркин журт атап башташкан (башка да талаштуу чечмелөөлөр бир топ, азырынча ушунусуна токтолуп туралы). Бирок Октябрь революциясына чейинки тарыхый маалыматтарда орус казактары менен чаташтырбас үчүн казактар кыргыздар же кыргыз-кайсактар деп аталып, жазылып келген (бул боюнча да башка тарыхый далил-жүйөлөр арбын).

* * *

Ал эми биздин жерге казактар качан, кандайча келген? Тарых илиминин кандидаты Б.К. Калшабаева: “Кыргызстандагы казак диаспорасынын түзүлүш тарыхындагы айрым маселелер” деген эмгегинде “… Кыргызстандагы казак диаспорасынын жаралышы жана жайгашуусу бир катар тарыхый факторлорго байланыштуу: 1916-жылдагы улуттук-боштондук кыймылы; 1924-1926-жылдагы Орто Азия республикаларынын улуттук-этникалык аймактарынын чегин аныктоо; коллективдештирүү, 1928, 1931-1932-жылдагы түшүмсүздүк, ачкачылык; эмгек миграциясы ж.б. себептерди”, ошондой эле келгин казактардын көбү уйсун уругунан, Борбордук Казакстандын Шет, Каркара райондорундагы аргын уругунан, ошондой эле Семейдин тобыкты жана наймандарынан деп көрсөткөн.

Негизинен ушундай, бирок өзгөчө 20-жылдарда Түндүк Казакстандан кулакка тартуу капшабына тандоосуз кабылган оокаттуу казактар качып келсе, Орал, Орынбор, Актөбе, Бөкей, Костанай, Семей, Акмола губерниялары тушуккан 1921-1922-жылдардагы ачарчылык, 1930-1932-жылдардагы бүтүн Казакстан элинин теңин эле эмес, адамдагы адамдыкты жок кылган (эл “кызыл табан шубырынды” атаган) сталиндик индустрилизациялоо саясатынын жүрүшүндө (оор өнөр жайды куруу үчүн сыртка дан азыктары экспортко чыгарылып, сырттан өнөр жайга керектүү материалдар алып келинген) жут, катуу ачарчылык аман калган казактын 1,5 миллиондойун болуп көрбөгөндөй чачыратып жер кездирген. Анын 130 миңге жакыны Кыргызстанга келген жана басымдуусу биз аркылуу Кытай, Ооганстанга, Сибирь аркылуу Монголиядагы туугандарына жетишкен. Өзгөчө ушул окуяда келген казак элин аман алып калган, анан өз элин – бизди ошондой ачарчылыкка тушуктурбай сактап калган Жусуп Абдырахмановдун кеменгерлигин казак менен тең биз дагы эстен чыгарбашыбыз керек. Ал “кызматтан алса алышсын” деп, таңууланган дан даярдоо планына көз жуумп, көрсөтүлгөн планды азайтып, эл ачарчылыктан кырылып калбасын деп үрөн фондусунан пайдаланууга уруксат берген. Кийинки 1933-жылы 26-майда ВКП Борбордук комитети “Республикада дан азыктарын бекитилген планга каршы ысырапкорчулукка жана уурдап жок кылууга жол берилип, чара колдонбогонддугу жөнүндө” токтом кабыл алып, 22-сентябрда партиянын борбордук комитетинин саясий бюросунун чечими менен Ж.Абдырахмановду кызматтан алышты, 14-октябрда партиядан чыгарышты, Самара, Оренбург шаарларына кызматтык сүргүнгө айдашты, акыры атууга кетирип тынышты.

Кызыгы, ошол ачарчылыктын “жергиликтүү уюштуруучусу” Филипп Исаевич (Шая Ицкович) Голощекин “советтик түзүлүшкө каршы уюм түзүп, борбордук комитетке каршы күрөш жүргүзгөн” деген айып менен 1939-жылы камалып, 1943-жылы атылып, бирок Хрущев заманында жазыксыз репрессияланган эл каймактары менен катар эле реаблитация болгон…

Казактар айтат: “Арбанын алдынгы донгелеги кайдан журсе, арткы донгелеги сонымен журеди” деп, андыктан “биреу тойып, биреу тонып” жаткан азыркы заманда эскиден келаткан, эскиде калган алака-мамилени, ар заманда эки элдин ынтымагына кызмат кылган инсандарды кийинки муунга айта жүрүшүбүз шарт… Кыргыз жерин байырлаган казак туугандар арасында Чохан Валиханов, Абай Кунанбаев, Шакарим Кудайбердиев, Ыбрай Алтынсарин, Жамбыл Жабаев, Жөжө Каржабай уулу, Мухтар Ауэзов, Габит Мусрепов, Сабит Муканов, Олжас Сулейманов, Мухат Шаханов ж.б. сындуу өмүрү өрнөк инсандар толтура, аларга кийин токтолобуз.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы, “Асаба” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 10.2014-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.