Гүлнара Айтпаева: «ЮНЕСКОнун иштерине президент колдоо көрсөтөт»

aitpaeva

Буга чейин ЮНЕСКОнун маданий мурастарынын тизмесине Кыргызстандын маданий мурастарын каттатуудагы иштерге каржылык жактан Жогорку Кеңештин депутаты Карганбек Самаков колдоо көрсөтүп келген. Бул иштерге мындан ары өзгөчө көңүл бурулуп, КРнын президенти тарабынан колдоого алынаары айтылды.

Өзүңүздөргө маалым болгондой, кечээ жакында кыргыз жана казак элинин турак жайы болгон боз үй ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастарынын тизмесине орток мурас катары катталды.

Мындай чечим 26-ноябрда Парижде өткөн материалдык эмес маданий мурастарды сактоо боюнча ЮНЕСКОнун Өкмөттөр аралык комитетинин 9-отурумунда чыгарылды.

Отурумда Кыргызстан менен Казакстандын биринчи биргелешкен «Кыргыз жана казак боз үйлөрүн даярдоонун салттуу эрежелери» наамы каралган. Кыргызстан аталган наамдын демилгечиси болуп саналат.

“Улут уюткусу” программасынын алкагында дал ушул боз үйдүн ЮНЕСКОнун маданий мурастарынын тизмесине катталышы тууралуу «Айгине» маданий-изилдөө борборунун жетекчиси, материалдык эмес маданий мурастар боюнча Өкмөттөр аралык Комитеттин Конвенциясынын Кыргызстандагы серепчиси Гүлнара Айтпаева менен маектештик.

Гүлнара айым, сөзүбүз башынан болсун. Жогоруда айтылгандай боз үй кыргыз-казакка орток болуп катталды, бирок, бул алгач биз тараптан демилгеленген. Угармандарга дагы түшүнүктүү болуш үчүн боз үйдү ЮНЕСКОго каттатууга болгон алгачкы иш-аракеттер кандайча, качан башталган, бул иштин көч башында кимдер турат? Ушуларга кенирээк токтолуп өтсөңүз.

– ЮНЕСКОго сунушталган маданий мурастын өзүнүн ирети болот. Ар бир сунуш эң аз дегенде бир жыл мурун берилиши керек. Алдын ала даярдалган формасы болот. Ошого ылайыкталып сунуш иштелип чыгып, жардамчы топторго берилет.

Боз үй бул кыргыз элинин байыртан бери колдонуп келген баалуу турак жайы болуп эсептелет. Ошондой эле бул нерсе казактарга дагы тиешелүү. Бул жерде Жогорку Кеңештин депутаты Карганбек Самаковдун салымы чоң. Ал буга чейин ЮНЕСКОнун кызматкерлери менен иштешип жүрүп, кыргыз менен казактын ортосунда орток мурастын бар экендигин байкап, мындан 1-2 жыл мурда эки эл бөлүнбөй, биргеликте сунуштаса жакшы кабыл алынат деген ниетте, бул демилгени көтөрүп чыккан. Мында кыргыз тарап даанышмандык кылды. Анткени ЮНЕСКОнун өзүнүн саясаты бар. Бир өлкө жазган сунушка караганда, билгелешкен сунуштар ал жерде баалуу жана салмактуу болот. Карганбек мырза жана ЮНЕСКОнун Кыргызстандагы өкүлдөрү менен биргеликте алгачкы иштерди башташкан. Бирок негизги жүктү боз үй тууралуу сунушту толтуруу, анын тасмасын, сүрөттөрүн казактар менен бирге Динара Чочунбаева жетектеген кол өнөрчүлөрдүн уюму бир нече айлар аралыгында иштеп чыгышты. Анан ЮНЕСКОго тапшырылган.

Казак тараптан боз үйдү өзүбүздүн атыбыздан каттатабыз деген каршы пикирлер жаралган жокпу?

– Былтыр дагы бир боз үй монголдордун атынан материалдык мурастардын тизмесине катталган. Эгерде, ошондон улам казактар намыстанып, өзүбүздүн атыбыздан каттатабыз деген болсо, ага сөзсүз кыргыз тарап каршы чыкмак. Биздин атыбыздан каттатабыз деген болсок алар каршы турушмак. Мындай аймактык карама-каршылыкты ЮНЕСКО байкаган болсо, кыргызды дагы, казакты дагы колдомок эмес. Боз үйдү орток мурас катары таанытуу үчүн биргеликте алып чыгуу зарылдыгы бар болчу. Бул жерде Карганбек мырза туура саясатты тандады деп эсептейм.

Бул чоң ишти аткарууга каржылык жактан кимдер колдоо көрсөттү?

– Кандай гана иш болбосун каржы маселесине эртели-кеч такалат экенбиз. Дагы бир жолу баса белгилеп айткым келет ЮНЕСКОнун 2012-жылдан тартып 2016-жылга чейинки ишине Жогорку Кеңештин депутаты Карганбек Самаков колдоо көрсөтүүгө убада кылган. Азырынча ал сөзүнөн тая элек. ЮНЕСКОнун иштерине карата бул кишинин пикири жана мамилеси өзгөргөн жок. Былтыр дагы Бакуга барган 30 кишиден турган делегацияны колдогон. Быйылкы делегацияда адамдардын саны азыраак 15 киши болду. Бул жолу дагы толугу менен өзү каржылады. Ал эми мамлекет колунан келген учурларда көмөгүн көрсөтүп жатат. Кыргыздардын миңдеген маданий мурастары бар. 4 жыл менен чектелбей, алардын бардыгын каттатуу керек. Демек, дагы да иш уланышы зарыл жана каржылык жактан колдой турган адамдар керек.

Кыргызстан ЮНЕСКОнун Өкмөттөр аралык комитетине мүчө болуп кириши маданий мурастарды каттатууда таасирин тийгизе алабы?

– Албетте таасири болот. Бизге кошумча добуш берүү эмес, тажрыйба топтоого көп мүмкүнчүлүктөр түзүлүп жатат. Мына ушул нерсе маанилүү болуп саналат. Былтыр “Манасты” киргизүүгө сунуш жазууда бир топ кыйынчылыктар болгон. Ага караганда бир жыл ичинде бир топ тажрыйба топтолуп калыптыр. Эми көк бөрүнү киргизүүгө аракеттерди көрүп жатабыз. Мисалга, кытайлардын бир фестивалы сунушталып, ал жерде короздордун урушу болгон үчүн, жаныбарлардын укугу тууралуу маселе чыгып, өтпөй калды. Көк бөрүдө дагы ула курмандыкка чалынат. Демек, бул нерсени алдын алып, аны чечүүнүн жолдорун ойлонуп жатабыз. Ошондуктан, комитетке мүчө болуудагы негизги маанилүү нерсе тажрыйба топтоо жана мамиле түзүү болуп саналат.

Айтсаңыз, маданий мурастарды ЮНЕСКОго каттатуунун негизиги мааниси жана максаты эмнеде жатат?

– Мунун бир топ максаты, чоң мааниси бар. Анткени ЮНЕСКО дүйнө жүзүндөгү маданият саясатын чечкен уюм болуп саналат. Кыргыздар “Манас” эпосун алгач кытайлар өзүлөрүнүн атынан каттатып алгандан кийин намысына келди. Кыргыз элин дүйнө жүзүндөгү көп элдер тааныбайт. Кыргызстан дүйнөлүк деңгээлдеги чоң ачылыштарды жасай элекпиз, же чоң өлкө катары тааныла албайбыз. Бизди дүйнө жүзүнө таанытуучу зор маданиятыбыз бар. Боз үйдү же “Манас” эпосун дүйнөгө таанытуу кыргызды дүйнөгө таанытуу менен барабар деп айтсак болот. Ошондой эле дүйнөлүк маданият саясатына катышуу жана ага колдон келишинче колдоо көрсөтүү.

Боз үйдү кыргыз-казактан башка дагы көчмөндөргө тиешеси бар. Ал жерде көчмөндөр арасында нааразы же каршы пикирлер жаралган жокпу?

– Биз быйыл баратканда кичине кабатыр болуп жаттык. Анткени буга чейин монголдордун атынан катталган. Анан кайра-кайра өткөрө береби?- деген суроо жаралган. Бирок эч кандай нааразычылыктар же каршы пикирлер пайда болгон жок. Сунушталган ар бир мурас бир жыл бою ЮНЕСКОнун сайтына илинет. Мисалга боз үй. Ал тизмени башка мамлекеттер карап чыгып, эгерде окшош мурастар болуп кала турган болсо, сунуштап жаткан өлкөгө биргелешип иштөө боюнча кайрылуу жолдошу керек. Бизге андай сунуштар түшкөн жок.

Эми алдыда кандай маданий мурастарыбызды ЮНЕСКОнун тизмегине каттатууга пландар жана мүмкүнчүлүктөрүбүз бар?

– Бизде эл ичинде бир топ мурастарыбызды каттатууга мүмкүнчүлүктөрүбүз бар. Тизме бар, бирок, аны ачыктабай эле коёюн. Анткени, ал кайра-кайра толукталып иштелип жатат. Болгону анын ичинен эң керектүүсүн, маанилүүлөрүн тандап сунуштоо керек. Эмки жылы буюрса көк бөрү жана айтыш өнөрүн сунуштоого аракеттерди көрүп жатабыз.

Каныкей Бозгунова, “Марал” радиосу, 10.12.2014-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.