Алтынбек Исмаилов: “Кечелерибизде байкуш студенттерден башка эч ким жок”

altynbek

Кыргызстандагы жаш акындар арасында курч саптары менен эл оозуна алынган Алтынбек Исмаиловдун Азербайжанга барып келгенин угуп, кепке тарттым.

Арыбаңыз агай.

Бар бол иним.

Сизди жакында боордош азербайжан элине, Баку шаарына барып келди деп уктум, ал жакка эмне максат менен бардыңыз? Чыгармачылык ишпи же мамлекеттин ишиби дегендей?

– Бакуга, бир чети расмий, бир чети чыгармачылык иш менен бардым десем болот. Мындан он беш жыл мурда түзүлгөн, башкы кеңсеси Бакуда жайгашкан «Түрк дүйнөсүнүн жаш жазуучулар союзу» деген эл аралык уюм бар, 2006-жылдан бери ошол уюмдун Кыргызстандагы өкүлү болуп эмгектенип келе жатам. Аталган союздун жетекчилери быйыл тектеш түрк тилдүү калктардын жаш чыгармачыл уюмдарынын башын бириктирип, бир бирлик түзөлү деген максатта чакырышты. Ал уюмга мүчө болгон Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Азербайжан, Түркия, Кипр сыяктуу ондон ашык өлкөдөн бирден өкүлдөр келип, өздөрүнүн өлкөсүндөгү жаш жазуучулар союздарынын атынан сөз сүйлөп, кеңешмеге катышып, өз ара пикир алышышты. Адабиятыбызды, маданиятыбызды кантип өнүктүрөбүз деген маселенин тегерегинде үч күн бою сөз кылып, соңунда түрк дүйнөсүндөгү жаш жазуучулардын башын бириктирген бирикме түзүп, иш тартибин кабыл алып, резолюцияга кол койдук. Мына ошол резолюцияга Эл аралык “Нурборбор” чыгармачылык академиясынын атынан кол коюп, аталган академияны ал уюмга мүчө кылдым. Андан сырткары жыйындын соңунда эл аралык поэзия кечесин уюштурдук. Кечени баштан аяк, түрк тилинде алып барып, алып баруучулук кызматты да аркалап келдим.

Агай, бул кийин көчмө жыйын катары биздин өлкөдө да өтүшү мүмкүнбү?

– Албетте, биз быйыл жаңы чечим кабыл алып, такай эле Баку шаарында, Азербайжан жергесинде өткөрө бербей ар эки жылда бир жолу, боордош түрк элдеринде да өткөзүп турууну эп көрдүк. Кудай буюрса, кийинки жыйынды Кипрда өткөрүүнү бир добуштан кабыл алдык. Ошол учурда түрк туугандар Кыргызстанда да өткөрөлү деген сунушту айтышты. Мен Кыргызстанда андай жыйынды өткөрүүгө каражатыбыз жок, эгер силер демөөрчүлүк кылып, каржы жагын колго алсаңар, уюштуруу жагын биз моюнубузга алалы деп сөздүн туурасын айттым. Себеби мындан бир жыл мурда, 30-майда түрк дүйнөсүндөгү чоң акындардын эл аралык поэзия кечесин эки күн Бишкекте, бир күн Ысык-Көлдө өткөргөнбүз. Бул кече да ар эки жылда дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүндө өтүп турат. Арийне аны ишке ашырууга Кыргызстан каражат бөлүп бере албагандыгына байланыштуу Түрк президентинин жеке фондунан акча бөлүнүп, «Түркия жазуучулар союзунун» көзөмөлү аркылуу биздин өлкөдө өткөн болчу. Ошондо биздин өкмөткө жок дегенде чет өлкөдөн келген акын-жазуучуларга тамак эмес, жөн гана кофе-брейк уюштуруп бергиле десем, бир ууртам чай бере албай коюшкан. А түрк туугандар бардыгын, акындардын жол акысын, үч маал ысык тамагын, жатаканасын өздөрү көтөрдү. Биз болгону уюштуруу жагын гана колго алдык. Эгер бул жаш акындардын жыйыны биздин өлкөдө өтө турган болсо, өкмөт тараптан бир тыйын жардам берилерине көзүм жетпейт. Кофе-брейк уюштура албагандан кийин иштин бүткөнү да.

Албетте, агай мындай учурда каржы маселеси роль ойнойт эмеспи, дегеним, азыркы жаш акындардын жыйынына катышуу үчүн каржы жагын кантип чечтиңиз, уюштуруучу тараппы же өз чөнтөгүңүздөн акча чыгарып барып келдиңизби?

– Каржы жагын бүт уюштуруучу тарап колго алды, жол акы, жатакана, тамак-ашымды Азербайжан Республикасынын Жаштар жана спорт министирлиги көтөрдү. Мен барып ыр окуп, жыйынды алып барып, резолюцияга кол коюп, ЖОЖдордун студенттери менен жолугушуп келдим.

– Ушу жерден бир нерсени сурагым келип турат. Азербайжан элинде адабиятка, поэзияга болгон элдин мамилеси кандай экен? Же алар да бизге окшоп залды курсагы ачка студенттер менен толтуруп коёт бекен же …?

– Бизге караганда жалпы элдин адабиятка болгон мамилеси башкача, поэзияга болгон кызыгуусу жогору. Бизге салыштырмалуу китепти көп окушат, кадам сайын китеп дүкөндөр. Биз шаардагы китеп дүкөндөрдү көп кыдырдык, ошол китеп дүкөндөрдөн дүйнөлүк адабиятынын баарын тапсаң болот, бардыгы азербайжан тилинде. Башкача айтканда, Толстойдун, Есениндин, Пушкиндин, Хемингуэйдин, Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары турат. Карыш бассаң эле китеп дүкөндөрдү көрөсүң, а бизде «Нускадан» башка кыргыз тилиндеги китеп дүкөнүн таппайсың. Поэзия кечелерин өткөрдүк, ырларды окудук, зал толуп турду, депутаттар, министрлер биз менен аралашып эле жүрүштү. А бизде байкуш студенттерден башка эч ким жок. Кылкылдаган элдин алдында ыр гана окугуң келет, чыныгы поэзия күйөрмандары тынбай кол чаап, акындарга дем берип жатты.

Эми агай, ушул жерден сөздүн нугун сиздин чыгармачылыгыңызга бурайын деп турам. Чыгармачылык жаатта кантип жатасыз, сыясы кургай элек ырлардан барбы? Котормо,котормо май куюп турат моторго дегендей,котормо жагы кантип жатат?

– Ооба, беш-алты жылдан бери котормо жаатында азербайжан туугандар менен иштешип келе жатам. Жакында эле алардын эки поэмасын кыргыз тилине котордум. Биринчиси – Бахтияр Вахабзаденин 1813-жылдагы перстер менен орустар Азербайжанды тең экиге бөлүп салгандыгы тууралуу жүрөк сыздаткан «Гүлстан» поэмасын кыргызчага котордум. Андан кийинкиси Афганистанга барып афгандар менен согушкан кыргыз, өзбек, казак, татар, азербайжан жигиттер жөнүндөгү Үлви Бүнядзаденин «Өмүр жолу» деген мыкты поэмасын кыргызча сүйлөттүм. Ошол поэма түрк, азербайжан, өзбек, башкыр, орус, англис, грузин жана кыргыз тилине которулуп, жакында басмадан чыкканы турат. Буюрса, жакын арада окурмандардын колуна тийип калат. Буга чейин Юнус Эмре менен алпурушсам, эми Мевлананын ырларын таржымалдап жатам.

Рахмат агай маегиңизге. Бар болуңуз, калемиңиз курчуй берсин!

Амантур Шергазиев, “Саресеп.kg, 23.12.2014-ж.

Соц тармактар:

3 thoughts on “Алтынбек Исмаилов: “Кечелерибизде байкуш студенттерден башка эч ким жок”

  • 07.01.2015 at 15:58
    Permalink

    Саламатсыздарбы. Алтынбек Исмаиловдун китептеринен почта аркылуу жоното аласыздарбы? Эгер мумкун болсо. Алдын ала рахмат!

    Reply
    • 08.01.2015 at 13:04
      Permalink

      Саламатсызбы. Суранычыңызды Алтынбектин өзүнө билдирдим.

      Reply
  • 08.01.2015 at 16:04
    Permalink

    Алтынбек мырза, китеп сатып убагында бай болгон ажо Атамбаевдин тушунда ордо калаада бир Нусканын болушу азыркы бийликтин аброюн кадимкидей түшүрдү.Азыр эмне көп- көрпай-шарпай саткан дүкөн көп, ошол дүкөндүн четине, китеп текчесин уюштурганга азыркы бийликтин куйкасы курушуп турат.Эбин тапкан экен “Вечерка”гезитин “Народный” супер маркети бекер таркатып жатат.Же атка минерлердин “Вечёркачылык” акылы жокпу?Публицистикалык маанайдагы ырларыңыз ада болуп кетти, же тынч жашоого ыктап алдыңызбы? Биз дайыма эле баланча жерде акындардын жолугушуусу өттү деген кабарды эртеси ММКлардан окуп калчу болдук.Азыр интернет желеси шакылдап иштеп турган маалда, эркин сайттарга алдын ала кабарлап койсоңор, көкүрөктү агартып, көңулдү көкөлөткөн ыр кечелерине күйөрмандарыңар да барат элек.Саламат болуңуз

    Reply

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.