“Чоң казат” жана Кааба

manas123

(Манасчынын 90 жылдыгына карата)

Манасчы Кааба Атабеков быйыл 90 жашка чыкмак. Ал 1924-жылы Ысык-Көл облусунун Тоң районуна караштуу Төрт-Күл айылында туулган. Бугу уруусунан. Баса, манасчылардын 60,70 пайызы Ысык-Көл жергесинен.

Кааба манасчынын эң сүйүктүү эпизоду “Чоң казат” болгон. Устаты – Мамбет Чокмор уулу. Кааба Атабеков “Манас” эпосунан үзүндүлөрдү кандайча айтып калгандыгын минтип эскерет:

– Атам өлгөндөн бир-эки жылдан кийин Манас түшүмө кирди. Алманбет келди: “Эй бала, кыжылдаган көп кол келди, көзүңдү ачып карачы, мобу тегеректи” дегенде көзүмдү ачсам, жайнаган эле кол. Кыжы-кыйма эл. Аркы-терки бастырып, найзанын башы эле жылтылдайт.

Алманбет Каабага согушуп жаткан адамдардын баарын көрсөтүп, алардын ысымдарын атайт. “Кайтала” – дейт ага. Кичинекей 12 жаштагы бала алардын ысымдарын айта албай кыйналат. “Өзү эки сапар кайталап айтып бергенден кийин аттарын жатка билип калдым”, – дейт манасчы.

Маселен Алманбет:

Тетиги ак асаба туу болгон,
Айгайлаган чуу болгон
Ошол Манастын колу.
Тетиги, кичүү түрдө көрүнгөн,
Арышын арбын таштаган,
Коңурбай өзү баштаган,
Кытайдын колу тетиги.
Тетиги
Башында туу кармаган,
Нескара деген эри ошол.
Анан муз эртик бууданчак
Кытайлардын Тагылык,
Адамдын мурду, кулагын
Тумар кылып тагынып.
Эми бер жак жагын карачы,
Тетиги ак сакалы жаркылдап,
Айткан сөзү баркылдап,
Абаң Бакай өзү ошол.

Андан соң Кошой балбанды, майлаган буудай жүздөнүп, күүгүмдө туман көздөнүп, көзү көлдүн орундай Манас баатырды көрсөтөт. Ошентип Каабанын түшүнө кирген Алманбет: “Бүгүн катуу кыргын согуш болот. Мына ошону көрүп туруп айткын” деп, анын башынан сылап коет. Мындай окуялар ар бир манасчынын башынан өткөндүгү жөнүндө жакшы билебиз. Атасы:

– Ушу Каабамда бирдеме болот, балама жаман айтпагыла дечү экен. Манас, Бакай, Кошой – алардын душмандары Коңурбай, Нескараны түшүндө көрүп, өңүндө  көргөндөй таанып калгандыгынын өзү сырдуу, купуя нерселерден кабар берет.

Жок, өлбөптүр Манасың жомок болгон,
Жоолор аны жеңе албай колот болгон.
Ала-Тоонун, Алтайдын тоолорундай,
Азыр деле кыргызга омок бойдон.
Керсей мейли, каалаба, каалагыла,
Кеткен жол бар жылдыздар ааламына.
“Чоң казаттын” ичине кирип кеткен,
Чоң манасчы Каабаны карагыла.
Бактысына кыргыздын табылганбы?
Бакырышып көк дөөлөр – чаңырганбы?
Кара Кытай келгенде кайран Манас,
Кармап туруп чапкан го чагылганды!

Кыргыз элинин өткөндөгү тарыхына, маданиятына, оозеки чыгармачылыгына, этнографиялык турмушуна байланышкан ар кыл мазмундагы маалыматтарды жыйнап, изилдөөгө аракеттенген Белек Солтоноев “Кызыл кыргыз тарыхы” деген экинчи китебинде манасчылардын калк көп чогулган топто кандай орун ээлегенин өзгөчө маани берип, жазып калтырган. Ал 1896-жылы күз айында Каракол, Бишкек, Нарын, Токмокко караган кыргыз эли, Балыкчыда курултай өткөрүп, мен ошондо Тыныбектин Манас, Семетейди айтканын үч күн катары менен уктум. Эл курултайга көңүл бөлбөй үч күн “Манасты” угуп отурушту, – дейт.

Кааба Атабеков “Чоң казатты” айтканда, уккандар үн чыгарбай дымып калчу экен. Менимче манасчылардын мааракелерин теледен бир көргөзүп, радиодон бир уктуруп, даам таттырып эле өткөрүп койбой, айткан варианттарын китеп кылып чыгаруу зарыл. Демек, Кааба Атабековдун “Чоң казаты” окурмандардын колуна тиет деген үмүттөмүн.

Карбалас Бакиров, “Эркин тоо”, 09.01.2015-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.