Кыргыз эли колдонгон дарылар

Сиздин назарыңызга кыргыз эли илгертен колдонуп келген дарылар сунушталат. Бирок аларды колдонуунун алдында сөзсүз врач менен кеңешип алуу алуу кажет экенин эскертебиз.

Эңгилчек

enilchek

Бул тоолуу аймактарда ташта жабышып өскөн өсүмдүк. Өтө бийик эмес, жалпак, алар ар түркүн түстө болот (кызыл, сары, көк ж.б.). Бул өсүмдүктүн эки түрү бар, т.а. ургаачысы, эркеги. Ургаачысы – майда быржыгы көп болот, ал эми эркеги – чоң-чоң бадыракай болот. Бул өсүмдүктү бөйрөгү ооруган адамдарга кайнак сууга салып, эркек адамга ургаачы эңгилчекти, ал эми аял кишиге эркек эңгилчекти ысык бойдон үч маал бирден чыны ичиришкен.

Чекенде

Бул чөптү терип келип, адамдын буту, колуна суук тийгенде сууга кайнатып, буусуна ооруган жерин кактап айыктырышкан. Суук тийген адам денесинин какшап ооруганы басылган.

Бул чөптү терип келип, адамдын буту, колуна суук тийгенде сууга кайнатып, буусуна ооруган жерин кактап айыктырышкан. Суук тийген адам денесинин какшап ооруганы басылган.

Алтын тамыр

Бул гүлдүн тамыры, тамырын казып алып, кургатып, муундарга суук тийгенге колдонулат. Тамырды аракка чылап, буту, колго сыйпаган.

Бул гүлдүн тамыры, тамырын казып алып, кургатып, муундарга суук тийгенге колдонулат. Тамырды аракка чылап, буту, колго сыйпаган.

Бөрү карагат

Бул тоолуу жерде өскөн карагат. Карагатты терип келип, кыям жасап, кадимки тумоо болгон, көк жөтөл болгон адамга берген. "Миңдин бири" деп дайым колдонушкан. Бөрү карагаттын тамырын казып алып, кургатып, аны кайнак сууга салып, ысык бойдон ичишкен. Ал кан басымга, бөйрөккө, боор ооруга пайдасы чоң болгон.

Бул тоолуу жерде өскөн карагат. Карагатты терип келип, кыям жасап, кадимки тумоо болгон, көк жөтөл болгон адамга берген. “Миңдин бири” деп дайым колдонушкан. Бөрү карагаттын тамырын казып алып, кургатып, аны кайнак сууга салып, ысык бойдон ичишкен. Ал кан басымга, бөйрөккө, боор ооруга пайдасы чоң болгон.

Ит мурун

Мөмөсүн терип, кайнак сууга чылап коюп, боор ооруга, ашказан оорусуна пайдаланышкан.

Мөмөсүн терип, кайнак сууга чылап коюп, боор ооруга, ашказан оорусуна пайдаланышкан.

Эрмен

Гүлдөгөн кезде терип алып, сууга салып, кайнатып, ички органдарга суук тийгенге ичип келишкен. Кийизди күбө куртунан сактоо үчүн эрмен бышкан кезде терип алып, кийиз менен кошо ороп, жыйнап коюшкан.

Гүлдөгөн кезде терип алып, сууга салып, кайнатып, ички органдарга суук тийгенге ичип келишкен. Кийизди күбө куртунан сактоо үчүн эрмен бышкан кезде терип алып, кийиз менен кошо ороп, жыйнап коюшкан.

Мумиё

Адамдын сөөгү сынган кезде мумияны эзип, эттин сыртынан сыйпаган. Азыркы медицинада мазь кылып колдонулат же болбосо ар бир мазда мумиянын кошулмасы бар.

Адамдын сөөгү сынган кезде мумияны эзип, эттин сыртынан сыйпаган. Азыркы медицинада мазь кылып колдонулат же болбосо ар бир мазда мумиянын кошулмасы бар.

Мамыры гүл (Эрвазин, эделвейс)

Бул чөп тоолуу бийик жерде өсөт. Чөптү август айында катып кете электе терип алып, кургатып, ич өткөктө кайнатып ичишкен. Азыркы тетрациклин дарысында эрвазин (эделвейс) кошулмасы бар.

Бул чөп тоолуу бийик жерде өсөт. Чөптү август айында катып кете электе терип алып, кургатып, ич өткөктө кайнатып ичишкен. Азыркы тетрациклин дарысында эрвазин (эделвейс) кошулмасы бар.

Каш кулак, суур

Бул жаныбарлардын майы кургак учук оорусуна (туберкулёз) миңдин бири болгон.

Бул жаныбарлардын майы кургак учук оорусуна (туберкулёз) миңдин бири болгон.

Жылан

Кара чаар уулу жыланды өлтүрүп, аны тазалап, этин сорпого салып ичип, бул дары ичегиге суук тийгизгенде колдонулган.

Кара чаар уулу жыланды өлтүрүп, аны тазалап, этин сорпого салып ичип, бул дары ичегиге суук тийгизгенде колдонулган.

Бака жалбырак

Көбүргөн (тырмак оорусу, грибок) оорусунда аны ороп, ириңди сыртка чыгарган. Ал эми ушул эле чөптү чыйкан оорусунун оозуна коюп, жарасынын оозун ачтырган.

Бул дары чөп май айынан сентябрга чейин гүлдөйт. Жалбырагын жай бою даярдоого мүмкүн болсо да, гүлдөгөнгө чейин чогултуп алуу жакшы. Анткени таасири күчтүүрөөк болот. Бака жалбырактын курамында кремний кислотасы, адамды сергитүүчү заттар жана башкалар бар. Бака жалбырак бактерияларды өлтүрүүчү касиетке ээ.

Колдонулушу

  • Жалбырагын чай сыяктуу демдеп ичсе, жөтөлдө, дем алуу жолдоруна суук тийгенде, ич өткөктө пайдалуу.

Дарыны жасоо ыкмасы: кургатылып майдаланган жалбырагынан 10-15 грамм алынып, үстүнө 200 грамм кайнак суу куюлуп, демделет. Муздаганда сүзүп алып, 1 аш кашыктан 5-6 маал ичүү керек.

Жара чыкканда, бир жерин кесип алганда, чыйкан чыкканда, уйку качканда, ичеги ооруларында бака жалбырактын ширеси ичилет. Ал үчүн 1 чай кашык жалбыракты 1 стакан сууга кайнатып, 2 саат демдеген соң улам бир ууртамдан иче берсе болот.

Уйгак

Кадимки жаш баланын оозулуу оорусуна уйгактын мөмөсүнүн күлүн (күйгүзгөндөн кийинки калдыгы) пайдаланышкан.

Кадимки жаш баланын оозулуу оорусуна уйгактын мөмөсүнүн күлүн (күйгүзгөндөн кийинки калдыгы) пайдаланышкан.

Төө таман

Томолок жерде өскөн тикенек чөп. Тоголок бойдон омкоруп, топурагын тазалап, тамырын сууга кайнатып, боорго дары катары колдонушкан.

Ат кулак бүрү

Ат кулак сентябрь айында бышып, бүрү кызыл болуп кургайт. Аны сыдырып алып, чайдай кайнатып, кызыл жана ысык бойдон ичи өткөн адамга берген, жардамы өтө чоң.

Ат кулак сентябрь айында бышып, бүрү кызыл болуп кургайт. Аны сыдырып алып, чайдай кайнатып, кызыл жана ысык бойдон ичи өткөн адамга берген, жардамы өтө чоң.

Уу коргошун

Бул кургатылган өңүттө колдонулат. Кайнак сууга уу коргошундан салып, кайнак боюнча (ысык) кезинде эки чыны ичип, жылуу жатыш керек. Уу коргошундан баш бармактын тырмагындай гана бөлүгүн салуу керек. Калганын пайдаланбоо керек.

Бул кургатылган өңүттө колдонулат. Кайнак сууга уу коргошундан салып, кайнак боюнча (ысык) кезинде эки чыны ичип, жылуу жатыш керек. Уу коргошундан баш бармактын тырмагындай гана бөлүгүн салуу керек. Калганын пайдаланбоо керек. Бул өтө уулуу чөп, өтө чебер болуш керек.

Дүлөй

Жайлоодо өсөт. Козу карындай болуп топтошуп чыгат. Адамдын оозу (эрини) эзилип, айыкпай жаткан мезгилде дүлөйдүн ичин аарчып, ичиндеги күлүн (чаңын) күбүп, кабыгын кесилип жаткан эринге жаап, ал жер айыккан.

Кийиз

Кадимки жүндөн жасалган кийиз буюму да жарааттуу жерлерге жардамы чоң болгон. Ал азыркы медицинадагы йодго барабар, жаракаттан кан токтобой жаткан болсо кийиздин кесиндисин кесип, аны отко бир бетин күйгүзүп, ысык бойдон бетин басып, таңуу керек.

Чалкан

Тери ооруларына, т.а. (эгземада) чалканга чактырып, ошондон айыккан. Ал эми сөңгөгүн кайнатып, аны ичишкен, аны ичеги ооруларына дары катары колдонушкан. Жалбырактарын кайнатып, суусу менен башын жуушуп, чачты калыңдатууга (бальзам катары) колдонулган.

Чычырканак

Шар аккан суунун жээгинде өскөн өсүмдүк. Анын мөмөсүн терип, кыям жасап, күндө бир аш кашык ичип, ашказан оорусуна дары катары колдонушат т.а. ашказан жарасында табылгыс дары деп эсептелген.

Шар аккан суунун жээгинде өскөн өсүмдүк. Анын мөмөсүн терип, кыям жасап, күндө бир аш кашык ичип, ашказан оорусуна дары катары колдонушат т.а. ашказан жарасында табылгыс дары деп эсептелген.

Долоно

Бийиктиги 2-3 м. болгон, тикендүү, мөмөсү майда, катуу бадал өсүмдүгү. Мөмөсү желет, сабагы катуу, бышык болот. Тоолуу жерлерде долононун 2 түрү өсөт. Жүрөк, ичеги-карын ооруганда, бөйрөк сезгенгенде, жөтөлгөндө жана безгек болгондо ден соолукка колдонушкан. Долононун мөмөсүнөн жана жалбырагынан кайнатылып алынган тундурмасын адамдын көңүлү чөгүп турганда (стресс болгон учурда), ошондой эле зааранын тез-тез бөлүнүп чыгуусу үчүн колдонуп келишкен. Мергенчилер ууга чыгаар алдында долононун ашынан бир кочуштап чөнтөктөрүнө салып алышкан. Ал курсактарын ачырбай, чыдамдуулугун, шамдагайлыгын арттырып, күч-кубат берип турган. Мөмөсүн күзүндө, толук бышып жетилген убакта жыйнашкан.

Бийиктиги 2-3 м. болгон, тикендүү, мөмөсү майда, катуу бадал өсүмдүгү. Мөмөсү желет, сабагы катуу, бышык болот. Тоолуу жерлерде долононун 2 түрү өсөт. Жүрөк, ичеги-карын ооруганда, бөйрөк сезгенгенде, жөтөлгөндө жана безгек болгондо ден соолукка колдонушкан. Долононун мөмөсүнөн жана жалбырагынан кайнатылып алынган тундурмасын адамдын көңүлү чөгүп турганда (стресс болгон учурда), ошондой эле зааранын тез-тез бөлүнүп чыгуусу үчүн колдонуп келишкен.
Мергенчилер ууга чыгаар алдында долононун ашынан бир кочуштап чөнтөктөрүнө салып алышкан. Ал курсактарын ачырбай, чыдамдуулугун, шамдагайлыгын арттырып, күч-кубат берип турган. Мөмөсүн күзүндө, толук бышып жетилген убакта жыйнашкан.

Курамындагы керектүү заттар
Мөмөсүнүн курамында аскорбин кислотасы, каротин, пектин, фруктоза, крахмал, май бар.

Колдонулушу
Долонодон жүрөктүн иштешин жакшыртуучу дары алынат. Атеросклероздо, кан басым оорусунда, жүрөктүн аритмиясында да долоно пайдалуу.
Мөмөсү жана жалбырагы чай катары демделип ичилет. Долонодон жасалган дарылар кан тамырдын жана мээнин иштөөсүн жакшыртып, акыл-эс жактан чарчоону жок кылат. Долоно жазында гүлдөп, мөмөсү августта бышат.

Элдик медицинадан Жүрөктүн бардык оорусунда колдонулуучу дарылардын рецепттери:

  • Гүлүн терип алып салкын жерде кургатып, талкалап алуу кажет. Анан 150 граммын 300 грамм балга аралаштырып, күнүнө 1 чай кашыктан 3 маал ичүү кажет. Дарылануу курсу 3 ай. Бул дарыны ашказан ооруп, тамакка табит жоголгондо да колдонсо жакшы.
  • Мөмөсүн кургатып, талкалап алуу зарыл. Анан 1 чай кашыгын 1 литр сууга кошуп, 1 саат кайнатып, муздаганда сүзүү керек. Үстүнө 20 грамм алма сиркеси кошулат да, күнүгө 30 граммдан 3 маал ичилет. Дарылануу курсу 2 ай.
  • Бөйрөктүн жана табарсыктын оорусунда, өт жана жатын сезгенгенде колдонулуучу дары. Кызыл долононун тамырынын кабыгын аарчып, көлөкөдө кургатуу зарыл. Анан күлдөй майдалап, 100 граммын 0,5 килограмм балга аралаштырып, күнүгө 1 чай кашыктан 3 маал ичүү сунушталат. Дарылануу курсу 2 ай.

Кайың

Бийиктиги 20 м. чейин жеткен дарак өсүмдүгү. Кочкул ак-саргыл түстө. Кыргызстанда кайыңдын 8 түрү өсөт. Жапайы өскөн кайыңдар көлөкөлүү капчыгайлардын суу жээктеринде, тоолордун тескей беттеринде, колотторунда, жазы жана ийне жалбырактуу токойлордун четтеринде кездешет. Кайыңдын бүчүрүнүн тундурмасын кулак, бөйрөк, табарсык, боор, өт, ич, ооруларына жана учукка каршы колдонушкан. Кызыл жүгүрүк менен ооругандарды - кайыңдын жалбырагынан жана кабыгынан аралаштырып кайнатылган тундурмасына жаткырышкан. Бул ыкманы бир нече ирет кайталоо өзүнүн оң натыйжасын берген.

Бийиктиги 20 м. чейин жеткен дарак өсүмдүгү. Кочкул ак-саргыл түстө. Кыргызстанда кайыңдын 8 түрү өсөт. Жапайы өскөн кайыңдар көлөкөлүү капчыгайлардын суу жээктеринде, тоолордун тескей беттеринде, колотторунда, жазы жана ийне жалбырактуу токойлордун четтеринде кездешет. Кайыңдын бүчүрүнүн тундурмасын кулак, бөйрөк, табарсык, боор, өт, ич, ооруларына жана учукка каршы колдонушкан. Кызыл жүгүрүк менен ооругандарды – кайыңдын жалбырагынан жана кабыгынан аралаштырып кайнатылган тундурмасына жаткырышкан. Бул ыкманы бир нече ирет кайталоо өзүнүн оң натыйжасын берген.

Колдонулуучу бөлүктөрү: жалбырагы, кабыгы, ширеси.

Чогултуу
Жаш жалбырактары май, июнда жыйналып, кургатылат. Ширеси жазда алынат. Дарактын сөңгөгүн 5-6 сантиметр тереңдикте тешип, ага түтүкчө орнотушат. Аккан шире атайын идишке чогултулат. Шире жыйноонун дагы бир ыкмасы, кайыңдын кабыгын сыйрып, ал жерге идиш орнотуп коюшат. Жай аккан шире идишке жыйнала берет. Кайыңдын кабыгынан кара май (берёзовый дёготь) алынат.

Курамындагы керектүү заттар
Кайыңдын жалбырагында эфир майы, С витамини, сапонин (органикалык кошулма) жана башкалар бар.

Ширесинин курамы кант, органикалык кислоталар, белок жана башкалардан турат. Кабыгында кайың камфорасы, фитостерин, эфир майы, чайыр жана башкалар бар.

Дарылык касиети жана колдонулушу

  • Жалбырагынан даярдалган чай организмден сууну чыгаруучу мыкты каражат. Андыктан бөйрөк ооруларында, анын ичинде бөйрөктүн таш оорусунда колдонулат. Чайдын даярдалуу рецеби: кургатылган жалбырактан 1 чай кашык алып, үстүнө 120 грамм кайнак суу куюу керек. 10 мүнөт демдеген соң жылуу кезинде ичилет. Мындай чайды бир күндө 3 маал ичүү сунушталат. Мындан ташкары кайыңдын жалбырагы организмде зат алмашуу бузулганда, кызыл жүгүрүктө пайдаланылат.
  • Кара май тери ооруларында, анын ичинде чакалайда сүйкөлөт.
  • Кайыңдын ширеси ашказанды тазалайт. Бул үчүн күнүгө 4-5 стакандан ичүү кажет.
  • Ширени чач үчүн лосьон катары колдонсо да болот. Ал чачтын түшүшүн токтотуп, какачтын алдын алат.
  • Кабыгын кайнатып алып кызамык чыккан баланы киринтсе, оорусу тез кайтат.
  • Куяң, кызыл жүгүрүктө кайыңдын жалбырагын кайнатып, күн сайын жатарда буулануу кажет. 10 күн кайталап, 6 күн эс алып, анан дарыланууну улантуу зарыл. Дарылануу курсу 30 күн.

Какым-кукум (каакым)

Бийиктиги 10-40 см. чейин жеткен көп жылдык чөп өсүмдүгү. Кыргызстанда 42 түрү бар. Жер тандабай өсөт. Апрель, май айларында гүлдөйт. Тамырынан жана жалбырагынан кайнатылган тундурмасын кант диабетине чалдыккандарга, бөйрөк, жүрөк ооруларында, уйку качканда, табитти ачууда жана тамакты жакшы сиңирүү үчүн, ошондой эле, денедеги жараларды, кычыткыны (экземаны) айыктырууда пайдаланышкан. Тамырынан ачытылып даярдалган дарыны күйүккө жана какымдын сүтүн сөөлдү, беттеги сепкилди кетирүүгө колдонушкан. Жалбырактарын, сабактарын, тамырларын чай катары демдеп ичишкен.

Козу кулак

Бийиктиги 30-40 см. жеткен көп жылдык өсүмдүк. Кыргызстандын бардык жерлеринде кездешет. Бийик кырларда, бетегенин арасында өсөт. Март, апрель айларында алынат. Гүлү, жалбырагы кан басымды төмөндөтүүдө, жүрөк кан тамыр системасынын иштетишин жөнгө салууда колдонулат жана адамга күч-кубат берүүчү, сергитүүчү касиетке ээ.

Кызгалдак

Бийиктиги 10-60 см. жеткен бир жылдык чөп өсүмдүгү. Гүлү ачык кызыл түстө. Тоо этектеринде, талааларда, бакчаларда, жолдордун жээктеринде өсөт. Элдик дарыгерчиликте адамга күн өтүп кеткенде, жүрөк, тамак, ашказан, көз ооруларын айыктырууда колдонушкан жана гүлүнөн боёкторду жасашкан. Уругун алып, жанчып балга аралаштырып жесе жатындын кагынуусун айыктырат. Эркек кабылдаса, бойго кубат берет, көңүлүн сергитет, уйкуну тынчтандырат. Намашам, көз ооруларын айыктырууда дары катары ичиришет. Кургатылган сабагы менен гүлүн сууга кайнатып башты жууса какачты, бетке түшкөн ар кандай так менен сепкилдерди кетирет. Жаш балдардын тери ооруларында анын кайнатмасы жакшы жардам берет.

Кийик от

Бийиктиги 40 см. жеткен көп жылдык, жагымдуу, кескин жыты бар чөп өсүмдүгү. Гүлдөрү ачык көгүш, кызгылт түстө. Тоо этектеринде, шалбаалуу беттерде, карагайлуу токойлордо, арчалардын арасында өсөт. Аны эл арасында деп аташкан. Кайнатылган тундурмасын заараны айдап чыгарууда, ашказандын, ичегинин иштешин калыбына келтирүүдө, жүрөк, дем алуу, аш казан, учук (көкүрөк) ооруларын дарылоодо чай катары ичишкен, ошондой эле, адам эстен танганда жыттата турган дары катары колдонуп келишкен. Өзгөчө дем кыстыкканда, он эки эли ичегинин, аш казандын жараттарын дарылоодо, тамактын өнөкөт орууларын дарылоодо колдонушкан. Бул чөптүн кайнатмасын бышкан сүткө кошуп ичишкен. Ал эми уй туугандан кийин тура албай калганда (родильный парез) кийик оттун чайын ичиришкен.

Кымыздык

Бийиктиги 30-90 см. жеткен кызыл бутактуу, бир жылдык өсүмдүк. Гүлү кызгылт түстө. Кыргызстандын баардык аймактарында кездешет. Тоо этектериндеги өрөөндөрдө, талааларда, шалбааларда, саздуу жерлерде, көл жээктеринде, арыктын бойлорунда өсөт. Колдонулушу: Кайнатылган тундурмасын көтөн чучук ооруларында, ичеги карындын өнөкөт орууларына, ичтен кан өткөндө, жатындан кан кеткенде канды токтотуу жана ооруну басаңдатуу үчүн колдонушкан, ошондой эле, жараттарды жууп тазалаганда, шишикке, ар кандай тери ооруларына каршы колдонушкан.

Бийиктиги 30-90 см. жеткен кызыл бутактуу, бир жылдык өсүмдүк. Гүлү кызгылт түстө. Кыргызстандын баардык аймактарында кездешет. Тоо этектериндеги өрөөндөрдө, талааларда, шалбааларда, саздуу жерлерде, көл жээктеринде, арыктын бойлорунда өсөт.

Колдонулушу: Кайнатылган тундурмасын көтөн чучук ооруларында, ичеги карындын өнөкөт орууларына, ичтен кан өткөндө, жатындан кан кеткенде канды токтотуу жана ооруну басаңдатуу үчүн колдонушкан, ошондой эле, жараттарды жууп тазалаганда, шишикке, ар кандай тери ооруларына каршы колдонушкан.

Сирень

siren

Дарылыкка гүлү, жалбырагы колдонулат. Май жана июнь айларында гүлдөйт. Гүлүнүн жана жалбырагынын курамында эфир майы, сирингин гликозиди, фарнезол сыяктуу керектүү заттар бар.

Дарылык касиети

  • Жалбырагынын кайнатмасы суук тийгенде, сасык тумоодо колдонулат. Анткени адам кайнатманы ичкенде абдан тердеп, дене табы төмөндөйт. Дарынын рецеби: 2 чай кашык кургатылып майдаланган жалбырагынын үстүнө 200 грамм кайнак суу куюлат. 1 саат жылуу жерге коюп демдеген соң пайдаланууга болот. Күнүгө 3-4 маал 50 граммдан жылытып ичүү кажет. Ушул эле кайнатма тери ооруларында да колдонулат (ичилет). Андыктан жалбырагын сактап койгон жакшы.
  • Гүлүнүн тундурмасы. Кызыл жүгүрүктө, бөйрөк ооруларында, желди айдап чыгарууда колдонулат.

1 стакан кайнак сууга 1 аш кашык жалбырагын же гүлүн салып демдөө кажет. Анан бир күндө 3-4 жолу бир аш кашыктан кабыл ала берүүгө болот.
Сирендин тобурчагынын кайнатмасы какачты кетиргендиктен, баш жууганда колдонсо болот.

Койчу баштык

koychu_bashtyk

Дарылыкка сабагы, жалбырагы, гүлү колдонулат. Гүлдөп жаткан учурда орулуп алынат. Уругу бышып, ачыла баштаганда чогултса, дарылык касиети өтө төмөн болуп калат.

Колдонулушу

  • Медицинада койчу баштыктын тундурмасы бир топ ооруларда кеңири колдонулат. Элдик медицинада кайнатмасы ич өткөктө, гастритте, кан агууда, кургак учукта, калтыратмада, суук тийгенде, зат алмашуу бузулганда пайдаланылат. Жараны жууп-тазалоодо, кан басымды төмөндөтүүдө, ичеги оорусунда, мурун канаганда, өт оорусунда, зарна болгондо колдонсо жардамы чоң.

Кайнатма үчүн рецепт: 10 грамм кургатылган чөптү 300 грамм сууга салып 30 мүнөт жай отто кайнатуу керек. Анан сүзүп алып, 3 маал 30 граммдан ичилет. Дарылануу курсу 10 күн.

  • Ширесинин залалдуу шишикте, ич өткөктө, кызыл жүгүрүктө, жүрөк, боор жана муун оорусунда пайдасы чоң. Өт жана бөйрөктү тазалоочу, организмден шлактарды чыгаруучу да касиетке ээ.

Дарынын рецеби: койчу баштыкты оруп келер менен эт тарткычтан өткөрүп, ширесин алуу кажет. Шире канча болсо, ошончо бал кошуу керек. Дары бир күндө 5-6 маал 1-2 чай кашыктан ичилет.

“Заман-Кыргызстан” (“Кыргыз гезиттер айылы”), “Көк асаба” жана “Супер-инфо” гезиттеринин материалдарынын  негизинде даярдалды.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.