Чөп жана сөз

“Ээк” деген бар. Адамдын ээги жөнүндө сөз кылалы деп атабыз. “Асанкул эшикке карай ээгин шилтеди” дейт. Бул сөз жактырбай калган кишисин “сыртка чыгып кет” деген мааниге ээ.

“Бечара абышка ээгинен жөлөтүп калган экен”, же “эбак ээги түшкөн кемпир экен” дейт. Бул эки сөздө тең аябай карылыгы жеткен кемпир-чал жөнүндө сөз болуп жатат.

“Эсенбайдын ээги шалпыя түштү” дейт. Ойлогон ою ордунан чыкпай, супсуну сууй түшкөн учурдагы абалды билдирген сөз.

“Ак ээк абышка турбайбы” десе атам замандагы карыя экен, “кызыл ээк чал экен” десе тиши жок, карып бүткөн чал экен дегени.

“Ээктин алдындагы эле айыл” дейт. Жакын эле жердеги айыл дегенди түшүндүрөт.

“Эңсегенимди ээк алдыман табамын” дейт. “Эгер кааласам каалаганымды бир заматта таап коем” дегенди түшүндүрөт.

“Аа, байкуш, баягүнкүдөн кийин ээгин койнунан чыгарбай калбадыбы” дейт. Катуу уят болгондон кийинки адамдын абалы ушундай болот.

“Ээги ээгине тийбей сүйлөгөн неме экен” – тынбай сүйлөгөн кишиге айтылган сөз. “Ээгиң бас!” – “үн чыгарба!” деген мааниде. “Эй, жок дегенде ээк күбүрөтүп койсоң болбойбу?” – “эй, бирдеме деп сүйлөп койсоң боло, үн катып койсоң боло?” дегени.

Эми “ындын” деген сөздүн маанисин чечмелеп көрөлү. Адамдын маанайынын, көңүлүнүн абалын “ындын” деп коет. Мисалы, “ындыны өчүп калды” же “ындын сууп калды” дейт. Бирөөлөрдүн жаман сөзүнөн кийин ушинтип көңүлү чөгүп, маанайы пас болуп калган жагдайлар болот.

Чөпкө байланыштуу да көптөгөн сөздөр бар. Алгач чөптүн түрлөрү жөнүндө айта кетели. “Чай чөп”, “арам чөп”, “тыйын чөп”, “теңге чөп”, “кыял чөп”, “сары баш чөп” ж.б.

“Мобу кыял чөптөн корголдойду чайга салып ичсе пиян кылат” – мас кылат дегени. “Делбе чөп” деген бар. “Атым делбе чөп жеп алган окшойт, болбой калды” дейт. “Делбе чөп” жеп алган мал кутуруп кетет деп айтышат.

Чөптүн башка бир мааниси – “койдун чөбү” дейт. Кой козу туугандан кийинки түшө турган “чөбүн” айтат. Жакшылыгы жок адамды “сен жүргөн жерге чөп чыкпайт” деп коет. Башка бирөө менен жүрүп кеткен эркекти же аялды “көзгө чөп салды” деп коёт. Артынан сая түшүп издөө салганды “сары изине чөп салып” издей баштады” дейт.

“Атайылап келген соң “чөп башылабай” иштебейсиңерби” дейт. Бул “жалкоолонбой иштебейсиңерби” дегени.

Көптөн бери кирбей калган тааныш кишиси кирип калса, “башына чөп сындырып койсоңорчу” дейт.

Эч нерсесин колунан чыгаргысы келбеген сараң адамды “оозун куу чөп менен аарчыган неме экен” дейт.

Коркуп кеткен адамды “карасур өңү чөп болду”, көп күткөн адамды “күтө берип өңү чөптөй саргарды”, иши оңоло баштаган кишини “ити чөп жей баштады”, жамандык кылган адамды каргаганда “баскан жериңе чөп чыкпай калсын”, атка мине албаган баланы “аа, кокуй, чөп көчүк неме турбайбы” дейт.

Шайлообек Дүйшеев, “Азаттык”, 25.01.2015-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.