Сулайман Рысбаев. «Дарак-эне жана тентек балдар»
Жол боюнда өсүп турган алма дарагы быйыл жазда жаңыдан гүл ачты. Мурда байкалбаган бул дарак бой тарткан кыз балага окшоп, күзгө сүйкүм көрүнүп, сулуу даракка айланды. Анан гүлү түшүп, алма бүчүрүн боюна катып, эне болууга даярданды. Эрке желге ыргала жалбырактары делбиреп, мөмөсүн төгөр күзүн күттү. Аны менен бирге, ары-бери өткөн балдар дагы алмасын жээр мезгилин күтүштү.
Балдар тентек, ойноок да, алма дарагын ой-боюна коёбу? Алмасы чүкөдөй болгондон баштап эле, бою жеткен жеринен үзүп жеп, жетпеген жерине таш ыргыта башташты. Алма дарагы болсо, аларга жооп айтарганга, кой деп коёрго тили жок.
«Бир азга чыдагыла, тентектерим. Мөмөлөрүм бышсын. Бышканда өзүм эле алдыңарга төгүп берем жемишимди…»– дейт нээтинде.
Балдар болсо ага көнбөй таш мылтык атышат. Дарак эненин эти ооруганы менен да, көңүлү ооруганы менен да иши жок.
Ошентип жүргөн күздүн ысык күндөрүнүн биринде толукшуган дарак эненин мөмөлөрү кызарып, айрыкча сулуу болуп бышып чыга келди. Анын кызыл жүздүү алмалары жыпар жытын чачып, дарак болсо энеден бетер тамылжып, тентек балдарды күтүп жатты.
Сабагынан тараган тентек балдар жабыла жүгүрүп келип эле дарак энени көздөй таш мынтык атып киришти.
Тентек балдар ар бир аткан ташына беш-алтыдан алма түшүп жатканына сүйүнүп, Дарак-эне болсо, тентек балдардын ар бир аткан ташына беш-алтыдан мөмөсүнөн берип, сүйүнтүп жатканына ыраазы болду.
Тентек балдардын кылары ошол эле. Дарак-эненин андан башка аргасы жок эле.
Pingback: Сулайман Рысбаев — Кыргыз маданият борбору