31-мартта Бишкекте Байжиевдердин чыгармачылыгына арналган көргөзмө болот

31-мартта КРнын Улуттук китепканасында белгилүү жазуучу, коомдук ишмер, прозаик, драматург, режиссер, котормочу Мар Байжиевдин 75-жылдыгына жана атасы белгилүү окумуштуу Ташым Байжиевдин 100 жылдыгына арналган “Жазуучу, илимпоз, режиссер, котормочу” аттуу китеп-сүрөт көргөзмөсүнүн ачылышы болот.

М.Байжиевдин чыгармалары көптөгөн тилдерге которулуп Кыргызстанда гана эмес башка мамлекеттерде да басылып чыккан. Байжиевдер улуттук маданияттын, илимдин өнүгүшүнө чоң салымын кошушкан.

М.Байжиев жөнүндөгү маалыматтар көргөзмөнүн ар түрдүү экспозицияларында чагылдырылат. Көргөзмөдө “Өмүр жолу”, “Илимий изилдөөлөрү”, “Көркөм котормонун чебери”, “Кино жана театр” аттуу бөлүмдөр орун алган. Ал эми Т.Байжиев жөнүндөгү материалдар “Эл уулу эч качан унутулбайт” деген бөлүмдө жайгаштырылган.

М.Момуналиева, “Кабар” МА, 31.03.2010-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.