Кыргызстандагы уруулук бөлүнүү: трайбализмби же укук булагыбы?

uruuluk

Биздин газетабызда жарык көргөн драматург Мар Байжиев менен болгон интервью окурмандардын кызуу талкуусун жаратты. Кыргызстандагы уруулук бөлүнүү темасындагы талкууга КМУ ЮИ конституциялык укук кафедрасынын улук окутуучусу Азамат Борончиев да катышып, өз пикирин айтып кетти.

– Бүгүнкү күнү бул маселе эмне мынча курч коюлуп жатат, сиз кандай ойлойсуз?

– Бул тема башынан эле актуалдуу болчу, дээрлик жүз жылдан бери эле кабыргасынан коюлуп келе жатат. Советтер Союзу мезгилинде эле бул тема көтөрүлүп келген, бирок тайсалдаган мүнөздө, анткени уруулук бөлүнүү – бул эскинин калдыгы деп эсептешкен. Бирок, расмий эмес жактан баары сакталып кала берген. Тилекке каршы, биздин тарыхты бир эле жазып чыгышкан жок, ар бир жаңы формасы бизге өз жоромолун таңуулап жатат.

Союз учурунда урууга таандыктыкты аташкан, бирок үй-бүлөнүн кандай макамда экени аталган эмес. Андан кийин баары өзүнүн укум-тукумун издеп башташты, бул маселени тарыхчылар, илимий ишмерлер жана мамлекет көзөмөлсүз калтырып койду. Кимде каражат болсо – изилдөөгө тапшырык беришти. 90-жылдардын аягында өлкөдө карапайым кыргыз калган жок, баары эле – бийлердин, манаптардын жана баатырлардын тукуму болуп чыга келишти. Карапайым кыргыздын тукумдары кайда жоголду – өзүнчө эле табышмак. Б.а. тарых кайра жаңы жазылды, бул жолу адамдар өздөрүнүн баасын көтөрүп, өз макамдарын баса көргөзгүсү келгени – ага себеп болду.

Менимче, бул тамаша сыяктуу, бирок андан ашык эмес…

– Тамаша? Бирок, акча төлөнгөн, чындыкты, туурасын жазбаган китептер калып жатпайбы… Алардын негизинде балдар өздөрүнүн мектептик программасында тарыхты окуп, алар боюнча диссертация жазып, ар кайсы деңгээлдеги талаштарда өз аргументтери катары колдонуп жатышат.

Албетте, андан кийин архивдер, чыныгы, илим сымал эмес, чыныгы илимий изилдөөлөр пайда болду. Мисалга, ошол эле Абрамзон – Союз учурунда бул авторду ушундай таризде чыгарган, бири да калбай сатылчу. Бирок, тилекке каршы, процесс өтө тереңдеп кетти.

Мектептерде балдардын жети атасын сурап жатканы туурасында уктум. Бул, менин оюмча, кылмыш. Бул тарыхты мифтештирүү, жана ушул чындыкка жатпаган маалыматтар, менимче ажырым жаратып жатат.

Эмне кылуу керек?

– Көзөмөлгө алуу керек. Мамлекет ушул маселени көзөмөлгө алышы керек. Аны изилдеп, ага кылдаттык менен, өзгөчө дыкаттык менен көңүл бурушу керек. Жанагы курултайлардын, слеттордун жана съезддердин баары чаржайыт өтпөшү керек.

Сиздин оюңуз боюнча, илим адамдары менен мамлекет өлкөдөгү уруу алалык темага өзгөчө көңүл бурушу керекпи?

– Юрист катары, мен бул маселени маданият маселеси эмес, укуктук көз караштан изилденишин каалар элем. Бардык маданияттарда, бардык мамлекеттерде «укук булактары» деген түшүнүк бар. Биз тарыхтан билгендей, бул булактар – биздин каада-салттар. Кечириңиздер, бул менин ойлоп тапкандарым эмес, сөз оюну эмес, бул адамзаттын миң жылдардан бери келе жаткан тарыхы бизге укук булагы туурасында бир жоопту берет. Каада-салттар, диний көз караштар – МЫЙЗАМ келип чыгуучу булак мына ушул.

Европада адамдар мыйзамды эмне үчүн сыйлашат? Биринчи кезекте – жазадан коркушат. Экинчиден, өтө маанилүү учур, колдонуудагы мыйзамдар ата-бабасынын каада-салтынан келип чыккан. Бул – элдин менталитетине туура келген укуктук тутум, ал элдин үй-бүлөдөгү саясатына каршы келбейт, буга ылайык, жашоого жөрндөмдүү үлгү.

Ал эми кыргыздарга эмне болду? Феодалдык доордон каржы институтун, капитализмди аттап өтүп, биз социалисттик укуктук тутумга келип калдык. Бизге, 1917-жылга чейинки болгондордун бардыгы туура эмес деп түшүндүрүштү. Ошентип, биз өзүбүздүн укук булагыбызды жаптык. Мүмкүн, ошол мезгилде Большевиктердин – тарыхый жактан башка жолу жок болсо керек. Анткени социалисттик мезгилдин жакшы жактарынан баш тартууга болбойт да. Биз интеллегенция муунун тарбияладык. Дүйнөлүк аты бар илимпоздор, учкучтар, жазуучулар – мына булардын баары Совет бийлигинин тушунда пайда болушту жана анын аркасында андан баш тартуу туура эмес болуп калат. Бирок, кийин социалисттик түзүлүш да кулады. Бизге кайрадан жаңы укуктук тутумду таңуулай башташты, бул жолу – герман-романдардыкын, бийлик бөлүштүрүү принцибин.

Бийликти бөлүштүрүү деген эмне? Бул тарых, кан менен тер, европа элинин жолу. Бул бизде иштейби? Биз иштебегендигин көрүп жатабыз. Кыргызстан укуктук туңгуюкка кабылды. Бийлик үчүн болгон акыйкат, мыйзамдуу ыкмалардын баары бүттү. Саясий партияларга, кыймылдарга эл багыт албай калды. Ал эми ак сөөк оппозиция, чындап келгенде таптакыр жок. Негизи эле, кыргыз саясатчыларынын башкы мүнөзү – бул оппозициялуулук эмес, эки жүздүүлүк, оппортунизм. Биздикилерди бийликтен ыргыткан мезгилде эле оппозиция болуп чыга келишет. Конституцияны алалы, жада калса мамлекет башчысы да анда бири-бирине ачык эле каршы келген ченемдер бар экенин айткан. Мына бул укуктук туңгуюктун белгиси, ал эми туңгуюктан чыгуунун бир гана жолу бар – артка баруу керек.

– Сиздин көз карашыңыз боюнча, биздин шартта эмне иштеп кете алат? Артка кетүү – биздин учурда кайда?

– Аны үчүн булактардын баарын карап чыгуу керек, тарыхта негизи эле чындык кандай болгондугун түшүнүп, кабыл алышыбыз керек.

Аскар Акаевич бизге, «Кыргызстан – биздин жалпы үйүбүз» экенин ишендирүүгө аракет кылганда, биз, юристтер мунун баары жипке тизгендей болбостугун, бардык көйгөйлөргө көз жуумп койсо болбой турганын айттык. Биздин Күн жүздүүбүз качып кеткенде, биздин «жалпы үйүбүздө» иштин анчалык жакшы эмес экенин сездик жана аймак аралык ажырым туурасында ЖК 299-беренесин киргизүүгө мажбур болдук.

Эми, мындан аркы коомдун чектелип бөлүнүшүнүн алдын алуу үчүн, кармоочу факторду түзүү үчүн ЖКга уруу аралык ажырым үчүн жоопкерчилик киргизүү керек.

Сиз азыр өлкөдөгү укуктук тутумду дагы бир жолу карап чыгууну сунуш кылып жатасызбы?

– Укук тутумун кайра карап чыгуунун өз мааниси бар. Каада-салттар өзүнөн өзү мыйзам боло албайт. Биздин укук булактарын колдо бар мыйзам чыгаруучу база аркылуу этап менен колдоп туруу керек. Өз ата-бабаларыбызды сыйлашыбыз керек. Бул бир гана мыйзам алдындагы жоопкерчилик эмес, тарыхтын алдында да жоопкерчилик болот. Мен, мына ушулардан баарынан мурда идеологиялык негизди көрүп турам. Башында бул коомдук башталыштардан түзүлгөн Элдин жана уруулардын ассамблеясы болушу мүмкүн. Муну илим тармагында изилдеп, тартипке салып жана басым коюу керек. Андан кийин илимий изилдөөлөрдүн негизинде биринчи этапты ишке ашырып, орган түзүүгө аракет кылуу керек.

Аны эмне жашоого жөндөмдүү кыла алат?

– Элдин жана уруунун кызыкчылыгын чындап коргоо. Анын мамлекеттик маанилүү чечимдерди кабыл алууга таасир этүүгө мүмкүндүк берген механизмдер. Анан, эң башкысы – укуктук чыгармачылыкты укук тармагындагы адистерге ишенип тапшыруу керек.

– Азыр муну менен ким алектенип жатат?

– Мен эч кимди компетенттүү эмессиң деп айыптагым келбейт. Бирок, бизде эмне болуп жатканын карагылачы. Конституцияны саясатчылар, коомдук ишмерлер, маданият ишмерлери реформалайт. Укук тармагындагы бир да адис жок. Муну мындайча элестетсек болот – үйдү курууда архитекторду кубалап ийип, долбоорду куруучуга, шыбакчыга, жыгач уста менен ашпозчуга ишенип тапшырышты дейли. Анан, бир эки артист бар. Өз ишинде алардын тажрыйбасы бар, керек болсо, алар жогорку профессионалдар, бирок жумушчуларды тамактандыруу менен үйдүн долбоору – асман менен жердей. Биз ушул фактыны таптакыр унутуп койдук.

Бизде Конституцияны өзгөртүүгө мораторий киргизилген, ушундайбы?

– Эч ким мыйзамды алып салып, же мораторийди өзгөртүүнү сунуш кылган жок. Бирок, даярдык жумуштарын, изилдөө иштерин баштай берсе болот да!

Эгер биз ушул эле калыпта уланта берсек, анда толугу менен клептократияга туш болобуз. Дагы бир учур – эгер өлкөдө соттор эмне кылат, бийлик эмне кылат экенин көпчүлүк чечип калганда – бул мамлекеттик бийликтин профанациясынын белгиси.

– А көпчүлүккө каршы эмнени койсо болот?

– Маегибиздин эң башына кайра келсек. Мыйзам легитимдүү, чектелеген жана табигый укук булактарына таянган учурда гана иштейт. Бардык учурда көпчүлүккө жогорку илимий жана мыйзам чыгаруу базасынын укуктук деңгээли гана каршы чыга алат.

Бизде ушундайбы? Салт, уруулук милдеттерди саясатчылар бийликтен алыстаганда гана эстешет. Эгер бийликте турса анда каада-салтты эстебейт дагы. Бизде жада калса жогорку мыйзам чыгаруу органы да салттардан тыш түзүлгөн да. Эгер Жогорку Кеңеш сөз айкашын орусчага которсо «Верховный совет» эмес, «Верхний совет» болот. Мунун эмне экенин мага бирөө түшүндүрүп бере алабы?

Же тилдерге болгон грамматикалык ыктоону кармангыла, же бул аталышты жайына койгула. Таң калычтуу, бирок Жогорку Кеңешке караганда, башка тилден алынган «парламент», кала бергени жакшы.

Айтмакчы, кыргыз тилинде «бийлик» деген сөз жок экенин билесиңерби? Мына ушул контексттен алып караганда – жок. Бийлик – сот алымы, эгер булактарды жакшылап карасак. Ал эми бий – сот. Бул эмне туурасында айтып турат? Бул деген, мыйзамдын кыңк эттирбес улуктугуна негизделген акыйкат бийлик – кыргыздар үчүн каада-салт экендигин айтууда. Азыркы жагымсыз нерселердин баардыгы – мурдагылардын калдыгы эмес, каада-салттардын бузулгандыгы жана бизге таандык эмес бийликти бөлүштүрүү формасынын киргизилгендигинен…

Жазып алган Светлана Бегунова, “Жаңы жүздөр”, 17.02.2015-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.