В.Бутанаев: «Эне-Сай кыргыздары – түпкү тегибиз»

Виктор БУТАНАЕВ, Тарых илимдеринин доктору, профессор, хакас этнографы, КРнын илимине эмгек сиӊирген ишмер, РФнын тарых илимдеринин доктору Виктор (Астайбек) Яковлевич Бутанаев байыркы Эне-Сай кыргыздарын изилдеп, кыргыздар менен хакастардын түпкү теги бирдей экендигин баса белгилеп келет. Жоголуп бараткан хакас маданиятын кайра жандандырууда анын салымы зор. Аты орусча болгону менен, хакас улутундагы Бутанаевдин жүргөн-турганы, табияты кыргыз. Жергебизге илимий иш-чарага келген жеринен маек куруп, анын көпчүлүккө көмүскө болгон жеке жашоосун ачып бергенге аракет кылдык.

– Биз сизди тарыхчы катары билебиз. Бирок, кесип, билим, өнөрдүн сыртында кишинин жан дүйнөсү, үй-бүлөсү деген түшүнүктөр бар эмеспи, биз сиздин дал ушул көпчүлүккө көмүскө жактарыӊыз тууралуу билгибиз келет?

– Сизге абдан ыраазычылыгымды билдирем. Анткени, мага эч качан, эч ким мындай суроо берген эмес. Өзүм тууралуу сөз баштасам, аскер үй-бүлөсүндө туулгам, атам офицер болгон. Ата Мекендик согуш учурунда учкучтар полкунун командири болуп кызмат өтөптүр. Албетте, менин да аскер болушумду каалады, жолун улантышым керек экендигин баса белгилеп, мени Суворов окуу жайына киргизди. Ал жерге бараарым менен аскердик кесип меники эмес экендигин түшүндүм. Ошол окуу жайдын өзүнөн эле тарыхчы болууну чечтим. Элибиздин өткөнүн изилдегим келди. Окууга тапшыруу учуру келгенде кайсы шаарда окуурумду тандашым керек болчу. Албетте, ал кезде Москва, Ленинград алдыӊкы шаарлар эле. Бирок, мен элимдин өткөнүн изилдөө үчүн түрк элдеринин арасында болушум керек деп ойлодум да, Ташкент шаарына сапар алдым.

Окуп жүргөн кезде айланамда башка улуттун сулуу кыздары көп болчу. тегимдин жолун улантууну көздөп, урпактарымдын чыныгы хакас уулу болушу үчүн хакас кызын тандап, ага үйлөндүм. Ошентип, тагдырым бир багытка түштү. Үч балабыз бар.Үй-бүлөм менин тандоом болгондуктан, албетте баары жакшы.

– Балдарыӊыздан сиздин жолуӊузду улантуучулар барбы?

– Улуу кызым филологиялык факультетти бүттү. Кыз деген конок экен. Турмушка чыгат, бирөөнүн бүлөсү дегендей. Экинчи кызым да өз жолу менен. Уулум болсо Санкт-Петербургдан Чыгыш таанууну окуп бүттү. Бирок, ал да өзүнүн жеке ишкердигин баштап, өз багыты менен кетти. Мени кыйнаган нерсе, уулум дагы деле үйлөнбөй бой жүрөт. Мүмкүн кыргыз кызынабы же хакас кызынабы үйлөнүп алса абдан жакшы болот эле.

– Сиздин үйүӊүздө хакас элинин салт-санаалары кармалабы?

– Мен элимдин салтын абдан жакшы билем. Бирок, «Мезгил менен талашпа» дешет. Анын сыӊарындай, жаӊы заман, жаӊы көз караштар… ошондуктан мен эч кимди мажбурлабайм. Байыркынын каадасын жакшы билгеним менен, аны менен эмес, азыркы бүткүл кишизаты жашап жаткан маданият менен жашайм.

– Эми кесибиӊизге келсек, көчмөн доору кишизатына эмне берди сиздин көз карашыңызда?

– Менин оюмча, бизге учу-кыйыры ажыратылбаган мейкиндикти берди. Сиз менен биздин ортобуздагы карым-катышты шарттаган эбегейсиз мейкиндик. Бул да болсо көчмөн доорунун шарапаты. Көчмөндөрдүн ат туягы жеткен жердин баары бири-бири менен катышып, байланышып калганы – көчмөн цивилизациясынын күнүбүзгө кылган жакшылыгы. Үстүртөн айтканда ушундай. Ал эми тереӊдеп айтып берүүүчүн көп күн батырып, таӊ атыра маектешүү керек.

Тарых илимине кошкон салымыңызды айтсаңыз?

– Укмуш эмгек кылдым деп айта албайм. Бирок, илимге кайсы бир деӊгээлде салым кошо алдым. Аны баалоочулар силер, сырттан карап турган адамдар. «Мурас» фондусунун жардамы жана демилгеси менен, ушул жылы буюрса «Бутанаевдин тандалма эмгектери» деген эки томдук жарыкка чыгат. Бул мен үчүн абдан жагымдуу кабар. Ал эми эл Бутанаевдин ишинен кабардар болот.

Тарых, түркология, этнография улуттук аӊ-сезимди калыптандырып, демди көтөрө турган илимдер эмеспи. Сиз изилдөөлөрүӊүздүн аркасында ушул нерсени элиӊизге бере алдыӊызбы?

– Мен бере алдым. Анткени, Совет доорунда биздин улуттук майрамдардын бири да майрамдалчу эмес. Жазып жүрүп, айтып жүрүп биздин элдин эӊ алдыӊкы эки майрамын майрам катары жандандырууга жетиштим. Бизде «Тунпайрам» алгачкы тун айрандын майрамы деген майрам жана хакас элинин жаӊы жылы «Чылпасы» жылбашы майрамдары унутта калып, такыр майрамдалбай калган. Булардын актуалдуулугун көтөрүп, элге булар тууралуу маалымат бердим. Андан башка, унутта калган улуттук даам, тамак-аштарын баяндаган китеп жаздым. Этнография илими болбосо, улуттун улут катары жашап кетиши кыйын. Анткени азыр ааламдашуунун арааны жүрүп турат. Маданияттын баары аралашып, улут улуттугун, эл элдигин унутуп барат. Этнография болсо унут калгандын баарын кайра жандантып, улам кийинки муунга сунат. Эгер мен элимдин эзелкисин изилдебесем, элимдин көп нерсеси унутта калмак. Өздүгү, тарыхый маданияты, салт-санаасынан кабарсыз болмок.

– Кыргыз эли менен хакас элинин ортосундагы кандык байланыш тууралуу айтсаӊыз?

– Тарыхчылардын арасында Эне-Сай кыргыздары менен Теӊир-Тоо кыргыздарынын ортосундагы байланыштар, тува, алтай, хакас элдери менен кыргыздардын ортосундагы байланыштар тууралуу ача пикирлер бар. Бул, эки кылымдан бери болуп келаткан талаш маселе. Бирок мен жеке позициямдан эч качан кайтпайм. Менин айтып келаткан оюм боюча: Эне-Сай кыргыздары теӊир-тоолуктардын да, биздин да, алтай, тувалыктардын да түпкү теги. Ырас андай болгон соӊ, биздин кандык жакындыгыбыз бар.

– Илим менен алектенгенден сырткары эмне жасай аласыз?

– Менин бир жердешим «Сен илимде генералсыӊ, бирок, тиричиликте катардагы жоокер абалындасыӊ» деп айтты эле. Анын сыӊарындай, мен оокат жасай албайм. Элдердей болуп укмуштай дачаларды куруп, же машина оӊдогон өнөрүм жок. Муну мойнума алам.

– Дос деген сиз үчүн ким, досторуӊуз барбы?

– Дос – кыйынчылыкта жаныӊда туруп кайрат бере турган, жакшылыгыӊды теӊ бөлүшө турган адам. Тилекке каршы,менин эӊ жакын досум,  тарых илимдеринин доктору, профессор Бектемир Жумабаев бир жыл мурун кайтыш болуп кетти. Кыргызстанга келүүмдүн негизги себеби ушул болчу, анын жайына барып, чөгөлөп топурак салып, анан досума болгон кусамды, ичиме толгон сагынычымды ыйлап чыгарып алуу. Ал менин чындыгында өтө жакын адамым эле.

– Жалпы элдерге болгон кандай каалооӊуз бар?

– Жалпы дүйнө элдери өзүнчө кайталангыс. Ошондуктан ичи тардык, көрө албастык деген нерселер жоюлуп, бири-бирин колдоо, көтөрмөлөө күчөсө дейм. Айрыкча бир тууган элдер ааламдашуу араанынан аман өтөлү. Бутубузда бекем туруп, белибизди бууп, өздүгүбүздү сактайлы. Кыз алышып, кыз беришип, өз ара ынтымакта, жакындыкта бололу.

Шаакан ТОКТОГУЛОВА, “Көк асаба”, 03.03.2015-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.