Айзада Абазова

1974-жылы 15-февралда Токтогул районунда туулган. КМУнун филология факультетин бүтүргөн. “Асаба”, “Замандаш”, “Учкун» гезиттеринде кабарчы, “Кыргыз руху” гезитинде башкы редактор болуп иштеген. Акыркы учурда эмгектенген кызматы – “Пресс.кg” гезитинин башкы редакторлугу эле. Эки кыз, бир уулдун энеси Айзада Абазова ырларды, аңгемелерди, коомдук жана саясый курч макалаларды жазчу. 2010-жылы “Адашкан каркыра” аттуу жыйнагы чыккан.

2013-жылдын 2-январь күнү туулган жери Токтогулга бара жаткан жеринен жол кырсыгына кабылып, көз жумган.


Айзада Абазова жана анын чыгармачылыгы тууралуу

Айзада 

Ачылбай Калган Айзада


Кара сөз

Кичинекей үйдөгү чоң бакыт (аңгеме)

Таң чолпонум (аңгеме)


Ырлар

КОЗГОЛОҢЧУЛ СЕЗИМ

Эшикте калгым келбейт:
– Эшикте элиргендер эсепсиз каткырышкан.
Үйгө да баргым келбейт:
– Үйүмдү уу жыландар жай кылышкан.

Каякка барам? – Билбейм.
Каяктан табам? – Билбейм.
Эмнени издейм? – Билбейм.
Эмнени түздөйм? – Билбейм.
Билемин “Билбеймимди”.
Эч нерсе билбейм, билбейм!

Кең дүйнөгө таштады эле – тар дедим,
Кызыл гүлдү сунушту эле – гүл эмес бул кан дедим.
Уурттабадым бал кошулган даамыңды,
Ууну сунса, кубанычтан жайнап көзүм, жан дедим.

Жанымды кыйнайм неге?
Жанчылып ыйлайм неге?
Башкалар кантип жашайт?
Башкача кылбайм неге?
Мен неге? Мага неге?
Мээмди көзөйт жебе…

 

ИЗДӨӨ

Көӊүлүм көчкөн эбак,
Көз нурум өчкөн эбак.
Антсе да чекем сылап:
«Баарынан жылдыздуусуӊ,
Баарынан сулуусуӊ» деп,
«Башкача мээримдүүсүӊ,
Башкача жылуусуӊ» деп.
Бар оюм таба турган,
Бапестеп ала турган.
«Кимсиӊ?» деп сурабастан,
Кирпиктен туя турган
Башкача зирек жанды,
Багыма жазар бекен,
Же андай жан табылбай,
Көӊүлүм азар бекен?
Көп түйшүк басар бекен?

Көөнөргөн көйнөгүмдү,
Дал-далдан тытар кезде,
Ызадан ыйга муунуп,
Ыплас жол тутар кезде:
– «Тал чачың ыраа көрбөйм,
Тагдырдын жазасына.
Билем да тунуктугуӊ,
Билемин тазасыӊ да»
Деп актап бооруна алып,
Жүрөгүн ача турган.
Күбүлгөн бүрүм жыйнап,
Гүл кылып ала турган
Өзгөчө айкөл жандын
Өзүнө туш боломбу?
Же тагдыр кайчы өтүп,
Түӊүлтүп бүт мээримден,
Түбөлүк кыш боломбу?

Бар оюм таба турган, ЗИРЕК ЖАНЫМ,
Бапестеп ала турган, АЙКӨЛ ЖАНЫМ!
Барсыӊбы? – Же жоксуӊбу?
Курулай үмүтсүӊбү?
Барсыӊбы? – Же жоксуӊбу?

 

ЧАРЧОО

Мезгилдердин мээр-заарынан сүрүлүп,
Мен бутакта калып калган жалбырак.
Күрөшүүгө күч түгөндү, көӊүл жок,
Сокпо, шамал, араӊ турам алсырап.

Сокпо, шамал, өтүнөйүн сокпочу,
Опурталдуу оюнуӊа кошпочу.
Кошо чуркап жарышуучу ал кыз жок,
Койчу шамал, жүдөтпөчү, токточу.

Тийишпечи, оюн салып өтпөчү,
Сооротпочу, жүзүм сылап өппөчү.
Үмүттөрдөн үшүй берип жалкыдым,
Үйрөтпөчү кайра сезим көктөшүн.

 

КОРКУУ

Ысыктан корком – “ырайымсыз отуна салабы” деп,
Муздактан корком – “жылан болуп оролуп алып чагабы” деп.
Коркомун караңгыдан – койнуна коркунучун салып берген,
Коркомун жарыктан да – ашкере ачып салган абийиримди.

Коркомун – жар бол деп жуучу түшкөн жалгыздыктан,
Коркомун – жалооруган жардамсыз алсыздыктан.
Коркутат кечээкимди эстегеним,
А бирок, эртеңден да сестенемин.

Коркомун – аягы ыйга айланган армандуу кыялдардан,
Коркомун сезимимден – коркуудан башка эч нерсе туя албаган.
Жинди болуп кетемин деп – коркомун ойлонгондон,
Азаптуу күн башталат – коркомун ойгонгондон.

 

СҮЙҮҮ

Буга чейин кимди гана сүйбөдүм,
Көңүл кушум кимге гана түшпөдү.
Көйнөктөрдөй алмашылып сезимдер,
Жүрөк байкуш кимге гана түтпөдү.

Бирин сүйдүм баалап, сыйлап, табынып,
Бирин сүйдүм кылыктанып, жагынып.
Бирин сүйдүм оолак кармап боюман,
Бирин сүйдүм бал кучагын сагынып.

Бирөөлөрдү сүйдүм ичтен билгизбей,
Бирөөлөрдө жүрүптүрмүн адашып.
Бирөөлөргө калдым колу тийгистей,
Бирөөлөрдү алдым кээде тажатып.

Канчалардын сезимдерин сыйладым,
Канчаларды жакпай жерип ылгадым.
Көпөлөктөй көктөм ырын ырдадым,
Көпөлөкчө көп көңүлдү кыйбадым.

Канча жолу зор бакытты кучактап,
Канча жолу азаптардан соолудум.
Канча жолу сагынычтан саргайып,
Канча жолу кусалыктан оорудум.

Көп адамга көңүлүмдү бөлгөндү,
Дос түшүнбөйт, анан билбейм өңгөңдү.
“Калбыр” дебе жүрөгүмдү мазактап,
Ал болгону – көп сүйүүгө жөндөмдүү.

Урушкула мени жеңил-желпи деп,
Мага демектен таш бараңга алгыла.
Сүйүү мага кайра баштан келди деп,
Сүйө берем жүрөк сокпой калгыча.

 

КЫЯЛДАНУУ
(ак кыял)

Ак шөкүлө, ак көйнөк кийип алып,
Алыс жактан карааның күткөн кезде,
Алып кетчи ак боз ат минип алып,
Ак мөңгүлүү чокулар бүткөн чекке.

Ак чокуга ак сарай курдуралы,
Ак сүйүүнүн көтөрүп асабасын.
Аруулукка жан-дилди тундуралы,
Азыктанып ак карын, таза абасын.

Ачык асман алдында ак той өтүп,
Арзып турган бактыбыз ташып турса.
А асмандан Теңирим ырым этип,
Аппак кардан чачыла чачып турса.

Ак батасын ыроолоп аскалар да,
Алп кучагын кең жайып сүйүнсө ээ.
Ак үлпүнчөк алдынан уяң карап,
Ата-энең деп тоолорго жүгүнсөм ээ.

Анда бардык кыялдар орундалып,
Ажайып бир бүлөнү түзөр элек.
Алсыз ойлор, санаалар корумдалып,
Акыретке андан кол үзөр элек.
Ажайып бир бүлөнү түзөр элек.

 

ЖЕК КӨРҮҮ

Сен жаралып калган үчүн бул өмүр,
Бүгүн муздак, бүгүн жексур, алыс, жат.
Бир кездеги чексиз мээрим, куш көңүл,
Кай жакадыр житип кеткен алыстап.

Көрсөм сени канжар болуп көздөрүм,
Көздөрүңдү көзөп тешип кетчүдөй.
Кирпиктерим – сансыз жебе сайылган,
Бүт денеңди быт-чыт тепчип өтчүдөй.

Жырткыч сезим кан толтуруп көзүмө,
Жылмаюум да жылан болуп ышкырат.
Жараткандан ызгаар тилеп, бир гана
Жан дүйнөмдө жалаңдаган кыш турат.

 

НОСТАЛЬГИЯ
(балалыкты сагынуу)

Ай тийген түндү сагынып жүрөм,
Андагы соккон шамалдын жытын.
Түнкүсүн кечүү мупмуздак суумду,
Сергитип көңүл, үшүткөн бутум.

“Асманда жашайт жомоктун баары”,
Дечүмүн көккө суктана карап.
Ай анда аста жылмайып койчу,
Шамал да аяр чачымды тарап.

Аялуу болчу ал кезде дүйнө,
Алп койну толо жылуулук турчу.
Күндүзү – күр-шар, түнкүсүн – шылдыр,
Жомогу суунун угулуп турчу.

Жыңайлак басам, чөптөр да аяп,
Акырын сокчу адырдын жели,
Балалык жыттуу ошонун баары,
Бала деп балким, аяшчу мени.
Жандуу да жансыз аяган жанды,
Жалгыз сен гана аябай келдиң.

 

* * *

Адашкан макулуктай багытым жок,
Алсызмын баштагыдай чабытым жок.
Түнөгүм түптүз деңиз, баратам улам чөгүп,
Кепини, табыты жок.
Элес изи калып, бактылуу балалыктын,
Баратам улам басып боз топурак.
Ансайын көңүлүм да мунарыктап,
Ансайын жайдакталып токулуу ат.
Заман ай,
Сынадың мынча неге? Боло албайм кызыл кулак.
Сынадың мынча неге? Сойкулук-ал мага жат.
Туюктан жол тапкын деп адатың сынап турмак,
Туюктан багыт издей болсо да жолум бөгөт,
Кайдасың көрүнүп кой караның Ала-Дөбөт?.
27.06.1994

 

* * *

Оюмдун бир барагы жүрөсүңбү?
Ордуңду башкалардан талашалбай,
Оргуштап турса дагы шык талантың,
Оош-кыйыш бул заманга жарашалбай

Сезимдин бир барагы жүрөсүңбү?
Сезилип башкаларга бир пендедей,
Сезимтал жаның далай сыздаса да,
Сыртыңдан бир чайпалбай, бир кенебей

Өзгөчө ак дил элең мамилеге,
Өзүңдүн бир ойлобой сынарыңды,
Өгөйлөп койгон жокпу өжөр жашоо?
Өксүтүп чырпыгында чынарыңды.

Деги сен канттиң экен бул күндөрдө,
Тизгинин тирликтин башкаралбай?
Туманга бастырдыңбы тунук жанды
Туюкка кептелдиңби башкалардай?

Кайда бол, аман болчу бир момун жан.
Мен деле сени эстеп жүрө албаймын.
Капыстан бүгүн сени эстегендей,
Капыстан эртең сени унутамын.
26.09.2003

 

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.