Түркөйлүк чээнге кайрылуу

Бүгүнкү турмушубузда биз акылга сыя бербеген көптөгөн көрүнүштөрдүн күбөсү болуудабыз. Мындан чоң кишилер гана эмес, балакайлар да парадоксту көрүп, мыскыл менен карагансыйт. Мына, менин 6-7лердеги неберем бир бийкечтин ырдап жатканын карап олтуруп, мунун жети көйнөгү бар экен,-дейт. -Аны кайдан билдиң?-деп сурадым. -Көйнөгү улам алмашылып жатпайбы!-дейт. Анан дагы: – Ары жакта пляждагыдай кабина, же дүкөндөгүдөй примеркасы жок, ай талаада кантип алмаштырып жатат?-деп сурайт.

Албетте анча көйнөктү алмаштыруу үчүн убакыт, атайын вагонетка да керектир. Бирок, бир ыр үчүн (ал ашкере асем болгон күндө да) ошончо гардеробдун, анан ажайып жердин кереги бар беле деген суроо туулбай койбойт да. Дагы бир бийкечти шаркыратманын алдында ырдатып жатышат. Ал ыр аспаптык ансамблдын коштоосунда жазылган. Албетте балакайды кайрадан эле мындагы коошпостук (баягы Маанекеникиндей :кызыл өгүзүм анакей, сакалым канакей? дегендей) бүшүркөтпөй койбойт да…

Бар нерсе ынандырарлык, гармониялуу болгондо ал табигый сыяктанат. Мен 1959-ж. Ташкент шаарына барганымда Өзбекстандын маданий тарыхындагы зор окуясынын күбөсү болгон элем. Анда Москвада республиканын адабияты менен искусствосунун декадасы өтүп, андан кайтып келген өнөр чеберлери жердештеринин алдында отчеттук концерттерин берип жатышкан. А кезде агам Жогорку партиялык мектептин угуучусу эле. Аларга белеттер бейнөөмөт сатылгандыктан корутунду концертти да, СССРдин эл артисткасы Тамараханумдун концертин да көрүү бактысына ээ болгом.

Атактуу аткаруучунун репертуарынын байлыгы гана эмес (анда кыргыздын «Паризатынан», казактын «Гаккусунан» баштап, вьетнам, кытай, япон, инди ж.б. ондогон элдердин ырлары бар эле) ошол калктардын улуттук кийимдерин көз ачып жумганча алмаштырып, чыгып тургандыгы эле. Мунун өзү чыгарманын таасирдүүлүгүн эки эсе арттырып тургандыгын кайталоонун кажети жок. Мындай «көз боочулуктун» сырын кийин А.Райкин жөнүндөгү даректүү фильмди көргөндөн кийин билип жүрбөймүнбү. Көрсө, көшөгөнүн артында керектүү костюм беткеп, паригин белендеп, бир топ тейлөөчү турат экен.

Москванын Зайцев, Васильев алып барган «Модный приговор» көрсөтүүсүндөй айымдарга ар түрлүү көйнөк-көнчөк алмаштыруу менен ажарын ачууга аракет жасалып. ажайып жерлерге алпаргандан акыры акыбет кайтса.ал башка кеп эле. Биздин бийкечтердин андай аракети, бийчилер тобунун ылаалашы чыгарманын заади-наарынан алаксытып жаткан жокпу? Сиз Атай, Муса, Мыскалды, же Рыспайды ошондой курчоодо элестетип көрүңүзчү. Биз алардын өңүн көрбөй туруп эле радиодон авазын угарыбыз менен арбалып калабыз го! Ал эми фракчан эле опералык арияларды аткарышкан М.Магомаев, З.Соткилава, Н.Басков, К.Турапов, же жупуну театралдык костюмчан Г.Вишневская, И.Архипова, К.Сартпаева, Д.Жалгасыновадан эстетикалык лазетти азырак алабызбы?!

Бир кезде Батышты каптаган массалык маданият ыла ңы эгемендикке ээ болгон рсепубликаларды топон суудай эле жапырып кирди. Биз аны супертехниканы аң-таң калып караган эселектей эле кабылдадык. Бул сулуулукка суктанууну, адамзаттык баалуулуктарды барктоону жана көркөм табитти ойрондогон капсалаң эч каршылыксыз өкүм сүрүп калды. Атүгүл ал Батышка караганда мында алда канча ке ңири жайылганын океандын ары жагындагы идеологдор да белгилешүүдө. Күркөлөрду эротикапык басылмалар ээлеп, порнопродукция ке ңири тарап, экрандан зөөкүрлүк, кан ичерлик идеалдаштырылып кирди. Акыл-эси калыптана элек жаш муун дал ушул калабалуу баскынчылыктын туткуну болуп, акыры адеп-ахлактан кол жууган нашакорго, кумарпозго жана маңкуртка айланууда.

Улуу державанын кыйрашы ойго да келбегендиктен ага даярдык да, тутунар идеологиянын жоромолу да болгон эмес. Ушундан улам сокур туурамчылык, белимчилик (имитация) келип чыккан. Жашоо жолою күтүүсүз кыйрагандыктан ар ким алды-алдынан тал кармап, кара жанын багуунун камында болду. Медик, мугалим, маданият кызматкерлери жапайы рыноктун маласына сүйрөлүп, өз адистиги менен кош айтышууга аргасыз болду. Жумушсуз жана сабатсыз жаштардын жаңы катмары жаралып, рухий жакырлануу жараяны күч алды. Мындай учурда кара суудан каймак калпып, ылайкалуу суудан алтын балык илген шылуундардын күнү туубадыбы.

Поп-маданияттын кеңири чөйрөсү керектөөчүнүн рухий таламдарын гана кандырбастан коммерциянын, рыноктун, рекламанын мыйзамдары менен да жашайт. Бул маданият адамга ала ңгазарлыкты, пас табитти та ңуулап, баналдуулукка кумарланууну жаратат. Учурунда аеолуу, ыйык эсептелген бирөөнүн жеке турмушу азыр жайма базардакыдай жалпыга тартылат. Буга принцесса Маргарет менен Диананын, Жаклин Кеннединин, Блинн Клинтондун (бизде болсо, малгундун «Айтматовдун айымдары» пасквили да кошулат) керт башына байланыштуу окуялардын дүйнөгө дү ң болуп, катардагы пенденин ооз суусун кургаткан уу-дууга айлангандыгы эле күбө.

Мындай чуулгандуу шоулар күргүчтөп турбаса, буржуазиялык коомдун жашоосу кунарсыз болуп, комсоо көрүнүп калар эле. Ушундан улам президенттикке талапкерлердин актерлор конкурсуна катышучудай даярдыктан өтүшүн көрүүнүн өзү да тамаша сыяктанат. Мында акылы, рухий байлыгы, көз карашы жагынан атаандашынан алда канча өйдө турган кандидат көп учурда актерлук таланты өнүкпөгөндүктөн гана мөрөйдү алдырып коет. Ал эми оопай калкка (массалык маданият баңгиге айланткан) адамдагы асылзадалык эмес, сырткы сын-сыпат гана чыгаандыктын критерийи болуп калган. Диний чөйрөгө рекламанын сүңгүшү болсо, табынууга жана жалган азиретилердин чыгышына жол ачат. Бардык жерде колдонулган коммерциянын принциби «шыкалоо» искусствосуна барып такалат.

Мындай дегенибиздин себеби-буржуазиялык цивилизациянын таш чытырманында адашкан адам көбүнесе ушундай жол менен өзүн таап, беймаза кылган ойлордон арылгысы келет. Анан калса поп-маданияттын мындай чыгармалары бизге да жат эмес,биз аларды кабылдайбыз жана туурайбыз. Массалык маданият деген өз керектөөөчүлөрүн нан, суу менен гана бакпайт экен. Ал таттууларды да тартуулап, андан тышкары оюнга катышуу жана демократия иллюзиясын жаратат. Бир кезде биз кийимин алмаштырып,элге аралашкан принцессаны жомоктон угуп, опереттадан гана көрсөк, бүгүн аны маданияттын муктаждыгы үчүн жалдаса да болот. Өз учурунда куунак кө ңүл ачуунун үлгүсү саналгандар бүгүнкү турмуштун нормасы болуп калды.

Жашоо бир көйгө келип, карын ток, кайгы жок коогалаңдан беймарал кезде (бул дөөлөттүү коомдун артыкчылыгы) турмуштун ритми адамдарга кызыксыз көрүнөт да алар кө ңүлдү гана көтөргөн ар кандай оюн-зоокторду ,апсундуу тамашаларды эңсеп калышат. Дүйнөсү түгөл пенде башкалардын бактысыздыгы, алыстагы алаамат, апааттар жөнүндө баш ооруткусу келбейт. Атүгүл телевидение аркылуу да кан төгүү, мыкаачылыгы болгону менен татаал эмес фильмдер гана көрсөтүлүшү керек деп эсептешет. Ашыккан, тоюнган жана беймаза цивилизациянын адамдары дүрт этип дүүлүктүргөн зоокту издешет. Анын канчалык ызы-чуусу көп, апсуну арбын болсо, уюмдашкан жумуш процессинде кабак ачпай, каш какпай иштеген жаран ошончолук ичтеги бук, буусун чыгарып, каткыргысы келет.

Аларга телепрограммалардагы, фильмдердеги жылаңач бийкечтердин ашыглык оюндарына берилишинен лаззет алып, өз түйшүк, убайымын унуткаруу баарынан артык. Белгилүү себептерден улам мындай поп-маданият өзүн жараткан механизмдерден кутула албайт. Оюн-зооктор дагы стереотиптерди колдонот: түпкүлүгүндө бирдей үлгү менен бычылган сенсациянын, мыкаачылыктын жана сырдуулуктун шаблондорун кайталайт. Мында инсандын жекече ой жүгүртүүсү, каалоосу жана арзуусу жеке иши болбостон, атүгүл эркиндигин жана табигыйлыгын да жоготуп, оюн-зооктун ири масштабдуу индустриясына оп тартылат. Ошентип ХХ кылымдын буржуазиялык массасалык маданияты «дос» да, «эл душманы» да эмес, өнөр жай жана соода системасынын айныксыз продукциясына айланган.

Байыркы грек театрында көрүүчүлөрдүн психикалык дүүлүгүсүн басыш үчүн трагедиядан соң фарс көрсөтүшкөн. Ал эми Батышта коомдук турмуштун өзү көбүнесе трагедиялар менен үзүлүп турган фарсты элестетип турганда поп-маданиятың улам жаңы чаргуулардан илхам-дем алып, күн сайын жаңыланат. Бул маданияттын жеткен чеги-комикс экендигин эми танууга болбойт. Ал адеп Америкада жаралгандан бери туура бир кылым өтүшү менен массалык маданияттын таптакыр жаңы жана жашагыч түрү пайда болду. Комикстер дамайым тыйнак, аз сөздүү юмор аралаштырылып, көбүнчө күтүүсүз чечилиши менен айырмаланган.

Европаныкындай бай фольклору, адабий мол кору болбогон Америка рухий жааттагы кенемтени (техпрогрессте кыйла озуп кеткен) ар кыл «табылгалар» менен толтурууга далалаттанган. Ал эми кинотасмага тартылган алгачкы комикс америкалык «Супермен» болгон. Бул фильм гиганттык магнит сыңары көрүүчүлөрдү оп  тартып, анын бетачары 700 кинотеатрда көрсөтүлгөн. Супермен тууралуу 8 жаңы китеп жазылган, сан жетпеген комикс-брошюралар чыгарылып, пластинкалар, оюнчуктар, плакаттар, көйнөктөр сатылган. Мында боорукерликке үндөгөн христиандык мораль да жатканы менен башкысы-рухий таңкыстыкты кандыруу аркасында пайда табуу. Бул буржузиялык коомдун жашоосундагы айныксыз принцип. Фенимисттик кыймыл окурмандардын жаңы катмарын жараткан. Эми супер эркектер менен катар супер аялдар да каарман болуп чыга келишкен. Ошентип эмансипацияланган комикс-баарыга бирдей микстура: секстин чак дозасы, аялдар теңдиги, азырак илимий фантастика, детективдүү сюжет, бир тамчы мистика-түпкүлүгү ар балээден арылуу жөнүндөгү эски модалуу формуланы модернизациялоо.

Кызыгы-табити мокок чоңдор гана эмес, өспүрүмдөрдүн басымдуу бөлүгү да китеп окугандан көрө комикстерге артыкчылык берерин билдиришет. Арийне мунун натыйжасында кийинки бир нече муун адамзаттын рухий асыл мурастарына, гениалдуу таланттардын шедеврлерине кайдигер карап, же таптакыр кабарсыз болуп калууда. Башканы коелу – президентикке талапккерлердин таймашында Гимндин текстин ким жазган, музыкасы кимдики, Гербдин автору ким сыяктуу суроолорго так жооп бере алышпаганы бийлик башындагылардын деңгээлин көрсөтпөдүбү! Ошол талапкерлердин бири да «Манасты» толук окуп чыкпагандыктан өз программасында эпостон эки сапты чарпый кетишпеди. (Ал эми Манастын атын бетке кармап, куру пафос менен төш урганда алар алдына ат салдырбайт эмеспи!)

Грузиндерде кыз бергенде анын себине кошуп, эң баалуу бегилик катары Ш.Русавелинин «Жолборс терисин жамынган баатыр» дастанын да берүү салты бар. Дүйнөлүк масштабда теңдеши жок «Манас» менен акын Шотанын аталган поэмасын салыштырууга болобу! «Манасты» таланты жагынан Шотадан алда канча ашып түшкөн акындардын нечен мууну айтып келген. Өкүнүчтүүсү – алардын варианттарынын жазылып калбагандыгы! Бирок, Сагымбай менен Саякбайдын басылып чыккан томдорун ар бир кыргыз курандай кастарлап, текчесине койдубу? Дүкөндө бир топ жыл чаң басып жаткан томдорду акырында бекер бергенге чейин барышпады беле. Ошондой оопайлыгыбыздан улуттук улуу мурасыбызды кытайлар өзүнүкү катары ЮНЕСКОго каттатып жатпайбы…

Өткөндө телекабарчы аялдамаларда турган улан-кыздар арасында сурамжылоо жүргүзгөнүнө күбө болдук. – Бул кайсы көчө?-деген суроого алар: Акиева, Турусбекова, Бөкөнбаева, Токтогула, Умөталиева, Исанова көчөсү деген жоопторду беришти. Ошол жогорку класстардын окуучулары, ЖОЖдордун студенттери болгон жаш жарандар аталган инсандарды аялга айлантканы аз келгенсип, ким экенин айта алышкан жок. Бул накта маңкуртка айланып баратканыбыздын күбөсү эмеспи.?!

Жакында эле республиканын коомчулугу Кыргыз радиосунун 80 жылдыгын салтанаттуу белгиледи. Бул комуздан симфонияга чейинки секирикти чагылдырган күзгү өз учурунда элдин эстетикалык табитин, руханий азыкка каныгуусун калыптандырууда эбегейсиз роль аткарган. Биз ал аркылуу дүйнөлүк генийлердин шедеврлери менен таанышып, лаззет алганбыз, керемет үндүү ырчылардын авазын угуп,дилибизди ырахатка бөлөгөнбүз. Бетховен, Бах, Паганини, Скарлетти, Верди. Пуччини, Чайковский, Моцарт, Штраус, Шуберт, Равель сыяктуу генийлердин музыкалык асыл мурастарынан канчалык канагат албадык. Азыр биз радиодон классикалык музыканы да, улуу композиторлор тууралу кызыктуу баяндарды да, атактуу ырчылардын аткаруусундагы ария, романстарды да укпай калдык. «Ай сонатасы», «Аппоссионата», «Көгүлтүр Дунай», «Вена токоюнун жомоктору», «Болеро», Алябьевдин «Булбулу» азыркы угуучуларга жат болуп калды. Ал эмес шериктеш өлкөлөрдүн өнөр чеберлерине да жол жабылып, адамзаттык баалуулуктарды жерип таштадык.

Мунун фонунда Сооронбай аганын (Жусуев) эң жогорку көркөмдүктө которгон «Орус ырлары», «Евроазия ырлары» антологиялары апендичилик сыяктанат. Анткени, бир жагынан доордун позитивдүү ыроошонунан корунуп, түркөйлүк чээнге кирип жатсак, корифейлерибиз сулуулуктун көшөгөсүн ачып жатышпайбы! Анан дагы ЖК фонограмма менен ырдоого тыюу салса, азыркы «эстрада жылдыздары» саналгандардын 95 пайызынын үнү өчүп калат дешет Андай болгондо албетте же музыкасында, же текстинде чеке жылыткан жаңылыгы жок халтурадан арылабыз. Бирок, аларды Шаляпин, Дель Монако, Собинов, Козловский, Нечаев, Отс алмаштырып, бийик профессионалдык искусствого жол ачыларына ишене албайсың. Анан дагы мээ кайыктай керели-кечке суу жанчкан интеллектуалдык деңгели төмөн алып баруучулардын көргөн күнү эмне болот дейсиң…

Кийинки жылдары маданиятты коммерциялаштыруу шартында көп сандаган театралдык труппалар менен концерттик коллективдер пайда болду. Концерттик аянтча жана көрүүчү үчүн кырчылдашкан күрөш жүрүүдө. Бирок, сунушталып жаткан маданий товардын сапаты өтө чоң дооматтарды жаратат. Модернге жамынган халтура улам көбүрөөк кездешүүдө Профессионалдуулук жана аткаруучулук маданияттын жармачтыгын сахнада карбаластап ойдолоо, жасалма пафос, кыйшалаңдоо, же дененин жылаңачталган жерин бултаңдатуу менен компенсацияланат. Дикция менен сүйлөө маданияты жөнүндө кеп кылбай койсо деле болот. Өздөрүн «жылдыз» санап алышкан кодура аткаруучулар эки сөздүн башын кошуп, образдуу ой айта албаган кокуй күндөр. «Ит жок жерде чочко үрөт» жолоюна көнүп калган азыркы көрүүчү аларды коштоп, колдоп, «Браво!» деп бакыруу менен гүл да тапшырат.

Проблема попс көчкүсүнүн таасири астында табитсиздик жана чеберчилик деңгээлинин үстөмөндөшү менен аудиториянын деңгээлинин төмөндөшүндө. Сын болсо, чанда бирин албаганда рекламанын заказына баш ийип калган. Ошондон улам көрүүчү көбүнесе сапаттуу постановканы жасалмадан айрый албай маң болуп калууда. Театралдык программага тигил, же бул сериалдан таанылып калган актерду кошуңузчу – дүркүрөгөн кол чабуулар камсыз болду дей бериңиз! Мунун өзү түбү келип, актерго да залакасын тийгизбей койбойт.

Көрүүчүлөрдөгү табиттин төмөндөшү элита менен попстун өкүлдөрүнө коюлган талаптын төмөндөшүнө да алып келген. Өз учурунда Ч.Айтматовдун рейтинги «атка минерлерибиз» арасында 7-8-орунда болуп жүргөнүгүн эмне менен түшүндүрүүгө болор эле? Тилекке каршы биздин билим берүү жана маданият жаатындагы аракеттердин айкын, так программасы жок, келечек жөнүндө эч ким ойлонбойт, рухий башталыштарга көңүл бөлбөйт, ал кандай натыйжаларга алып келерин эч ким талдагысы келбейт. Бул майда проблема эмес, ал азыркысына караганда алда канча олуттуу кырдаалды жаратчу проблема…

Эми музыкалык композицияларга тартылган клиптер тууралу да эки ооз сөз. Мында да фантазиябыздын жармачтыгына карабай «Кыргыз кереметин» жаратчудай дымак бар. Натыйжада ал маймылдык машакатыбыз майнапсыз калып, күлкү гана жаратат. Боз адырда эшекчен мадырабаштардын көрпөнү көк бөрү кылып тартып жатканын эстеңиз. Кыргызда ошол таштак адырдан башка кооз жер, эшектен башка мал жокпу?

Ырчы бийкеч, «Бир келип кетчи Ош жакка» деп муңканып жатат. Оштун Сулайман тоосу, Ак-Буурасы бар. Бирок сөзсүз Ысык-Көлдүн фонунда ырдашыбыз керек. Мындай абсурдга биринен сала бирине күбө боло беребиз. Акырында телерадио берүүлөрдүн жарнамасы жана КТРКдин киреше булагы да болгон «Обо» гезитинин жабылышы калайыкка «каптагы мышыкты» сатуу максатын гана көздөгөндөй таасир калтырганын да айтуу керек.

Айтор, поп-музыкага да бой уруп, акыры түркөйлүк чээнге баш батырып баратканыбыз талашсыз болууда.

Илгиз ТАЛИП, публицист, «Эркин тоо», 15.04.2015-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.