Сөз тизмек

Баяттар – Монголияда жашаган ойрот тобуна кирген калк. Монгол тилдеринин баят-халха диалектисинде сүйлөшөт. Саны 40 миңден ашуун, Убсунур аймагын байырлашат. Баяттар (баяут) 13- кылымда Рашид ад-Диндин «Жами ат-таварихинде» эскерилет. Дербет уруулары менен бирге Жунгар хандыгын түптөөгө катышкан. Этнонимди кыргыздын тейит уруусундагы «баят» аттуу ири уруктар тобу менен параллель кароого негиз бар. Монголиядагы баяттар мал чарбачылыгы менен кесиптенишет. Лама (будда) динин тутунушат. Баяттар Жунгар хандыгын негиздеген, кийинчерээк монголдошкон кыргыз уруусу болуусу ыктымал.

Бейит белги – бул дүйнөдөн көзү өткөн адамды эскерүү үчүн бейит үстүнө коюлган архитектуралык же скульптуралык чыгарма. Бейит белги мазмуну жана формасы жагынан ар кайсы элдерде ар түрдүүчө болот. Кыргыздар байыртадан көзү өткөн адамдын урматына арналып, жалган дүйнөдөгү ээлеген ордуна, сиңирген эмгегине карата күмбөз салышкан. Күмбөз өзгөчө архитектуралык чыгарма катары да баалуу.

Бейиш (ир. жаннат, жыргал жай) – дин ишениминде дин жолунан чыкпай жүргөндөргө тиги дүйнөдөн берилүүчү жыргалчылык, ырахат жай, жаннат. Мусулманчылыкта ак жолдон адашпай, шарият менен жүргөн адамдар бейишке чыгат, ислам динин коргогон, газават, жихад уюштуруп курман болгондорго бейиштен орун берилет деген ишеним бар.

Бел боо – кийимдин сыртынан белди курчоого арналып жасалган, бир жагында тогоосу бар булгаары, кайыш кездеме. Термин «бел» жана «боо» деген сөздөрдүн улануусунан келип чыккан. Бел боо – кур, илгич деген мааниде да айтылат. Кездемеден жасалганын улгайган адамдар курчанышат.

Бел куда – бала төрөлө электе кудалашуу. Бири-бирине ымаласы жакын эки үй-бүлө өзүлөрүнүн туугандык, достук жана башка жакындыгын күчөтүү максатында бел куда болушкан. Айрым учурларда кыргыздарда сөөк жаңыртуу иретинде да бел куда болушкан.

Бел күү – комузда кеңири тараган басып чертүүнүн бир түрү. Аспап моюнунун ортосунан аткарылгандыктан, ал эл арасында «Бел күү» деп аталып калган.

Белдемчи — аялдардын белден ылдый тартынуучу кийими. Ал баркыт, нооту сыяктуу кездемелерден этеги жазы, жогорку бөлүгү кууш, кашат коюлуп, эки учалуу тигилет. Жээктери саймаланып, кундуз карматылып, чачыланып кооздолот. Белдемчини жазда, күздө, айрыкча кышта тартынат. Белдемчинин кездемеси, тигилиши, көркөмдөлүшү, түсү аны кийүүчү кишилердин жашына, өңүнө, тулку боюна, табитине жараша жасалат.

Белтирлер — бүгүнкү хакастардын курамындагы этностук топ. Хакас тилинде «пилтир» деп аталат. 18-кылымга чейин Абакандын жээгинен Арбат жана Табатка чейинки жерлерди байырлаган кыргыздардын бир уруусу. Уруулук аталыштын параллелдери Фу-ю кыргыздарынан «былтырды», кыргыздын бугу уруусунун курамынан «билдир» формасында кездешет. Хакас оозеки чыгармаларында белтирлер 1703-жылдары Жунгарияга зордоп көчүрүлгөн кыргыздардын өз мекенине кайтып келген бөлүгү катары баяндалат. Орус жазма булактарында белтирлер 1635-жылдан белгилүү. Минусин ойдуңун (Кыргыз жерин) Россия басып алгандан соңку Кытайдын Цин империясы менен түзүлгөн Кяхта келишимине (1727-ж.) белтирлер да катышып, чек араны көзөмөлдөөгө укук алышкан. Учурда белтирлер тарыхый санжыраны жакшы билишет жана 15-18 муунга чейин өз тегин оозеки түрдө айтып бере алышат. Сагайлар менен бир диалектиде сүйлөшкөн белтирлердин энчилүү аты монгол тилинде «бир өңчөй эмес», «аралаш» маанилерин туюнтат. Ал эми хакас жана алтайлыктарда дарыянын, суулардын бириккен куймалары, коктулардын кошулган жерлерин билдирет. Учурда Тоолуу Алтайда Белтир аттуу айыл белгилүү. Кыргыздын баргы, бугу урууларынын курамдарында «билдир» аттуу уруктар бар экендиги белгилүү.

Бет кеп — көргө коюлган адамдын бет жапкычы. Бет кеп чоподон, гипстен, алтындан жасалган. Бет кеп ар түрдүү элдерде ар кайсы убактарда пайда болгон. Кыргызстандын аймагындагы археологиялык казуулардан бет кеп сыяктуу (алтын ж.б. жасалган) табылгалар казылып алынгандыгы белгилүү жана алар Мамлекеттик Тарых музейинде сакталып турат.

Бешбармак – кыргыздын эт менен камырдан жасалган улуттук тамагы. Бышкан эт тууралып, ага ошол эттин сорпосуна бышырылган кесме кошулуп, үстүнө ысык чык куюлуп жасалат. Бул тамак кол менен желгени үчүн «бешбармак» деп аталып калган. Майда тууралган эт кошулуп жасалган камырды түштүк кыргыздары жана башка түрк тилдүү көчмөн элдер «нарын» деп аташкан. Чындыгында, бул байыркы тамактын чыныгы аталышы – «нарын». Нарын – майда тууралган этке чык кошулуп жасалган тамак. Мурда ага камыр кошулган эмес.

Бешик — бала басып кеткиче бөлөнө турган терметме жыгач керебетче. Ал дүйнө элдерине кеңири тараган. Бешик бышык жана жеңил жыгачтан жасалат. Кыргыздар арчадан жасалган бешикке өзгөчө маани беришкен. Себеби арчага оору-сыркоо, курт-кумурска сыяктуу бактериялар жакындаган эмес.

Бешик той – наристе бул жарык дүйнөгө келгенине байланыштуу уюштурулган той. Бул күнү нан, боорсок бышырылып, сары май салынып, мал союлуп айылдаш туугандарга атайын тамак берилген. Келгендер белек-бечкегин ала келишип, баланы алкашып, анын бешигине боорсок, таттуу, мөмө ж.б. чачышкан. Наристенин майлуу-сүттүү, бактылуу жашашын тилешип, баталарын беришкен. Баланы бешикке саларда, анда жин илдеттер жашынып калбасын дешип арча, адырашман менен бешиктин ичи-сыртын аласташкан. Бул каада-салт шаманчылык доордон бери сакталып келе жатат. «Алас» деген термин энесайлык кыргыздардын урпактары хакас, тува, түндүктөгү якуттарда атайын түтөтүүчү ритуалдык өсүмдүктү туюнтат.

Бешилик – беш ачалуу айры. Бул айыл чарба шайманынын сайларына карата төрт илик, үч илик деп да аташары маалым. Бешилик көбүнчө малга чөп чачууда, орулган бычанды чөмөлөөдө колдонулган шайман.

Бешмант – тизеге чейин жеткен, ичине пахта же жүн салынбай тигилген кыргыздын улуттук жеңил тыш кийими. Топчуланма, бели кымча, этеги кең, жакасы тик формасында тигилип даярдалат.

Беш таш же топташ – жаш кыздар, кыз-келиндер экиден же өнөктөшүп ойноочу чакмак оюн. Беш даана таш менен ойнолот. Ал эки колдоп ойнолуучу татаал он бөлөк ыкмадан турат. Оюндун эрежеси боюнча бир ташты аларда башкасына кол тийгизүүгө болбойт, оң колго жыйналып жаткан таштар да бири-бирине тийишип кетпеши керек. Оюндун бир жеринде жаңылыштык кетсе, оюн кезеги башкага берилет.

Беш уул – чекир саяк уруусунун курамындагы ири урук. Изилдөөчүлөрдүн пикирине караганда «беш уул» жөнүндөгү уламыштар байыркы түрк дооруна таандык. Аль Жувейни Чыңгыз хан жана анын мураскорлору тарабынан негизделген Кара-Корум шаар чалдыбарындагы таштагы жазуудан байыркы уйгур уламышын окуган экен. Бул уламыш-маалыматта Селенга менен Тогла дарыяларынын кошулган жериндеги эки дарактын ортолугунда тоо пайда болгондугу баяндалат. Уйгурлар бул жерге жакындап келишкенде тоо ачылып, дарактын тамырларынан аккан сүттү эмип жатышкан ай десе айдай, күн десе күндөй сулуу алтын көкүл беш наристени көрүшөт. Табылган бул балдардын баарына тең ысым беришет. Уламыштагы маалыматтарга караганда, алардын ичинен чыккан Буку хан чыгыштан батышка чейинки аралыктагы жерлерди жеңип алып, Беш-Балык шаарын негиздептир». Ушул эле уламыштын сюжети түрк тилдүү байыркы булгарлардын (Балкан булгарлары) легендаларында да баяндалат. Байыркы мифологиялык сюжеттин түрк дүйнөсүндө кенен таралышы, этнонимиялык параллелдүүлүктөр (өзбек- курамалар – «беш огул», заравшан өзбектеринде – «беш бола», казактарда – «бестен бала» ж.б.) этностук жалпылыкты аныктаары шексиз.

Бигмен – (англисче «чоң киши») алгачкы общиналык доор бузулуу доорундагы жол башчылардын өзгөчө түрү (меланезия, полинезия ж.б.). Бигмендин бийлиги ишти жакшы аткарган, чарбаны уюштургуч, кол башчы, сөзмөр, чечендик сыяктуу көрүнүктүү жеке сапаттарына жана бир кыйла артыкбаш азык-түлүктүн колуна топтолушуна негизделген. Коомдук аткарган функциясы боюнча бигмен уруу башчысы, аксакалы, кол башчылык даража менен тең келген. Бул коомдук кызматка жеке сапаттарына карата шайланышкан. Бул алгачкы жамааттык коомдо, өзгөчө «аскердик демократия» доорунда өөрчүп-өнүккөн.

Бий – Кыргыздардын коомунда 20-кылымдын биринчи чейрегине чейин колдонулган башкаруу титулу, уруу башчысы. Административдик өзүн-өзү башкарууну ишке ашырган. Уруунун бийи жалпы шайлоонун жыйынтыгы менен бекитилген. Россияга каратылгандан соң, кыргыз бийлери салык жыйноо, административдик айрым милдеткерликтерди да аткара башташкан. Бий – кыргыздардын мамлекеттик башкаруу иерархиясындагы титул-термини катары 7-кылымдан баштап белгилүү. Кытайдын Тан династиясынын (7-10-кк) жыл баяндары 7- кылымдын орто чендериндеги энесайлык кыргыздардын үч министри Гйеси бей (бий), Гюй-шабо бей (бий) жана Ами бей (бий) жөнүндө маалымат берет. Профессор Ө. Караев изилдөөлөрүндө бул терминди (бей) – «бий» термининин фонетикалык өзгөргөн «бий» формасы катары чечмелеген.

Бийлик – башкаруу же буйруу менен бирөөнүн аракетин өз эркине баш ийдирүүгө мүмкүнчүлүгү бар авторитет. Бийлик адамзат коому менен кошо пайда болгон. Бийлик мамлекеттин, менчиктин пайда болушу менен жаңы сапаттык денгээлге өсүп чыккан. Алгачкы жамааттык (общиналык коом) коомдо бийликти уруунун шайланма аксакалы жүргүзүп, аны уруунун бардык мүчөлөрү катышкан жыйында шайлашкан. Таптык мамилелердин жана мамлекеттин келип чыгышы менен туугандык, уруулук байланыштар бузулуп, уруу аксакалынын моралдык аброюнун ордуна коомдук бийлик пайда болот.

Бийлик акы – Өктөбүр төңкөрүшүнө чейин кыргыз бийлери тарабынан кылмыш жана граждандык иштерди карагандыгы, бийлик кылгандыгы, бүтүм чыгаргандыгы үчүн алынган акы. Бийлик акы көбүнчө алтын, күмүш, ат, төө, килем, сүлөөсүн ичик, кээде кыз берип кудалашуу түрүндө да болгон. Бул граждандык жана кылмыш процесси салттык укуктун (обычное право) негизинде жүргүзүлгөн. Бийлик акыны доогердин өздөрү төлөөгө чамасы келбесе, анын бир бөлүгү же дээрлиги тууган-туушкандарынан өндүрүлгөн.

Билатералдуулук – (латынча – эки жактуулук) – амбилатералдуулук, туугандыктын бир эле учурда ата жана эне тарабынан аныкталышы. Матрилатералдуулуктан патрилатералдуулукка єткєн форма же патрилатералдуулук менен жанаша жүргөн туугандык мамилелердин өнүгүү варианты.

Билдир – бугу уруусунун курамындагы урук. Этностук аталыштын параллелдери хакастардан «пилтир», фуюй кыргыздарынын курамынан «былтырды» формаларында кездешери аныкталган. Кыргыздар, хакас жана фуюй кыргыздарынын (Кытай Эл Республикасы) тегинин жакындыгын аталган этнонимдер далилдеп турат. Хакастардын тарыхый фольклору бельтирлерди (хак. пилтир) 1703-жылы Жунгарияга күч менен көчүрүлгөн кыргыз-хоорайлардын ата журтуна (Минусин ойдуңу) кайрылып келгендердин урпактары катары баяндайт. Учурда, хакас-сагайлардын курамына сиңип кеткен «пилтирлер» калмак (монгол) тилинде «аралаш», «бир өңчөй эмес», «жуурулушкан» деген маанилерди туюнтат. Убакыттын өтүшү менен «пилтир» деген термин этностук аталыш (экзоэтноним) катары калыптанган. Азыркы учурда тувалар хакастарды «белдир» деп аташары маалым. Ал эми «белтир» хакас жана алтайлыктарда дарыянын, суулардын, коктулардын биригип кошулган жерлерин да аныктары белгилүү. Арийне, «белтир» Энесай кыргыздарынын уруулук энчилүү аты катары 1703-жылга чейин эле белгилүү болушу мүмкүн. Анткен себеби, бул маселеде кыргыздын бугу уруусундагы «билдир» уругунун энчилүү аты далил боло алары шексиз. Фуюй уездиндеги кыргыздар (чигдир, былтырдыр, табхын, кэргэс, табындар, сындырдыр) 18-кылымдын орто чендеринде Жунгар хандыгы Цинь империясы тарабынан талкалангандан соң, Манжурияга көчүрүлүп кеткен кыргыздардын урпактары болуп саналышат. Кыргызтаануудагы бул орчундуу, ары татаал маселе өз изилдөөчүлөрүн күтүп жатат.

Билерик, билерзик — кыргыз кыз-келиндери, байбичелери билегине салына турган күмүштөн, алтындан же башка кымбат металлдан жасалган, байыртадан келе жаткан өзгөчө кооздук буюм. Зергерлер билерикке акак таш, мончок чөгөрүп, кооздоп жасашкан. Билериктин жумуру жана жалпак түрлөрү болот. Билерикти байбичелер каада-салттын негизинде өз кыздарына, неберелерине таберик катары, белек катары тартуулашкан.

Билим – адамдардын практикалык жана ойлоо ишмердигинин туундусу, коомдогу жана жаратылыштагы көрүнүштөр, болочок жашоо тууралуу алынган ишенимдүү маалыматтардын жыйындысы. Билим таанып-билүү менен тыгыз байланыштуу, анын натыйжасы жана курамдык бөлүгү. Адамзат өзү жеткен билимге таянып, жаратылыштын күчтөрүн багындыруу менен материалдык байлыктарды өндүрүп, коомдук мамилелерди өзгөртүп турат. Билим өнүгүү диалектикасынын закондорун ачуу – таанып-билүүнүн башкы милдети деп санайт. Билимдүү болууну орто кылымдардагы ойчул окумуштуулар Жусуп Баласагын, Махмуд Кашкари (Барскани) өз эмгектеринде өзгөчө белгилешкен. Билимдүү болуу түркөйлүккө, наадандыкка каршы күрөшүүнүн булагы экендиги кыргыздын жазуу, оозеки чыгармаларында кеңири орун алган.

Билингвизм (латынча li – экилик, кош жана lingua – тил) кош тилдүүлүк. Бир эле учурда эки же андан көп тилдерди өздөштүрүү. Этностук процесстерде билингвизм жекелик эмес, жамааттык мүнөзгө ээ болот. Билингвизмдин өнүгүүсү тилдердин жана этностук алакалардын натыйжасында жүрө алары белгилүү. Жамааттык билингвизм тилдердин ассимиляция болуусундагы өткөөл процесс болуп калат. Маселен, парагвайлар, швейцариялыктар массалык билингвизмди алып жүрүшөт.

Билинейлүүлүк — (латынча «эки багыттуулук») амбилинейлүүлүк, тегин бир эле мезгилде ата жана эне тарабынан аныктоо. Матрилинейлүүлүктөн патрилинейлүүлүккө өтмө форма же патрилинейлүүлүк менен жанаша жүргөн туугандык мамилелердин өнүгүү варианты.

Билокалдуулук – (латынча «эки жер») амбилокалдуулук, үйлөнгөндөрдүн күйөөнүн жана аялдын тобунда кезектешип жашоосу. Матрилокалдуулуктан патрилокалдуулукка өтүүдөгү өтмө форма.

Бирюсиндер – хакастардын курамындагы этнографиялык топ. «Кыргыз жеринин» (азыркы Хакас-Минусин ойдуңу) алыскы аймактарында, Кузнецк Ала-Тоосу багытында жашашат. Айрым маалыматтар боюнча Энесай кыргыздарынын кыштымдары болушкан. Энесайлык кыргыздар тарабынан кыргыздашышкан. Илимий адабияттарда «пүрүстөр» деген ат менен белгилүү. Мындан сырткары, бул аймактар Кыргыз каганатынын экономикалык таасири таралган маанилүү жерлер болгондугу маалым. Этностук топтун курамында камассин элементтери да кездешери маалым. Ошону менен бирге, бирюсиндердин курамында байыркы кыргыз уруу аттары да катталган. Алар төмөнкүлөр: карга, суу каргазы, таг каргазы, сайын, сибичин, хызыл хая, хый, хобый (кыргыз-ховалыг), сор, чилей, изушер (усшор) жана башка.

Бишкек — кымызды бышуу үчүн керектелүүчү буюм. Жаңы саалган бээ сүтү кымыздуу сабага куюлуп, бишкек менен көпкө бышылат. Бишкекти көбүнчө арчадан, айрым учурда четин, кайың, талдан жасайт. Бишкек саруу, солто урууларынын курамындагы уруктар катары белгилүү. Элдик оозеки тарыхый маалыматтарда Бишкек баатыр болгондугу баяндалат. Айрым илимий адабияттарда Бишкек өрөөндүү аймактагы, чөлдүү түздүктөгү булакты туюнтары чагылдырылат.

Богардык (кайрак) жер иштетүү – (тажикче – «бахар», фарси тилинде – «бехар», «жаз» маанисин туюнтат), кайракы, жасалма сугарылбаган жер иштетүү. Көбүнчө дан эгиндерин өндүрүү багытындагы ирригациялык жер иштетүү. Кыш жана жаз мезгилиндеги жаан-чачынга ылайыкталып, негизинен Азия аймагына таандык. Мындай жер иштетүү маданияты Орто Азия аймагында 10-кылымда белгилүү болуп, жогорку деңгээлде өнүккөн. Иран, Афганистан, Алдыңкы Азиянын башка жерлеринде белгилүү болгон. Атайын сугарууну талап кылбаган эгин өндүрүү жаздык эгин (богара), күздүк эгин (терамси) деп экиге бөлүнөт. Мындан сырткары, таруу, күнжүт, дарбыз, апийим жана башкалар айдалат. Мындай жер аянттарын кийинки жылдары түшүм мол болуш үчүн бууландырууга (дем алдыруу) калтырып коюшкан. Өткөн замандарда жер кыртышы эрозияга кабылбаш үчүн капталынан айдалган талаага жер семирткичтер чачылган эмес.

Богорстон – геноним. Элдик санжыра боюнча Долон бийден – Ак уул, Ак уулдан – Тагай, Тагайдан – Богорстон, Богорстондон – Эштек, Эштектен – Солто уруусу тарайт. Генонимдин адепки формасы «бага + арстан» болуусу ыктымал. «Бага» термини байыркы кыргыздардын «топ», «уруулук бирикме», «аймак» маанилерин түшүндүрсө, анда геноним «арстандар уруулук бирикмеси, тобу, уруусу» дегенди туюнтары анык.

Бодо — жылкы, уй, топоз жана төөнүн жалпы аталышы.

Де Факто”, 05.05.2015-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.