Шайлообек Дүйшеев: «Ормонун ташы»

Эки баласын согушка жөнөтүп, кичүүсү Ормо дайынсыз жоголуп, улуусу Дүйшө аман-эсен кайтып келгенден кийин ушинтип куран окуган сайын «Сталинден айланайын» деп эле басса-турса кудайга жалынгандай Сталинге жалынып, уулу Дүйшө кызуусунда да, соосунда да оозунан түшүрбөй айта берчү орус аскер башчыларына жалынып, согуштан кайтпай калгандардын баарынын арбактарына, анын ичинен мына ушул Ворошиловго багыштап куран окуй берчү.

Куранын бүтүп баратып, аттарын атаган арбактардын катарына кошпой, кошкондон заарканып, такай «аттап» өтүп кеткен бирөө бар эле. Ал кичүү уулу Ормо болучу.

– Мени менен аштык теришип жүрүп кеткен эле кургурум,- деп айылдын үстүндөгү чыгыштан батышты көздөй арта салынып жаткан арыкты бойлоп кеткен талаанын ушул жерин мага өлөр-өлгөнчө көрсөтүп жүрүп өттү. Тезек тергени бараткандыгыбыз эсимде. Энем бечерам ошондо тим эле ыйык мазарга бараткансып өзүнөн өзү эле бирдеме болуп, кимдир бирөө менен жолукчудай өрөпкүп, чач учтугун шарактатып, кара кемселин бир кийинип, бир чечинип, «кайда койдум эле?» деп кабын издеп, көтөрмөсүн издеп, «кайда кетип калдыӊ, барсыӊбы?» деп мени издеп, мына ушул жакшы тилек, жакшы үмүткө толгон көөдөнүндөгү бир аз кубанычын кайда катарын билбей карбаластап, таӊ атпай мени ээрчитип алып Ысабектин күмбөзүнүн үстүндөгү мал оттой берип такырайтып салган талаага келип токтор эле. Анан түшүрүп ийип жоготуп алган топчусун издеп аткансып, боз үйдүн ордундай жерди кайта-кайта тегеренип жүрүп, бир маалда:

– Таптым, Шакенбай, таптым! Ушул жер болчу!- деп сүйүнүп кетчү.

Көрсө, энем, Ормо согушка кетер алдында экөө олтурган жерди, уулунун буту баскан жерди издеп келчү экен.

– Ушул жер болчу, жакшылап карап, таанып ал, илгери-кийин кереги тийип калар, Ормо акеӊди согушка алпкетчү кабар ушул жерге чейин келген. Экөөбүз ушул жерде эс алып олтурчу элек. Мына бул таш ошондо эле ушул ордунда жатчу. Күрмөсүн бүктөп, башына жаздай коюп, ушул ташты жаздык кылып, эс алып жата калар эле, каралдым. Эми минтип чөп көөмп бараткан тура жарыктык, акжолтой таш боло көр, кагылайын,- деп курган энем сыры тургай сыны кетип, табы кетип кабы эле калган, кабы деле калбай, көр-түйшүктүн айынан жедеп майышып бүтүп, терисинен тажап, сыртка чыга каччудай жондонуп, көгөрүп турган тарамыштуу колдорун, ийрейген манжаларын таштын бетине акырын коюп алып, уулунун маӊдайынан сылап аткансып, жансыз ташты бир топко дейре сылап-сыйпап, чеке-белиндеги чөп-чарын тазалап, анан чүпүрөгүнө түйгөн төлгө ташын алпчыгып, а дегенде маӊдайына, колуна, оозуна тийгизип алып: «ачык айтып, ак сүйлө, кагылайын, өзөгүӊ үчтөн, түлөөӊ түштөн» деп күбүрөнүп, анан, төлгөсүн салып кирер эле.

– Балакетиӊди алайын Шакенбай, кудай жалгап башы тогуз, аягы алты, төлгөбүз төп түштү. Баламдын бир аз санаасы болбосо, дени-карды сак, аман-соо жүрүптүр. Бир жакка шашып алган түрү бар. Күз менен келип калчудай өӊдөнөт, кара козуну жакшылап бордоп туралы, о кудай, кудуретиӊден кагылайын, жаман уулумдун башын таштан, оозун аштан кыла көр!- деп төлгө ташын жыйначу. Мен энемдин төлгө тартып жатканынан көзүмдү албай карап туруп, эч нерсе түшүнбөсөм да аябай ишенер элем.

* * *

Энем ордунан турарында койнунан дагы бир түйүнчөк алпчыгып, андагы топурагын чачып жиберип, түйүнчөгүнө кайра эле ошол жердин топурагынан жаӊыртып түйүп алып, жыттап туруп койнуна катып алчу…

-Ушул топурактан Ормом ала кеткен,- дечү.

Кайнаган үмүт, куураган куса, саргарган сагыныч толгон ушул сөздүн артында «тууган жердин топурагы жөн топурак эмес, аны өзү менен ала кеткен киши, акыр кыямат болсо да сөзсүз кайтып келет, келбей койбойт» деген ишеним барын кийин сездим.

* * *

Энем экөөбүз бул жерге көп келдик. Келген сайын байкушум узакка олтуруп, ошол уулу согушка кеткен күндүн айын, күнүн кайра башынан элестеп, кайра башынан эстеп, Ормосу менен ушул талаадан аштык тергенин, каргашалуу кабар ушул талаада эс алып олтурганда келгенин кайра-кайра айтып, амалы жетсе, алы жетсе уулунун буту басып, изи түшкөн мына ушул жерди кара кемселине ороп алып, уулунун күрмөсүн жаздай коюп эс алып жата калчу мына ушул ташты тамыры менен сууруп алып, койнуна катып алып көтөрүп кетчүдөй айланып-тегеренип, кадамын араӊ дегенде үзүп, кетип баратып да кылчак-кылчак каранып узар эле.

* * *

Энемдин төлгөсү оӊунан түшкөндөн тартып, мен дагы «Ормо акем кудай буюрса, ушул күздө келе турган болду» деп кудуӊдайм. Алтургай ойноп жүрүп «Ормо акем күзүндө келет, козу байлап атабыз» деп чыдай албай балдарга жайып жиберем. Ушинтип бир нерсеге алдын ала сүйүнүп, бир нерсени алдын ала айтып алгандын арты ар дайым тескери чыгат экен. Жаман үмүтүнө дем байлап алган энем бирөөлөрдөн жем-чөп сурап келип, кара козунун оозу-мурдун тындырбай бакты.

* * *

-Кара козуӊду жакшылап карадыӊбы, балам?- деп сурап койчу энем жөн эле.

Жөн эле дегеним, кээде эле сугарып койгонум болбосо, өзү карап, жемин да, чөбүн да өзү берчү.

-Ак тилекке арналган мал эмеспи айланып кетейин, кудайым буюрса күзгө дейре сонун болуп калат,- деп эле кирип-чыгып, өзү менен өзү сүйлөшө берчү.

* * *

Кийин Дүйшөсү өлүп, эки кызы өз-өзүнчө түтүн булатып кетип, менден бөлөк карманар эчтекеси калбаган кемпир өлөр-өлгөнчө ошол талаадан, Ормосу менен ошол чогуу олтурган жерден уулунун илебин искеп, жансыз ташты эӊ жакынындай көрүп, өлөр-өлгөнчө анын «маӊдайынан» сылап, төлгөсүн салып:

-Кабагы салыӊкы экен баламдын, алыстан колун булгалаган бойдон шашып чуркап кетти. Кыштан жазга оодарып келмей болду окшойт, кара козуну этинен түшүрбөй туралы, Шакенбай,- деп, түйүнчөгүндөгү топурагын чачып ийип, кайра жаӊыртып, жыл сайын уулун күтүп жүрүп, жыл сайын баласына деп ыроологон кара козу кара кой болуп, анан анын козусу чоӊоюп, ал байкуш да биз менен чогуу Ормо акемди күтүп, анан анын тукуму да карып, үзүлүп жок болуп, акыры энем өзү да о дүйнөгө кете берди.

* * *

Согуштан дайынсыз жок болгон Ормонун дарегин издегенге агезде кемпир менен менин шаам каяктан жетмек эле? Бирок кийин ошол таш эсиме түшүп, атаӊгөрү-ай, энемдин колунун табы тийген таш эмес беле, таш да болсо үйгө апкелип, маӊдайыма коюп алып, энемди эстеп жүрөйүн, энемдин согуштан кайтпай калган уулунун арбагын эстеп жүрөйүн, бул экөө жок болсо да буларды эстетип турган таш бар эмеспи деп кубанып, барбаӊдаган бойдон баягыл аӊызга барып алып, таш тургай, талааны таппай, баш-аягына чейин кара буусу чыгып, каӊтарылып жаткан айдоону тиктеп бир кубарып, бир бозоргонум эсимде.

Көрсө адамга адам гана эстелик болбостон, баскан жер, кармаган таш, ичкен суу, дем алган аба, өбүшкөн, сөгүшкөн, сүйлөгөн сөз да эстелик болорун анда кайдан билипмин.

«ПолитКлиника», 13.05.2015-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.