Данияр Исанов: “ЖАН”

(эссе)

– Жан деген түбөлүк! Кой, ыйлаба, айланайын! Кайрат кыл! – деди. Карасам, катарымда Сатылган молдо баратыптыр. Менин баятан бери мөгдөп ыйлаганымды көрүп, Сатылган молдо колумдан аяр кармай:

– Жан деген түбөлүк! – деди, кайра кайталап, жерди тиктей оор улутунуп. Көздөн жашым көл-шал болуп төгүлүп, асман кулагандай боло түштү ошол мүнөттөрдө. Кыштын кыраан чилдеси болчу. Бир топ күндөн бери тийбеген Күн ошондо тийип, асман чайыттай ачык болгону менен менин асманым кулап. Турмуштун бороону тула-боюмду каптап, жан дүйнөм алгачкы ирет аңтарылгандай болгон эле анда.

– Жан деген түбөлүк! Ой, болду дейм! Кайрат кыл! – деди, Сатылган молдо үнүн бийик чыгарып. Мен ыйымды токтоттум. Калың элдин астында үн-сөзү жок табыт көтөрүп бараттык. А табытта мындан туптуура он сегиз жыл илгери омурткасы сыздап, жанымды ааламга аман алып келген апам жансыз жаткан эле. Жана апамды соңку ирет тиктегенде бир топ жылдан бери жанын сыздаткан дарттан улам эми гана жаны жай алгандай, жүзү нурданып… Жүзүн тиктеп атып кудайдан дейбизби, же белгисиз бир күчтөн дейбизби, айтор, бир керемет пайда боло калып, азыр кайрадан апама жан киргизип жиберсечи деп, өзөгүм өрттөнгөн…

Андан бери он сегиз жыл жылып өттү. Он сегиз жылда турмуштан көп эле кагылдым-согулдум дегендей. Дүйнөмө дүрбөлөң түшүп, жаным күйгөн учурларда апамдын элесине жалбарып…

Турмуштун өрүн көздөй көчтүн артында, көптүн катарында кара жандын камын көрүп келатам!

 

* * *

– Ой, деги жаның жай алабы? – деп, урушаар эле таенем бала чакта бир орунда туралбай, ары-бери чуркаганымда. Ошенткен таенем жыл айланбай:

– Өх-х, жаным, ай! Ала турган болсоң, жанымды көп кыйнабай алчы! – деди, Жаратканга жалынып. Кызымдын алдында кетсем деген тилегин таш каап, өзөгү өрттөнгөн таенем соңку күндөрү чийдей болуп арыктап кеткен эле. Таенемдин ажал менен арбашып жаткан акыркы мүнөттөрүн көргөндө, көз көрбөгөн жактарга безип кетким келчү. Жаратканга эртели-кеч жалынган таенемдин “жаны үзүлдү” деген суук кабарды уккан күнү, шаарыбыздагы Батыш автобекетинин көпүрөсүнөн өтүп, көпкө дейре тунжурап суу боюнда жалгыз олтурдум. Ааламда ошол саам таптакыр жалгыз калгандай болдум. Ушул эки аялзаты тең мен үчүн адамдардан башкача жаралган, өзгөчө жандардан эле. Жаным чындап жалгыздыкты көксөдү, ошондо. Араңжан жаралган мени асыраган таенем түн уйкусун бөлүп, качан мен мектеп босогосун аттаарда гана өз апама тапшырган болчу.

– Өө-х, жаным! – дедим, ошондо турмуштун соккусуна туруштук берейин деп бере албай, үстүмө экинчи ирет кулаган асманды көтөрө албай, энтигип…

 

* * *

– Жан соога! – деди, көзү алайган неме жаны оозуна кептелип.

– Мен сага канча жолу айтам! Эмне мени алдайсың, ыя! Акчамды үстөгү менен кошуп бүгүн берем дебедиң беле, ыя? Эми дагы канча жолу келем! – деди, булчуңу буржуйган неме ыркыйып араңжан жүргөн бою пас адамды алкымдан алып.

– Бир жумада! – деди, деми кыстыгып, эриндери титиреген шордуу.

– Айтып коеюн, эртең таппасаң, жаныңды сууруп алам! Уктуңбу! – деди, бука моюн, буура сан неме көзүн аңтарып…

 

* * *

– Бу турмуш жаныма жаман батты! – деди, биринчиси жаны кейип, көзүнөн жашын агыза.

– Кейибечи! Эптеп кудайдын бир жакшылыгы болуп калаар!? – деди, экинчиси курбусунун маанайын көтөрүүгө аракет жасап.

– Жок, эми мага кудайдын да жардамы тийбей калды окшойт!? – деди, жаны кашайган биринчиси.

 

* * *

– Ой, түйүнчөгүңдү түйүп алып кайда жөнөдүң?

– Мамайдын көрүнө! Бу шаарыңа темселеп бекер келипмин. Кеттим айылга! Тойдум шаарыңа!

– Э, кокуй, сабыр кыл!

– Ээ, курбум, көп сүйлөбөчү, суранам. Жаным күйүп турат! Сен да менден өткөн шордуу экенсиң да. Андан көрө жүр айылга, чогуу кетели. Жашым элүүдөн эңкейди. Баягы күнү балдарым окуйм-чокуйм деп мени опузалап. Өө-х, келе тамекиңден бирди! Айылга барып, кара жанымды карч урсам да, эптеп тирилик кылаармын…

 

* * *

– Кара жаным, как жүрөгүм! Тим эле жанымды сууруп берем го сен үчүн! – деди, жигит айжамалы келишкен кыздын алдына чөк түшө калып.

– Кээде сенин жалынып-жалбарганыңды укканда, чын эле коргошундай көлкүлдөп ээрип кетем! А, кээде…– деди, кыз алдында чөк түшүп олтурган жигиттин көздөрүнө үңүлүп.

– А, кээде эмне?

– А, кээде ишенбей кетем. Мурунку жигитим да так ушунтип жалынып-жалбарчу. Ал азыр башкага жанын садага чаап, жалынып-жалбарып жүрсө керек!? – деди, кыз жерди тиктей.

– Ушу мага кантип ишенбейсиң, ыя? Көрдүң го, сен үчүн кандай гана азаптарды тартып атам! – деди, жигит кыздын олоң чачынан сылай. Анан кыздын жыпар жыттанган чачынан искеп:

– Оо-х! Жыпар жытың мурдумду жарат да! Сен үчүн жаным курман! – деди, демигип.

– Болду, эми! Эл көрсө кантет? Жөн дейм! – деди, кыз ары туштан келе жаткан бейтааныш бир бийкечти көрө калып, коомайлана.

– Ишенбе! Жанын жеп атат! – деп чаңырды бейтааныш бийкеч, кызга карап. Ачуу чыккан үндөн жигит селт этип артын карады.

– Ой, жүзү кара! Ишенбе буга! Бул мага да мурда так ушинтип жалынып-жалбарчу. Жалынганда бар го, тим эле жанын кошо сууруп бергендей жалбарчу! – деди, бейтааныш кыз көзүнөн заарын чачып…

 

* * *

– Кел, экөөбүз жан кыйышпас достордон болобуз!? – деди, жаңы таанышкандардын биринчиси уйпаланган чачын оңдоп-түзөп, стаканды бекем кармай.

– Ой, кел! Сен да мага аябай жактың дос! – деди, экинчиси шилекейин чачыратып.

– Сен шумдук колуң ачык, берешен турбайсыңбы, э? Азаматсың, жигиттин гүлү деп сени айтат. Акыреттик дос болобуз! Жаны бирге дос болобуз! Неме, дагы бир бөтөлкөгө алың келеби? – деди, биринчиси көздөрүн кыбыңдатып.

– Ой, бар менде акча! Бир эмес эки бөтөлкөгө жетет! Азыр карайынчы! Оо-й, ата-а! Акча калбай калыптыр, эй! – деп, төш чөнтөгүн каккылады экинчиси.

– Эми дос! Жаныңды жебей эле айтчы? Бар да сенде акча?! Достон да акча аяйбы?

– Ой, калбай калган турбайбы? Чын! Калп айтсам жанымды жеп калайын! – деди, экинчиси бир орунда туралбай теңселип.

– Ой, билдим сенин дос экениңди!? Дагы жан кыйышпас дос деп коебуз!? Бир бөтөлкөлүк кадырым жок экен да, э!? Жигит эмес экенсиң, эй?! – деди, биринчиси колун шилтей.

– Ой, эмне эле баятан бери омуроолоп? Алдыгы сөзүңчү, менин жаныма жаман батып кетти! – деди, экинчиси тили булдуруктай…

 

* * *

– Жан дилим менен! – деди, орун басары кожоюнуна жагалданып.

– Тур, жан жөкөрлөрүңдөн беш-алтоону ал да, заматта барып, акчамды өндүрүп келгенге аракет кыл! Уктуңбу! – деди, кожоюну тамекисинин түтүнүн көккө үйлөй.

– Албетте! – деди, орун басары эрдин жаланып.

– Кокус, айтканды аткарбай кежирлене турган болсо, жанын бир көзүнө көргөзүп, тарбиялап койчу! – деди, кожоюну тамекисинин күлүн жерге түшүрүп.

– Куп болот, таксыр! Жанын сууруп эле албасамбы! – деди, орун басары билегин түрүп шерденип.

 

* * *

– Ой, мунуң ит жандуу экен, көпкө туруштук берген! – деди, кожоюнунун айтканын ашыкча аткарам деген орун басары, жерде жаткан адамды ур-тепкиге алган жан жөкөрлөрүнө карап.

– Ой, ит оой! Бизге каршылык көрсөткөнүн! – деди, сакалчан шыңга бойлуусу жулунуп.

– Болду, жатсын ушул жерде жабышып. Жарым жан немени өлтүрүп албайлы! Жүр кеттик! – деди, демигип, орун басары чоң жумушту аткаргандай көкүрөгүн көтөрө басып шыпылдап.

– Ох, и-ий, жаным, ой! Акмактар! – деди, жерде жаткан шордуу неме жан далбастап, үнүн араң чыгарып…

 

* * *

– Ой, кандайсың? Эмне кеп? Эмне маанайың чөгүп турат? – деди, узун бойлуу адам, жапалдаш бойлуу жашы кырктар чамасындагы адамга.

– Кандай болмок эле? Акчанын азабын тартып! – деди, өңү өчкөн көйнөгүнөн ыңгайсызданган жапалдаш бойлуусу, жаны кейий.

– Мм-м! Мен жардам кылайын! Менден алып тураарсың, балким! Үч айда кайтарасың? Бирок, айтып коеюн, үстөгү менен! – деди, узун бойлуусу чөнтөгүнөн акча алып чыгып атып.

– Ой, айланайын! Жакшы болбодубу! Ажат ачып! Макул, алайын, үстөгү менен болсо да! Жанды сабап иштесем да, кайра кайтарам! – деди, азыраак мурда жаны кейиген жапалдаш бойлуу адамдын жүзүн шаттык аралап…

 

* * *

– Эптеп жанын багып жүрсө болду! – деди, энеси алыста жүргөн уулунан кабар алган соң жан-алы калбай караанынан кагылып. Уулу алыска барып жан сактайм дегенинен аргасыз ага да көнүп, бир үйдө жапжалгыз тирилик кылып атканына жыл айланган эле. Анан барып элин ушинтип тентиткен эл башчыларынын кылык-жоруктарына жаны кейип көпкө олтурду. Табы айнып, денеси от-жалын болуп турган шордуу эне жүрөгү алда неден чоочугандай, көздөрүнөн аккан жашын жоолугунун учу менен аарчып болуп:

– Ө-өх! – деди, керебетке кыңайып.

– Жаным жер тартып турат! Ала турган жанымды уулум келгенден кийин алса экен! – деп, күбүрөндү…

 

* * *

– Шордуу, кемпир! – деди, бейит башында турган адамдардын бири маркумга топурак салып атып, каңырыгы түтөй.

– Ооба десең! Шордуу кемпир, жалгыз керелден-кечке жаны тынбай чалынан калган чарбакты чөп бастырбай гүлдөтүп! Баарынан да баарына бирдей мамиле кылып, жан алы калбай амандашчу эле, байкуш! Жаткан жери жайлуу болсун! – деди, сакалы куудай абышка.

– Жанагы жалгыз уулун бекер алыска жиберип, жаңылган экен! Анысы дини буруу башка улуттун кызын алган го! Тилине түк түшүнбөйсүң, айланайын! Жүрбөйбү, эч кандай каададан кабары жок! – деди, дагы бири шыбырай сүйлөп.

– Тирилик деп тырмалаңдап, жалгыз уулума ушул үйдү аман тапшырсам дечү эле! Эми уулу деле жанагы катыны менен ушул жерге турмак беле!? – деди, кара көз айнекчен адам, ичигин оңдонуп кийип.

– Керелден-кечке жаны тынбай тырмалаңдаган шордуу кемпир, эми жаны жай алды окшойт! – деди, дагы бири тамекисинин түтүнүн бурулдатып.

– Ээ, эмнесин айтасың? Баарыбыз ушинтип эле бир күнү суналып жатып калат экенбиз! Аны түшүнбөй жаман-жакшы айтышып! Кызык эле жанбыз да! – деди, жашы элүүлөр чамасындагы ак топуну баса кийген бир адам.

– Жакшы адам эле! – дешти, бейит четиндеги бак түбүндө көлөкөлөп олтургандар да. Качан гана жабыла кыймылдаган жаш балдар күрөктөрү менен топуракты жирей, заматта сөөктү көмүп бүтүшкөндө, бейит алдында турган уулу эми эсине келгендей “апалап” өкүрүп ийди.

– Ой, ыйлаба! – деп, бакырды бири кемпирдин уулуна.

– Эми ыйласаң да, табылбайт апаң! – деди, дагы бири. Качан гана молдо куранды кырааты менен окуп бүтүп маркумга багыштаганда, бардыгы жапырт алакан жая бата тартышып:

– Жаны жаннатта болсун! – дешти, жерди тиктешип…

 

d_isanovД.Исановдун барагына өтүү

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.