Чаңгы жаа – байыркы кыргыздардын оюну

Кыргыздарды атты катуу чаап, тоо аралаган көчмөн эл катары билебиз. А бирок тарыхтын сырдуу барактарында кыргыз эли жөнүндө канча маалыматтар жоголуп кеткени бизге белгисиз. Жакында эле байыркы кыргыз эли чаңгы (лыжа) тээп, аңчылык кылып, мелдештерди өткөзүп жүргөнү тастыкталды. Тагыраак айтканда, “ТАЙПИНХУАНЬЮЙЦЗИ” кытай жазмаларында Энесай кыргыздары жөнүндө мындай маалымат берилиптир: “Бул адамдар аңчылык кылганды жакшы көрүшөт. Баардыгы жыгач аттары менен колдонушат. Алар тоонун башынан түшкөндө шамалдан бат учушат”. Негизи кыргыздар чаңгыны Тагар доорунан (б.з.ч. VIII-III к.) бери эле колдонушуптур. Муну Энесайдагы “сундуки” деген жерде табылган кыргыздарга таандык петроглифтер тастыктайт. Ал петроглифтерде чаңгы тээп жаткан адамдар көрсөтүлгөн.
Кыштын ызгаарында “Салбуурун” федерациясы “Кыргыз эл” коомдук бирикмеси менен биргеликте чаңгы менен жаа атуу улуттук өнөрүн жандандыруу максатында оюн уюштурушту. Ал оюнга биз дагы барып, таза аба жутуп, жебенин учушуна жана чаңгынын ылдамдыгына күбө болдук. Андан соң катышуучуларды кепке тарттык.

Назикбек КЫДЫРМЫШЕВ, тарыхчы, чаңгы-жаа оюнунун демилгечиси:

– Айтыңызчы, кыргыздардын байыркы оюну болгон бул идея кантип пайда болду?

– Негизи өзүм тарыхчымын. Тарыхый булактардан бул оюн боюнча байкап калдым. Анан кыргыздар илгертен эле чаңгы тепчү турбайбы деп ойлондум. Азыр деле Хакасияда, Алтайда чаңгы тебишет. Хакастар аны “сана” деп коет экен, а алтайлыктар “чана” деп коет экен. Ошондо баардыгы бир сөздөн тарап жатпайбы “сана”, “чана”, “чаңгы”. Демек анда мунун баары жөн жерден чыккан жок да.

– Бүгүнкү чаңгы-жаачыларды кайдан таап, кантип байланыштыңар?

– Негизи бир жума мурун эле жолуктук. Бул жакка биринчи машыгууга келгенде эки эле киши болчу. Азыр он киши келди. Буюрса февралдын ортолорунда чаңгы жаа боюнча мелдеш өткөрүүнү пландаштырып жатабыз. Ушуну спорт катары Кыргызстанга байлап койсок деген максат менен бул иш-чараны баштап жатабыз. Көрсө, ата-бабаларыбыз чаңгы тээп жүргөн турбайбы деп кыргыздар деле түшүнүп калсын да. Балким кызыккандар болот. Анткени биздин кышкы тоо курортторубузга чет мамлекеттерден көп келип жатат. А биздин жергиликтүү элибиз көп келишпейт. Ошону өзгөртөлү деп жатабыз.

– Февралда өтчү мелдеш кандай форматта өтөт?

– Азыр мелдештин эрежелерин жазып жатабыз. Мисалы, бутага он метрден атыш керек жана атканда кандай ылдамдыкта акырынбы, жайбы ошонун баарына кошумча упай берилет. Азыр бардык процессин сүйлөшүп жатабыз, жаңы кишилер жаңы идея менен келип жатат. Буюрса февралга чейин эрежелерди иштеп толук кандуу спорт катары ишке киргизиш керек.

– Учурда башка мамлекеттерде спорттун ушундай түрү барбы?

– Европада биатлон түрү бар, бирок кросс түрүндө. Алар биз сыяктуу тоодон ылдый түшүшпөйт, түз жерден спорттук жаа менен атышат. Дагестандан бир видеону көрдүк, ал жакта ушул оюнду жаңы эле баштап жатышыптыр. Бирок дагестандыктарда биздей тарыхый булактарда чагылдырылган маалымат жок да. Кыргыздардын тарыхый булактарын карасак эки миң жыл мурда чаңгы тээп жаа менен атып жүрүптүр. Бул нерсе биздин өлкөбүз үчүн бренд десек болот. Эгерде кыргыздарды миң жыл чаңгыны тепкен эл катары көрсөтсөк, анда биздин туризм дагы, кышкы спорт дагы өнүгөт деп ишенебиз.

 

Кубан ТОМОТОЕВ, жаачы, “Салбуурун” федерациясынын мүчөсү:

– Канча жылдан бери жаа менен алектенип жүрөсүз?

– Жаа атып жүргөнүмө бир эле жыл болду. Былтыр салбуурунга катышкандан бери жаа атып жүрөм. Ага чейин кол өнөрчүлүк менен алектенип жүрчүмүн. Ээр каптайм, кайыштан пано (картина) жасачумун, мүйүздөн жаа жасачумун.

– Чаңгы-жаага кантип келип калдыңыз?

– Салбуурунга катышкан беш бала бар. Ошол бешөөбүз такай катышып, байланышып турабыз. Анан Назикбек биздин Рустам деген жигитибиз аркылуу ушундай байыркы кыргыздардын өнөрүн жандандыралы деген сунуш менен кайрылганда дароо эле макул болдук. Чаңгы менен жаа атканыма мына эки эле күн болду. Азыр даярдык көрүп жаткан учурубуз. Тажрыйба топтоп, чеберчиликти курчутуп жаткан кезибиз. Кээ бир жерде жакшы атып жатабыз, айрым учурда кыйналып жатабыз.

– Чаңгы менен жаа аткандан, ат минип алып аткандын айырмасы бар экенби?

– Чындыгында көп деле айырма жок экен. Тиги оор, бул оор деп айталбайм. Азыр бута аралыгын элүү метр кылалы десек болбой калат экен. Анткени биз аралыкты 10 секундда эле өтүп кетип жатабыз. Он секунддун ичинде эки жолу атып кеткенге үлгүрүү керек.

– Бул оюнга кызыккандарга эмне кеңеш берет элеңер?

– Илгерки ата-бабаларыбызда болгон оюн экен. Бул жөндөн-жөн чыккан оюн эмес, ташка чегилип калганы далилдүү болуп жатпайбы. Азыр мүмкүнчүлүктөр көп да, чаңгылардын түрү бар. Каалаган нерсенин баары бар, баары сатылат, баарын тапса болот.

– Чаңгы жаа менен алектенгенге кандай жабдыктар керек?

– Биринчиден, кыргызча кийим керек. Андан кийин жаа керек, жебелериң жана саадакы болушу шарт.Эң негизгиси аны ойногонго каалоо керек.

– Сиздин колуңуздагы жаанын баасы канча турат жана ал кандай жерлерде сатылат?

– Негизи жаалар кымбат. Меники заводдон жасалган, мындай жаалар он беш миң сомдон кем турбайт. Кытайдан алып келебиз. Мурда өзүм жасаган жаа менен колдончумун. Бирок заводдон жасалган жаалар жакшыраак экен. Ок эки жакка чайпалбай учат. Азыр атайын балдарды даярдап жатабыз. Буюрса, мелдешке 25 катышуучу кылалы деп жатабыз. Жаасы бар болсо эле баардыгын чакырабыз.

 

Айзада КЫДЫРМЫШЕВА, 19 жашта, жаачы:

– Кыз кишиге жаа аткан оорбу?

– Эгер ыгын таап кетсе кыздарга жаа аткандын оорчулугу деле жок. Кыздар деле үйрөнүп кетет. Өзүм бат эле үйрөндүм.

– Кыздарга өзгөчө жаа болобу же баары бирдей элеби?

– Бирдей эле, спорттук жаа, улуттук жаа деп бөлүнөт. Мен улуттук жаа менен атам. Улуттук жаа менен атаарда колду өйдө алат, ал эми спорттук жаа менен болсо колду моюндан ылдый кылып туруп атыш керек. Буюрса мелдештерге катышсам деген оюм бар.

Чындыгында спорттун бул түрүн демилгелеп алып чыккан ушундай адамдар менен абдан сыймыктандым. Улуттук өнөрдү өнүктүрөлү, мамлекеттин өнүгүшүнө салым кошолу деген дымагы жана максаттары абдан кубандырды. Мындай жердештерибиз менен сыймыктансак болот. Алардын жогорку ылдамдыкта келе жатып жаа менен атканга кантип үлгүрүп жатат деген ой менен өзүм да жаа атып көрдүм. Мен алардай болуп лыжа тээп баратып эмес, жөн эле туруп алып жаа аттым, сырттан караганда оңой көрүнгөнү менен татаал экен. Ошол учурда бир аз да болсо ата-бабаларыбыздай эр жүрөктүүлүк жана аңчылык кумар сезими менде ойгонду десем жаңылбайм. Мындай мыкты өнөр кыргыз элинин улуулугун жана маданияты бай байыркы элдерден экендигин дагы бир жолу тастыктады.

Жаңы Агым (“Кыргыз гезиттер айылы”), 22.01.2016-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.