Үч буроо, жалгыз тээк, үч кыл комуз

Кыргыз мамлекеттүүлүгү мындан 2200 жыл мурда кытай тарых даректерине катталганын БУУ кабыл алып, 2003-жылы мааракебизди майрамдадык. Ошондон тартып кыргыз калкынын өтө байыркы эл экенин дүйнөлүк коомчулук бир пикирден моюндады. Ага ылайык кыргыз маданиятынын башаты дагы эң байыркы доордон башталганына талаш жок. Анын бир далили – колубуздагы “комуз” деген музыкалык аспабыбыз. Себеби комуздун сүрөтү фараондор доорунда Египет пирамидаларында тартылган сүрөттөрдө турат. Ага кошумча, комуз аспабы б. з. ч. “Хун Бу сы” аттуу кытай тарых жазмаларына катталганына караганда, фараондор заманында пайда болгон аспап экендиги анык.

Дүйнө элдеринин кылдуу музыкалык аспаптарына салыштырмалуу комуз аспабы үйрөнүүгө өтө татаал. Демек, ошончолук узак убакыт өмүр сүргөн аспапка ар замандагы адамдар өз табитине жараша чыгармаларды жаратып, андан улам ар кандай толгоолор же күүлөнүш (строй) пайда болгонун түшүнсөк болот. Дүйнө элдеринин кылдуу музыкалык аспаптары бир же эки толгоо менен чектелсе, комуз музыкасы 18 толгоого чейин өсүп жеткен. Ар бир толгоого которулган сайын, комуз музыкасы кайталангыс жаңычыл мукамдуу мүнөзгө ээ болуп, улам жаңы музыкалык асер берип турат.

Комуз музыкасында дагы бир өзгөчөлүк – анын репертуарынын өтө бай экендиги. Мисалы: Залкар (философиялык) күүлөр, “айтым” же бир окуяны баяндаган күүлөр, туурамчы күүлөр (күкүктү, булбулду, паровозду ж. б. туурайт), куудул күүлөр, арман күүлөр, кошок күүлөр, тарых күүлөр, майрамдык же салтанат күүлөр, обон күүлөр ж. б. болуп бөлүнүшөт. Демек, комуз музыкасы жалаң гана татаал ыкмалардан турбастан, анын маани-маңызы жагынан дагы бийик деңгээлге өнүккөндүгүн түшүнсөк болот.

Комуз музыкасында эң эски замандан даректүү кабар берген күү “Шүдүңгүт” деп аталат. Себеби б. з. II кылымындагы Улуу кургакчылыктан качып, гундардын (кыргыздардын) бир бөлүгү Европага кетиптир. V кылымда бүткүл Европанын падышасы болуп турган Адилхандын (Батыш калктары “Аттила” деп жазат) баш вазири Төлөк баатыр өтө зор, салмагы оор адам болгондуктан, аны ат көтөрө албай, Шүдүңгүт деген бука минип жүрчү экен. өзү комузчу жана жамакчы адам болгондуктан, “Шүдүңгүттүн жүрүшү” деген күү чыгарган имиш. Ал букасы ат менен тең жүргөн күлүк бука болгон үчүн, “Уй күлүгү – Шүдүңгүт” деген эл макалы бүгүн да айтылат. Ошол букасы Парижге жакын калганда жер чапчып, баспай токтоп туруп алган экен. Ошондо зор адамдын “ош” деп кыйкырып, камчыланганын уккан биздин аталарыбыз менен кошо жүргөн нечен түрлүү тил билбеген эл ал жерди “Ош” деп атап калышкан имиш.

Адилхан атабыз буйрук берип, ошол жерге аскер олтуругу орноп, акыры шаарга айланган. Париждин түштүк-чыгыш тарабында 200 чакырым аралыкта “Ош” деген чоң шаар бүгүн да турат. “Ош” деген аталышты европалыктар түшүнбөйт экен. Ош эле эмес, Балкан жана Алп тоолорунун, Балтика деңизинин аталыштарын чечмелеп бере алышпады. Алп тоолору чынында эле дүйнөдөгү тоолордун алпы экен. Демек, ал аталыштарды биздин аталарыбыз койгон үчүн, бүгүн да таза кыргызча боюнча сакталган. Мисалы, Сагынбай манасчынын “кыргыздын бийлик кулачы Балтык деңизине чейин жеткен” деген кабары бар. Аны Н. Карамзиндин “гундардын бийлик кулачы Балтика деңизинин аралдарына чейин жеткен” деген тарых жазмалары ырастап турат.

Байыркы кытай тарых жазмалары бизди “Гян гүн”, “Цянь гүн” деп туюнтканын билебиз. Батышка барганыбызда да бизди “гун” деп аташкан. Демек, суусу балдай коюу болгон үчүн, гундар ал деңизди “Балтык” деп атап коюшкан. Себеби “Балтика” деген аталышты ошол деңиздин айланасында жашаган элдердин бири дагы түшүнбөйт экен.

Ошол Ош шаарында 453-жылы Адилхан атабыз кайтыш болуп, анын керээзи боюнча элди кайра баштап жөнөгөн Төлөк баатыр Балкан тоолоруна келгенде жолдон адашат экен. Ошого сарсанаа болгон апаларыбыз көкөлөп учкан торгойдон жол сурап:

“Карача торгой, эл кайда,
Эдил деген суу кайда?”
; – деп темир комузга күү чыгарышкан. Ал заманда азыркы Волга дарыясы Адилхандын урматына “Әдил” деп аталган. Ошол “Карача торгой” деген күү бүгүн да элдин кызыгуусуна татып, сахналарда аткарылып жүрөт.

Карача торгойдон жооп ала албаган Төлөк баатыр Шүдүңгүттү минип, жол чалып келмек үчүн Балкан тоого чыгат экен. Ээн жерде Адилханы эсине түшүп, комузун чалып, арман-кошогун ырдаганы XIX кылымда жашап өткөн Балык ырчынын айтуусу боюнча минтип жазылган:

Балкан, Балкан, Балкан тоо,
Балкан тоого мен чыксам,
Башында бар айры тоо.
Айры тоого мен чыксам,
Көлдө жаткан көп өрдөк
Ылаачын тийсе бөлүнбөйт.
Ылаачындай шумкарым,
Атылам, сенден айрылып,
Кайгы-муңум бөлүүгө
Эл карааны көрүнбөйт.
Атылам, сендей эл баккан
Эрди кайдан табамын?
Жоонун жерин аралап,
Жолду кайдан чаламын?
ж. б.

Бул чыгарманын обону же күүсү Кыргыз радиосунун алтын корунда 1950-жылдары жазылган 4 комузчунун аткаруусундагы “Шүдүңгүт” деген аталыш менен сакталып турат. Дастаны болсо Балык ырчынын айтуусу боюнча Илимдер улуттук академиясынын кол жазмалар корунда Сапарбек уулу Тургунбектин тапшыруусунда сакталууда.

Адилхандын кийинки урпагы, VI кылымда жашаган деп болжолдонгон Баласагын Кагандын уулу Бекарстан Ташы атабыз менен Ак Мактым апабыз жөнүндөгү ашыктык дастаны эл арасында бүгүн да айтылып, күүсү концерттерде ойнолууда. Андай чыгармалар ондоп саналат. Миң жылдарды аттап өтүп, сахналарда ойнолуп жаткан андай улуу мурастар кыргыздын көркөм өнөрчүлүгүнүн өзгөчөлүгүн далилдеп турат.

Албетте, ал жетишкендиктин негизги түбү барып-келип шумерлерге же фараондор дооруна такалат. Шумерлердин түпкү теги кыргыздардан башталарын Батыштын илимпоздору далилдеп жатышат. Интернет булактарына киргизилген орусча-шумерче сөздүктө шумер тили биздин бүгүнкү тилибизден айырмаланбайт экен. Ага кошумча, Египет пирамидаларынан баштап көптөгөн археологиялык табылгалардын окшоштуктары далилденип жатат. (Бул кабарлар жөнүндө даана жана кеңири даректер “Улуу баян” аттуу китебимде камтылган).

Анын музыка багытындагы далили – археологдор шумерлердин Ур деген шаарынын калдыктарын казып жатып, алтындан жасалган арфа таап чыгышыптыр. Б.з.ч. 2300 жыл мурда жасалган ал табылга шумерлерге таандык экенин бир пикирден тастыкташыптыр. Ал аспапты бүт дүйнө элдери “арпа” деп атап, “arpa” деп жазышат экен. Жакшылап көз чаптырсак, арфанын кылдары кадимки арпанын кылкандары сыяктуу текши салааланып тизилип турганын көрөбүз. Демек, аталарыбыз арпага окшотуп, кылдары текши салааланып тизилип турган аспап жасап, ал аспаптын кылдары арпанын кылкандарына окшош экендигинен улам ага “арпа” деп ат коюшкан. Орустар “арфа” деп бир тамгасын өзгөртүп койгон үчүн, ал аспапты чоочун аспап катары турмушубузга кийирбей жатабыз. Негизи эле мүмкүнчүлүгү бай, үнү шаңдуу, алып жүрүүгө ыңгайлуу “комуз” деген аспабыбыз турмушубузга киргенден баштап “арпа” деген музыкалык аспабыбыз турмушубуздан чыгып калганын түшүнсөк болот.
Андан сырткары, Египет музейлеринде биздин кыл кыягыбыз турат. Ал тарапта ал аспапта ойной билген адам жок экендигинен улам биздин аталарыбыздын (шумерлердин) Египетте калган эстелиги деп бүтүм чыгарууга болот. Себеби эң эски замандардан келе жаткан салттуу чыгармалары али күнчө сакталган кыл кыягыбыз бүгүн да дүйнө элдерин таң калтырып, эл аралык фестивалдарда шаңшып жатпайбы. Ага караганда, комузубуз деле шумерлер дооруна туура келиши мүмкүн.

Ошол үчүн бүт дүйнө элдери чогулган сынак-фестивалдарда музыка билермандары комуз музыкасына өзгөчө баа берип, эл аралык фестивалдарына байма-бай чакырышып, ЮНЕСКО баштаган эл аралык уюмдар атайын байгелерин берип жатышат. Чет өлкөлөрдө комуз музыкасына күчтүү таасирленбеген бир дагы чөйрөнү көргөн жокмун.

Ошол бүт дүйнө элдерин таң калтырып келе жаткан комуз музыкасын толук кандуу сактап калуу – бүгүнкү күндүн талабы. “Колдо бар алтындын баркы жок” демекчи, өкмөт тарабынан комузга өз деңгээлинде көңүл бурулбай келе жатат. Коңшу республикаларда өздүк музыкалык аспаптарын илимий деңгээлде жасай турган фабрикалары бар. Бизде болсо ал иш устаканалык деңгээлде. Коңшу калктар аспаптык салттуу музыкаларын толук кандуу ноталаштырып, ар бир музыкалык окуу жайынын китепканаларына том-том кылып жыйып коюшкан. Бизде болсо музыкалык окуу жайларда “салттык музыка боюнча окуу китеби жок” деген сөздөр көп жылдардан бери айтылып келе жатса да, алгылыктуу чара көрүлө элек.

Бардык баалуулуктардын эң бийиги – рухий байлык. Рухий баалуулуктун бирден-бир күзгүсү – салттуу музыка. Салттуу музыкалар боюнча эл аралык чордондо (форумда) же жарышта кыргызды бийик даражага көтөргөн эң биринчи таянычы комуз музыкасы экени көп жылдар бою далилденди. Ата-бабаларыбыздын ошол ыйык жана бийик мурасын ноталаштырып, түбөлүктүү сакталышына жана аларды келечек муундардын үйрөнүшүнө шарт түзүү – өтө маанилүү маселе. Биздин комузда ойнолгон музыкабызга таң калган япониялык (алар өздөрүн “жапан” дешет) музыка билермандары: “Курсак тоюнат, кийим бүтөлөт. Ал эми рухий байлык жоголсо, аны миң жылдар бою калыбына келтирүүгө болбойт. Бул укмуштуу өнөрчүлүктү билгичтик менен сакташыңар керек”, – дешти эле.

Эгерде радионун алтын казынасында 1950-жылдары жазылган үн тасмалар эскирип же жоголуп, рухий байлыгыбыздын учугу үзүлсө, анда андагы биз билбеген жүздөгөн мурастарды эч ким эч качан ордуна келтире албайт. Ошол мурастар китепке жазылып, архивдерде, китепканаларда сакталса гана жоголуу коркунучунан кутулат.

Окуу куралдарынын жоктугунан улам ар бир комузчу өз мүмкүнчүлүгүнө жараша чыгармаларды ар түрдүү вариантта, ар түрдүү деңгээлде аткарат. Алардын аткаруусунда дамамат же активдүү жашап жаткан комуз күүлөрү жүздөн ашпайт. Ал эми радионун алтын казынасында бир эле Ыбрай Туман уулунун чертүүсүндө 144 күү сакталып турат. Күү жыйноочу Буудайбек Сабыр уулунун айтуусуна караганда, учурунда ошондой орошон таланттар 1950-1970-жылдары радиого миңден ашык күү жаздырышкан экен. Бүгүнкү күндө жүздөгөн күүлөрдүн жазылыш сапаты начар болгондуктан, уктурулбай, жаштар тарабынан үйрөнүлбөй, рух дүйнөбүзгө кызмат өтөбөй, көп жылдардан бери дымып жатат. Албетте, ал ишти жолго коюп, парасаты жетик адамдар аркылуу нотага түшүрүп, элдин керектөөсүнө жеткирүү – өкмөттүн милдети. Ошондо гана жүздөгөн жылдарды аттап өтүүгө кудурети жеткен касиеттүү кайрыктар Карамолдо сыяктуу алп таланттардын колуна тийип, күү дүйнөсүндө “Көкөй кести”, “Сынган бугу” сыяктуу улуу табылгалардын пайда болушуна шарт түзүлөт.

Нурак Абдырахман уулу,
Кыргыз Республикасынын эл артисти,
“Камбаркан”; эл аспаптар ансамблинин жетекчиси,
“Шоокум”, 01.01.2011-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.