Эл артисти Самара Токтакунова: “Жомоктогудай жашадык”

Улуу комузчу Самара Токтакунова кудай даарыган таланты менен бүт дүйнөнү кыдырды. Кыргыздын керемет күүлөрүн кулак түрө тыңшап, комузун кармалап таңыркагандар көп болду. Самара эже комузда гана кол ойнотпостон, чет элдиктерди ооз комуздун сыйкырдуу абазы менен да арбады. “Сыр аяктын сыры кетсе да, сыны кетпейт” дегендей, Самара эже 70 жашка чыкканына карабай, дале жаш, дале кайраттуу. Биз менен баарлашып, басып өткөн жолуна бир аз болсо да кылчайып, төмөнкүлөрдү айтып берди.

Көкүрөгүм толуп ыйлачумун

Менин таенем чоң комузчу болгон экен. Тилекке каршы, көзү тирүү кезинде көрбөй калдым. Апам: “таенең чоң комузчу болчу. Анын алдына эркектер да чыга алчу эмес. Балекетиңди алайын, таенеңдин таланты сага өткөн турбайбы” деп, айтып калчу. Апам да ооз комузда жакшы ойночу. Башкаларга окшобогон укмуштуудай уккулуктуу, кооз чертээр эле. Далай ооз комуз ойногондорду көрдүм. Бирок, апамдыкына эч окшоштура албадым. Апамда тубаса талант бар болуш керек. Таенемден апама, андан мага өтүптүр.

Комузду аябай жакшы көрчүмүн. Жыгачтардан комуздун сөлөкөтүн жасап алып, обондорду келтире берем. Радиодон комуз күүлөрүн берип калса, кулагыма такап алып укчумун. 4-5-класста окуп жүргөн кезде эле классикалык музыканы жакшы көрчүмүн. Биздин үйдүн жанында кырман бар эле. Анда радио бийик илинип турчу. Үнү бүт айылга угулат. Түн ортосунда укмуштуудай сыйкырдуу, керемет музыка жаңырып турчу. Музыка башталганда терезени чоң ачып, кырына олтуруп алып ырахаттануу менен укчумун. Кайгылуу музыканы укканда көкүрөгүм толуп, ыйлагым келип кыйналчумун. Кээде асманга канат байлап учкум келет. Кийин 7-класстан М.Күрөңкеев атындагы окуу жайга келгенде, ошол музыкалар Чайковский, Рахманинов сыяктуу улуу классиктердин чыгармалары экендигин билдим.

Атамдын жашы сакалын жууду

Окуу жайдын Москва көчөсү тарабындагы дарбазасынын алдында ары-бери өткөн адамдарды карап тура берем. Ушул кишилер менин ушул жакта окуп жаткандыгымды билсе экен деп мактанып, сыймыктанчумун. Адамдар музыканы түшүнбөй кантип жашайт? Укса жыргашат эле,-деп ойлочумун. Көрсө, элдин баары эле музыкант боло беришпейт турбайбы. Музыка дүйнөсүндө жүргөнүмө өтө бактылуумун. Музыканы билген адамдын турмушка болгон көз карашы башкача болот экен.

Атамдын тилеги менен артист болуп калдым. “Сенин талантың бар, артист гана болушуң керек. Сенден башка эч нерсе көрбөйм”,-деп көп айтчу. Комузду аябай жакшы көрө турган. Кара Молдонун “Сынган бугусун” ойносоң, ошол күнү “оо дүйнөгө кетсем ыраазы элем”,-деп көп айтчу. Кийин Чалагыз агайыңа турмушка чыгып, атамдын алдына түшкөнү барганда баягы тилегин дагы айтты. Ошондо Чалагыз: ”Атамдын каалоосун, эңсеген тилегин биринчи аткаралы”- деп, “Сынган бугуну” үйрөндүм. Иштен эмгек өргүүгө чыгып, атайын атама барып ойноп берсем, көзүнөн аккан жашы сакалын жууду. Мен чочуп “ай ата, эмне болуп жатасыз?” десем, “Азыр кетсем ыраазымын. Садага болоюн, сен чоң комузчу болгон турбайсыңбы. Нан таап жегенге жарап калыптырсың”,-деп батасын берди. Атамдын айтканынын да жөнү бар. Бир туугандарымдын ичинен ыркыйган эң арыгы мен элем. Ошондуктан, ата-энем мага боор тартып, “адам болуп өсүп, нан таап жегенге жараар бекенсиң” деше турган.

1977-жылы Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти деген наам алдым. “Кызыңыз наам алды” дегенди уккан атам, “айланайын өзү аман болсо болду, наамы ак жолтой болсун”, – деп балбалактап, коюн союп, элди чакырып аябай күүлдөшкөн. Ата-эне үчүн баласынын жакшылыгына күбө болуштан өткөн сыймык барбы?

Комузум кол тийгенде эле сайрайт

1973-жылы Комсомол сыйлыгын алганымда мени куттуктап Өзгөн районунан Нураалы деген ата Чыңгыз Айтматов экөөбүзгө атайын арнап өрүк комуз тартуулап келген. Ушундай татынакай комуз. Аны колума алган күндөн бери эч бир комузга алмаштырган жокмун. Бир нерсени бирөөгө чын жүрөктөн белек кылсаң, ошол белек чын дилинен иштеп берет экен. Ал киши да чын дилинен арнап чаап келсе керек. Башка комуздарды деле ойноп көргөм. Бирок, бул комузум кол тийгенде эле сайрайт.

Бир жолу капкагын алмаштырдым. Себеби, Кореяга барганда ал жер аябай нымдуу экен. Капкагы чыгып кетти. А түгүл норка тебетейлерибиздин бардыгы эзилип түшүп калды. Комуздун капкагын чаптасак, кайра эле чыгып кетип жатты. Ошентсе да келгенче кызмат кылды. Келгенде мастерге берип, капкагын алмаштырдым. Ошондон бери бир капкак менен жүрөм.

Ыйлап-ыйлап олтуруп калдым

Чалагыз агайыңа турмушка чыкканча экөөбүз бүт союздук республикаларды кыдырдык. Чогуу иштеп жүргөндө анын аябай токтоо, маданияттуу, адамгерчилиги бийик, өтө кичи пейил, балдарга да чоң кишидей мамиле жасаган жигит экендиги байкалган. Кыздар чогула калган жерде “Чалагыз агай кандай сонун адам. Буга турмушка чыккан кыз өтө бактылуу болот” деп суктанып сөз кылгандарын дайыма укчумун. Бирок экөөбүз баш кошуп калабыз деп кимдин оюна келиптир?

Ал кезде 21 жашта элем. Бир күнү оркестрде иштеген Жумабай Кыпчаков деген агай төрт кызга бир бөлмө, Чалагыз агайыңарга өзүнчө бир бөлмө берди. “Жатаканаңарды жууйлу деп байке бир казан күрүч басып коюптур” десе, күрүчтү жакшы көргөн жаным алдыга түшүп чуркап баратпаймынбы. Көрсө, казанга эт асышып, дасторконду жайнатышып тойдун камын көрүп коюшуптур. Чай ичип, тамак жеп бүтүп, кетели деп камданып жатсак, үйдүн ээсинин 80 жаштан ашкан кайненеси мага жоолук салып жатпайбы. Эч нерсе түшүнгөн жокмун. “Апей, бул эмне жоолук?” деп башыман алып койдум. Ошондо да оюма эч нерсе келген жок. “Айланайын бүгүн Чалагыз экөөңдү үйлөнтүп, тойлоп жатпайбызбы” деп экинчи жолу жоолук салды. “Бул киши менен сүйлөшпөсөм же киного алып барбаса, баш кошобуз деп турмуш жөнүндө сүйлөшпөсөк, кантип үйлөнөбүз?” – дедим таңыркап. Жанымда олтурган Чалагыз агайыңарга “агай айтпайсызбы, качан экөөбүз сүйлөшчү элек?” ,-десем, үн-сөз жок ылдый карап олтурат. Кемпир кайра келип жоолук салды. Жоолукту башыман алайын десем, колумдан кармаган кемпир “токтоп тур, бир сөз айтайын. Балам, мен 80ден ашкан байбичемин. Сенин да энең бардыр. Биз сени жаман адамга берсек, сөз башка эле. Сени бактылуу болсун деп, жакшы жигитке берип жатабыз. Экөөң чогуу ээрчишип иштейсиңер. Ушунун баарын ойлондук. Айланып кетейин, Чалагыз кандай сонун жигит. Үчүнчү жолу жоолукту башыңан алып койсоң, турмушуң жакшы болбой калат”, – дегенде коркуп кеттим. Ошентсе да “Мага турмушка чыгууга эрте. Жакындан бири-бирибизди билели, сүйлөшөлү” деп көшөрүп болбойм. Кыздар бул жигитке ашык болуп суктанып жүрүшсө, мен жөнү жок эле секире бербейин деп ыйлап-ыйлап олтуруп калдым.

Чалагызды жоктоп комузум сүйлөбөй койду

Ал кишинин көзү өткөнчө жомоктогудай бактылуу жашадык. “Эч нерсе иш кылбай комузуңду гана ойно. Сенин жашооң комуз. СССРдин эл артисти наамына жеткирем” – деп, кир, пол жуудурган жок. А түгүл колуңду кесип алсаң, бир ай иштебей каласың деп бычак да карматчу эмес. Тилегине жетти. “СССРдин эл артисти” деген наам алганымдан кийин эки жылдан соң өтүп кетти. Мен үчүн өтө оор болду. Мен эмес комузум сүйлөбөй койду. Ойносом эле шалдырап эч күүгө келбейт. Кылын да которттум. Такыр сүйлөбөй койду. Беш айдан кийин өзүнүн ордуна келип калды. Көрсө, комуз да жоктоп жатыптыр. Аябай таңкалдым. Ошол мезгилде Бексултан Жакиев агай менен бир жерде чогуу олтуруп калдык». Байке, – Чалагыз кайтыш болгондо беш ай комузум күүгө келбей койду», – десем, “ал киши комузуңду таптап багып жүрсө, ээси кетип калса жоктоп жатканы да”, – деди. Чын эле кадимки баладай бакчу. Бетин тазалап кылдарын сүртүп турчу. Комузум сүйлөбөй калса, эми эмне болот деп ыйлачумун. Ушундай табышмактуу окуя болгон.

Кыргыз эли комуз күүсүнө куштар

Самара эженин шакирттери тууралуу да сөз кылбай койсок болбос. Комуздун сырларын үйрөтүп, энедей акыл-насаатын айтып тарбиялаган шакирттери: Нурзат Орозалиева, Руслан Жумабаев, Рахат Көчөрбаев, Анара Эсенгулова, Токтобүбү Черикчиева, Гүлбара Байкашкаева, Нурлан Нышанов, Ишен Календаров, Азамат Акбагышев, Турдукан, Толгонай, Нуризат, Жылдыз.

Акыркы жылдары Самара эже баштаган комузчулардын эл аралабай калышы улуу муун өкүлдөрүн комуз күүсүнөн өксүк кылып жатышкандыгы чындык. Анткени, кыргыздын каны-жанына сиңген комуз күүсүн эл дайыма сагынат, укканга куштар болот. Мунун себебин эжеден сураганымда “каражаттын айынан эл аралабай калдык. Кыдырсак жакшы болмок. Теледе жазылган жакшы күүлөрүм бар. Эмнегедир бербей жатышат. Сөзүңдө калет жок, абышка-кемпирлер көрүп калышса, “садага болоюн, эмне үчүн чыкпай жатасың?- деп, сурап калышат”, – дейт.

Жылдыз ДЫЙКАНОВА, “Эркин тоо”, 28.10.2015-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.