“Мен да сага окшономду” оңдойлу…
“Сөз дайра” берүүсүндө убай жана убайым, улаарып, байымдуу деген сөздөрдүн маанисин чечмелейбиз.
“Жашамал адам экен” деп коет жашы улгайып бараткан адамды кыргыздар.
Кыргыз тилинде бирдей эле сөздүн эки бөлөк маани түшүндүрүп калган учурларын да көрүүгө болот.
Мисалы “убай” деген сөз бар. “Убай тартты, убайын тартты, убайга түштү” десе, “кайгысын тартты, кайгысын тартты, азапка түштү” дегенди түшүндүрөт. “Сары убайым жеп жүрүп кете берди” дейт. “Санаа тартып жүрүп, кайгы тартып жүрүп кете берди” дегени.
Эми башка маанисине келели. “Убайын көр” дейт. “Жакшылыгын көр” дегени. “Убайын көрбөгөн соң баккан малы курусун” дейт. “Пайдасын көрбөгөн соң баккан малынын кимге кереги бар?” дегени.
“Убайым тарт, убайым чек” десе, “азабын тарт, кайгысын тарт” дегенди билгизет.
“Ооруга убайымы жок экен” же “байымы жок экен” деп да коет. “Ооруга чыдамы жок экен” дегенди билдиргени.
Тескерисинче, “Бул алма суукка убайымдуу” же “байымдуу” десе, “суукка чыдамдуу” дегени. “Ат-Башы менен Нарындын эли суукка байымдуу эл” дейт.
Эгер “Убайымсыз жашайлы” десе, “Тынч жашайлы” дегенди билдиргени.
Биздин тилибизде “Улаарып” – деген сөз бар. Мисалы, “Иштин аягы улаарып кетти” дейт. “Сөздүн аягы создугуп кетти, узарып кетти” дегенди билдиргени. “Анын оорусу улаарып кетти” деп да коет. “Сөздү улаарта бербей аттаналы” дейт.
Бир эле сөздүн эки башка мааниси кездешет. Мисалы, “Кой” деген сөздү алалы. “Кой-мал”. Төрт жаштагы койду – Кунан кой, беш жаштагы койду-Дөнөн кой, куйруктуу койду – Жайдары кой же Кисер кой деп атаган кыргыз.
Экинчи мааниси – “Жерге кой, үстөлгө кой, ары кой, бери кой” дейт. “Чыныны жерге кой” дейт.
Үчүнчү мааниси – “Аны бетке кой, башка кой?” дейт. “Ур, мушта?” дегенди билдиргени.
Төртүнчү мааниси – “Ала кой, бере кой” деп да айтылат.
Эне тилин билбегендер үчүн бул сыяктуу сөздөрдүн мааниси түшүнүксүз сезилиши мүмкүн. Бирок бул биздин тилдин жардылыгын эмес, байлыгын билдирет.
Биздин белгилүү десе белгилүү, тажрыйбалуу десе тажрыйбалуу, атактуу десек атактуу бир обончубуз “Мен да сага окшоном” деп ырдап жүрөт. Кыргыз тилинде “окшо, окшон, окшой, окшош, окшоштур” деген сөздөр бар. Бирок “окшоном” деген сөз жок. Кыргыз баласы эч качан “Мен да сага окшоном” деп сүйлөбөйт. Тили жаңы чыгып келаткан бала сүйлөшү мүмкүн.
Эгер бирөөгө окшошкусу келсе “Мен да сага окшошом” деп айтат.
Ошондуктан эгер урматтуу обончубуз, ушул “окшоном” деген сөздү “оңдоп бергилечи?” деп кайрылса, оңдоп бергенге даярбыз. Анткени ар бир бузулуп айтылган сөз энебиздин сүтү менен келген тилибизди кор кылуу, мазактоо менен барабар.
Шайлообек Дүйшеев, “Азаттык”, 29.03.2016-ж.