Акын Байдылда Сарногоевдин 85 жылдыгына карата ыр жанры боюнча сынак жарыяланат

Байдылда Сарногоев – Кыргыз Республикасынын Эл акыны, Кыргыз Республикасынын Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыгынын жана Кыргыз Жазуучулар союзунун А. Осмонов атындагы адабий сыйлыгынын ээси болгон.

Кыргыз адабиятына, асыресе поэзиясына кошкон зор салымы үчүн Кыргыз Республикасынын «Манас» ордени, мындан тышкары өлкөбүздүн көптөгөн сыйлыктарын алууга татыган. Кыргыз элине аттын кашкасындай белгилүү, даңазасы таш жарган таланттуу акын, жерим деп, элим деп күйгөн мекенчил, патриот инсан болгон. Көзү тирүү болгондо келерки 2017-жылы 85 жашка чыкмак (1932-жылдвн 14-февралында туулган).

Мына ушул белгилүү датага байланыштуу Фейсбук социалдык тармагында акындын кызы Гүлсана Сарногоеванын жеке демилгеси менен атайын «Акын Байдылда Сарногоевдин 85 жылдыгына» деген өзүнчө жаңы тайпа ачылды. Аталган тайпанын жүргүзө турган алгачкы иш-чарасы – акындын 85 жылдыгына карата өткөрө турган адабий сынак (конкурс) болмокчу.

Сынакка өлкөдө, ошондой эле чет өлкөлөрдө жашаган кыргыз акындары чектөөсүз катыша алышат. Буга социалдык тармактарга чыга албаган жарандар да катышса болот.

Сынакка төмөндөгү тематикадагы ырлар кабыл алынат:

1) Элдин биримдигин, ынтымагын чыңдоо;
2) Жаратылышка астейдил мамиле жасоо;
3) Балдарга жакшы тарбия берүү;
4) Адамдар ортосундагы сый мамилени бекемдөө;
5) Ар кандай тармакта ийгиликтүү иштешкен эмгекчил, патриот адамдарды даңазалоо.

Сынакка жиберилген ырлар кыргыз ӨҢҮ тамгалары менен жазылууга тийиш. Сынактын жыйынтыгы калыстар тобу тарабынан чыгарылып, мыкты деп табылган ырларга Ардак грамоталар менен катар төмөнкүдөй сыйлыктар ыйгарылат:

1. Биринчи орун – 5000 сом;
2. Экиннчи орун – 4000 сом;
3. Үчүнчү орун – 3000 сом;
4. Төртүнчү орун – 2000 сом;
5. Бешинчи орун – 2000 сом.

Бул сынакка катышууну каалаган акындарга чек коюлбайт, алар өз ырларын «Сынакка» деген белги коюу менен калыстар тобунун мүчөсү Миргул Омуралиева: mirgul1956@libero.it дарегине үстүбүздөгү жылдын 31-майына чейин жибере алышат.

Калыстар тобунун төрагасы Мусакун Сатыбалдиев

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.