Кыргыздар тшө-тшө, кыйтуу-кыйтуу, ар-ар деп кайсы жаныбарларды чакырарын билесизби?

Кыргыздар үй жаныбарларын чакырганда же тескерисинче айдаганда буга тиешелүү сөздөрдү колдонушкан. Филолог Ишенбек Султаналиев жапайы жаныбарлар адамдардын күнүмдүк жашоосуна түз байланышы болбогондуктан, аларды чакырып, айдап-кубалаган сөздөр жок болушу мүмкүндүгүн айтат.

Илгертен мал чарбачылыгы менен алектенген кыргыздардын макал-ылакаптары, чыгармалары да жаныбарларга байланыштуу айтылган учурлары кездешет. Бүгүнкү “Тибиртке” рубрикасында кыргыздар жаныбарларды кантип чакырып же кубалаганы тууралуу жазууну туура көрдүк.

Кой — чакырганда: тшөө-тшөө; кырой-кырой; айдаганда: кош!

Ат, жылкы — чакырганда: мо-мо; бо-бо! Кулун — кыруу-кыруу; айдаганда:чү!

Ит — чакырганда: күчү-күчү, ме-ме! айдаганда: чык, кет!

Мышык — чакырганда: мый-мый; айдаганда: пыш!

Төө — чакырганда: бопо-бопо; айдаганда: оу-оу!

Топоз — айдаганда: оу-оу!

Уй — чакырганда: хоу-хоу! айдаганда: өш!

Эчки — чакырганда: чучу-чучу! айдаганда: чек! чиге!

Эшек — чакырганда: ар-ар; айдаганда: хы-хы!

Тоок — чакырганда: тү-тү,тү-тү! айдаганда: түт!

Балапан — чакырганда: чыйп-чыйп; айдаганда: түт!

Бүркүт — чакырганда: кыйтуу-кыйтуу; айдаганда: айдайт-айдайт.

Сүрөт Виталий Аньковдуку, «Sputnik – Кыргызстан», 14.07.2016-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.