Энелер күнүнө карата жаш калемгерлер арасында «Менин энем» аттуу сынак жарыяланды

“Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” мыйзамына, “Кыргыз Республикасында 2014-2020-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн Улуттук программасына” жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 23-апрелиндеги “Кыргыз Республикасында Энелер күнүн белгилөө жөнүндө” №93 Жарлыгына ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин 2015-жылдын 30-декабрындагы №286 Жарлыгы менен 2016-жыл “Тарых жана маданият жылы” деп жарыяланганына байланыштуу КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия сынак жарыялайт. Сынакка  республика боюнча жана чет өлкөдө жашаган 16 жаштан 35 жашка чейинки жаш калемгерлер “Эне” темасындагы ырлары менен катыша алышат. Сынакка катышкан чыгармалар калыстар тобуна купуя ысым менен тапшырылып, жыйынтык чыгарылат.

“Менин энем” сынагы мамлекеттик тилди колдонуу чөйрөсүн кеңейтүү, жаш калемгерлерди колдоо жана аларга дем берүү, энелерди даңктоо максатында уюштурулуп жатат.

 

«Менин энем» жаш акындардын республикалык сынагынын жобосу

  1. Жалпы маселелер

“Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” мыйзамына, “Кыргыз Республикасында 2014-2020-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн Улуттук программасына” жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 23-апрелиндеги “Кыргыз Республикасында Энелер күнүн белгилөө жөнүндө” №93 Жарлыгынаылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин 2015-жылдын 30-декабрындагы №286 Жарлыгы менен 2016-жыл “Тарых жана маданият жылы” деп жарыяланганына байланыштуу  КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия сынак жарыялайт.

1.2. Сынакка  республика боюнча жана чет өлкөдө жашаган 16 жаштан 35 жашка чейинки калемгерлер катыша алышат.

 

  1. Сынактын максаты:

2.1. Мамлекеттик тилди колдонуу чөйрөсүн кеңейтүү, жаш калемгерлерди колдоо      жана аларга дем берүү, энелерди даңктоо.

 

  1. Сынакка катышуу шарты:

3.1. Ар бир автор мурда сынакка катышпаган бир ыр жөнөтө алат;

3.2. Чыгарма “Эне” темасында болуусу шарт;

3.3. Чыгарманын көлөмүнө чек коюлбайт;

3.4. Чыгарма Times New Roman 14 арибинде болуусу шарт;

3.5. Сынактын катышуучусу чыгармасы менен бирге өмүр баянын, эркин формада түшкөн сапаттуу сүрөтүн (электрондук вариантта), байланыш номерлерин, паспортунун көчүрмөсүн тапшырууга тийиш;

3.6.Чыгармалар электрондук вариантта кабыл алынат.

 

  1. Сынакты өткөрүү шарттары:

4.1. Чыгармалар 2016-жылдын 26-апрелине чейин кабыл алынат.

4.2. Конкурстун жыйынтыгы май айында Эл аралык Энелер күнүнө карата чыгарылып, сыйлыктар тапшырылат.

4.3. Сынакка катышкан чыгармалар калыстар тобуна купуя ысым менен тапшырылып, жыйынтык чыгарылат.

4.4. Сынакка катышууну каалагандар электрондук почта аркылуу жөнөтүп же Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын кеңсесине электрондук вариантта алып келүүсү керек.

4.5. Сынактын жеңүүчүлөрүнө баалуу белектер тапшырылып, мыкты деп табылган чыгармалар жыйнак болуп чыгарылат.

4.6. Сынак Энелер күнүнө карата жыл сайын өткөрүлүп турат.

 

  1. Сынакты уюштуруу:

“Менин энем” сынагынын жобосу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын mamtil.kg сайтына жайгаштырылат.

Өнөктөштөр: ЖМК, Жазуучулар союзу, Эл аралык “Нурборбор” чыгармачылык академиясы

Байланыш телефону: 0312 31 57 73, 0551 99 65 17

Эл.дарек: meninenem@mail.ru

Дареги: Бөкөнбаев көчөсү 182, 2-кабат

«Mamtil.kg», 28.03.2016-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.