Кыргыздын кызыл туусун желбиретип

Редакциядан: Эгемен өлкөбүздү дүйнөгө таанытар эн белгилеринин бири – бул Мамлекеттик Туу. Улуттук майрамыбызды тосуп жатып, ушул рухий дөөлөт жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Туусунун, Бишкек шаарынын Гербинин авторлорунун бири, белгилүү этнопедагог Сабыр ИПТАРОВдун түшүндүрмөсүн окурманга жеткирип коюуну туура таптык. Арабыздан эрте кеткен замандашыбыз улуттук Туунун мыкты идеологу, нукура элдик философ эле…

Тарыхый тамыр, улуттук уӊгу

Кыргыз Республикасы эгемендик алгандан кийин Кыргыз Республикасынын жаӊы мамлекеттик символдорун (желек, гимн, герб) иштеп чыгуу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊеши 1992-жылы ачык конкурс жарыялаган. Конкурска бардыгы болуп желектин, гербдин жана гимндин 1000ден ашык варианты келип түшкөн.

Аларды тандап алуу үчүн Жогорку Кеӊештин депутаттарынан жана адистерден турган атайын жумушчу комиссиясы иштеп (бардыгы 50дөн ашык адам), коомчулуктун пикирин эске алуу максатында бардык варианттар КР Мамлекеттик сүрөт музейинде бир айлык мөөнөткө көргөзмө-талкууга коюлган.

Ошондон кийин гана жумушчу комиссиясы коомчулуктун пикирин эске алуу менен 2 ай бою тийиштүү варианттарды талкуулап, тандап алынган варианттарды Жогорку Кеӊештин кароосуна койгон.

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик желеги 1992-жылдын 3-мартында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊеши тарабынан кабыл алынган. Желектин авторлору: Э.Айдарбеков, Б.К.Жайчыбеков, С.Иптаров, Ж.Матаев, М.Сыдыков.

 

Тууда чагылдырылган символдор

Мамлекеттик желек – элибиздин рухий дөөлөттөрүн, тарыхый басып өткөн жолун, эстетикалык татымын ж.б. чагылдырган символ. Желектин үлгүсүн иштеп чыгууда эки маанилүү нерсеге көӊүл бурулган: А. Желектин түсү кандай болуш керек? Б. Желекте кандай белги (символ) чагылдырылышы керек?

Желектин түсүнө токтолууда үч негизги булак чечүүчү ролду ойногон: 1. Элдик санжыра; 2. «Манас» эпосу; 3. Реалдуу тарыхый чындык.

1. Элдик санжыра боюнча кыргыздын ар бир уруусу өз желегин көтөргөн. Ар бир уруунун өз урааны, тамгасы болгон. 14-15 к. үч чоӊ уруу бирикмеси түзүлгөн: Оӊ канат, Сол канат, Ичкилик. Канатка кайсы уруу жетекчилик кылса, туу, ураан, тамга ошого жараша өзгөргөн. Элдик санжырада Оӊ канаттын туусу – көк, Сол канаттыкы – ак, Ичкиликтики – кызыл болгон деп айтылат.

Оӊ канатка (Ак уул) – адигине багыш, моӊгуш, азык бугу, солто, сарыбагыш, моӊолдор, кара чоро, саяк ж.б. уруулары кирген. Урааны – жаӊкороз, туусу – көк асаба болгон. Бул түс Кыргыз ССРинин туусунда камтылган. Т.Сыдыкбеков «Көк асаба» деген роман жазган. Ал санжырачы Белек Солтоноевдин «Кызыл кыргыз тарыхы», окумуштуу Сабыр Аттокуровдун «Кыргыз санжырасы» деген эмгектеринде кеӊири тастыкталат. Бул түс Манастын чоросу Чубакка таандык сыпатталат (минген аты Көгала (Көк+ала). Ал – намыскөй, өжөр, тайманбаган (көк) баатыр.

Сол канатка (Куу уул) – басыз, жетиген, кытай, мундуз, кара багыш, саруу, кушчу, кылыч тамга ж.б. уруулары кирген. Урааны – көмөк, кийин каратал, тамгасы – кашка таман, туусу – ак болгон.

Ичкилик уруу бирикмесине – абат, бостон, жоо кесек, кесек, нойгут, тейит, канды, дөөлөс, найман, кыпчак, оргу ж.б. уруулар кирген. Туусу – кызыл болгон.

2. «Манас» эпосу. 1856-жылы Ч.Валиханов Ысык-Көлгө келип Көкөтөйдүн ашын жазып алат. Көкөтөй уулу Бокмурунга керез айтат. Манаска, Кошойго жаш Айдардан кабар жиберет. «Антын сактап келбесе, журтун журттап келбесе, таарынбасын өзүмө, көрүнбөсүн көзүмө. Айчыгы алтын кызыл туу ордосунда көрсүн де». Манаска келсе ал «алтын танап, ак чатыр, асмандата тигиптир, күмүш танап, көк чатыр көкөлөтө тигиптир, ала байрак, куу найза, жоодураган кырк чоро, он эки таман ордо атып, оюн-күлкү салыптыр». Бул текстте 7-8 жолу кезигет.

С.Орозбаков менен С.Каралаев айткан «Манас» эпосунун варианттарында Манастын туусу ар кандай түстө: «ак», «көк», «кызыл» деп айтылат. Анын ата-бабаларынан мурастап алган уруулук жана хандык туусу бардык варианттарда «айчыктуу кызыл туу» деп айтылат. Айчык – туудагы айдын элесин берген белги. «Айчыгы алтын кызыл туу, Оболотуп аштады, Тойду Жакып баштады», «Ак асаба, кызыл туу, Айгайлаган ызы-чуу. Көк асаба, кызыл туу, Көк жаӊырган ызы-чуу» ж.б.

3. Чыныгы реалдуу тарыхый булак. Биринчи кыргыз тарыхчысы Белек Солтоноев бүт кыргыз санжыраларынын негизинде «Кызыл кыргыз тарыхы» деген китеп жазган. Кыргыздар мамлекеттүүлүккө Октябрь революциясынан кийин ээ болду. А.Орозбеков, Ж.Абдракманов, Б.Исакеев, Т.Айтматов, И.Раззаков ж.б. башында туруп кабыл алынган Кыргыз ССРинин (1936-ж.) туӊгуч мамлекеттик желегинин негизги түсү кызыл болуп, ортосунда көк жана ак тилкелери болгон. Желектин жогорку сол бурчунда сары түстөгү ашташкан орок-балка, андан жогору беш жылдыз тартылган. Улуу Ата Мекендик Согуштагы Жеӊиштин туусу кызыл болгон. Кыргызстан эгемендүүлүккө ээ болгондо (1992-ж.) Манастын кызыл туусу кабыл алынган.

Ага ааламдын түркүгү – Күндүн, адамдын түркүгү – Түндүктүн элеси түшүрүлгөн. Күндөн чачыраган 40 нур («кырк гуз» – кыргыз) кырк уруудан куралган кыргыз элин билдирген. Нурлар наристенин колдоочусу болгон Умай эненин символун билдирген кыргыз оюму менен берилген.

 

Туудагы түстөр жана символикалык белгилер

Ак түс – акыйкаттыктын, айкөлдүктүн, адилеттиктин, жакшылыктын, кечиримдүүлүктүн, тазалыктын символу. «Манас» эпосунда Манас атабыздын ичи да, тышы да ак түс менен сыпатталат (ак пейил, ак жүрөк, ак көӊүл, Ак кула, ак олпок, ак келте, ак шумкар, ак кементай ж.б.) Элибизде ыйыктык «ак» деген сөз менен туюнтулат (Жараткандын бир аты – Ак, ак – эненин сүтү, ак – ыйык азык, ак бата – ыйык бата ж.б.).

Көк түс – ай-ааламдын, асмандын, чексиздиктин, күчтүүлүктүн, кайраттуулуктун, эрктүүлүктүн, тайманбастыктын символу. Көк Теӊирге (көккө) сыйынуу – элибиздин рухий ишенимдеринин туу чокусу. Ак-көктү айра таануу – акыл-эске толуу, турмушту түшүнүү ж.б.

Кызыл түс – бийликти, жеӊишти, кубаттуулукту, берекени, бакубаттыкты, салтанатты сыпаттаган түс. Хан көтөрүлгөндө ага арнап атайы кызыл кийим тигишкен.

Күн – өмүрдү, түбөлүктүүлүктү, мээримдүүлүктү, айкөлдүктү, күнөстүүөлкөбүздү, илим-билимди, бейпилдикти, теӊчиликти, жылуулукту туюнтат. Тарыхый булактарда Гунндар (Күн балдары) – кыргыздын түпкү аталары делет.

Кырк нур – кыргыз этнонимин (кырк+гуз), кыргыз элин түзгөн кырк урууну туюнтат. Нурлар наристенин колдоочусу болгон Умай эненин символун туюнткан кыргыз оюму менен берилген.

Түндүк – көчмөн маданиятын, өз алдынчалыкты, ынтымак-биримдикти, өнүгүп-өсүүнү, ата салтын, эне адебин, үй-бүлөнү туюнткан символ. Түндүк – Кыргызстандын визиттик карточкасы, ата-бабадан мурастап алган мөөр-тамгасы. Ал эч бир өлкөнүн символунда жок, уникалдуу, ыйык таберик. Күн түндүктөн чачыраган 40 нур 40 уук катары да элестелип, алар бир түндүктүн айланасына баш кошуп, бир түндүктү – Кыргызстанды – көтөрүп турган көп улуттуу калктарды да элестетет.

Философиялык мааниде түндүк – «төгөрөктүн төрт бурчу» деген ой-туюмун чагылтып, ааламдын, жер шарынын, адамзаттын, коомдун бүтүндүгүн, мезгил менен мейкиндиктин ажырагыс биримдигин сыпаттап турат. Айлана – башы-аягы жок мезгилди, ашташкан чамгарактар – дүйнөнүн төрт тарабын туюнтат.

Ааламдын куту – Күн. Адамдын куту – Түндүк. Аалам адамга түндүк аркылуу кут тартуулайт. Күнтүндүктүн символикасы – Жараткан ар дайым Жарандарга ырайымдуу болуп, нурун төгүп, Жарандар ар убак Жаратканды эстеп, жадынан чыгарбай жүрсүн деген үмүт-тилектин белгиси.

Ч.Айтматов жазгандай, кыйыр-чеги жок кеӊ ааламдын койнунда, булуттуу көктүн астында, булаӊгыр жердин үстүндөөзгөрүлбөс, оошпос, бузулбас, жешилбес, сынбас, бүлүнбөс эч нерсе жок. Жасалган нерсенин баары сынып, кайра жасалат, кайра сынып, кайра жасалат. Ай-ааламда түбөлүк турган аз гана нерсе бар.

Төбөдөгү Күн түбөлүктүү. Күндү жандап, күн менен ай ортосунда каалгый тынымсыз сапар чеккен Жер түбөлүктүү. Күн менен жерди койнуна батырып, алмуздактан аман алып келаткан Көк түбөлүктүү. Ушулардын маани-маӊызына жетип, кадыр-касиетин туя билген адам түбөлүктүү. Мамлекеттик желекте мына ушундай улуу идеяларды камтыган символдор чагылдырылган.

Көрүнүп тургандай, мамлекеттик желектеги түстөр жана белгилер – элибиздин улуттук рухий дүйнө таанымынан, тарыхый басып өткөн жолунан, эстетикалык көркөм татымынан келип жаралган символдор. Алардын мамлекеттик желекте айкалышта чагылып турушу бул дөөлөттөрдүн көөнөрбөстүгүн, ыйыктыгын жана элибиздин өткөндү унутпай, келечекке ишенимдүү карагандыгын көрсөтөт.

Желек – адамдын руху сыяктуу нарктуу, дили сыяктуу таза, жүзү сыяктуу көркөм болушу керек. Ал санжыраны, эпосту, тарыхый чындыкты жуурулуштуруп, калайык калкты ынтымакка, биримдикке чакырып, көзгө сүйкүмдүү көрүнүп, сыймыктантып турган рухий жана материалдык ыйык таберик болууга тийиш.

Ал уруктун, уруунун, канаттын, аймактын эмес, улуттук мамлекеттүүлүктүн символу болгондуктан, андагы ар бир элемент, түс, символ өлкөнүн жарандарын жерине, тегине, динине, тилине, улутуна бөлбөй, бүткүл элди баш коштуруп, аларды ушул өлкөнүн жараны экендигине сыймыктантып турушу керек. Мындай руханий улуу сабак «Манас» дастанында таасын чагылдырылган: ар түрлүү уруулар биригип, бир элди түзөт, ар башка элдин уулдары (Манас менен Алмамбет) эмчектеш бир туугандар болот ж.б.

Мамлекеттик желек бардык мамлекеттик мекеме, уюмдарда, ар бир айыл өкмөтүндө, райондук, шаардык, областтык мамлекеттик администрацияларда, министрликтер менен ведомстволордо, Парламенттин жана Өкмөт үйүнүн имараттарында көтөрүлүп турат. Ал өлкөнүн Борбордук аянтында, бардык областтардын жана райондордун борбордук аянттарында көтөрүлүп турат. Өкмөт башчысынын Жардыгы менен атайын Мамлекеттик желектин күнү белгиленген.

 

Мекенчилдик – биримдиктин тиреги

Учурда мамлекеттик символдорго болгон мамиле улам тереӊдеп, бийиктеп, аларга урмат-ызаат көрсөтүлүп, өзгөрүп барууда. Ошону менен бирге эле эл ичи бөлүнүп-жарылып, деструктивдүү күчтөрдүн таасири да улам күчөп баратат. Коомдо кайдигерлик, ындыны өчүү, үмүтсүздүк синдрому менен бирге эле агрессивдүүлүк, баскынчылык, зордук-зомбулук, таш боордук көрүнүштөр да тамыр жаюуда. Коом элди бириктирүүчү, келечекке мобилизациялоочу күчкө, идеяга суусап турат. Ал арада ар түрдүү уюмдар, топтор, бирикмелер, ички-тышкы күчтөр коомго өз акыйкатын таӊуулап, өз кызыкчылыгын ишке ашырууга көшөрө аракеттенип жатышат.

Дал ушундай жагдайда Мамлекеттик желек элди баш коштуруп, бириктирүү, данакерлөө касиетине эгедер болушу мүмкүн. Себеби, ал ар убак коомдун эӊ бийик, эӊ ыйык кызыкчылыгын, эӊ асыл ой-санаасын, эӊ таза үмүт-тилегин, чыныгы көөнөрбөс дөөлөттөрүн чагылтып турат. Бул кадам аркылуу өлкөбүз жаӊыча өнүгүү жолуна түшүп, эл ичинде бейпилдик, тынчтык орноп, жан дүйнөбүздө жакшылыктын үмүтү жанса, анда анын акыбети кайтканы ошо. Эгер андай болбосо, ар бир партия, ар бир уруу, ар бир аймак, ар бир коом өз желегин көтөрүп, чар учкандай тымтыракайыбыз чыгып, өлкөнүн бүтүндүгүнө жана биримдигине доо кетери турган иш. Биздин оюбузча, Манас атабыздын «Үзүлгөндү улайлы, чачылганды жыйнайлы» деген урааны бул иштин негизги жетектөөчү идеясы боло алат.

Мамлекеттик желек бүткүл элди, коомду ичтен бекемдеп, бириктирип, жеке, тар кызыкчылыктан, уруулук, диний, аймактык ж.б. бөтөнчөлүктөн жогору турууга жардам берип, жалпы элдик, улуттук сыймыкты, ар-намыстуулукту, адеп-ыйманды, акыл-эстүүлүктү, сабырдуулукту ойготууга кызмат кылышы керек.

Желектин авторлору депутаттарга, коомчулукка ар кандай кыргыз тууларынын (кызыл, ак, көк) тарыхый, маданий, эстетикалык, психологиялык негиздемелери тууралуу кеӊири түшүндүрмө берип келишүүдө. Мамлекеттик туунун түсү тууралуу кыйчалыш жагдай түзүлгөндө, «Манас атабыздын хандык туусун көтөрөбүз» деген идея кубаттоого ээ болуп, кызыл туу «легендарлуу парламенттин» бүт 350 депутатын баш коштуруп, бөлүнүп турган элди бириктирген.

Кызыл туу эгемендүүөлкөнүн туӊгуч туусу катары Ак үйдөн баштап бардык мамлекеттик мекемелердин үстүнө илинди. «Манастын» – 1000, Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн – 2200, Ош шаарынын – 3000 жылдык мааракелеринде, Баткен окуяларында, 2005-жылдагы март жана 2010-жылдагы апрель окуяларында, 20 жыл бою элге ак кызмат кылып, эркиндикке, адилеттикке, эрдикке үндөп келди.

Бул туу Ч.Айтматовдун, шейит кеткен баатырлардын табытына жабылды, Кыргыз спортунун ийгиликтерин дүйнөгө даӊазалады, Салижан Шарипов тууну космоско сайып келди. Ал Бириккен Улуттар Уюмунда, бүт дүйнөдөгү эл аралык уюмдарда, элчиликтерде ж.б. желбиреп турат. Өлкөнүн бүткүл окуу китептерине, энциклопедияларга, акчага, паспортко, бланктарга ж.б. түшүрүлгөн. Айылдык, поселкалык, райондук, шаардык, республикалык кеӊештердин депутаттарынын төш белгилери жасалган. Кызыл туу өлкөнүн Куралдуу Күчтөрүнүн ырасмий туусу катары бекитилген. Андыктан, бул туунун тарыхтан алган өзүнүн өчпөс өз орду бар. Аны унутууга эч кимдин акысы жок.

Мамлекеттик туудагы ар кандай түстөр, элементтер жана символдор элибиздин тарыхый, социалдык, рухий жана көркөм-эстетикалык маданиятына негизделгендиктен, алар элибиздин дүйнө таанымына жана жан дүйнөсүнө тереӊ сиӊген символдорго жатат. Алардын мамлекетибиздин туусунда айкалышта чагылып турушу – ата-бабалардын арбагына, элдин байыркы ишенимдерине жана өлкөнүн ачык, бейпил, бакубат келечегине болгон ишенимди бекемдебей койбойт.

Сабыр Иптаров, этнопедагог,
КР мамлекеттик туусунун автору,
«Кутбилим», 04.03.2016-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.