Тарагайдан жалп өчкөн өмүрлөр (Үркүнгө 100 жыл)

Жаманак ата Карымшак уулу 90 жашта. 1926-жылы азыркы Нарын районундагы Чет-Нура айылынын өрдөшүндө туулган жана азыр дагы аталган айылдын кире бериш ыптасында балдары, небере-чөбөрөлөрү менен бактылуу карылыкта өмүр сүрүүдө. Карыя кылым илгери болуп өткөн кайгылуу капсалаңдын капшабы азыркы Нарын районунун жогорку айылдарына жетип, бир нече түтүн элдин качкандыгы, алардын барган жериндеги кезеңдери тууралуу улуу муундардан уккандыгын бизге атайын жолугуп, айтып берди. Анда аксакал карынын эскерүүсүнө кезек берсек.

– Биздин аталарыбыз үркүп Тарагайга көчүшүп, Үзөңгү-Кууш тарапка кеткен Караколка деген чөң өндүр бар экен, ошол жерге аз эле түтүн барып туруп калышыптыр,-деп кеп баштады карыя. Ал жерден Малай, Матай, Мамбетакун деген аталарыбыз, дагы келе жаткан кишилер бар бекен деп жол чалып арт жакты акмалап турушчу экен. Ал эми Түркмөн аттуу баштаган эл Кең-Татыр деген жерге барышып, олтурукташып калышат. Бир күнү ошол жерге он чакты орус солдаттар келип кечүүгө киргендигин Түркмөн көрөт. А киши чоң мергенчи адам болгон экен. Азыр баарысын атам дегенде, кемпири «кой, артынан келгендери болсо балдарды калтырбай кырып салышат»,- деп аттырбай коёт. Бирок Түркмөн суудан кечип чыгып барганда эле аны атып өлтүрүшөт. Аларды көргөн Мамбетакун карагайларды аралай качып кетет. Малай менен Матай экөө байкабай жолдон чыга калышканда, солдаттар көрүп калышат. Солдаттарды Кирдибаш деген киши ээрчитип жүргөн экен. Анан «айылыңар кайда»,- деп сурашканда айылды билбейбиз дешет. Билбесеңер мына анда деп экөөн тең ошол жерден атып салышат. Мамбетакун чапкылап айылга барып, кабарлайт. Ал жерден Деркенбай деген бабабыз жөнөп, карагайдан өткөндө солдаттарга кабылат. Андан дагы «эл кайда, айылыңар кайда» дешкенде, бул жакта деп тетири ээрчитип жөнөйт. Жолдон келе жатып бир тууган агасы Малайдын, берки Матайдын өлүп жаткандыгын көрүп, аттан түшүп бакырып-өкүрүп басып жыгылат. Ошондо орустар Деркенбайды да атышат. Бирок ок оң жак ийининин алдындагы булчуңун көзөп кеткен экен. Анан көмкөрөсүнөн эле жыгылат өлгөн немедей. Деркенбайды дагы өлдү дешип, солдаттар кайра бурулуп мындайраак бастырып калышканда Кирдибаш «эмелеки атылганды өлдү дейсиңерби, ал өлгөн жок».- дейт. Кайра кайрылып келишип штык менен сайганда Деркенбай чыдабай тура калганда кайра-кайра атышып Деркенбайды дагы өлтүрүшөт. Айылдагылар Деркенбайдын кечигип келбегендигинен тестиер балдарды кыр-кырларга чыгарып, кароолго жиберишет. Алар карап турушса, солдаттар өзөн менен бойлоп, көлдү көздөй ашуудан ашып кетишет. Калган эл өлгөндөрдү алып барышып, бир мүрзөнүн чарасын чоң казып, Деркенбай менен Малайды бирөөн бир жагына , экинчисин бир жагына, Матайды өзүнчө мүрзөгө жанына коюушат. Анан эл: «эми кандай кылабыз, Кытайга ашабызбы же башка Журт которолубу»,- дешип эмне кылышаарын билбей турган кездеринде ичкериден эмгекчилдик Чыңгыш ажы деген тууганыбыздан чабарман келет. Ал киши орустун бир кызын багып алып, келген солдаттарга «биякта орус кыз бар. Тийбегиле бияктагы элге»,-дегенде солдаттар кайра кайтып кетишчү экен. Ошол Чыңгыш ажынын чакыруусу аркылуу калган эл кайра көчүп келип туруп калышыптыр. Ушул кептерди бизге жаш кезибизде Түмөнбай деген акебиз ыңгайлуу жерлерден айтып берчү. Анан менин дагы бир окуяга күбө болгон жайым бар.

1963-жылы Үзөңгү-Кууштан биздин колхоз жер алабыз деп 4 короо кой ирик кетирген. 1964-жыл жаңырганда жаныбар айынын он бештеринде Тарагайга жардам берүү керек деген радиограмма келиптир. Малды көрүп, тоют жеткирүүгө мени дагы кошо жөнөтүштү. Бирден айгыр жетелетип, аркан жипти камдатып, Тарагайдан жем жүктөп, Үзөңгү Куушка жеткирмей болдук. Бизден жети киши жүрүп отуруп Кең-Сазга барсак, аркы өйүздөн он чакты адам да бара жатышкан экен. Эртеси Тарагайга жетип, ал жерден аттарды эки күн өргүтүп алып, түнкү саат ондо Үзөңгү-Куушка жөнөп, таң атканда Көбүргөнтүнүн белине чыктык. Ал жердин күн чыгышка кеткени Үзөңгү-Кууш, күн батышка кеткени Ак-Сай жак болуп калат экен. Биздин ириктерибиз кыштаган Чоң Туура-Суу жана Кичи Төө-Куйрук деген жерге туура бир сутка жол жүрүп, түнкү саат ондо бардык. Мен жөнөп жатканда аялым толготуп калган. Кетеримде мал жайлуу болсо Жаманакты кайра жибергиле деген тапшырма болгон. Анан мен үч түнөп алып, кайра кайтмай болдум. Күзүндө мал айдашып барган Асан деген киши кайра келе албай ошол жерде калыптыр. Жетелеп барган айгырды ага мингизип алып, экөөбүз бастырдык. Жагалмай деген жерге келгенде кеч кирип калды. Кудай жалгап ал жерден эки чатырга кез келип, ушул үйгө жаталы деп бурулсак, кыштагандар көлдүк бапалар экен. Биз токтогон үйдө жаш жигит, колуктусу жана жетимиштердеги бир абышка бар болуп чыкты. Көрсө малды уул келини асырап, атасы алардын акыбалын көргөнү келиптир. Отуруп сүйлөшүп калганда эле ал абышка бизге куда болуп калды. Биздин Чабалдай уруусунан Мусакун дегендин Аяткан аттуу кызын ошол малчы баласы алып, ал кызыбыздын колунан чай ичип калдык. Ошондо ал аксакал мындай кеп салды.

– Мен Тынымсейиттерге көп бардым. Силердин бир топ түтүн элиңер үркүндө качып, ушул өрөөнгө келип убактылуу байырлаптыр. Анан Малай, Деркенбай, Матай деген жигиттерин атышкан экен. Алардын сөөктөрү тээ өйдөрөөк кашатка коюлат. Кийин ошол мүрзөлөрдүн алдынан чоң булак агып чыгып, бир мүрзөсүнүн үстүнө чоң карагат өсүп чыгат. Бара-бара малчылар барып сыйынып, төрөбөгөн келиндер барып түнөп, булак суусунан ичип төрөгөндөрү да болуп атат,-дегенинен, мен ал адамдардын тукумдары болобуз, биз да чет-чекеберин укканбыз,-деп, эртеси баралы дедим.

– Азыр эми ал жерге барганга жол жок. Жайында келсең туура болот,-деди абышка. Ошентип айылга келип Керим, Токтобек деген атылгандардын балдары бар эле, аларга уккандарымды айттым. Анан жай маалда баралы деп сүйлөшүп, бирок чолоо тийбей бара албай калдык. Мен 1964-жылы күзүндө козу алып, Орук-Тамга кетип, көп жыл мал багып жайы-кышы менен бошогон жокмун. Көрсө тигилер дагы бара алышпаптыр,-деп баянын аяктады 90 жаштагы Жаманак ата.

Баарлашып, эскерүүнү кагаз бетине түшүргөн Күмөндөр УСУПТЕГИН,
«Эркин тоо», 04.04.2016-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.