Алыкул Осмоновдун арзуусу

Жаманынан жүрөктү эзген оору алып,
Жакшысынын кадырына жетпедим…
(Алыкул)

Cүйлөшкөнгө эби жок, тогологунан келген комсоо бала Алыкул Осмонов тууралуу канчалаган эскерүүлөр жазылбады. Сөзгө сараң, түнт, ойчул Алыкулдун сүйүү ырларына себепкер болуп, легендарлуу каарманга айланган бизге белгилүү сулуулар тууралуу эскерүүнү туура таптык.

Алыкулдун арманы болгон Айдай Жигиталиева

alykul_aydayАйдай Жигиталиева – акындын өмүрүндө, ырларында өзгөчө изи калган аялзаты. Айдай – Айдай дегендей эле мээримдүү сүйлөгөн, мүнөзү туруктуу, кийими да жарашыктуу, ажарлуу кыз эле. Ата-энесинин жалгыз эркеси экендигине карабастан, бой көтөргөндү, менменсинүү дегенди деле билчү эмес деп эскеришет көргөндөр. Ал кезде кызга ашык болгон Алыкул али жетиле элек кара тору боз бала, акын катары да аты тааныла элек. Замандаштары Алыкул менен болгон Айдайдын мамилесин жөн гана пикирлеш, көз караштары бир теңтуш курбулардын мамилеси деп баалаганы менен акындын 1937-жылы жазылган сырты чаар кичинекей жука дептерге жазылган күндөлүгү Айдайдын да акынга кезегинде кайдыгер карабагандыгын далилдейт. Андагы бир гана сүйлөм көптү айтып тургансыйт: “ А. менен жолуктум. Сагынычтуу сөздөр көп эле”. Мындай жылуу сезимге, кээде таарыныч, ызага толгон сүйлөмдөр күндөлүктө көп. Күндөлүктүн бир жеринде “Айылга жеткирдим (Айдайды). Жолдо келе жатып сууга түшөм деп эки күн ооруп калдым” деп жазылат. Алгачкы махабаты катылган бул дептерди акын өмүр бою сактап жүргөн. Андагы сезимдердин сегиз айга созулганын январда башталган күндөлүктүн август айында бүткөнүнөн улам баамдоого болот.

Алыкул менен Айдайдын мамилеси тууралуу көп түркүн божомол кептер айтылат. Алардын биринде элдин ошол кездеги каада-салтына ылайык, кызды ата-энеси башкага кудалап бериши эки жаштын тилегине кедерги болгону да айтылып жүрөт. Кептин чындыгы бардай. “Алыкул, менин тагдырымды эне-атам мурда эле чечип койгон. Аларды кыя албайм. Биз түбөлүктүү боло албайбыз. Кечир. Аман бол. Айдай.” Ушул кат бул божомолдун чындыгын далилдеп тургансыйт. Алыкулдун теңтушу Макешов бул катты өзү окуп күбө болгон.

Алар андан кийин да жолугушканы айтылат. “Алыкул менен Айдай кайрадан эки ача терек түбүндө жолугушту. Алар бийик дөңгөч үстүндө, бак саябанында Ай чыкканча отурушту. Шор маңдай, ызалуу кеткен Алыкул муңайым, сабырдуу кайтты” деп эскерет сырдаш досу. Акындын өмүрүнө өзгөчө из калтырган Айдай биринчи төрөтүнөн бир айдан кийин көз жумат.

 

Алыкулга жар болгон Зейнеп Сооронбаева

alykul_zeynep1939-жылдын кышында Кыргыз ССРинин адабияты менен искусствосунун биринчи декадасын Москвада өткөрүүгө даярдык жүрүп жатты. Ошондой иш чаралардын бири өтүп жаткан “Москва” клубундагы зал толгон элдин арасында кайда отураарын билбей элеңдеп калган кызды кара тору өңү серт, бирок, жылдыздуу жигит жанына чакырды. “Алыкул экенин кайдан билейин. Таанышып, сүйлөшүп калдык. Көрсө, Алыкулдун достору күн мурун сөз бышырып, орундук камдап коюшкан турбайбы. Алыкулдун атагын угуп жүрчүмүн. Окуумду, студенттик күндөрдү сурамжылап, “мен сени тааныйм, педтехникумда оюнга катышчу эмес белең, агаң менен чогуу жүрчү элем” деди. Анан тааныша элек жатып эле кече аяктайын деп калганда “турмуш курбайлыбы?” деп оюндагысын ачык айтып салбаспы. Кандай неме деп так секирдим. Жашым араң 16да болсо, окуум жүрүп жатса, турмушка чыгууну кайдан ойлоном? Ошентип, ал жыл өтүп кетти. Кийинки жылы Алыкул Москвага дагы келди. Ал кышкысын дем ала турган. Ымалабыз ачыла түштү. Арнап бир жоолук алган экен, “эми колуктум деп жүрөйүн, салынып кой” деп өтүндү. Москвадан Фрунзеге келген соң 1941-жылы күзүндө, согуш башталган учурда баш кошуп, вокзалдан алыс эмес жердеги эки кабаттуу үйдө жашап турдук. Ошол үйдө Т. Үмөталиев. Т. Сыдыкбеков, К. Баялиновдор жашашчу. Чакан, эки бөлмөлүү үйүбүз көз кубандыргыдай ыңгайлуу эле. Өзгөчө төркү бөлмөбүзгө тагылган ак, үлпүлдөк терезе парда, жашыл түстөгү жарык калкалагыч (абажур), андан төгүлгөн жумшак, көгүш-бозомук нур бөлмө ичине кандайдыр башкача түр берип, сыйкырдуу да көрсөтчү. Ушул бөлмөдө кагаз жыйылган чоң жазуу үстөлү турар эле”. Зейнеп Сооронбаеванын эскерүүсү ушинтип башталат. Алыкул менен Зейнептин сырткы турпаттары, кулк-мүнөздөрү да коошпой турчу. Бирөө унчукпас, өзүнчө бир сырдуу аалам, экинчиси ачык мүнөз, шайыр, жайдары жүргөн жан эле.

Алар алгачкы айларда не сонун учкул кыялдарга батышчу! Айрыкча күн батып бараткан, айлана дымыган күзгү кечтерде “бу курган согуш бүтсө эле Ысык-Көлгө көчүп кетебиз, ошол жакта жашайбыз” деген бүтүмгө келишчү… Ушундай бактылуу үй-бүлөнүн ыйкы-тыйкысына акындын түнттүгү, кызганчаактыгы себеп болгондой. Искусство иштери боюнча республикалык башкармада театр бөлүмүнүн улук инспектору болуп иштеген келинчегинин кеч келип эрте кетүүсү, айрыкча, кээде жаңы коюлган спектаклден кийин аны талкуулоо үчүн түнкү 1-2лерге чейин кармалып келген кездер акынды таптакыр чегине жеткирген. Эки жаш элдешчү, кайра урушчу; урушчу, кайра элдешчү… Кээ бир түндөрү таңды аппак атырып, мамилелерин «аныктоо» менен түн өтүп кетчү. Анан Зейнеп акындын ичин тарытып кайрадан жумушка кетчү. Кайра баягы…

Ошол учурда кызы Жыпар төрөлөт. Чынында эле кызы төрөлгөндөн кийин үй-бүлөгө кандайдыр жылуулук кирди. Алыкул кубанганынан уктабай чыгат. Аялынын, кызынын абалын сурамжылап, төрөт үйүнө нечен келип, нечен кетет.

Бактылуу ата-эне адегенде кызга ысым таппай кыйналды. Алыкул кызына угумдуу, кооз, ошону менен бирге мааниси жетимдүү кыргыз ысмын койгусу келди. Акыры эң сонун ат тапты – Жыпар!

Бирок, аттиң… бул кубанчы узакка созулбады. Төрөт үйүнөн суукка урунган Жыпар бар болгону 15 күн жашады. Зейнеп: “Эсимде, кызын колуна көтөрүп чыгып, көрүстөнгө жашырып келген соң Алыкул өзүн жоготуп буркурап ыйлады. Төрөт үйүн, өз ишине ат үстүнөн караган врачтарды урушуп, сотко берем деп оолукту. Эптеп жатып тынчыттым. Алыкул ошондон кийин узак убакыт иштей албай койду” деп эскерет ошол кайгылуу учурду. Кайрадан уруш, пикир келишпөө башталды. Кээде театрга чогуу барып, эми эле күлүп турган акын заматта өзгөрүп, аялы менен бир орунда отурууну каалабай үйдү карай жолдун эки тарабы менен кайткан учурлар көбөйдү. Андайда Алыкул жума, ай бою аялы менен сүйлөшпөй жүрө берчү.

Акыркы кезде Зейнеп апасыныкына кетип калган адат тапты. Ал кыялында Алыкулду сынап көрөйүн, артыман келээр бекен дейт. Бирок, Алыкул аялынын артынан келчү эмес. Акыры эки жаш ажырашып тынышты. Ажырашкандан кийин бир жолу көчө боюнан, эски өкмөт үйүнүн жанынан Зейнеп Алыкулду көрөт да, байкамаксанга сала караар бекен деп көз кыйыгынан жарын акмалайт. Чын эле Алыкул карап келатыптыр. “Качан токто деп айтар экен, үйгө кетели дээр бекен?” деп ойлогон Зейнеп акындан ишаарат күтөт. Жок, көк акын антпеди. Зейнеп үйгө киргенден бир топтон кийин телефон шыңгырайт да, «мен өз жолум менен келаткам, карады деп ойлобо, сени караганым жок» деп Алыкул трубканы шак коюп коёт. “Экөөбүз мүнөз, көз караш жагынан бөлөк адамдар болуп чыктык. Муну ал да, мен да түшүндүм» деп жүрөгү канап эскерет Зейнеп. Акын балким, ошол түшүнгөнү үчүн арага киши түшүрүп, элдешүүнү каалабаган чыгаар. Ал эми эки жаштын сууган ниет-көңүлүн жакындатууну каалап ортого түшкөндөргө Алыкул «болбойт» деп кол шилтеп коюптур.

Акындын Асанкалый Керимбаев обон жазып ырдап жүргөн “Сулууга” аттуу ыры дал ушул бактысыз сүйүүнүн тарыхы.

 

Алыкулга ашык болгон Жамийла Сулайманова

Сүйдүм сени, сүйүү эрки бар чакта,
Азга жетпей, көптөн куру калсак да.
Алда качан унут калган нерсени
Алек кылып, алсыратып чарчатпа.
Эгер күнүм, мени аясаң азыраак,
Жакындатпа жаш колуңду карматпа.

alykul_jamyilaБул ыр акынга ашык болгон Жамийла Сулаймановага арналган дешет билгендер.

Алыкул менен Жамийла 1945-жылы таанышышкан. Ыр жандуу жаш кыз Алыкулдун ырларына, анан өзүнө ашык болот да, бул сүйүүсүн ушул күнгө чейин сактап келе жатат. Ага Жамийла Сулайманованын акынга жазган каттары, ырлары күбө. “Биз ошол гезитке жарыяланган ырлар аркылуу жолугуштук. Ал мени гезит-журналдарга жарыяланып жүргөн ырларымды окуп атайын издеп келиптир. Алыкул көрсө ошол кезде Ысык-Көлдөгү бизге жакын пасионаттардын биринде эс алып жүргөн экен. Акындын издеп келгенине жетине албай кубанганым эсимде. Ошондо биз мен жашаган батирге жакын жердеги паркка барып сүйлөшүп отурдук. Ооба, ошол күн менин эсимден эч кеткис болуп кандай болсо дал өзүндөй көкүрөгүмдө катылып калган. Жада калса акындын кирпигинин ар бир жолку ирмелиши, дем алганы да күнү бүгүнкүдөй болуп жадымда жатталуу. Ал өтө аз сүйлөйт экен. Анын эриндери жалбырактай жука эмес, бир башкача бөрсөйүп мөлтүрөгөн, эч кимдикине окшобогон сулуу эриндер болчу” деп эскерет Жамийла Сулайманова. Ошол жолугушуудан кийин Алыкул да Ысык-Көлгө бир канча ирет кайтып келип, кызды издеткен. Жаш кыздын жалындаган махабаты түнт, мээримге муктаж акынды кайдыгер калтырбаган чыгаар, ким билет. Тилекке каршы, ал кезде Жамийла эчак туурунан учуп кеткен эле. Бирок, кыз сүйүүсү турмушка чыгуу менен эле көөнөргөн жок. Жамийла акынды издеп Ысык-Көлдөн калаага жөө келгени али да айтылып жүрөт. Турмуш эркине багынып-багынбай жүргөн жаш кыздын үй-бүлөсүн, ата салтын аттап качып чыгуусуна гезит бетиндеги “ыр жазган таланттарды издейбиз” деген кулактандыруу себепкер болгон. Жамийла ушул бир барак гезитти Алыкулга алып келчү маяктай эш тутуп калаага жөө келет. Он беш күн ээн жолдо жүрүүгө улуу сезим гана мажбурлай алмак.

alykul_jamyila_azyrКалаага келип, окууга кирген жаш кыз кийин ар кимден акырын сурамжылап атып Алыкулдун дарегин табат, бирок, батынып барууга даай албайт. Мындай улуу, сүрдүү сезимдер тууралуу Сулайманова: “Ошол көчө, ошол үйгө канча бир ирет айланчыктап келип, алысыраактан акмалап карап тура берчүмүн. Кыялымда канчалык керемет кептерди келиштире кынап, даярдап алганым менен ал жерге келгенимде келмем оозумдан түшүп, жүрөгүм кабынан ыргып кетүүчүдөй ылдам-ылдам кагып, денемди майда калчылдак басып кетчү. Буттарым тушалып, жолдун аркы өйүзүндөгү агайымдын үйү жакты жалдырап карап, жансыз немедей бир далайга турчумун да, кайра артыма кайтчумун” деп жазат.

Жогорудагы көңүл эскерүүлөрүнөн улам бир тараптуу болсо да улуу сүйүү болгон тура деген жылуу ойго келесиң. Буга Алыкул өлгөндө Жамийла Сулайманованын элдин кеп сөзүнөн коркпой кара кийип башында турганы да өзгөчө далил. Учурда токсонго чыгып калган Жамийла апа али да Алыкул тууралуу унутпай эскерип, акынга арнаган каттарын аздектеп сактап жүрөт.

Памирбек Казыбаевдин “Мезгил жана Алыкул” китебинен пайдаланылды. Сүрөттөр Токтогул атындагы музейдин архивинен алынды

Айжаркын ЭРГЕШОВА, “Леди.КГ”

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.