Бийиктикте жөнөкөй жашап өткөн Зуура Сооронбаева

“Астра гүлү”, “Жетимдер”, “Чоочун киши”, “Жапайы розалар”, “Андрей”, “Сынган мазар”… Бул тизмекти окуп жатып сиз бир гана айымдын ысымын эстеп, ар бир аталышты окуган сайын көңүлүңүздө “Зуура Сооронбаева” деген ысым кайталанып турганына ишенем. Бирок, ар бирибиз аталган чыгармаларды жүз кайталап сүйүп окусак да, чыгарманы жараткан адам тууралуу анча биле бербейбиз. Бүт көңүлүбүз чыгармада болуп, каармандарга катарлаш жашап алабыз. Бүгүн 60-жылдардан бери колдон түшпөй окулуп, андан бери жарым кылым убакыт өтсө да өз таасирин жоготпой келген чыгармаларды жараткан, учурда китеби эң көп сатылган автор – Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу Зуура Сооронбаева тууралуу кеп кылабыз.

Салабат Сооронбаев, небере уулу:

– Энем жанымда болбосо дагы анын айткан сөздөрүн бассам-турсам ойлой берем. Көрсө, апам мага мыкты тарбия берип кеткен экен. Өзүбүздүн апабыз эрте каза болуп калгандыктан, биз – неберелери чоң апабыздын колунда өстүк. Энем биздин апабыздын жок экенин эч сездирген жок. Энем “эл менен бирге тамактанганда эч качан дасторконго биринчиден болуп кол салбагыла. Башкалар алгандан кийин гана алардын кантип баштаганын байкап, анан силер дагы ошого жараша тамактангыла” дегенин эстей берем. Азыр ойлосом энем бизди ушундай тарбияга көндүргөн экен. Ал иш бөлмөсүнө киргенде эле биз ээрчишип алып эшикке чыгып, үйгө кирбестен ойноп жүрүп турчубуз. Ал эми үйгө конок келгенде, апама калемдештери келгенде таптакыр сөздөрүнө аралашып, аларга карап олтурчу эмеспиз. Анан апам тамакка олтурганда эмне чыгарма жазып атканын, кандай жерине келгенин айтып берип турчу. Кээде айтып берип олтуруп “кой, жаза коёюнчу” деп тамагын да таштап кетип калчу эле. Сыягы, жаңы нерсе ойлой койсо керек. Мага баарынан жакканы биз эртең менен ойгонгондо сөзсүз түрдө дасторкон жайылып, кызарып бышкан нандарга толуп турчу. Ал эми энемдин наны укмуш эле… Азыр мага ушул нерсе жетишпегендей. Энемдин нанын сагынып, энемдин мээримине куса болуп жүрөм. Ар бир кыймылымды энем айтып кеткен акылга салып кылам. Ушундай тарбия берип кеткенине чексиз ыраазы болом.

 

Жаннат Сооронбаева, небере кызы:

– Апам каза болуп калгандан кийин төрт небереси энебизди “апа” деп калдык. Апам ар дайым биздин апабыздын жок экенин билдирбегенге абдан аракет кылчу. Дайыма элден калтырбай камсыздаганга далалат жасачу. 1994-жылдары аябай кыйналып, жалгыз гана апамдын пенсиясын карап жашап калдык. Элде да оор жашоо болуп жаткан кез эле. Мен студентмин. Күн сууктап калганда апам экөөбүз мага үстүмө жана бутума жылуу бут кийим алыш үчүн базарга чыктык. Мага бир булгаары бут кийим абдан жакты. Бирок, баасы кымбат экен. Кызыгып караганым менен апама алып бер дей алган жокмун. Ошентип, экөөбүз базарды эсибиз оогончо кыдырып, акчабыздын тартыштыгынан улам эч нерсе албай кете бердик. Эртеси мен эски батинкемди кийип окуума кеткем. Апам менин базардан кайсы батинкеге кызыкканымды байкап калган экен, окуумдан келсем үйдө баягы батинке турат. Сүйүнүчүмдө чек жок, ыйлап жибере жаздадым. Апам бизди ушундай жакшы баккан. Кандай кыйын күн болсо дагы эч нерседен кем кылган жок. Ал батинкени апам алып бергени үчүн абдан аяп кийдим. Убагы келип эскирип, кийилбей калганына 15 жылдай болду. Бирок, апамдын мага арнаган белеги катары азыр дагы сакталып турат. Канча жолу “эски батинке” деп ыргытып салайын дедим, бирок, таптакыр колум барбайт.

 

Меңди Мамазаирова, акын, драматург:

– Зуура эже экөөбүз эже-сиңди катары жакын сырдаштардан болчубуз. Жетпей калган сүйүүсү тууралуу айтып берип, Шарип деген ашыгы эжеге арнап жазган ырларын жатка айтып берчү эле. Кайсы жыл экени эсимде жок, Зуура эже экөөбүз “Арашан” жазуучулардын эс алуу үйүнө барып калдык. Ал жактан эже Шарип аганын ооруп жатканын угуп калды. Анан мени ээрчитип алып алган дарек боюнча издеп бардык. Биз кабат үйгө кирип бара жатсак, каш-кирпигинен бери ак баскан аксакал эшик алдында олтурган эле. Ал адамдын Зуура эжени башкача карап жатканын байкаган элем. Коңгуроону бассак бир байбиче эшикти ачты. Учурашып эле “Мен Зуурамын” десе, байбиче кызыгуу менен “Зуура?.. Кайсы Зуурасың?” деп сурап ийди. Алдында жазуучу Зуура Сооронбаева турганын тааныганда байбиче “Бизге эми келдиңби?” деп жашып алды да кайрадан кучак жайып учурашып, шашыла дасторконун жайып эле жатып калды. Анан балдарынан Шарип аганы чакыртты. Сырттан биз карап өткөн ак сакал адам кирип, Зуура эже экөө көз жаш төгүп көрүшүштү. Улутунуп абал сурашып, ыйлашты. Зуура эже атайын арнап алган көйнөгүн кийгизди. Анан эмнегедир аксакал биз менен көп олтурбастан башка бөлмөгө кирип кетти. А байбичеси болсо өмүрлөшүнүн өмүр бою Зуура эжени сүйүп жашаганын, ага жетпегенине арманда болгондугун айтып, тамак жасап берип бизди узатты. Зуура эже ушундай улуу жана туруктуу чоң сүйүүнүн ээси болуп жашады. Бүт өмүрүн жалгыздыкка байлап жашашына дагы ушул адамга болгон таза сезими себеп болгон экен.

 

Сабира апа, Жалил Садыковдун өмүрлөшү:

– Мен Зуура эженин чыгармаларын калтырбай кууп окуган окурманы гана элем. Бирок, тагдыр буюруп кийин эже менен жакшы санаалаш, жакын катыштагы адамдар болуп калдык. Эжени биринчи көргөнүм көз алдымда, 60 жылдык мааракесине камданып жаткан маалында Жалил менен бирге барып калып жанынан алгач ирет көргөм. Тим эле кериле баскан, жарашыктуу кийинген, жагымдуу жүздүү айым экен. Эч ким 60ка чыккан аял деп ойлогудай эмес эле. Ошол таанышуудан баштап биз катыша баштадык. Жалил агаңар ал кезде көлдүн Чоң-Өрүктү деген айылында туруучу эле. Эже биздикине келип калып “ой, өзүңөр айылда турсаңар, анан дүкөнгө нанга чуркаганыңар кандай. Кой, мындай болбойт” деп Жалилди ээрчитип алып огороддон ылайыктуу жай тандап, 200дөй кирпич алдыртып ошол эле күнү Жалилди балдары менен ишке салып баткак ийлетти. Эже ар бир иштин майын чыгара жасаганды жакшы көрүүчү. Топуракты абдан майдалаткан соң ага койдун жүнүн майда кырктырып коштурду. Аралашманы Жалилдин жанына олтуруп алып абдан ийлетти. Анан бир күн ачысын деп ылайды калтырып койду. Эртеси эрте кирпичин койдуруп жасата баштады. Ал күнү заматта тыпыйган көнкө даяр болду. Мен болсо “өмүрү мындайга от калап, нан жаап көрбөсөм эми кантем” деп ичимден кымылдап аттым. Анан эже мени жанына алып нан жабууга керектелчү кол капты тикти, менин санааркап атканымды байкаган экен, “аялсыңбы? Нандын баарын сендей эле аялдар жасайт” деп койду да түнкү 11лерде камырды өзү жуурумай болду. Мени жанына олтургузуп алып үйрөтүп камырды жууруп койду. Анан таңкы саат 4тө мени ойготот… “Нан жакшы болуш үчүн бул маалда бир ийлеп коюш керек” деп камырды ийлеп коюп кайра жатты. Эртеси нанды өзү үзүп жапты. Туура 40 нан чыкты. Ошентип, эже мени нан бышырганга үйрөттү. Ошондо эженин демилгеси менен 2 күндө жасалган нан жапчу көнкөбүз бизге 20 жылга чукул кызмат кылды. Аял милдеттүү иштерди кантип кылыш керек экенин абдан үйрөтчү. Ошондон улам мен эжени “кайненем” деп койчумун. Жалилди абдан жакшы көрчү. Шаарга бир айга келсе, жарым айы биздин үйдө болчу.Эжени жаныбызга алып чет жердин шаарларына бирге саякаттачубуз. Эженин бир баладай таарынчаактык жайы бар эле. Ошондой саякаттарыбыздын биринде эл менен кошо бир тоннелдин ичин көрүп чыгууга кирдик. Эже деги эле жайкалып басат. “Ай, эже, бул жердин эли Зуура Сооронбаеваны тааныбайт. Керилбей батыраак басыңыз” деп койгом тамашага салып. Бир аз басып эле бир нерсеге алаксып кеткен экенмин, жанымдан эжени таппай калдым. Көрсө, бат баскан мындай болот дептир дагы эжем элдин алдына түшүп алыптыр. Артынан “эжелеп” араң жеткем. Бирок, тилин жакшы билгендиктен, мындай таарынычтарын бат эле жазып алчумун.

 

Кайрат Иманалиев, КТРКнын башкы директорунун орун басары, драматург:

– Зуура эжени мен устатым деп эсептейм. Мен мектеп жашынан бери эле жазгандарымды окутуп, кеңешин угуп келгем. Бир жолу Майра Керим кызынын кечесинде эже менен бирге жүрсөм, жазуучулар бул кимиңиз болот деп сурашканда “Кайрат – менин эстээрим болот. Мен өлүп калсам, мени эскерер бирден бир киши ушул” деп айткан эле. Ушул сөзү жүрөгүмдө калыптыр. Мага эженин энедей болгон мээрман мамилеси унутулгус болуп калды. Мени жетелеп ээрчитип алып Жалил Садыковго тааныштырып, “ушу баладан драматург чыгат” деп айткан эле. Кыраакы болгон экен. Ал эми чыгармачылык дарамети, таланты туурасында мен айтпасам да эл билет. Окурмандары менен абдан жакын мамиледе боло турган. Эсимде, эже өзү жазган китептерине өзү ээ боло албай калчу эле. Окурмандары үйүндө турган китептерин дагы уурдап кетишчү.

Гүлайым КАЛЫБЕКОВА, “Леди.КГ”

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.