Айгүл тоо жана Мурза Гапаров

Айгүл гүлүн бала кезден билем. Ал мезгилде гүлдөр тоо этегине чейин кыпкызыл болуп жайнап өсөт эле. Боюбуз менен тең чамалаш узун гүлдү кучак-кучак толтуруп үзүп алып, үйгө көтөрүп келчүбүз. Гүл муздак, жыты такыр жок, ошондой болгону менен өзү абдан кооз, коңгуроого окшогон кызыл желбүүрү көз жоосун алат. Күндү, ысыкты сүйбөгөн гүл. Ошон үчүн аны Айдын гүлү дешет. Ошон үчүн ал тоонун тескей жагына гана өсөт, күңгөй бетке такыр өспөйт. Көктөмдө гүлдөйт да күн жаңыдан ысып келаткан апрель айынын аягында биротоло куурап калат.

Ошол кооздогу менен кимди болсо да арбап алган гүл Мурза Гапаровду абдан кызыктырды. Мен жазуучуга гүл тууралуу маалыматты алгач 1982-жылы айтып берген элем. Жайдын ысык мезгили болчу. Киностудияга агайым жазуучу Мурзапар Үсөндүн өтүнүчү менен Мурза акеге сценарий бергени баргам. Ошондо улуу жазуучу менен биринчи жолу кездешкем. Абдан сөзмөр киши экен, баткендик досторун сурап, анан мен тууралуу да билгиси келип, кыскасы бир топко сүйлөшүп калдык. Мени аялдамага чейин узатып келди. Биздин айыл тууралуу сөздөн сөз чыгып отуруп, мен айылыбызда чанда кезиккен, бөтөнчө айгүл гүлү бар экенин айтып бергем. Мурза аке буга чейин уккан эмес экен. Абдан кызыгып калды. Анын гүлгө кызыкканы ушунчалык, эртеси эле Баткенге жол алмакчы болгону эсимде. Анан мен ага азыр барсаңыз тоодо гүл эмес, анын сөңгөгү да жок, куурап калган. Эмки жылы марттын аягы, апрелдин баш ченинде барсаңыз болот дегем. Ал киши айгүл гүлдү көргөнгө бир жылга жакын дегдеди. Дегдегени ушунчалык марттын аягында биздин айылга жетип барыптыр. Ал жылдары гүл тоодо азыркыдай эмес, көбүрөөк болчу. Мурза акени Баткендин чыгармачыл инсандары, достору тосуп алып тоого алып барышыптыр. Ал кишинин гүлдү алгач көргөндөгү маңдайы жарыла жаш баладай сүйүнгөнүн, таң калганын, кечке карап турганын кийин айтып жүрүштү. Гүл Ай чыкканда абдан сонун ачылат деген уламыш сөзгө ишенип, түнкүсүн да барып гүлдү көргөн дешет.

Айгүл гүлү
Айгүл гүлү

 

Кийин көп өтпөй жазуучу “Айгүл тоо” деген көлөмдүү аңгеме жаратты. Бул аңгеменин өзгөчөлүгү, бийик көркөмдүгү ушунда эле ошол айгүл өскөн чөлкөмдүн элинин мүнөзүн, пейилин, адамдыгын, тазалыгын, карапайымдыгын ушунчалык жагымдуу, көркөм, ажайып ачып бергени. Аңгемедеги Али карыя тууралуу баяны турмушта нагыз чындык. Баткендин Кыштут айылында жашаган бул абышка сооп табуунун эң керектүү жолун тандаган. Ал Бишкек-Баткен жолунун Өзбекстан менен чектеш жерине жакын жол боюна кичинекей там салып, анын ичине жолдо калган жолоочулар үчүн эң керектүү делген суу, тандыр нан, чай, туз, төшөнчү, отун, ширеңке, таш панар сыяктуулар дайым белен турган. Жумасына бир ирет Али карыя айылынан эшегине ушул тамак-аштарды, кем-карчтарды үзбөй жүктөп алып келип турчу деп айтышат көргөндөр. Жолдо машине аз, жолоочулар үчүн азыркыдай кызмат көрсөтүүлөр жок маалда бул “Алинин үйү” деген жол боюндагы кичинекей боз тамбара турган жерине жете албай калган жолдогуларга бир канча жыл кызмат кылган. Мурза аке да Баткенге баратып Алинин үйүн атайын түшүп көрүп өтсө керек. Эгер көрбөсө аңгемеде мынчалык терең сүрөттөй албас эле.

Өзү айткандай сулуулук менен улуулукка көзү тойбогон улуу сүрөткер гумандуулуктун мындай туу чокусун көргөндө кандай толкунданды экен? Андан ары аталган аңгемеде жазылгандай, Тажикстандын Исфара шаарындагы чайканадагы чалдын түн жарымда кудайы конок болуп барган буларга камкор мамилеси да бу чөлкөмдүн элинин пейил-мүнөзүнө байланышкан айныгыс чындык. Союз учурунда чайканалар өзгөчө куттуу жер эле. Аңгемени окуп отуруп эсиме студент маалда Бишкектен Канибадамга (Тажикстанга) чейин поезд менен барып, түндө Баткенге жете албай Исфаранын чайканасына кайрылган учурлар түштү. Кайсыл маалда барбагын чайканачылар топ болуп барган студенттер үчүн да эшигин кенен аччу. Ошол учурда эл достугуна чек жок экен көрсө. Бүгүн ушул эле чөлкөмдө чек ара жаңжалдары тынчыбай келет.

“Айгүл тоо” аңгемесинде Мурза Гапаров каармандын ички дүйнөсүн, туйгуларын ушунчалык түз, ачык сүрөттөйт. Автор эч кимди алдагысы келбейт, эч жерде калп айтпайт, акыл үйрөтпөйт, болгону болгондой. Аңгемени окуп отуруп баш каармандын образында Мурза акенин өзүн көрүүгө болот. Өзү да дервиш сымал жактары бар киши эле да. Эч кимди мындай бол, андай бол деп өз оюн таңуулабайт эле. Бирок көкүрөк тилген ачуу чындык, өмүр кечирүүдөгү жаңылыштыктын азабы, адамдар бири-бириңерди кыйнабай сүйүп жашагылачы деген кыйкырык анын дээрлик бардык чыгармаларында кулакка жаңырып турат. Турмуштагы адамдар өзү түзүп алган шарттуулуктар алардын жашоосун канчалык татаалдантып таштаганын өздөрү аңдабайт. Адам баласы анан ошол алкактын ичинде жүрүп алып бакыт издейт. Мунун өзү кандай татаал, кыйын. Гапаров жашоону бар болушунча, турушунча кабыл алып, өзү да өзү каалагандай өмүр сүрүп, ар кандай чектөөлөргө моюн сунбаган жүрөгү эркин эле. Ошон үчүн чыгармалары да өзүндөй эркин, элдик, анын болгон идеологиясы – гумандуулук, ишенич, аёо жаратуу, адамдарга кара санабоо.

“Айгүл тоодогу” каармандар бири-бирине ушунчалык аяр мамиле жасайт. Жада калса Гөвардын күйөөсү да анын “биринчи көргөн” эркеги Исага келип акырын, абай сүйлөйт. Экөөнүн ортосундагы диалог окурманды бир чети таң калтырса, экинчи чети туура, ушундай эле болуш керек, сөзсүз экөө мушташыш керек беле. Карабайсызбы, ишенич, түшүнүшүү, бирин-бирине кара санабоо канчалык бийик болсо, жашоо ошончолук жөнөкөй, өзүң да кыйналбайсың. Автор бир ажайып гүлдү көрүп келүүгө жөнөгөн сапары менен дервиштей жашоо кечирген жазуучунун тагдырын баяндайт. Дегеле Мурза аке өзүнүн чыгармаларында кошо жашаган жазуучудай туюлат. Ошон үчүн автордун көп чыгармаларынан анын өзүн таап алуу оңой эле. Аңгемедеги башкы каармандын ээн бекет тамга сумкесин калтырып коюп, гүл издеп түн жарымда тоого жөө барганы, түндө жалпак таш үстүндө жалтырап турган муздак жамгыр кагын ичкени өзү жапжалгыз тоодо коркпой жүргөн кызга жолукканы – мунун баары турмуштагы кыялкеч Мурза Гапаровдун өзү эмей ким. Мурза аке өз өмүрүндө чыгармаларындагыдай кыял-жорук, мүнөз күтүп жашады.

Аңгемеде нооруз майрамы тууралуу да каарман эскерет. Ал ошол нооруз түнү тоого жөнөйт. Ыйык майрам таңында гүлдү көргүсү келет. Анан калса Айзаада кыз да нооруз таңында таянесинин өтүнүчү менен айгүл издеп тоодо жүрөт. Чынында айгүлдүн гүлдөп ачылуусу нооруз майрамына дээрлик тушташ.

Жаңы күн (нооруз) майрамына Мурза аке абдан маани берген. Ноорузду тосуу учурлары анын бир канча чыгармаларында орун алган. Ал эгемен Кыргызстанда нооруз майрамын мамлекеттик деңгээлде белгилөөнүн сценарийин алгачкылардан болуп жазган.

“Айгүл тоо” аңгемесиндеги Исанын Айзаада кыз менен болгон маеги, кыздын айгүл тууралуу айтып жатканы кудум менин Мурза акеге айтып бергендерим экенин окуганда абдан толкундап, сүйүнгөм. Автор менин сөздөрүмдү өзгөртпөй берген. Мен ошентип так аңгемедегидей гүл тууралуу мактана айтып берген элем. Өзүмдүн бул атактуу жазуучунун аңгемесинин кейипкери, анан баарынан да анын жазылышынын себепкери болгонума аликүнчө сыймыктанам.

Мурза Гапаровдун Айгүл тоого келип кеткени, андан кийин бул тууралуу ажайып аңгеме жазганы Айгүл тоонун, гүлдүн тагдырында бурулуш окуя болду десем жаңылбайм. Көп өтпөй Айгүл тоого көңүл бургандар көбөйдү, сүрөтчүлөр келип сүрөтүн тартып, акындар ырларын жазып, композиторлор обон жаратып, кыскасы, алыстан көзгө комсоо көрүнгөн карапайым, бирок бооруна айгүл кучактаган тоо көп өтпөй адабият менен искусствонун каарманына айланды. Жыл сайын гүл майрам, ар кандай фестивалдар өткөрүлүп, бул жер чөлкөмдүн маданий очогуна айланды. Аңгеме билинбеген менен убагында азайып бараткан айгүлдү коргоого аябай чоң чакырык таштады. Гүл мурда айылдагы мектеп мугалимдери менен окуучулары тарабынан гана гүл ачкан сезон учурунда коргоого алынып келсе, эми гүлгө карата жалпы мамлекеттик, элдик коргоо урааны ташталды. Тоо курчалып тосулуп, корукка айланды, тоо бооруна секичек-тепкичтер орнотулуп, келип-кеткендер отуруп эс ала турган чарпаялар салынды. Айгүлдү алыстан самап көргөнү келгендер көбөйдү, ал эми өзү жыл сайын азайгандан азайып барат.

Топчугүл Шайдуллаева, “Азаттык”, 20.04.2016-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.