Нускалуу өмүр ээси Нурак Абдрахманов

“Мен кыргызмын” деген ар бир улуу-кичүүнүн эсинде нурлуу жүзү, күлмүңдөгөн көзү жана карыялык каадасын арттырган жарашыктуу ак сакалы менен сакталып калган Нурак Абдыракманов тууралуу эскерүүнү туура таптык. Өмүр бою колунан комузу түшпөй кыргыздын нускасын сактап, чыгармачылык менен жашап өткөн улуу инсан аны билген ар бир замандашынын эсинде жашап келет.

Нурак уулу Мундуз, уулу: “Мага атамдан калган мурас устачылык өнөрү болуп калды”

nurak_uulu_munduz– Мундуз, сиз Нурак Абдыракмановдун канчанчы уулусуз?

– Мен атамдын экинчи байбичесиненмин. Жалпы балдарын алганда тогузунчу, бул апамдын балдарынан алганда экинчисимин. Атымды Мундуз деп биздин уруунун атынан атам койгон.

– Атаңызды абдан сагынган кайсы бир учур эсиңиздеби?

– Экинчи класс кезим болсо керек, апам менен атам Японияга кетип үч жумадай жүрүп калышты. Ошондо абдан сагынганым эсимде. Андагы сагынуудан улам кийин атамдын бизден алыска кетип узак жүрүшүн такыр каалабай калгам. Бир чети ал кезде кичине болсом, бир чети атам алыска кеткенге көнө элек болчу окшойм. Кийин атамдын алыс жерлерге узак убакытка кетиши бизге көнүмүш адат болуп калган. Анда баарыбыз атамдын бизге арнап ала келчү белектерин күтчүбүз. Баарыбыздын табитибизди, эмнени жактырарыбызды жакшы билчү. Ошондуктан мага көбүнчө машина алып келип берчү. Атам алып берген оюнчуктар азыркыга чейин сакталып, учурда бөбөктөрүм ойноп жүрүшөт.

– Сизде калган кандай мурасы бар?

– Атам жыгач устачылыкты мыкты өздөштүргөн. Бул өнөрү менде эле эмес, уулдарынын баарында бар. Алардын ичинен мени сүрөт тармагына кичинемден берип, ушул жакка жакын кылып тарбиялаган. Анан улуу апабыздан бир байкем жалаң устачылык менен алек болуп келет. Биз комуздан тышкары сандык сыяктуу буюмдарды да жасайбыз. Уул-кыздарынан атамдын деңгээлинде ырдап же күү чыгаргандар болбой калдык. Бирок атамдын ушул устачылык өнөрүн мага таштаган мурасы деп билем. Ушул жагынан атама окшошуп калганым менен сыймыктанам.

– Атаңызды теледен көргөндө кандай сезимде болосуз?

– Балдары үчүн атамды теледен көргөндө гана эстөө аздык кылат. Жеке мен үйдө басып-турган сайын атамдын үйдүн ар бир жериндеги ордун жоктоп, ал кармап, ал колдонгон оокат-буюмдардан аны эстей берем. Баскан-турганы көз алдыма тартылып “ошондо минтип айтты эле, минтип күлдү эле” деген ой тынымсыз болот. Ал эми теледен көргөндө сыймыктанам, сагынам.

– Нурак Абдыракмановдун “Аппак сүйүү” ырын ырдабаган, билбеген жан саналуу эле болсо керек. Бул ырды сиздер да ырдайсыздарбы?

– Албетте, кыңылдап ырдап калабыз. Ким ырдаса да жараша турган ыр. Анткени атам бул ырды чыныгы сезим, чыныгы эргүү менен сүйгөн жары – апама арнап жазган.

 

Кенжебек Алдаяр, күүчү: “Китебин окубай койсом таарынып…”

kenjebek_aldayar– Нурак ага менен филармониядан таанышкам. Биринчи таанышуу күнүбүздөн баштап аганын өмүрүнүн акырына чейин ысык мамилебизден кайткан жокпуз. Мен үчүн Нурак Абдыракманов чыныгы талант, чыныгы комузчу эле. Бирок ал өзүндөгү ашып-ташып турган кубаттанбы же кыргызга болгон ушунчалык күчтүү патриоттук сезимден уламбы, кыргыздын теги үчүн, санжыра, тарыхы үчүн күйүп-жанып, ал тууралуу иш кылууга абдан далалаттанчу. Мен андан дайыма жакшы, жаңы күүлөрдү күтө бергенимден улам минтип кагаз тиктеп олтурганын жактырчу эмесмин. Анымды билген менен мунусун таштаган жок. Ошентип, түйшүгүнө түйшүк кошуп жүрүп санжыра тууралуу бир китеп жазды. Анысын мага бергенде ага эмес, чыгармачылыгына болгон сыйымды билдиргенге аракет кылып, анын өзүндөгү тубаса талант менен тапкан табылгаларын бааларымды туюнтуу үчүн китебин окубай койдум. Нурак ага ал үчүн мага таарынып китебин кайра алып алган. Ал эми экөөбүз комуз тууралуу, күү тууралуу сүйлөшүүдө тим эле черибиз жазылар эле. Нурак ага өтүп кеткени мен бул темада андай маектеш кезиктире элекмин десем да туура болот.

 

Рыспай Исаков: “Катуу айтканды билбеген жан”

ryspay– Нурак ага менен жакындан таанышкандан баштап аны колунда комузу жок көргөн жокмун. Кайда, кандай иш-чарага барса да комузу жанында болчу. Анан бош олтуруп калса эле комузунун капкагын каккылап, кырып эле атчу. Кийин билсем, Нурак ага антип Карамолдонун дабышын издечү экен. Анан бала кыял, жумшак мүнөз, катуу айтканды билбеген жан эле. Бир нерсени жактырбай же капа болуп калганын байкачумун, бирок андай абалдын биринде да катуу айтып урушуп же бирөөнү кагып-силкип атканын көргөн жокмун. Урушуу дегенди билбеген мындай жандар чанда кездешет эмеспи.

 

Айбек Бузурманкулов, банк кызматкери: “Мага айткан макалы мени азыр да тарбиялап келет”

aybek– Мен билгенден адатта чыгармачыл адамдар башкача мүнөздүү болушат. Айрымдары элден четтеп өзү менен өзү болуп иштегенди жактырышат. Ал эми Нурак Абдыракманов чыгармачыл инсандардан айырмаланып турган өзгөчө кыргыз эле. Дайыма коомдук иштерге катышып, окуяларга пикирин кошуп турчу. Бир ирет кыргыз макалдары тууралуу видеоролик тарта турган болуп калдык. Ошондо мага “Жан багар миң уулдан эл багар бир уул артык” деген макалды айтып берген. Бул макалды ошондо биринчи жолу уккам. Азыр кайда барсам да, ким менен сүйлөшсөм да Нурак ага айткан бул макалды башкаларга жеткиргенге аракет кылам. Анан да мен билгенден Нурак ага эс алууну билчү эмес. Же комузун колуна алып эл алдында болуп, же комуз чаап, же китеп, барактарын карап санжыра изилдеп олтурчу. Биринен чарчаса, бир ишин эс алуу менен жасап бүт өмүрү эмгек менен өттү.

 

Максат Надырбеков, алып баруучу: “Качан барсам устачылыгы менен алек эле”

maksat– Нурак Абдыракманов менен бир айылдын суусун жутуп, бир айылдын абасынан дем алганыма сыймыктанам. Анын мени менен тең уулу бар болгондуктан да бул инсанды жакындан таанып-билип калдым. Айылдагы кезде Нурак атаныкына качан барсам да колунда же китеп болчу, же балка-чоту болчу. Андан улам мен Нурак атаны алгач комузчу, күүчү же чыгармачыл инсан эмес, уста катары тааныгам. Кийин шаарга келгенде дагы кабарлашып, атага барып жүрдүм. Анда деле баягысындай же китеп окуп, же устачылыгы менен алектенет экен. Арадан канча убакыт өтсө да баягысынан жазбаптыр деп таң калгам.

Гүлайым Калыбекова, “Леди.КГ”

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.