Насыпбек Асанбаев. “Унутулган салт”

(аңгеме)

Ал күн эч качан эсимден кетпейт. Сыртта жамгыр нөшөрлөп куюп турган. Оорукананын узун, ээн залы менен ак халатчан дарыгер мени көздөй басып келатты. Кудай ай, ошондогу убакыттын чоюлганын кантейин. Дарыгер кадам шилтеген сайын ак халатынын этеги жайбаракат желп этип, өзү менен кошо делпилдеп келет. Ал дарыгердин да ошол күнкү элеси түбөлүк эсимде калды. Чыдамым кетип калган экен. Бутум ооруп турганына карабай тура жүгүрдүм. Жок, мен дагы каалгып калдым окшойт. Убакыт чиркин! Кыймылдын баарын ылдамдаткан да, жайлаткан да убакыт экенин чучугума чейин сездим ошо күнү. Кулагым дүңгүрөп баратты. Үнүм кардыгып, оозуман дабыш чыкпайт. Алыстан эле кыйкырып баштадым. Бирок кыйкырыгым өзүмдүн кулагыма да жеткен жок. Дарыгер көптө араң жакындады мага. Кабагын ылдый салып ар бир тамгасын бирден айтып шыбырап турду. Ооба, мага ар бир тыбыш өзүнчө-өзүнчө келди. Акырын-акырын… «Б-и-з с-а-к-т-а-й а-л-б-а-й к-а-л-д-ы-к. К-а-й-р-а-т к-ы-л-ы-ң-ы-з». Мен түшүнгөн жокмун эмне дегенин. «Кабыл эмне болду? Ал жакшыбы?» деп сурай бердим. Ал мага башка эле бир нерсе тууралуу айтып жаткандай туюлду. Мен болсо «Кабылды айтыңызчы. Кабыл эмне болду?» деп эле чырылдай бердим…

Көрсө ошол күн жашоомдогу каргашанын башталган күнү экен. Тынымсыз чамынып жүрүп эми бир нерсеге жетинип калдык дегенде балдарым атасыз, очогубуз ээсиз калды. Опол тоом урап, заманам куурулуп турган ал күндөрдү негедир сырттан карап турган көрүүчүдөй өткөрүп жаттым. Ал тургай кээде балдарыма да таң кала карайм. Алардын атакелеп ыйлаганы, кызымдын эсин жоготуп жыгылганы бүтүндөй тасмадан өтүп жаткансыйт. Кошуна келиндер айланчыктап жүрүшөт. Туугандар келишиптир. Бирок, алардын баары тең эч бир максатсыз, туш келди басып жүргөндөй. Керек болсо сүйлөшкөндөрү да мааниси жок, байланышы жоктой сезилет. Акылыма эч нерсе чүргөлбөйт. Оюмда бир гана Кабыл. Ошол келсе эле баары ордуна келчүдөй сезилет. Ордуман туруп издеп жөнөйм. Кудум баягы экөөбүз баратып авария болчуда, кыйрап жаткан машинадан эптеп сүйрөлүп чыгып, аны издегендей темтелеңдеп издейм. Бири-бирине жабышып, эмнеси кимисиники экени билинбей калган эки машинаны тегерене басып, кайсы жеринен Кабылды сууруп чыгаарымды билбей чарк айланып жүргөндөй, тура калып издеп жөнөйм. Бирок, баягы эле кыжылдаган кошуна келиндер, туугандар кармап калышат. Жөнөтүшпөйт. Тургузушпайт. Өзүм да түшүнбөйм. «Булар эмне болуп калган?» дейм. Кыжырым келип кээде урушам. Бирок, алар мени укчудай түрү жок. Деги эле эч ким эч кимди укпай чурулдап атышат.

– Боз үй тигилдиби? – дейт бирөө.

– Машина келдиби? Базарга ким барат? – дейт дагы бири.

Дагы бирөө болсо казан издеп жүрөт. Дагы бирөө килем, кийиз сурап атат. Такыр түшүнүксүз. Бир гана Кабылды эстеген киши жок. «Ушунча топураган адам эмнеге чогулду? Бирөө да Кабылды эстеп койбойт го булар» дейм. «Баягы эле көр оокат булардын ойлогону» дейм. Бирөө жүрөт шымаланып, «кой алып келдим. Жүрүгүлө сойо калалы» деп. «Койду эмнеге сойот?» деп койом. Бирок, аларга сүйлөгүм да келбейт. Бат эле кымгуут болуп кетет. Кайра эле Кабылымды издеп жөнөйм. Бат эле баягы оорукананын узун залы эсиме келет. Бат эле баягы авария болуп, автоунаалар балжа-булжа болуп жаткан жер көз алдыма тартылат. Анан эле Кабылды издеп жөнөйм. Кайра эле келиндер, туугандар жабылып калышат. Же мени тургузушпайт, же өздөрү издешпейт. Ошого туталанам. Урушам, ызаланам, ыйлайм…

Бир маалда боз үйгө кир деп киргизишти. Короого боз үй тигилип калыптыр. Бирок, ичи көөдөй караңгы, суук экен. Мынчалык түрү суук боз үй көргөн эмесмин. Зордоп эле киргизишти. Деги мага нокто катып алгандай эле ары-бери жетелеп жүрүшөт. Өз оюм менен эч нерсе кыла албай калдым. Кабыл ушул жерде деп айткандар да болду. Ошого да алаксып кирип келдим окшойт. Бирок, Кабылым мындай куту качкан, аңгыраган боз үйдүн ичинде эмне кылып отурмак эле. Тигинде балдары чырылдап отурат. «Барат эле да ошолорго» дейм.

«Көргөзбөй эле койгулачы. Такыр таанылгыс болуп калыптыр» деди бирөө арттан. Бирөө болсо «Мейли, көрсүн. Биротоло көксүнү сууйт» деди. Кимге эмнени көргөзө албай жатышканын билгеним жок. Бир маалда жетелеп келип капшыттагы килемди көтөрүп киргизишти. Сундуйган бирөө жаткан экен. Үстүндөгү жабууну ачып көргөзүштү. «Кабылың менен коштошуп кал, кургур» деди бирөө.

Карс-курс эле дейт түштү туш тарап. Машина аласалып, айнектер чачырап кетти. Бул жолу боз үй да кошо тоголонуп баратты. «Машинабызда боз үй бар беле?» деген ой мээме зып эте калды ошондо. «Кокуй кармагыла! Эсин жоготуп койду. Суу!» деген үндөр алыстан угулуп барып дымырап калды. Өзүм эле калгансыдым. Машина көпкө чейин тоголонуп баратты. Бирок кайда чимирилбесин боз үйдүн түндүгүнө окшогон кайчылаш жыгачтар көз алдыман кеткен жок. Анан эле Кабыл эсиме келет. Ал рул кармап бараткан. Мен жанында отургам. Машина токтосо издеп келейин дейм. Айнектен чыгып кеттиби дейм. Курун тагынбай койгонун эстеп туталанам. Азыр тарта койсомбу деп далбастайм. Бирок өзүмдү кармай албайм. Машина тоголонуп баратты. Эки жакты караганга дарманым жок. Бирдемени тырышып кармап алгам. Койо берсем эле машинадан чыгып кетчүдөй болом. Көз алдыман гана түндүк кетпейт. Кайда аласалсак деле түндүк кетпейт. Кээде кимдир бирөөлөрдүн чаң-чуң эткен үнү угула калат. «Колу карышып калды» деген үндөр жаңыра түшөт үзүл-кесил. Кимдин колу дейм. Кабылды карайм. Ал көрүнбөйт. Курун тартынбай койбоду беле деген ой кайра шып этип чүргөлө калат. Кайра эле курун тартайын дейм. Бирок колумду койо бергенден корком…

Көптө араң токтоду машина. Бирок, негедир көп кишинин арасына токтоду. Жалаң аялдар экен. Кантип ушул жерге токтогонун түшүнбөйм. Булардын баары кайдан чыга калды? Маңдайымда боз үйдүн чамгарагы турат. Жанатан көз алдыма тартылып аткан түндүк дале маңдайымда турганын көрүп таңыркайм. Аялдар болсо өздөрүнчө күрү-гүү. Шыпшынып жүрөт кээ бири. Кээ бири бышактап ыйлап алган. «Дары иччи. Суу иччи» деп өнтөлөшөт. Бергенин ичип койдум. Тур дегенин угуп турам, отур деген жерине отурам. Көөдөй караңгы боз үйдүн ичинде капшытты карап отурдук. Жанымда эки аял бар. Бирөө тынбай уңулдап ыйлап атат. Жаным жер тарта баштады. Шылкылдап көзүм илинип бараткансыйм. «Кабыл келгиче уктабайын» деп койом кайра. Бирок болбойт. Арттан бирөөнүн «Ушунча дары бердик эми уктап кетер» дегени кулагыма илинди. «Кимди уктатып атышат?» дедим. Анан мемиреп кеткенсидим. Бирок түнү бою аварияга кабылып, Кабылды издеп чыктым. Улам эле зуулдаган бойдон келип алдыбыздан чыга калган машинага урунабыз. Анан ызы-чуу башталат. Тарса-турс болот да, машина айланып жөнөйт. Анан машинадан суурулуп чыгып Кабылды издейм…

Бир маалда бирөө оозума суу кармап турган экен. «Ме гой мобуну ичип алчы» деп жатыптыр суу кармаган аял. «Түнү менен жөөлүп чыкты, бечара» дейт нары жактан бирөө. Башым жарылчудай заңгырап ооруйт. Суу ууртайын дедим эле жүрөгүм айланып туруп алды. Суу куюп келип бетимди жуушту. Ушул тапта сырттан бирөөнүн күбүрөгөн үнү угулду.

– Жеңем турдубу? Кишилер келе баштады. Тезирек мал сойбосок болбойт, – деди бирөө.

– Тиги аталаш агасы бар эмеспи. Ал эмне дейт? – деди нары жактан.

– Ал деле ылайыктуу малым жок деп койду.

– О кокуй! Анда эмне кылат элек? Малы жок болсо өзүн сойосуңарбы?!

– Омей! Кызык немесиз го! Союш керек да бирдеме. Ошо да болмок беле? Эл эмне дейт?!

Ушул жерден эсиме келип, бул жалган улана берээрин, тезирээк эсиме келбесем болбой турганын сезе баштадым. Бирок, босогодон бопбоз болуп алы кетип, көзү тоодой шишиген кызым киргенде заманам кайра куурулуп, акыл-эсим кайра алай-дүлөй болуп кетти. Бечара кызым кирип эле «атакелеп» ыйлап келип алдыма кулады. Аялдар кайра чуру-чуу түшүп калды. Ошону менен кайра эле баягы авария, кайра эле баягы Кабылды издемей башталды. Колум дагы тырышып калыптыр. Курун тагайын дейм, колумду бошоткондон корком…

Бир топто тынчыды алай-дүлөй. Эсимди жоготуп, кайра эсиме келип атканымды эми байкадым. Болбосо жанатан бери окуялар бир заматта өзгөрүп кетип атканын түшүнбөй аткан болчумун. Көрсө эсимди жоготуп жаткан турбаймбы. Аялдардын жөлөк-таягы менен эптеп сыртка чыктым. Сыртта толтура киши жүрөт. Короодо боз үй тигилип турат. Тигинде кишилер мал союп атат. Кайсы малды, кайдан табышканы белгисиз. Жанында Кабылдын айылдаш кошуналары, тууган-уругу жүрөт. Илгеркисинче баркылдап сүйлөгөндөрү да бар.

– Оо, эки эли чыкты. Жакшы байтал экен. 20дай чучук чыгат буюрса, – деп күпүлдөп атат көрпө тебетей кийгени.

– 20 чучук жөн эле чыгат. Жаныш байке кыйын экен. Таап келе калганын карабайсыңбы. Жазында мындай семиз жылкы оңой менен табылбайт да, – деди жанында турган жашырак жигит.

– Кайдан тааптыр муну?

– Кабылдын уазы бар эмес беле. Ошону күрөөгө коюп акча алып келишти.

– Аа, мейли эми. Байкуш, көзү тирүүсүндө ошол уазы менен тирилик кылчу эле, эми көзү өткөндө да ишке жараган тура.

– Андан көрө ошонун акчасы жетиптирби?

– Кайдан жетсин? Үстүнө акча кошо турдум дейт. Кийин алаармын деди.

– Аа, ошентсин эми. Тууган дегендин ушундайда пайдасы тийбегенде качан тийет эле. Карызга берсе кийин ай бар, жыл бар, өндүрүп алаар.

– Ээх, бечаралар ансыз да ижарага алган бусиги менен кырсыкка кабылып турду эле, эми колундагы болгон быдырын ломбардка берип мал сойдуңарбы э?

– Омей, кызыксың го. Анан эмне кылат элек? Же сен таап бересиңби малды?!

– Жок эй. Мен кайдан таап берет элем?

– Ии анда унчукпай отур. Бул илгертен келаткан салт. Өлгөндө киши келет, мал союлат. Тууган-туушкан, куда-сөөк келет топо салганы. Анан алар эмне деп барат? Салт билбеген немелер дебейби?

Жүзүмдү чайып атканда алар ушунтип кобурашып атышты. Бирок, көп деле маани бергеним жок. Кабылым жок болуп турган соң, эми мага баары бир эмеспи. Уазикке кейийт белем. Кызымдан гана коркуп калдым. Байкушум жашабай жатып атасынан ажырады.

– Жоодар кайда? – дедим жанымда турган аялдан.

– Тигил үйдө го, – деп алаңдай жооп кайтарышты. Байкушум, али бала эмеспи. Ал кантти экен дегенди ойлогондо заманам дагы куурулуп, көзүм караңгылашып кетти. Бирок, бул жолу эптеп өзүмдү кармап калдым. Жанымдагы аял да сезе койгондой, эжекелеп жөлөй калып, жүзүмдү муздак суу менен сүртүп жиберди. Башым гана зыңылдай берди. Эптеп ордуман туруп, боз үйгө жөнөдүм. Сол тарабым бүтүндөй какшап ооруп турганын ошондо гана байкадым. Аварияда катуу урунсам керек…

 

* * *

Ошону менен бир канча күн кошок айтым. Үчүлүгү болду, жетилиги болду. Канча адам келип, канча киши топо салды билбейм. Топураган эле кишилер жүрдү сыртта. Баягыдан кийин дагы бир уй союшту. Анын акчасын өзүм таап бердим. Чогуу иштешкен санаалаш эже бар эле, ошол бирөөдөн пайызга таап бере калды. Ошого мал алып сойдук. Андан кийин туугандар, куда-сөөктүн кошумчасы деп узун тизме, бир канча акча карматышты. Анысы Кабылдын жайына, анан дагы майда-чүйдөгө кетти.

Ошону менен өлгөндүн артынан өлө албай, кылдыратып жашообуз өтө баштады. Эл да тарады. Кыркылыгы өтүп, боз үй да чечилди. Чынын айтсам бул күндөрдө мен өз үйүмдө эмес, бөлөк эле үйдө жүргөндөй болдум. Топураган эл кайсы тамактан жеп, кайда жатып атканын деле толук билгеним жок. Кыскасы топурап эле келип кетип жүрүштү. Мен кошок айткан сайын өзөгүм өрттөнүп, жашоодон кеччүдөй араң отурдум.

Кийин билсем ошол арада жумушуман да чыгарып коюшуптур. Ооба, айлап-айлап ишке чыкпаган жумушчунун кимге кереги бар дешсе керек. Уазикти болсо ойлогон да жокмун. Жаныш байке ломбарддын кагазын карматып «50 миң төлөйт экенсиң. Ай сайын 3000ден берип тур» дегенде «макул» деп койгом. Ошону менен ал кагазы кайда калганын да билбейм. Барган да, чалган да жокмун. Ага бергидей акчам да, убактым да болгон жок.

Эч жакка чыккым келбейт. Өзүмчө калсам эле буркурап ыйлайм. Ыза болом. Туталанам. Жакшы нерсе болсо деле, жаман нерсе болсо деле буулугуп ыйлайм. «Ушуну Кабылым көрбөй калды» дейм. «Кабылым болсо эмне» дейм. Балдарды эптеп сабакка жөнөттүм. «Алаксыгыла, отурбагыла» дейм. Бирок, аларым деле кыйратып алаксый албайт. Кызым деле, уулум деле таалайсыз калгандай, буркурап эле ыйлап жүрүшкөндөй сезилет.

Кыркылыгы өтүп калганда баягы Жаныш байке келди. Куран окутту. Ал-жай сурашты. Анан бир маалда «баягыда байтал алганга 40 миң коштум эле. Ошол керек болуп калды» деди үңкүйүп отуруп. Алгач 40 миң оңойдой эле туюлду. Көп деле ойлонуп отурганым жок. «Макул, берели» дедим. Көрсө опол тооң кулап, аза күтүп турганда көзүңө башка нерсе көрүнбөй калат тура. Кийин издеп баштаганда сездим. Өзүмдүн бир эжемен башка жакын тууганым деле жок. Ал деле эл катары араң турат. Ошого айттым чү дегенде эле. Байкушум кейип-кепчип эле кетти. «Берем» дедим кийин. «Таап берем» дедим. Бирок, ошондо биринчи жолу түшүндүм. Буга чейин үй-жайды кылдыратып турган Кабыл болчу. Машинасы менен базарга чыгып, эл ташып иштеп аткан. Эми анысы да жарабай калды. Эски уазиги болсо жок болду. А менин айлыгым өп-чап эле азык-түлүккө жетчү. «Эми кайдан табам?» дедим ичимен. Ошондо Кабылым дагы бир өлгөндөй болду. Түнү менен ыйлап чыктым. Жок дегенде эле тамыбыз өзүбүздүкү болсо эмне. Мында батирде турчубуз. Шаар четинен жер алып, пайдубалын тургузган элек. Аныбыз деле документи жок. Кайран Кабылым тирүү болгондо быйыл бүтүрүп кирип алсак, бара-бара документи деле бүтмөк. Үңкүр да болсо үйүбүз болбойт беле.

Эжем араң 10 миң таап берди. Калганын бирөөдөн пайызга алып берейин деди эле жүрөгүм түшүп калды. Берки уйдун 35 миңинин да үстөгү менен турат. Жакында ал да сурап баштайт. Андан башка карыздар да толтура. Балдарымдын мектебине беришим керек, ремонтуна беришим керек, батирге беришим керек. Оо Кудай, ай…

Ошентип бир жумадан кийин Жаныш байке кайра келди. Баягы эжемен алган 10 миңди санап берсем, түнөрүп отуруп араң кеткен. 3 күн өтпөй кайра келиптир. Түрү жаман. Чай да ичпей үшкүрүнүп отуруп «Бизди да туура түшүн. Ошо күнү силер уят болбосун деп, салттан калбасын деп бирөөнүн акчасын кошуп жибердим эле. Эми мени коколоп атат» деди. Баягы авариядан кийин оң капталым сыздап оорунакага баралбай жүргөм. Кыймылдасам эле зыркырайт. Бир жерим үзүлүп кетчүдөй болот. Бирок, аны айтканым жок. Кечээ Кабылдын достору келип жамандык-жакшылыкка деген ыражасынан 10 миң берип кетишти эле. Ошого көрүнсөмбү деп катып отургам. Бирок, тигинин түрүн көрүп, ден соолукту койо турдум. Катылган жеринен сууруп чыгып карматтым. Жаныш байке ошондо деле түнтөйүп отуруп араң кетти.

Ал кеткенден кийин бүк түшүп жатып алып дагы буркурап ыйладым. Балдарым келип мага кошулуп ыйлады. Соороткон киши болгон жок. Ошол бойдон буркурап отуруп ачка уктадык. Түнү менен Кабылды издедим…

Кийин баягы пайызга берген аял келди. Көрсө 2 ай болуп кетиптир. Өсүп баратат деди. Эптеп аркы беркини айтып узаттым. «Макул, бирок эсиңде болсун, үстөгү барган сайын көбөйө берет» деп коркутуп кетти. Эптеп жумушка чыгайын дейм, капталым кыймылдатпайт. Күн сайын күчөп бараткандай. Бир күнү отуруп алып кеткен чыгымдын баарын эсептедим. Көрсө тигиге баланча, буга түкүнчө болуп отуруп 150 миң карыз бар экен. Үйдө да азык түгөндү. Нан менен чайдан башка эч нерсе калган жок. Өгүнү уулум базарга чыгып жүк ташып, 400 сом алып келген. Ошого ун алып, чай алып ичип отурабыз. Жокчулук деген бат эле кирип келет тура…

 

* * *

Баягы пайызга берген катын кайра келди. Бул жолу аңыраңдап алыптыр. «Үйдөгү оокаттарыңды бер» деп булкунуп келип сапырып кирди. Же каршылык эле кыла алсамчы. Бир капталым ооруп тыңыраак баса албай калдым. Омурткама доо кеткенби дегенде жүрөгүм түшөт. Баарынан балдарыма жаман болду. Бир заматта жетимдик баштарына түшүп карып болуп калышты. Акыры түтпөгөнүмдө баягы жердин документин көргөздүм. «Ушуну сатып карызыман кутулайын» дедим. Чынында документ дегенибиз документ деле эмес. Болгону бир карта. Аны көрүп ого бетер атырылды. «Мунуңду эч ким албайт» деп кыйкырынат. Жаным күйүп кетти. «Ушундан башка байлыгым жок. Кааласаң колуңа өлүп берейин» деп жарылып кеттим. Буулугуп ыйлап да алгам, булкунуп сүйлөп да алгам. Акыры жеңдим окшойт. «Макул анда, келе документиңди» деди. «Ушуну менен сага келбейм дагы» деди. «Кутулайынчы деги» деп карматып салдым. Ушул ырайымсыз катындан кутулганыма гана сүйүндүм. Балдарымдын бозоруп коркуп турганын көрүп, тезирээк ушуну жоготойун дедим. Ошентип жерибизден да ажырадык…

Эртеси үйдө жегенге эч нерсе калбай калыптыр. Уулум таң атпай туруп бир жакка кеткен. Кызым экөөбүз кечке коркуп отурдук. Шоркуратып чай ичип койобуз. Кечке маал үтүрөйүп, боз ала чаң болуп балам кирип келди. Тердеп-кургап иштегени түрүнөн эле көрүнүп турат. Колуна нан, жарма, чай, май, кесме көтөрүп алыптыр. Байкушум ай, жашабай жатып абалыбызды түшүнгөн экен. Ичим эзилип боорума кысып алып, кечке ыйладым. Байкуш кызым күйпөлөктөп тамак жасады. Өзүм ордуман тура албай да калдым. Бүк түшүп эле ыйлайм… Ошентип уулум мектепке барбай калды. Анткени менен күнүмдүк тамака жетип калдык…

Ошондон көп өтпөй эшик тыкылдады. Уулум жумушка, кызым сабагына кеткен. Жалгыз отургам үйдө. Ордуман эптеп туруп эшикти ачайын дедим. Бирок, мен тургуча эле эшик ачылып, бирөө кирип келди. Көрсө үйдүн кожоюну экен. Мен таанычу эмесмин. Кабыл эле сүйлөшүп, батир акысын берип жүрчү. Кабылдын кырсыкка кабылып көз жумганын угушуптур. Акырын отуруп куран окушту. Анча-мынча ал-жай сурашты. «Качан айтаар экен» деп жүрөгүм солкулдайт. Доочулардан коркуп калган экем. Бир маалда күткөн кебим да айтылды.

– Эки айдын батир акысын алалы деп келдик эле, – деди камырабай туруп. Тамагым буулуп, сүйлөй албай калдым. 12 миңден төлөчүбүз. 24 миңди кайдан табам эми буларга?

– Эми бизди деле туура түшүнүңүз. Туугандарыңыз деле бардыр. Айтсаңыз каралашаар, – деди акыл айткан киши болуп. Тууган деген сөз менен каралашат деген сөз бири-бирине уланбай калганын айткым келди. Бирок, унчуга алганым жок. «Эптеп түшүнүп тургула. Жакында иштеп баштасам төлөп берем» дедим. Кыңырылып отуруп араң кетти. Үй ичин кыдырата карай баштаганда жүрөгүм дагы солк этти. Баягы пайызга берген катынча үйдөгү эмерек-кечени баалап атканын байкадым. Балдарымды томсортуп үй-оокатымды тартып алып өзүмдү чыгарып койобу деп коркконумду айтпа. Бирок, унчуккан жок. Нааразы болгондой суз коштошуп чыгып кетти.

Көзүмө эле жаш тегеренет. Кашайып калгыр, агып бүтпөс болду го. Балдарымды кейите бербей, өзүмдү кармасам жакшы болбойт беле. Бирок, мунун соолучу түрү жок. Куюлат да турат. Тигине кызым да кирип келди. Түрүмдү көрүп эле байкады кейип турганымды. Кыз эмеспи, дароо кабагыма карап ичимди окуп турат. Алгач ар кайсыны айтып алаксыткысы келди. Анын анткенин көрүп ого бетер бышактап жибердим эле, чыдабай кетти окшойт, кучактап алып ыйлап жиберди. Ошентип экөөбүз көпкө ыйладык. Акыры эптеп эсибизге келип, чай-пай ичкен болдук.

Ошондон бир жума өтпөй баягы Жаныш байке дагы келди. Бул жолу такыр эле түнөрүп алган. Кызуу дагы окшойт. Ай-буйга келбей оңураңдайт. Үйдө дагы жалгыз болчумун.

– Карызды бербейсизби? Кандай уяты жок кишисиз? – деп эле качыра сүйлөдү.

Ансыз да сыздап отургам. Чыдай албай мен да качыра жооп кайтардым.

– Жоон санымды кесип берейинби? Уят болгондо эмне, өлүп ал дегени турасыңбы? – дедим.

– Копурай, кайра коркутасыз да ой! Ушу силерди шерменде болбосун, тууган-урукка уят болбосун деп таап берип отурсам кайра күпүлдөгөнүңүз кандай? Мен мал таап келип союп бербегенде бу салт билбеген неме экен деп бүтүндөй эл-журтка шерменде болмоксуз! –деп опурулду. Бирок мен да токтоп тура алганым жок.

– Салт эле салт дейсиңер, ушубу силердин салт билгиңер? Жетим-жесир экенине карабай акыркы быдырын саттырып, карызга карматып коюп союш жегенди эле салт дейсиңерби? Салттын эт жеген, мал жеген жагын эле билип, калганын унутуп калгансыңарбы силер? Көзү өтүп кеткен адамдын бала-чакасын жетим кылбай туугандары асырап алат деген салтты унутуп, канча кишиге канча эт тартылат деген жагын эле эстеп калдыңарбы? Тууган-тууган дейсиңер, тигине тууганыңар бала туруп ар кимге малай болуп жүрөт. Андай салт билги экенсиңер ошондон уялбайсыңарбы? Же ал жагын унуттуңарбы салттын? Качан кыргызда бар эле, агасынын уулун темселетип койгон. Мына мен ооруп ордуман тура албай турам. Келип бирөөң ал-акыбалымды сурадыңбы? Же ал салтта жок беле? Мына, мобул үйдүн ээси бизди темселетип чыгарып коймой болду. Ошондо биз темселеп селсаяк болуп кетсек салтыңарды эстейсиңерби? Же уруулашын, тууганын темселетип жиберүү да салтта бар беле? Силердин салтыңарды түшүндүм мен. Бул жакта Кабылыман айрылып, эсиме келе албай турсам туш тараптан каптап малын союп, этин жеп кеттиңер. Андай салт билги болсоңор союшун чыгара келбейт белеңер? Сарпайын артына келбейт белеңер? Сөөгүн артынып, бала-чакасын жетелеп айылыңарга ала кетпейт белеңер? Же үйүңөрдөн үркөрдөй үч жетимге бурч табылбай калдыбы? Ушуну менен жата берсем эртең мен да кетем. Ошондо да унутпай келип чучук чайнап, казы жеп кеткиле! Салтыңардын өзүңөргө пайдалуу жерин жакшы билип алган турбайсыңарбы? Маркум Кабылда эч нерсе калган жок, эми уулу менен баласын да күрөөгө коюп, байтал жесеңер кышка жетесиңер. Бар туугандарга ошондой салам айт. Мен да минтип оңоло албай турам. Малдын семизин тандай беришсин! – дедим.

Жаныш байке унчуга албай томсоруп эле отуруп калды. Мен болсо тескери карап жатып алдым. Бурулуп баратканымда баягы ооруган жерим дагы катуу зырп этти. Бирок, тилимди тишиме катып үн чыгарган жокмун. Анткорлонуп атат дейби деп намыстандым. Тиги тууганыбыз болсо мурдун шор тартып далайга отурду да чыгып кетти.

 

* * *

Ошондон жарым айча өтүп калган. Бир күнү эшик тыкылдады. Заманам куурулуп жата бердим. «Кайсы доочу келди экен эми?» дедим. Үйдүн ээсиби, же пайыздын ээсиби? Же баягы Жаныш байкедир дейм. Айтаарга кеп издейм. Кирээрге тешик издейм. «Ушундан көрө кошо өлсөм эмне?» дейм. Бирок балдарымды эстегенде ого бетер ичим ачышат. Көзүмөн ысык жаш тынымсыз тоголонуп жатты. Кыймылдай алганым жок. Аңгыча эшик акырын ачылып бирөөнүн үнү угулду.

– Кагылайын Каныш барсыңбы? – деди. Кудум атамдын үнүн уккандай селт эттим. Бирок ордуман тура алганым жок, дале. Каргылданып араң жооп айтымыш болдум. «Бармын» дедим чамамда. Тигил киши бир саам тыңшай калды да, «э Каныш!» деп дагы заңк этти. Анан акырын кадам таштап бери басты. Кудум баягы ыраматылык атамдай. Такасы жок маасы көлөчтүн жумшак добушу, бөкчөйгөн жеңил абышканын майда кадамы. Эреркеп бараттым ансайын. «Адамдын ажалы ар түрдүү келет дечү эле. Мага атам келаткан го» деген ой жылт этти. «Мейличи» дедим ичимен. «Балдарыма жүк болгуча, кете берейинчи» дедим. Карактарым менен коштошо албай калганыма гана жаным кейиди.

– Балам, үн катып койсоң боло, кагылайын, – деди аңгыча. Так жаныма келип калыптыр. Ыйлагангабы, караңгы үйдө жата берип сырттан эшиктин жарыгы түшкөнгөбү, айтор көзүмө эч нерсе көрүнбөйт. Кудум атама окшогон караандын гана маңдайымда турганын сездим.

– Атаке, мени алып кетчи, – деп акырын шыбырап ыйлап жибердим.

– Эмне дейсиң кагылайын? Э катыгүн, сен ооруп турасыңбы? Э Зыйна, кел бери. Койо турчу ал тамак-ашыңды нары. Карачы бул бечара ооруп калган тура, – деп заңкылдады маңдайымдагы караан. «Кайдагы Зыйна? Жарыктык атам, кимди айтып атат?» деп чыйрала түштүм. Аңгыча божурап сүйлөнүп бир кемпир келди. Жумшак колу менен маңдайыман сылап, жүзүмөн сүйдү.

– Атаңдын оозун урайын, тууган-тууган деп коюп карыз доолагандан башканы билбей калган турбайбызбы. Жанагы Жаныш деген ошо күнү эле айтпай, кечээ араң айтып отурбайбы кебиңди. Кагылайын, кечир бизге окшогон жаман туугандарыңды. Мына эми каралашып турабыз, кагылайын. Эми өзүм салтты үйрөтөм буларга. Сабыр кыл балам, – деп күпүлдөп жатты жанагы абышка. Ошондо тааныдым аны. Айылдагы абабыз тура. Жанышка айткан сөзүмдү угуп, эң биринчи түтпөй келген экен жарыктык. Козусун союп, тамак-ашын артынып алып келиптир. Үйүбүзгө кайрадан кут киргендей болду.

Ошол түнү да түш көрдүм. Бул жолу Кабылымды таптым. Туугандары менен бапырап отуруптур мурункудай. «Эми унутпай катышып тургула, келип тургула» деп жатыптыр. Жүзү да жаркып калгандай негедир. Жүзү да жаркып калгандай…

17.04.2016

 

n_asanbaev_mНасыпбек Асанбаевдин башка чыгармалары

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.