Тууруна конгон Туяк ырчынын дүбүртү

Кыргыз адабиятынын чалкыган деңизине дагы бир ташкындаган дарыя келип кошулуп отурат. Ал Арстанбек, Калыгул, Барпы, Жеңижок, Токтогулдардын катарынан орун ала турган олуя ырчы Туяк Эрназар уулу. Буга чейин Туяктын ысмы Ысмайыл, Коргол өңдүү залкарлардын бир ооз эскерүүсү менен белгилүү болуп келсе, ал тууралуу 2005-жылдан бери “Туяк ырчы” китеби аркылуу анча-мынча маалыматка ээ болуп, айрым ырлары менен тааныша алганбыз. Кубанычтуусу быйылкы Тарых жана маданият жылында Туяк ырчынын 160 жылдыгы мамлекеттик деңгээлде белгиленгени турат. Ага карата “Туяк ырчы” аталган китеп да жарык көрүүдө. Туяк ырчыны көп жылдар бою иликтеп, аны элге кайра кайтарган КР Эл акыны Эгемберди Эрматовго кайрылып, улуу ырчы тууралу маек курдук.

— Эгемберди ага, Туяк ырчыны туяк алдынан таап чыккандай эле эмгек кылдыңыз. Анын айрым ырларын окуп отуруп, акыл-эсиў айран болот. Буга кандайча кайрылып калдыңыз?

— Ырас, Туяк ырчы тууралуу адабий, маданий илимий коомчулуктун маалыматтары жок. 2005-жылы чыккан мен түзгөн “Туяк ырчы” деген китепке 17 гана ыры, бир айтышы жана чөбөрөсүнүн эскерүүсү, ошол чөлкөмдөгү аны иликтеп жүргөндөрдөн жазылып алынгандар кирген.

Туяк ырчы болжол менен 1856-жылы төрөлүп, өлгөнү 1912-жылга туш келет. Мен эс тартканы Туяктын ырын угуп өстүм. Аш-тойлордо акындар Туяктын ыры деп ырдашчу. Туяк өлгөндөн 60-70 жыл өтсө дагы акындардын оозунда жүрүүнүн өзү бул акындын ырды жамгырдай төккөн, эртеңки болорду алаканга салгандай айткан олуя ырчы болгонунан маалымат берип турат. Кадамжайда Исфайрам чөлкөмү деп коет, өткөн кылымдын 30-40-жылдарында ошо ченде жашаган Уста Календар, молдо Жусуп, Нышан, Эгемберди Кокоев деген инсандар Туяктын ырын жакшы билишчү экен. Анын “Бир алла” деген ыры бар. Бул ырдан бизге аз эле саптары жетти. Туяк ырчы бул ырын таңдан кечке дейре ырдачу экен. Кат тааныбаптыр. Анын Абдукаим Эшен деген Самаркан, Бухарадан окуп келген, ошол чөлкөмгө абдан таанымал, аалым досу болуптур. Айрымдар Туяк ырчыны ага жамандап барышып, “Бир алла” деп ырдап жүрөт, тыйып койбойсуңбу”,- дешет. “Андай болсо чакырып келгиле”- деп, мечиттеги намаздан кийин: — Кана Туяк жанагы “Бир алла” деген ырыңды ырдап койчу дептир. Ошондо бир төгүп ырдайт. Баягы келген элдин баары былк этпей угуп отуруптур. Ырдап бүткөн соң “мына, көрдүңөрбү Туяк китептин сөзүн ырдап атат, бир жеринде ашык-кеми жок, ырдай бер Туяк” деп коюптур…

— Мен бир нерсени түшүнбөй атам. Туяк ырчынын ырларын сизден башка эч ким чогулткан эмеспи?

— Чогултуптур. Өткөн кылымда академиядан, университеттен атайын экспедициялар уюштурулуп барышкан экен. Туяктын ырынан көп эле жазып алышыптыр. Бирок ал ырлар эч жерде жарыяланбаптыр. Мен Туяк тууралуу биринчи китебимди даярдаганда Академиянын кол жазмалар бөлүмүндө иштеген, окумуштуу Омор Соороновдон сураганымда, Туяк ырчы тууралуу бир дагы маалыматты жолуктурбаганын айтты. Менимче ал кол жазмалар чаң басып, академиянын бир бурчунда жаткандыр. Ошондуктан мен азыр үмүтүмдү үзбөй турам. Азыр Тил комиссиясы Ош мамлекеттик университети, КР Илимдер Академиясы менен биргеликте түштүк-батыш акындарынан жазылып алынган кол жазмаларды иликтеп, санарипке түшүрүү иштерин баштаганы турабыз. Ошол оюбуз ишке ашып калса, Туяктын чыгармалары табылып калабы деген үмүт зор… Балким алып келип тапшыргандыр.

— Биз да кошулабыз. Ылайым табылып калгысы бардыр

— …Ошентип Туякты угуп өстүм. Экинчи жагынан атам Эрмаматтын жакын таякеси да болот экен. Атам Туяктын ырларын көп айтчу. Атам мен биринчи класска барганда өтүп кетип, бирок агаларымдын эсинде көп калыптыр алардан укчумун. Менин сөз багып, акын болуп калышыма мүмкүн Туяк ырчынын таасири тийгендир. Кийин Москвадан окуп келип, ал кездеги Фрунзе, азыркы Бишкекте иштеп жүрүп, айылга бара калганымда баланча Туяк ырчынын ырын билет экен десе, барып жазып алчумун. Кээде бирөөдөн төрт сап ыр болсо да жазып алганыма ыраазы болор элем. Ушунтип жүрүп чогулттум. Анан дароо китебин чыгарыштан мурда эски кишилерден ушундай айтылды беле деп тактап жүрүп да көп убакыт өттү. Ал кол жазмаларды, ырларды кимден, качан жазып алганым боюнча да түшүндүрмөлөрдү бердим. Бирок китеби чыкканга чейин Туяк ырчы тууралуу “Тулпар” журналына (1995-жыл №1), өткөн кылымдын 90-жылдары “Кыргыз руху” гезитине макалалар жарыяладым. Ош облустук гезитке Беккелди Жоробаев деген Туяк ырчы тууралуу макала жарыялаптыр. Ал киши Түмөнбай Байзаков менен согушта бир болуптур. Кийин Түмөнбай Барпыны жыйнагандай эле Беккелди Жоробаев Туяк ырчынын чыгармаларын жыйнаптыр. Ошол кишиден да алдым. Ал киши Чаувай деген айылда турчу, “Сени менен Туяк ырчы тууралуу сүйлөшөлү дедим” деп келип калчу. Экөөбүз чогулткандарды салыштырып карап, көп эмгек кылдык. Өзү “Ала-Тоо” журналына ыры чыгып жүргөн, жогорку билимдүү киши экен. Анан Мааткалык деген Туяктын жакыны көп жардам берди. Кезегинде кол жазмаларды чогулткан экспедицияны өзү ээрчитип, кимден алышты көрсөтүп жүрүптүр. “Каран калгыр (ушинтип сүйлөөр эле), ошондо өзүм деле көчүрүп жаза бербейминби, аларга ишенип, эми чоң атамдын ырлары чыкмай болду деп сүйүнүп жүрө берипмин” деп арман кылар эле.

— Деги Туяк ырчы деген ким болуптур? Кандай жашап, кантип өтүптүр?

— Туяк өз доорунда Кокон хандыгы менен байланышта болгон. Бирок Кокон хандыгынын да ага каршылыгы чыгып калат. Алыш деген жерде Жаңыбай деген аш өткөрөт. Ошол ашта Садыр миңбашы ар бир уруудан өз ууруңарды кармап бересиңер деген буйрук берет. Туяктын Ормон деген уулу да уурулук боюнча жалаага кабылып жаманатты болуп жүрчү экен, аны да кармамак болушканы менен ал ашка келбей калат. Кийин баары бир кармалат. Ошондо Туяк кирип “уулум өлмөй болдуң, колуңдан келсе качып кет” деп колуна бычак берип коюптур деп айтылат. Ошентип Ормонду өлтүрмөк болуп, көр башына алып келгенде эки ирекет намаз окуп алайын, колумду чечип койгула деп өтүнөт. Колун чечип коюшат. Ошондо баягы жеңине каткан бычакты ала коюп, өлтүрмөкчү болгон кишини бычак менен сайып, анын атын минип качып кетет. Бирок акыры кармалып өлтүрүлөт. Ошондон кийин бийликтегилер чочуп калат. Өзү чоң ырчы, бир жерде ырдап бизди жаманатты кылат, мунун да көзүн тазалаш керек дешет. Туяк уулу өлтүрүлгөндөн кийин башка жакка көчүп кетет. Бир ирет Ноокатта ырдап атканда жакын туугандары көрүп калышып, “элге кел, биз сагындык, эч нерседен чочуба” дешип алдап алып чыгышып, жолдо атчан ырдап баратканда артынан мойнуна сыйыртмак салып өлтүрүшөт. Бирок ошол өлтүргөн беш адам жарым жылдын ичинде “мени Туяк ырчы чакырып атат” деп өлүп кетишкен. Ушуну эл эмдигиче айтып жүрөт. Себеби, Туяк ырчы кызыр даарыган, олуялык касиетке ээ адам болгон. Эң кызыгы, 100-150 жыл мурда бүгүнкү күндү ырдап жатпайбы. Ал эми “Бир Алла” деген ырында “Алмустактан мурдараак, не болгонсуң дүнүйө” деп суроо коюп атпайбы. Ушунун өзү эле бул кишинин олуялыгы, тереңдиги эмеспи. Ошон үчүн Туякты олуя ырчы деп коюшат. Эми минтип канча мезгил өтсө дагы кайтып келип отурбайбы. Муну элибиздин эбегейсиз руханий зор дөөлөтү деп эсептеймин.

АКЫР ЗАМАН

Акыр заман болордо
Уулуң кетет Урумга,
Кызың кетет Кырымга.
Мингениң темир ат болот,
Окуганың кат болот.
Береке кетип үйүңдөн
Агайын тууган жат болот.
Жокчулук келип жылоолоп,
Загыра наның кант болот.
Аялың укпай сөзүңдү,
Бетиңе карай дап коет.
Ыймандан чыгып кары-жаш
Ыдыраган чак болот.
Акыр заман болордо
Көзү ачыктар көп чыгат
Жерден кайнап өрт чыгат.
Биябан чөлдөн көрк чыгат,
Жалган айткан көп чыгат.
Күйөөгө чыкпай кыздарың
Үйүңдө төрөп олтурат.
Күндө айылда чуу болуп
Арак агат суу болуп.
Жата калып ичишет
Жакпаса да уу болуп.
Атасынан баласы
Өтүп турат куу болуп.
Акыр заман болордо
Темирди жиптей өрөсүң,
Ааламды үйдө көрөсүң.
Желмогуз менен бир басып
Жакалашып жүрөсүң.
Кой-ай деген кожоң жок,
Өзүңө-өзүң төрөсүң…
Арам-алиш нерсени
Арам деп асти сезбейсиң.
Уят-сыйыт жоготуп
Катып калган бездейсиң,
Базарга кетсе аялың
Кайсы бурчтан издейсиң?
Акыр заман болоордо
Эркектен кубат, күч калат.
Катындар чыгып иш кылат.
Барака-пайиз жоголуп,
Беймаза жолго туш кылат.
Кара далы кыздарың,
Көчөдө кетип бараткан,
Жигитти көрсө ышкырат.
Бир динди бекем тутпайсың,
Бириңди бириң укпайсың.
Ынтымагың ыдырап
Пайитин тапсаң муштайсың,
Өзүңдү ойлоп өзгөнү
Палакатка туштайсың.
Акыр заман болордо
Шарият билбейт жакының.
Жалап болот катының.
Омбуга кетет ойт берип,
Табам деп үйдүн татымын.
Арам тамак жеп-ичип,
Ажырайт эстен акылың.
Жалганды чындай сүйлөйсүң,
Пайдасыз ишке жүрбөйсүң.
Кембагал өлсө капилет
Жаназа окуп кирбейсиң.
Сынып калса таш казан,
Балаңды сөгүп тилдейсиң.
Акыр заман болордо
Тараза таштан алдашат,
Айыкпас илдет жармашат,
Бирин бири каргашат.
Кусурга калып акыры
Караңгы көргө жайлашат…

 

АКТОЛГОН

Чавайдын башы Чапкоргон,
Аминдин кызы Актолгон.
Ай жүзүңдү көралбай
Айылдын баары дак болгон.
Өйүз менен бүйүздү
Араладым Актолгон.
Айжамалдуу сендейди
Табалбадым Актолгон.
Каражыгач ичини
Араладым Актолгон.
Кара көз сендей сулууну
Табалбадым Актолгон.
Камзириңдин ичинде
Көйнөгүң бар Актолгон.
Көңүлүмдү жазалбай
Көйгөйүм бар Актолгон.
Көркөмдүү сендей парига
Көп жигиттер дак болгон…

 

ИСФАЙРАМ

Алтын аккан ичинде,
Алаамат бар күчүндө.
Шыпаа болгон ар кандай
Айыкпаган бечелге.
Кимди болсо эмдеген,
Кучак жайып кел деген.
Исфайрамды көрбөгөн,
Бейиш эмне билбеген.
Ооматы күч бул дайра,
Окторулган нур дайра.
Даамын татсаң бир жолу
Таткың келет миң кайра.
Ак мөңгүдөн сызылып
Агып жаткан Исфайрам.
Уңгур менен буйганы
Багып жаткан Исфайрам.
Ар коктудан кошулуп
Күлүк болгон Исфайрам.
Эсеби жок эл үчүн
Үмүт болгон Исфайрам…

Маектешкен Темирбек АЛЫМБЕКОВ, «Жаңы Агым», 27.05.2016-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.