Шабдан баатыр баскан жол

Кыргыз элинин биримдигин көздөп, алардын тарыхый кырдаалына жараша, өзгөчө Россия империясынын Кыргызстандагы катаал оторчулук учурунда “капилеттен ой таап, караӊгыдан жол таап”, өз элин бүлүнчүлүктөн сактаганга аракеттенген, чыгаан мамлекеттик ишмер Жантай уулу Шабдан баатырдын (1839-1912 жж.) саясий бейнесин изилдөөдө эӊ бир бүдөмүк, бурмаланган жагдайда кала бергени, бул анын өлкөбүздүн түштүгүн падышалык Россия тарабынан басып алуу мезгилиндеги ээлеген орду болуп эсептелет. Бул жагдай көбүн эсе кыргыздардын Россия империясынын кол алдында болуп турган мезгилде 1885-жылы Шабдан баатырдын өз оозунан жазылган өздүк өмүр баяндамасынын (Кыргызстанда алгач 1999-жылы жарыяланган) жана ага арналган алгачкы кыргыз тарыхый чыгарма катары 1914–жылы Уфада басмадан чыккан Осмонаалы Сыдык уулунун “Тарихи кыргыз Шадмания” (Кыргызстанда Кусейин Карасаевдин кирил графикасына котормосу 1990-жылы басылган), ошондой эле ушул сыяктуу Совет доорунда калк арасынан максаттуу топтолгон, жалпысынан манаптар эл душманы катары мүнөздөлгөн маалыматтарга негизделгендиги менен түшүндүрүлөт. Анткени бул чыгармаларда ошол өзгөчө Россия империясынын жерибиздеги оторчулук мезгилинде Шабдандын ал мамлекетине өтөгөн кызматын ашкере көрсөтүүнү талаптангандыгынын белгиси бар экендиги жетишерлик эске алынбай калган. Совет мезгили учурдагы таптык көз караштын таасиринде жазылган илимий эмгектерде да алар — манаптар көбүн эсе, кыргыз элине жат элемент катары мүнөздөлгөндүгүнө тереӊирээк сын мамиле кылынбай жаткансыйт.

Шабдан баатырдын Россиянын Кыргызстандын түштүгүн басып алуу учурундагы ортомчулук аракеттери жөнүндө

Дагы бир жагдай, бул эгемендүүлүктүн шарапаты менен түзүлгөн шартта жазылган белгилүү кыргыз жазуучусу Төлөгөн Касымбек уулунун “Келкел” ( 1986-ж., 2 оӊдолуп басылышы — 2000–ж.) жана “Баскын” (2000–ж.) романдарында да Шадбандын образын, кыргыз адабият сынынын патриархы — профессор Асанбек Кеӊешбековдун (1928-2007), менимче, акыйкаттуу аныктамасы боюнча, “…өтө татаал тагдырга туш келген персонаждын ар бир жасаган кыймыл-аракети, акырында келип, аткара турган тарыхый миссиясы орус баскынчылыгы натыйжасында кыргыз жеринде түзүлгөн тарыхый кырдаалга тиешелүү түрдө жооп бергендей болушу тарыхый зарылдык болчу. Тилекке каршы, Шабдандын образы дал ушул зарыл болгон көркөмдүк деӊгээлге көтөрүлө албай жатат”.

2013-жылы коомдук ишмер Каныбек Иманалиевдин жаӊы нукта жазылган “Шабдан баатыр” деген омоктуу тарыхый романы кыргыз элинин кеӊири катмарына да жете элек сыяктанат.

Акыркы жылдарда табылган документалдык булактар, Шабдан баатырдын кыргыз элинин тарыхындагы эӊ бир орчундуу мезгилдеги окуяларда ээлеген ордун дагы тагыраак, акыйкаттуураак ачып берүүгө мүмкүнчүлүк берүүдө. Ушул окуялардагы акыйкатчылыктын өтө маанилүүлүгү бул кыргыз элинин бүтүндөй биримдигине кызмат өтөй тургандыгында экендиги талашсыз. Жогоруда эскерилген Асанбек аганын, ошол эле макаласында айтылган, омоктуу пикирин бул жерде келтирүү зарыл экендигин эп көрдүм, “… өткөн тарыхый окуялардын сабактарынан чыгарылган жыйынтык, көркөм синтез бүгүнкү күндүн проблемасына “иштебесе”, андай көркөм чыгарманын, дегеле, андагы сүрөттөлгөн персонаждардын хан болобу же ханышабы, падыша болобу же баатырыбы, айтор, ким гана болбосун, баары бир баасы жарым тыйын”. Бул ой ар бир илимий чыгармага да толук талаптанаары шексиз. Анда эмесе документтерге назар салалы.

 

Шабдандын көздөгөнү — кыргыз элинин биримдиги жана алардын өзгөчө укуктуу мамлекетчесин түзүү болгон

Пишпек уездинин начальниги А.Талызиндин, 1896-жылдын 18-мартында Жети-Суу областынын аскер губернатору Г.И. Ивановго жолдогон рапортунда Шабдан баатырдын турмуштагы негизги көксөгөнү “мага ал нечен ирет билдирген сүйүктүү теориясы: “кыргыздар бир уюктагы аарылардай биригишип жашашы керек” (кызыгы документтин ушул жерине колониялчы губернатор: ”карасаӊ эмнени каалаганын” деген белги коюптур – Д.С.) деп жазат. Мындай ой Шабдан баатырдын саясий ишмердүүлүктүн башталышынан тартып өмүрүнүн аягына чейин дайыма көкүрөгүндө болуп, кыргыз элинин келечеги үчүн аткарган ар-кыл иштеринен даана көрүнгөн.

Шабдан Жантай уулу 15 жаш курагында эле Кара кыргыз мамлекетинин ханы Ормон Ниязбек уулунун (1792-1855) ишеничине ээ болуп, 1854-жылдын апрель айынын аягында, Кокон хандыгынын таасириндеги Ташкент шаарынын башкаруучусу мырзабашы Касымбектин орус аскерлеринин Жети-Суудагы баскынчылыгына каршы жергиликтүү калктардын биримдигин уюштуруу аракеттери боюнча чакырыктары канчалык деӊгээлде акыйкаттуу экендигин дааналап, баамдап сүйлөшүүлөрдү официалдуу жүргүзүш үчүн кыргыз элинин өкүлү катары дайындалганы белгилүү.

Андан бир жыл өткөндөн кийин 1855-жылдын июнь айында Верный (азыркы Алматы) чебинде орус аскер башчысы, Батыш Сибирь губернатору генерал Гасфорттун казактар жана кыргыздардын кадырлуу адамдары менен өткөргөн алгачкы расмий сүйлөшүүлөргө катышкан кыргыз өкүлчүлүктүн курамында солто уруусунун белсемдүү манабы Корчу Сулайман уулу, бугу уруусунун манабы Качыбек Шераалы уулунун катарында Шабдан да болгон.

Ошентип, Шабдан кыргыз элинин тарыхындагы кыйчалыш учур башталганда, ошол окуялардын чордонунда болуу менен андагы саясий кырдаалды жакшы эле баамдап калган десек жаӊылбайбыз. Алгач, ал жергиликтүү калктардын Россия империясынын басып кирүүчүлүк аракеттерине каршы турушун колдоп, 1858–жылы жазында Кокондон келген Пишкек коргонунун беги Алишер датка менен кыргыздардын солто уруусунун өкүлдөрү Бошкой Канай уулу жана Чолпонбай Жангарач уулдары болушуп Чүй өрөөнүндөгү казактарга элчиликке барышып, аларга сырттан келген баскынчыларга чогуу аракеттенели деген сунуштарын айтышкан. Бирок алардан колдоо табышкан эмес.

Бул учурда кыргыз урууларынын ичинде да өз ара чабышуулар уланып жатты, 1858-жылдын ортосунда кокондуктардын тукуруусу менен бугу уруусуна жортуулга жиберилген сарыбагыштардын жоокер башчысы Төрөгелди (1808-1875-жж. өмүр сүргөн) туткунга түшкөн эле.

1860-жылдын ортосунда Чүй өрөөнүндөгү чет элдик душмандарга каршылык көрсөтөт деп курулган Токмок менен Бишкек чептеги жоокерлер миӊге жетпеген чакан россиялык аскерлерине каршылык көрсөтө алышпай, багынууга дуушар болушкан.

1860-жылдын 20-22-октябрында Узун-Агач жана Кашкелендин жанында, Кокондон келген Канат-Шаа башчылык кылган, курамында түштүк кыргыздарды жетектеп келген парваначы Алымбек Асан уулунун кошууну да бар,10 замбиреги менен жалпы саны 32 миӊге (дагы бир маалыматтарда 20 миӊ жана 22 миӊ) жеткен зор күч, болгону 11 замбиректүү 2 миӊ падышалык баскынчылардын аскерлеринен (дагы бир маалыматта 700 солдат, 6 замбирек менен жабдылышкан чакан кошуунунан) жеӊилүү ызасын тартканын, түркестандыктардын алгачкы чон салгылашуусунун катышуучусу катары Шабдан өз көзү менен көргөн.

1861-жылдын 18–августунда Суван деген Жантайдын уулу “Падыша өкмөтүнө каршы уруулаштарын үндөгөндөргө жардам бергендиги үчүн” деген, баскынчылардын талаа сотунун өкүмү менен өлүм жазасына тартылып атылган.

1862-жылы июнь айларында Шабдан баатыр Кокон тараптан кайтып келе жатканда атасы Жантай Карабек уулу орустар менен ымалага кирди делип Бишкек чебинин беги Рахматулла (ошол жылы эле күзүндө бул бек Байтик Канай уулу тарабынан өлтүрүлгөн) камакка алынып, андан качып чыгып кутулган. Ошондон кийин да, Шабдан түркестандыктардын эркиндиги үчүн күрөшүүнү улантууну, максат кылып Кашгарга жети шаар мамлекетинин өкүмдары Якуббекке барып кошулууну ойлонуп жүргөн.

Ал эми 1863-жылдын 19-июнунда Нарын тараптагы Эки-Чат деген жерде Үметаалы Ормон уулу баш болгон 30 миӊге (архив документинде бул маалымат бир топ эле апыртылса керек — Д.С.) жакын кыргыз жоокерлери, азык-түлүк, ок-дарыларды ташып бара жаткан Зубаревдин жетекчилигиндеги 30 солдаттан турган орус кошуунун курчоого алышып, 18 жолу чабуул жасашса да ийгиликке жетише алышпай, камалгандарга жардам келгенде чегингенге мажбур болушканынан кабардар болуп, өзүнүн буга болгон көз карашы өзгөрүлүп ачыктала баштаган сыяктанат.

Атасы Жантай Карабек уулу 1867-жылы өлгөндөн кийин, орус өкмөтүнүн өкүлү Токмок уездинин байчысы майор Загряжский тарабынан Шабданга мекендештерин жаӊы турмушка көнүүсүнө көмөктөш болуу сунушталганда, ал ага өзгөчө шарттарда макул болгон сыяктанат. Анткени бүлүнгөн Орто Азия хандыктарынын ортосундагы өз ара арыздануулары сыяктуу саясий кырдаалы менен толук кабары бар жана да баскынчыларга каршылык күрөшүүлөрдүн кайгылуу тажрыйбасы, анын күчтүү Россия империясына чөлкөмдүн бириктирилиши кайтарылгыс процесс экендигин так баамдоого мүмкүндүк берген. Андыктан, Шабдан баатыр ошол күндөн тартып, бүт күч кубатын мекендештеринин падышачылыктын оторчулук турмуш шартына ашкере зыянга учуратпастан өткөрүүнү максат кылып, өмүрүнүн аягына чейин өзгөчө бир уникалдуу ыктар менен аларды башкарууга аракеттенди.

Ал эч бир административдик кызматка тартылбастан, демек, ынгайсыз жоболор менен чектелбестен, элдик жөрөлгөлөргө негизделген, акыл-эстүүлүк даанышмандуулук менен коомдогу акыйкаттуулукту камсыз кылуу болчу. Бул, менимче, падышачылыктын ичиндеги өзгөчө укуктуу мамлекетченин өкүм сүргөнү сыяктанат. Бул жөнүндө Осмоналы Сыдык уулу өзүнүн китебинде минтип сүрөттөйт: “ал кыргыздардын кичине ишинен чоӊ ишине чейин бүтүрүп турчу. Кыргыздардын үстүндө турган амыр (эмир — Д.С.) – буйрукчусу эле. … Жай болсун, кыш болсун, таӊдын сапары менен эрте туруп намаз окуучу. Андан кийин… боз үйдүн ичине кирип, отурары менен эки адам самоор киргизгенде: “Ассалоому алейкум” – деп араб, перс эшен, молдолор киришчү. Андан ийин: “Ассалоому алейкум” – деп топ-топ болуп, биринин артынан бири, кечке чейин кыргыздар, казактар, сарттар келе берчү. Алар арыздарын айтчу…. Ар биринин ишин бүтүрүп, муктаждарын, максаттарын орундатып турчу. Кыскасы, ал окуу-жазуу билбесе да, кыргыздын адаттары көкүрөгүнө уюп калган. Ошол үчүн арыбай, талыбай 73 жашын жогоркудай кызмат менен өткөрдү”.

1876-жылы 19-июлда сарыбагыш волостунун өкүлү Бердибек Уркимбаевдин Жетисуу областынын башчысы Г. А. Колпаковскийге жолдогон кайрылуусунда Шадбан (архивде ушундай туурарагы Шадман экен – сөз Шабдан жөнүндө болуп жатат – Д.С.) кара кыргыздардын губернатору – андан улуусу да, кичүүсү да коркушат (Шадбан губернатор в кара-кыргызах — его боятся старшие и младшие) деп Шабдан Жантай уулунун ошол учурда эле кыргыздардын арасында өзгөчө кадыр-баркка жетишкендигин белгилептир.

Ал эми Осмон империясынын падышасы Абдулхамид хан II (21-сентябрь 1842-10-февраль 1918 – жылдары жашап, 1876-1909 — жж. падышалык кылган) Сириядагы Шам шаарынан Мекке, Мединага жана Жидде шаарларына карай мусулмандардын ажылыкка барышын жеӊилдетиш үчүн салынып жаткан темир жолунун курулушуна кошкон салымы үчүн 8-март 1904-жылы Шабданга берген алтын медалынын күбөлөндүргөн жарнамесинде аны “Россиянын Жетисуу областынан Токмок калаасынан кыргыз бектеринен, жоомарт Жантай уулу Шабдан хан (алдын сызган мен – Д.С.)” деп сыпаттаптыр. Ушундай эле сыпаттоону биз жакында Осмон империясынын архивинен табылган архив документинде да, жогоруда аталган курулушка 23813 куруш салым кошуп, “кыйын кырдаалда жардам берген адамдардын” тизмесинин эӊ башында, “Россиядагы Ke’iysti (кебетеси жаӊылыш жазылган, туурасы Жетису – Д. С.) областынан Токмок калаасынан кыргыз бийлеринен Жантай уулу Шабдан хан (алдын сызган мен – Д.С.)” деп атайын эсепке алынган жазууларында да берилиптир.

Мекке менен Мединага барып келгенден кийин Шабдан баатырдын дүйнөгө болгон көз карашы бир топ өзгөрүлүп – ааламда Россия мамлекетинен тышкары кыргыздарга бел боло ала турган кубаттуу боордош мусулман калктары бар экендигине шерденип, өзүнүн түркстандык мусулман мекендештеринин чөйрөсүндөгү талаптарды чечүүгө болгон аракеттерге да активдүү колдоо көрсөтө баштаган. Бул тууралуу Жети-Суунун мусулман калкынын атынан түзүлүп, 1905-жылы Россия империясынын Министрлер кабинетинин төрагасы П.А.Столыпинге (1862-1911 — жж. жашаган) жөнөтүлгөн 11 пункттан турган жолдомо-кайрылуу да (петиция) мисал болот.

Кайрылууда Жети-Суу крайындагы мусулман калкын башкарууда бийликтин укуктук турмуштагы мүчүлүштөрү айгинеленген. Бул жердеги мусулман меджелисин (собрания) уюштуруп, анын карамагына жергиликтүү калктын башкаруусунан тартып сот, мыйзам чыгаруу ишине чейин ыйгарууну талап кылышкан. Мындан тышкары мусулман калкына мечит, медресе, мектептерди ачып, өз тилинде газета, журнал жана китептерди чыгаруу укугуна ээ болуп, гимназияда (орус тилдуу окуу жайларда) окуган мусулман окуучуларга христиан диний таалимдин ордуна мусулман таалимин окуу укугун берүүнү, ошондой эле жергиликтүү калктардын өкүлдөрүнүн өлкөдөгү жогорку мыйзамдарды чыгарүү ишине катыштыруу менен бирдикте жерге, жеке менчикке ээлик кылууда жана жогорку кызмат адистиктерине ээ болууда теӊ укуктун сакталышын талап кылышкан.

Буларды орус падышасына өз колу менен тапшырууга жол ачкан Шабдан баатырга Жети-Суу калкынын атынан ишеним кат беришкен. Анда ал өзү кандайдыр бир себептерден бара албаган болсо, анда баатыр башка ишенген адамдарга ыйгарым укук берилишинин мумкүн экендиги жана орус Өкмөтүнүн жыйналыштарына катышыш үчүн Жети-Суу областынын мусулман калктарынын өкүлдөрүн жеке өзү дайындай ала тургандыгы да белгиленген экен.

Чет мамлекеттен Жетисууга, анын ичинде Кыргызстанга келген коноктор Шабдан менен жолугуп кетүүнү өзүлөрүнүн расмий парзы катары эсептешкен. Маселен 1907-жылы Жети-Суу областын кыдырып жүргөн түрк атуулу Сеид Шериф Мухаммед Эфенди Шабдан баатыр менен жолугушуп, андан ары Ысык-Көлгө жол тарткан.

Орус агенттеринин 18-декабрь 1909-жылдагы берген маалыматтары боюнча Шабданга “маал-маалы менен түрк чалгынчылары (эмиссарлары) өзүлөрүн “сеидмин” (Мухаммед пайгамбардын жандоочуларынан болгон Хазрети Алинин тукумдары – Д.С.) деп аташкандар келип турушат, алардын бири Сеид Хожо Мавлян хан” болгон.

Ал эми бул жагдайды падышанын чиновниги, Пишпек уездинин башчысы А.Талызин 18-март 1896 – жылы өзүнүн жетекчилигине берген жолдомодо да мындайча баяндайт: “… ал бул жерде уезддин начальнигинин жардамчысына окшогон ролду ойнойт, ага даттануулар менен келишип, жогорку өкмөттүн алдында колунан келген жеткиликтүү маселелер боюнча жактоочулук кылышын жана уезддеги насыя бүтүмдөрүн макулдашууда, кыргыздардын атынан кепилдикке өтүшүн суранышат. Ал коомдук иштер менен дайыма алектенет…” Ошол эле адамдын сөзү боюнча, “анын көзүнчө (б. а. Шабдан катышып турганда) волостук башкаруу кызматы жана мыйзамдуу соттор тийиштүү даражадагы мааниге ээ болбой калат”. Андан ары ал “Шабданга каражат керек болгондо элге кайрылып, “джилга” деген кыргыздардын адатында “курдаштардын өз ыктыяры менен берилүүчү жардам” кылууларын өтүнөт жана аны сөзсүз ар бир адамга бөлүштүрүлүп дайындалат. Бул “джилганы” (өзгөчө укуктуу мамлекетченин казынасы сыяктанат – Д.С.) ага алар эч каршылыксыз, соопчулукту самагандай беришет, анткени андан өзүлөрү да колдонушат”. Милициянын аскердик старшинасы Шабдан Жантаевдин кызматтык маалымат баракчасында жазылгандай, ал “даана аскердик кызматта турган эмес, жергиликтүү бийликте да жана орус колониалдык администрациясында да эч кандай кызматты ээлебеген”.

Шабдандын саясий таасири кыргыздарга эле эмес, Түркстандагы орус администрациясынын ортоӊку жана жогорку чөйрөлөрүндө да өтүмдүү болгон. Бул тууралуу Жети-Суу областынын аскер губернаторуна жеп ичкендери жана кызмат орунундагы татыксыз жүрүш-туруштары үчүн Шабдандын сунушу менен 1890-жылы Пишпек уездинин башчысы кызматынан четтетилген аскердик старшина Нарбуттун жана 1911-жылы Сарбагыш волостунун жөндөмсүз башкаруучусу М. Алпысбаевдин иштеринен алынышы далил боло алат.

Шабдан баатырдын турмушундагы, өзгөчө өмүрүнүн акыркы 10-20 жылдагы аралыгындагы саясий көз карашындагы кескин өзгөрүүлөр жергиликтүү колониалдык бийликтердин тынчын ала баштаганын байкайбыз. Буга анын үстүнөн 1886-1888 — жылдардан баштап тымызын байкоолор жүргүзүлүп турганын баамдайбыз. Жогоруда келтирилген Пишпек уездинин башчысы А.Талызин 18-март 1896-жылы Жети-Суу областынын аскер губернатору Г.И. Ивановго жолдогон документтин резолюциясында губернатор Россия Аскерий Негизги Штабдын мүчөсү, Закаспий округунун башчысы генерал-лейтенант А.Н. Куропаткинге Шабданды сыйлыкка көрсөтүү жөнүндө маалымат берүү өтүнүчүнө, “анын эч кандай ага татыктуу эмгегин көрө албаймын, мындан улам, менин түшүнүгүмдө, азыркы учурда Шабдан биз үчүн пайдасынан зыяндуурак, ошондуктан аны жана ага окшогондорду даӊазалабай, акырындап олдоксонсуз, алардын элге болгон таасирин төмөндөтүшүбүз керек. Бул жөнүндөгү жагдайды аймактык жетекчинин эркине бериш керек…” деп Шабдан баатырга карата аны басынтуу саясатын ачыктаган экен.

Аягында падышанын мыкчыгерлеринин, Шабдандын мекендештерине тийгизген таасирин төмөндөтүү чаралары, анын ден соолугунун начарлашына алып келген. Өзүнүн негизги милдетин “манаптарга тынымсыз күрөш жүргүзүүнү” деген Пишпек уездинин башчысы А.Талызиндин аракети менен Шабдан баатырга жалган күнөө коюлуп, 200 сомго айыпка да тарттырышкан. Жергиликтүү колониалдык администрациянын өкүлдөрүнүн мындай басынтуу саясаты XX кылымдын башыӊда өзгөчө күчөй баштады. 1911-жылы ноябрь айында киши өлтүрдү деген жалган күнөө менен Шабдандын уулу, Сарбагыш волостунун мурунку башкаруучусу Мухиддин (Мөкүш) Шабданов түрмөгө олтургузулду. Көп узабай анын бир тууганы ошол волосту башкарып турган Исамидинди (Самүдүн) кызматынан бошотушкан. Замандаштарынын айткандарына караганда, Шабдан уулунун камакка алынышын оор кабыл алып, кайгы тарткан. Дал ушул жагдай адилеттикти туу тутуп, эркиндикти сүйгөн Шабдан баатырдын, 1912-жылы 6-апрелде (ал окуядан беш ай өтпөй) эрте эле — күүлү-күчтүү болуп турганда — 73 жашында күтүүсүздөн дүйнөдөн мүрт кайтышына себеп болгону шексиз.

Жогорудан көрүнгөндөй мунун өзү, Ата мекенге жан дили менен кызмат өтөөнүн өзгөчө үлгүсү эмеспи! Мамлекеттик башкаруудагы сейрек учуроочу мындай уникалдуу көрүнүш, ар бир атуул чиновниктик бийлик орундугу жок туруп эле, коом үчүн пайда келтирип, элдин тарыхында жаркын элес калтырышка мүмкүн боло тургандыгын айгинелейт. Ушундай Шабдандын кыргыздардын маселелерин өз алдынча элдик жөрөлгөлөргө негизделген салттык ык менен чечкендиктен, анын заманында мекендештеринин оторчулар менен арыздашуусу болгон эместиги жакшы белгилүү.

 

Түштүк кыргыздарынын түндүктөгү боордоштору менен биригүү аракети

1873-жылы Кыргызстандын түштүгүндөгү Лейлектин калкы Кокондун ханы Кудаярдын кол салууларына каршы туруп, алардын шаарларына соода иштери менен барган коӊшу кыргыздарга карата алым чогултууларынын көбөйүшүнө нааразылык билдиришти. Кыргызстандын түндүгүндөгү өзүлөрүнүн уруулаштары, он жылдан бери Россия империясынын карамагында тургандыгы жөнүндө жакшы кабары бар түштүктүктөр, али чыныгы жүзүн көрсөтө элек орус бийликтеринен пайда издешти.

Анткени, белгилүү болгондой, Россия империясына жаӊыдан кошулган аймактар, алгачкы 5-10 жылдын ичинде администрациясынын пайдасына төлөнүүчү салык жыйындан (налогдордон) бошотулушуп, барымтадан келип чыккан өз ара майда чекишүүлөр да токтоп, демократиялык принциптерге негизделген жергиликтүү бийликке шайлоолор киргизилип, орустардын өӊдүрүшүндөгү арзан товарлардын арбын алынып келиши күч алган.

Албетте, мунун баары түштүктөгү кыргыздарга таасир берип 1873-жыл алар Токмок уездинин орус администрациясы менен достук мамилелерди орнотууда Шабдан баатырдын ортомчу болуп беришин сурап Кулакмат жана Камбар Саркер аттуу адамдарын жөнөтүшкөн.

Бул иш жүзүндө түштүктөгү кыргыздардын түндүктөгү боордошторуна кошулууга жасаган аракеттери эле. Айткандай эле, 1873-жылдын ноябрында лейлектиктердин Кожент уездинин начальнигине жазган катында алардын умтулуулары адеп Токмок уездинин начальниги тарабынан колдоого алынды. Алардын кокондуктарга каршы туруусун натыйжалуу уюштуруп, кеӊеш берүү максатында лейлектик кыргыздардын өтүнүчү боюнча Шабдан баатыр жөнөтүлгөн. Бирок, тилекке каршы, Шабдан баатырдын бул багыттагы алгачкы жигердүү аракеттерине кийинчерээк генерал-губернатордун деӊгээлинде бөгөт тосулган. Бул тууралуу Түркестан генерал-губернаторунун кызматынын милдетин аткаруучу Г.А. Колпаковскийдин өзүнүн жетекчилерине жиберген рапортунда ачык эле көрүнөт: “… кокондук кыргыздардын … эл өкүлдөрүнүн маалыматын текшерип, алардын Шабдан Жантаев аркылуу токмоктук кыргыздар менен байланышууга жасаган аракеттерин тактап, эгер бул адилеттүү болуп чыкса, аларды тез арада токтотуу керек …”.

Ыӊгайлуу кырдаал колдон чыгып, эки жыл өткөн соӊ, 1875-жылы абал ого бетер кыйындап, академик Бегималы Жамгырчиновдун маалыматтары боюнча, “Жети-Суу облусунун аскер губернатору манап Шабдан Жантаевдин көтөрүлүшчүлөрдүн лагеринен Болотту (Кокон ханына каршылык көрсөтүүнүн жетекчиси молдо Исках Асан уулу 1844-1876 жылдары жашаган – Д.С.) кармап келүүнү уюштуруш үчүн жөнөткөнгө аракет кылды, бирок мындай иш ал үчүн ылайыксыз боло тургандыгын токмоктук кыргыздар ага алдын ала билдиришкен”.

 

Шабдан Фергана элине жакшылык жасап, куткарыш үчүн чакырылган

12-сентябрь 1875-жылы Фергана өрөөнүндөгү аскердик кызматта жүргөн генерал-майор В.Н. Троцкий, Түркстан генерал губернатору Константин Петрович фон Кауфмандын (1818-1882-жж. жашаган, Жарым Паша деген жергиликтүү калктан алган каймана атка ээ болгон) буйругу аркылуу Шабдан баатырга төмөндөгүдөй кат жолдогон эле: ”…Кыпчак Абдрахман автабачи Кокон өкмөтүнүн жоокерлерин Россиянын аскерлерине каршы салгылашка чыгарды, анын акыры кыргыздар менен кыпчактарга кайгылуу болду. Анткени алар Россия аскерлеринен талкаланганга чейин, анын күчтүүлүгүнөн кабарсыз болушкан, эми болсо баамдашты. Акмак Абдрахман автабачи кыргыздар жана кыпчактар менен качты, аларды генерал губернатор катуу жазалоону көздөөдө. Андыктан, Сизден суранамын, кыргыздар жана кыпчактарга жакшылык жасап, аларды куткарыӊыз. Андай болбосо, Жарым Пашанын ( А.П. Кауфмандын – Д.С.) укуругу узун, башкача айтканда колу жетиштүү. Ошондуктан эл өзү тезинен аны (Абдрахманды — Д.С.) алып келсе жакшы болмок, эгер муну алар жакын арада жасабаса кыргыздарга жана кыпчактарга жаман болот”. 18-сентябрда бул катты алары менен Кыргызстандын түндүк тарабындагы Ысык-Көл, Токмок жана Аулиеата уезддеринин тыӊ чыкмалары: Базаркул Атабеков (Тогуз-Торо волостунун башчысы), Атакан Бектияров (Тоӊ волостунун башчысы), Эгемберди Жанбулатов (Таластагы Жети-Уруу волостунун башчысы), Баяке Күнтууганов (1833-жылы туулган кыпчак уруусунан, сарыбагыш волостунун № 11 айылынын бийи), Акмат Рыскулбеков (Кетмен-Төбө волостунун башчысы), архив документинде Денбай (К. Усебаевде – Дыйканбай) делген адам (биздин болжолубузда бул киши Курманкожо волостунун башчысы Дыйканбай Черикчин, же болбосо Кетмен-Төбө волостунун № 11 айылынын бийи Дыйканбай Рыскулбеков сыяктанат), Бекболот (бий делген, бирок атасынын аты-жөнү тактала элек, бул киши кийин 1883-жылы Барскоон волостунун башчылыгына шайланган Бекболот Алсейитов сыяктанат), Кулмамбет (атасынын аты-жөнү тактала элек, бул киши да 1880-жылы Карабалта волостунун № 2 айылынын бийи болуп шайланган Кулмамбет Качкин сыяктанат), Шадыхан (атасынын аты-жөнү тактала элек, бул киши да 1883-жылы Барскоон волостунун № 2 айылынын бийи болуп шайланган Шадыхан Солтоноев сыяктанат), жана башкаларды баардыгы болуп 100 жигитти топтоп, 1875-жылы сентябь-октябрь айларында барон Георгий Штакельберг жетектеген орус аскер күчтөрүнүн Кыргызстандын түштүгүндөгү Базар-Коргон, Сузак, Ботокара жана Избаскен шаарларына жакын жердеги орус аскерлеринин жүрүшүнө катышкан. Анда Шабдандын негизги максаты, тарыхчы Кыяс Молдокасымовдун пикиринде, “кыргыздарга жана кыпчактарга жакшылык кылуу” болгон.

Мындагы орустардын Жети-Суу № 1 жүздүк (сотня) аскерлеринин жүрүшүн жетектеген барон Г. Штакельбергдин 2-октябрь 1875–жылдагы билдирүүсүнөн көрүнгөндөй, бөтөн жерликтер бул тарапка өз аскерлерин согуштук алдынкы чеберчиликте алып барышкандарын баамдайбыз. Айтмакчы, Кыргызстандын түштүгүн Россияга каратуу жараянында, көбүн эсе Кавказдагы (түрктөргө, чечендерге каршы) согуштук аракеттерде такшалышкан аскерлер катышканын эстен чыгарбайлы. Бул болгону эки жүз орус аскерин Кыргызстандын түндүгү тарабынан барган кыргыздардан турган кароолдор (разьезды), төрт тарабынан коштоп барышкан. Ушул чакан орус кошуунуна төрт миӊге жакын жергиликтүү калктын, негизинен таяктар, кетмендер (батика) жана бир аз мылтыктар менен куралданган күчтөрүнүн көрсөткөн каршылыктары натыйжасыз болгон.

“Мен ар дайым казактардын (орус аскерлеринин – Д.С.), атышуу менен гана чектелүүгө ынанышпай, кылычтарын сунушуп каршылашкандардын атчандары көздөй атырылуусун токтотуп жаттым. … Алардын мактанаарлык аракеттери туруктуу каармандык менен чектен өткөн чечкиндүүлүккө (доходящими иногда до дерзости) барып жатты”, — дейт барон Штакельберг. Эгер бул кырдаалдагы эки тараптардагы кызыган күчтөрдү жайына бош койгондо эмне менен аякташы баарыбызга айкын түшүнүктүү эле да.

Андан ары Г. Штакельберг, “Туткунга алынган 15 ке жакын адамдарды, аттары менен Кайка айылынын жанынан Шабдандын туруктуу (по настоятельной просьбе) өтүнүчү боюнча бошотуп жибердим, — дейт. Ошол эле жүрүштө Штакельберг Шабдан баатырдын жана анын жолдошторунун өтө пайдалуу болуп, жүрүштүн ийгилигине жардам бергендигин белгилөө менен дагы бир жергиликтүү калктан алынган туткунду ага бергендигин баяндайт.

Мындан биз Шабдандын ортомчулугу менен эки тараптуу чоӊ кан төгүүлөр болбогонун даана баамдасак болот.

Өскөналы Сыдык уулу бул жараянды өз убагында эле, акыйкаттуу баа берип, мындайча баяндайт:

“Шабдан баатыр Коконго аскер барганда көп жардам көрсөттү. Кайда болсо урушпастан ынтымакка алуунун жолун тапты. Ошол себептен, көп уруш болбостон Анжиян (Россияга – Д.С.) карай баштады”.

Жүрүштүн маалындагы Шабдан Жантай уулунун аракеттери орус генералитети тарабынан жакшы бааланган. Анткени бул кызматы үчүн ал кийинчерээк “кара-кыргыздардан биринчилерден болуп” 4-даражадагы аскердик Георгиев ордени, андан соӊ Кокон хандыгын караткандыгы үчүн күмүш эстелик медалы жана биринчи даражадагы Ардактуу чепкени менен сыйланган. Владимир Плоскихтин маалыматында, ошондо Шабдан менен бирге барышкан Баяке Күнтууганов жана аттары аталбаган жети жигиттери да 4-даражадагы Георгиев орденине татышкан.

Ошентсе да, Шабдан бул жүрүштүн аякташын күтпөстөн, кебетеси падышанын аскерлеринин жергиликтүү калкка карата ашкере катаал аракеттерине катуу нааразы болгон окшобойбу, анткени ал жигиттери менен Түркстандын биринчи генерал губернатору Константин Петрович фон Кауфмандын (1818-1882) өзүнөн суранып, үйүнө 1875-жылдын 27-октябрында эле кайткан экен.

Кыргызстандын түштүгүндө Шабдан баатырдын жана анын жигиттеринин аракеттери сыягы, мүмкүн болгон сыпайкерчилик чектен чыккан эмес жана алардын негизги максаты, элди бекер кан төгүүдөн сактап калуунун багытында болгон. Шабдандын мындай аракети 1876-жылы Фергана облусунун аскер күчтөрүнүн жетекчиси генерал-майор Михаил Дмитриевич Скобелевдин (1843-1882) Алайга жасаган жүрүшүндө даана көрүндү.

 

Алай “экспедициясына” Шабдан Мекенине кызмат кылганы барган

Тарыхчы Геннадий Кронгардтын маалыматы боюнча, бул Алайга болгон “аскерий илимий экспедиция” деп аталган жараянга: сегиз рота, төрт жүздүк, эки атчан-аткычтар, жарты рота аскерлери, үч (дагы бир маалыматта — алардан төртөө болгон) тоо замбиреги жана ракета аткыч батарея катышкан. Ошол мезгилде, Россиянын армиясындагы батареянын курамында — үч таянактуу алты сайлуу 20 фунттук ракеталар менен жабдылган алты замбирек, үч таянактуу бир сайлуу 12 фунттук ракеталар менен жабдылган алты замбирек, үч таянактуу бир сайлуу 6 фунттук ракеталар менен жабдылган алты замбирек, баардыгы 18 замбирек болгон. Замбиректердин ракеталары 1,5 км. дан 4 км. ге чейин учуп жетишкен жана өтө кубаттуу уулу заттар менен жабдылган. Мындагы жоокерлеринин саны батареянын командачысы баш болгон 10 офицер, сурнайчы, музыкачылар жана башка жардамчылар менен 363 адамды түзгөн. Жөө солдаттардан турган ротадагы адамдардын саны 90-100 чейин болгон. Демек бул жортуулга болжол менен 1600 — 1700 жалаӊ такшалган орус жоокерлери катышкан. Бул ошол учурда, итабаран коркунучтуу күч болгондугу талашсыз. Салыштырмак үчүн, Анварбек Хасановдун маалыматында 1875-жылдын аягы 1876–жылдын башталышындагы Россия империясынын Кокон хандыгын өздөрүнө биротоло каратылышы учурунда колдонгон аскер күчүнүн саны 2821 адамдан турган. Ал эми 1877-жылы Түркмөндөрдүн ордо очогу болгон Теке өрөөнүндөгү Кызыл-Арватты ээлеш үчүн болгону 1800 аскерден (9 рота, 2 жүздүк, 8 замбиректен) турган күч колдонушкан. Бирок алгачкы ийгиликтен кийин, түркмөндөрдүн каршылыгынан чегинүүгө мажбурланышып, кайра аскерлеринин санын, тез арада, 12 000 жеткизип ( 17,5 батальон, 20 эскадрон – атчан жүздүктөр, 34 замрек) зор күч менен кайрадан киришип, басып алуучулук иштерин улантышып, көп кан төгүүлөрдү жасашканы белгилүү.

Шабдандын айтканы боюнча бул жүрүшкө аны Д.М. Скобелев чакырган, ал эми генерал-майордун 1876-жылдын 26-октябрындагы рапортунда”… Токмоктон эр жүрөк жана татыктуу Шабдан 25 жигитин ээрчитип, өз эрки менен келип кызматын сунуш кылды, өзүнө тиешелүү олжодон баш тартып, талоончулук үчүн эмес, кызмат кылганы келгендигин билдирди…” деп айтылат. Ал эми бизге белгилүү болгон, 1885–жылы түзүлгөн “Шабдандын өздүк өмүр баяндамасында” бул жер орус чиновниги тараптан “орустарга кызмат кылганы” (пришел служит русским…) деп, замандын ыргагына жараша, атайлап эле бурмаланганын көрөбүз. Мындан биз падыша аскерлеринин чакыруусу менен мекендештерине “жакшылык жасап”, кырылуудан “куткарыш” үчүн келишкен Шабдандын жана анын жолдошторунун көзүнчө, өз убадаларына турушпай, кыргыздарга карата ашкере мыкаачылык кылышып, алардын мал-мүлктөрүн да талоончулукка учураткандыктарына күбөө болгон баатыр жаны ачыгандан, ачыктан ачык эле, буга каршы экендигин билгизгендигин байкайбыз.

Падышанын дагы бир ыкчам отрядынын начальниги полковник Витгенштейндин 1876-жылдын 7-сентябрында М.Д.Скобелевге жазган катында «Зардала жана Мазар капчыгайындагы аскердик аракеттерде “Шабдандын жигиттери жана өзү бул иште өтө пайдасы тийди”, анын жигиттеринен 8 адам жарат алып 27сине таш тийип жабырланды», — деп айтылат. Ал эми 1885–жылыдагы “Шабдандын өздүк өмүр баяндамасында” мында ал өзү да жарат алган деп, жогоруда белгиленген максатта, ашкере күчөтүлгөн сыяктанат. Ошол журуштө падышанын кошууну Жоро ашуусунун жанында 51 кыргыз жоокерлерине кол салып аеосуз баардыгын кылычтап өлтүрүшүптүр.

Бул жүрүштөгү Шабдандын жана анын бир тууганы Байбосундун (башка бир маалыматтарда Абдрахман делип жүрөт) билгичтигинен гана карама-каршы тараптардын ортосунда түзүлгөн кырдаалды дипломатиялык негизде чечүүгө мүмкүн болду. Элдик уламыштарда ушул жүрүш мезгилинде, Шабдандын өмүрүнө кол салуу коркунучу түзүлгөн. Андан аны бир жагынан таякеси, экинчи тараптан кайындары жана жан досу Байзак баатыр Жаркымбай уулу куткарган.

Окурманга бул жагдай даанарак түшүнүктүү болушу үчүн алайлык кыргыздардын башчысы Абдылдабек Алымбек уулу менен генерал М.Д. Скобелевдин ортосундагы кат алышууларына назар салалы.

“Абдылдабек датка!
Абдулкеримбек (козголо
ӊчулар хан кылып көтөргөн адам – Д.С.) менен чогуу силердин бизге өз ыктыярдыгыӊар менен келишиӊерди сунуш кыламын, каарман орус армиясына силер каршы тура албастыгыӊарга тайсалдабай ишене бергиле. Аларды эч нерсе токтото албайт – тоолор да, дарыялар да, душмандар да. Ошондуктан сен качкындыкта каласыӊ, бирок эртеби же кечпи биз сени кармайбыз. Эгер сен өз ыктыярыӊ менен жогорку абройлуу жана күч-кубаттуу генерал-губернатордун (К.П. Кауфмандын –Д.С.) алдына келсеӊ анда анын ырайымдуулугуна ээ болосуӊ, — дейт генерал 22–июль 1876-жылы даткага жазган катында.

Мындай сунушка Абдылдабек 27–июлда төмөндөгүдөй жооп жазыптыр: “Улуу даражалуу Скобелевге! Сиздин убактылуу жарашуу жөнүндөгү катыӊызды алдык. Ушуга чейин Алланын жана анын пайгамбарынын жардамы менен элди чогултуп каршылык көрсөттүк, анткени сиз мойнуӊузга алган милдеттемени бузуп жатасыз. Мисалы: Кокон хандыгын башкарууну бийлиги чектелген Насреддинге (Худаяр хандын уулуна-Д.С.) тапшырдыӊыз, анан кайрадан аны тартып алып, өзүн Сибирге айдаттыӊыз. Анан дагы сиз генерал Скобелев, элде кадыр барктуу Абдрахман (Мусулманкул аталыктын уулу — Д.С.) автобачи менен келишим түзүп, Коконго калтырууга убада бердиӊиз, бирок сөзүӊүздү бузуп аны жана биздин бир канча бийлерди Сибирге айдаттыӊыз. Мунун баары сизге карата ишенбөөчүлуктү пайда кылды, жана сизден чочулаганыбыздан каршылык көрсөтүп тоого кетүүгө аргасыз болдук. Сиз өзүӊүздүн курал жарагыӊыздын санына ишенүүдөсүз. Бизде курал жок, Алланын гана эркине ишенебиз.

Эгер сиз, өзүӊүздүн убадаӊызды аткарсаӊыз, биз мындай жосунга барбайт элек. Биз азырынча тирүү болгондон кийин, өзүбүздү жана ар-намысыбызды коргогубуз келет. Биз көчмөнбүз, бирок бизге да оокат-мүлк, байлык, башка турмуштук жыргалчылыктар да керек.

Сиз Токмоктон тартып кыргыздарды, кыпчактарды, сарттарды караттыӊыз, убадаларды бердиӊиз, бирок Коконду алгандан кийин бардыгы өзгөрүлдү. Эгер сиз убадаӊызды өзгөртпөгөндө, мындай көтөрүлүш болмок эмес. Эгер сиз чынында эле тынчтыкты кааласаӊыз жана өзүӊүздүн убадаӊызга тура аламын десеӊиз, анда Шабдан баатырга тапшырма бериӊиз, биз дагы ага ишенимибизди билдиребиз. Биздин маселелердин бардыгын Шабдан баатыр чечсин. Баардыгы сиздин эркиӊизде, бирок сиз Шабданды Ош уездине калтырсаӊыз, балким ошондо сиз биздин ортобузда тартип орното аласыз”.

М.Д. Скобелевдин Абылдабектин сунуштарын четке кагып, эми ага ачыктан ачык коркутуу төмөндөгүдөй мазмундагы катты, анын иниси Хасанбектен ошол эле күнү берип жиберди: ”Мурдагы катымда мен сизге дааналап түшүндүргөм, кайра-кайра түшүндүрүүгө мүмкүнчүлүк жок. Ошондуктан сиз ырайымдуулукту кааласаӊыз, анда сизге жиберилген Шабдан баатыр жана Ташибек менен бирге өз эркиӊизде келиӊиз”.

Бирок, тилекке каршы, “Абдуллабек колго түшүүгө ниеттенип жатканда, — делет архив документинде, — башка козголоӊчулар буга макул болбостон жана жаӊы жаӊжалдашуудан кийин, бардыгы Кызылартты карай чегинип, Шабдандын тууганын эки жигити менен кармап кетишти”. Аны куткарыш үчүн Шабдан алардын аркасынан сая түшүп кылыччан чабышып, бир туусун колго түшүргөн. Көп узабай Байбосун жолдоштору менен Хасанбектин талабы менен бошотулду.

 

Алай ханышасы Курманжан, Шабдан жана сөзүнө турбаган падышанын генералы

Кемел Шабдан уулунун эскерүүсүндө, Шабдан баатыр Абдуллабектин энеси, белгилүү Алай ханышасы Курманжан датканын жана генерал М.Д. Скобелевдин ортосунда ортомчулук милдетти ишке ашыргандыгын төмөндөгүчө баяндайт: “Алайдагы кыргыздарды каратканда, Курманжан-датка аял падышаны орус аскерлери колго түшүргөн экен. Колго түшкөндө генерал Скобелев сен аял башыӊ менен бизге эмне үчүн ок аттыӊ деген. Аялдын жообу: «Биздин ок аттуу али парз, али сүннөт», — деген. Скобелев “балдарыӊ кайда?” деп сураганда, «чынары мында болсо, чырпыгы кайда барар дейсиз» деп жооп берген. Ошондо Скобелевдин буйругу боюнча 30 казак-орус курчап турду Курманжан датканы. Скобелев генералдан баатыр Шабдан барып сураган: «мага кепилге бериӊиз» деп. «Качып кетсе эмне кыласыӊ?” деп Скобелев айтканда, жооп берген «анын ордуна мени атыӊыз» деген Шабдан, андан кийин кепилге берген. Курманжан даткага үй тиктирип берип, бир ай багып турган. Ошол бир айдын ичинде «мени куткар орустан» деп бир дагы айткан эмес экен. Ал киши айтпаса дагы, далалатчы болуп куткарган. Баатыр ошол аялдын сыпаалыгына ыраазы болор эле. Ар күнү эртеӊ менен Курманжанга салам айтып, үстүнө кирет экен. Курманжан датка намаз окуп, теспе тартып олтурар экен. Мындай жакшылыкты ал көп кылган”.

Курманжан датканын чөбөрөсү болгон Турсунай Өмүрзакованын баамында, даӊазалуу Алай ханышасы генерал М.Д. Скобелевге жолугушууга алдын ала макулдашуунун негизинде өз ыктыярдыгы менен уулу Камчыбек жана небереси Мырзапаяздын коштоосунда Гүлчөдөгү Лянгар айылына келген. “Жолугушуу расмий кырдаалда өткөн. Курманжан датканы орус генералы Чыгыш элдеринин наркын жасап, учурдун шартына ылайык даам-татым даярдап, атайын белек камдап чапан жаап, сый-урмат көрсөтүп күтүп алган жана сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн”. Бул жагдайды Анварбек Хасановдун изилдөөлөрү жана архив документтери да ырастайт Түркестан генерал губернатару К. П. Кауфмандын Россиянын Аскер министрине жолдогон билдирүүлөрүндө мындай сүйлөмдөр жолугат: “1876-жылы Алай тоолорунда чоӊ таасиирге ээ болгон Курманжан, а дегенде генерал Скобелевге, андан соӊ мага келген”.

Бул жолугушуу 29-июлда болгон сыяктанат, анткени андан соӊ 31 июлда Ош уездинин көчмөн калкы жана ичкилик уруу тобунан отурукташкан кыштактарга жакын жерлерде көчүп жүрүшкөн кээ бир урууларынын өкүлдөрү: молдо Гадай бий (адигене уруусунан), Исмандияр бий (муӊгуш уруусунан, Курманжандын агасы) генералга баш ийгендиктерин билдиргени келишкен. М.Д. Скобелев жергиликтүү калктын мурдагы каршылыктарына каарданып Алай канышасына берген убадаларына турбай, аларга салык өлчөмүн мурун белгиленген бир кой башына чегерилген 4 рубльдын ордуна 6 рубульдан бересиӊер деп, өзүм билемдик кылып, “Убактылуу Туркстанды башкаруу жобосундагы” салык мыйзамын одоно бузуп, өкүм кылыптыр. Мындан тышкары Алайлыктар Гүлчүдөн Талдык-Даван аркылуу араба жүрүүчү жол салууга милдеттендирген.

Скобелев муну менен чектелбестен жортуулдук аракеттерин уланта берен. Өз ыктыяры менен орус аскерлерин, алардын арасында Шабдан баатыр да болгон, Каратегиндин башчысы менен алакага кирип, жаӊы чек-ара келишимин түзүп жиберген. Бирок аны Түркстан генерал губернатору жокко чыгарган.

Ошол эле учурда Шабдан баатыр өзү, генерал М.Д. Скобелевден өлүм жазасына тартылган, Намангандан 35 молдо, эшен жана кадырлуу адамдарга мунапыс берүүсүн сурап, өмүрүн сактап калган. Шабдандын өмүр жолу жөнүндөгү биринчи чыгарманын автору Осмонаалы Сыдыковдун маалыматы боюнча ал ар кандай кылмыштары үчүн камалган 73 мекендешинин сот жоопкерчиликтеринен бошонушуна жардам берген.

 

“Көзү кандуу” генералдын тилин тапкан Шабдан

Айтмакчы, 1881-1884-жылдардагы Түркменстандагы Россия аскерлеринин басып алуучулук аракеттерин алгачкылардан болуп дыкат изилдеген орус тарыхчысы, академик Михаил Тихомировдун ошол учурдагы генерал М.Д. Скобелев жөнүндөгү кээ бир маалыматтарын бул жерден келтирип койсок ашыкча болбос. Изилдөөсүнүн баш чагында эле “Ар кандай жагдайларга карабастан согушууну дегдеген жана кагышууну каалап, аны эӊсеп турган М.Д. Скобелевден бөлөк эч бир адамды таппайсыӊ”, — дейт. Андан соӊ “Орус наркы, өлгөн жолдошторубуз үчүн — өч алууну талап кылат”, деп буйрук берчү экен дейт. Дагы бир жеринде, бул генералдын мындай ырайымсыз согушчан аракеттеринен улам, түркмөндөр ага “көзү кандуу” (“Кровавые глаза”) деген каймана ат бергендигин эскерет. Ал эми 1881-жылы Көк-Тепе коргонун Россия аскерлери согуш аракеттеринин негизинде алганын баяндап жатып, тарыхчы минтип сүрөттөйт: ”Түркмендердин теке уруусун талкалоо ырайымсыз болду, алардын качкандарын 15 чакырымга чейин кубалап жүрүп кырышты…. Теке уруусунун жоготуусу 6-8 миӊ адамга жетти… (алдын сызган мен – Д.С.)”. Ушундай кыргындарга жетекчилик кылган, ал учурда жаӊыдан гана генерал ченине жеткен, адамдын тилин тапкан Шабдан баатырдын ортомчулуктагы (азыркы тил менен дипломатияда – элчиликте) болгон ийгилиги десек жаӊылбайбыз.

Шабдан баатыр өзүнүн өмүрүнүн акыркы жылдарына чейин Кыргызстандын түштүгүндө жашоочу мекендештери менен жылуу мамиледе болгон. Бул тууралуу Жети-Суу облусунун талаа генерал-губернаторуна 1884-жылдан 1885-жылдардын аралыгында Тогуз-Торо болуштугунун молдосу Мамырбай Кубатбековду абактан бошотуу жөнүндөгү Шабдандын жана Сооронбай Кудаяровдун жиберген өтүнүчтөрү ачык күбө боло алат.

1888-жылы Сибирдеги Иркутск шаарында Россия падышачылыгынын баскынчылыгына (1876-жылы 25-апрелдеги Жаӊырык капчыгайындагы салгылаштагы) каршылыкка катышкандыгы үчүн 12 жыл сүргүндө жүрүп, Кыргызстанга кайткан Алайдагы баргы уругунун өкүлү, кыргыздын дагы бир мекенчил уулу, ошол мезгилде парваначы Алымбек Асан уулунун талапташы, кийин Алай канышасы Курманжандын казыначысы болгон, мударис Сулайман удайчыны Шабдан баатыр Кеминдеги өз ордосунда, бийик ызаттоо менен кабыл алып, ак дилден сый-урматын көрсөткөн. Бул жагдайды журналист Ж. Парманасов мындайча сүрөттөйт: ”Кеминде Шабдан баатыр Сулайман удайчыны кырк күн алып калып, кырк жерге коноктоп, намазды чогуу өткөзүшүп, анан кырк биринчи күнү дегенде элди чогултуп, алдына ат, үстүнө кийим кийгизип, колуна мандат (кебетеси өзүнүн атынан элге, өзү сыяктуу элдик нарктын негизинде, баш-көз болуу өтүнүчү болгон окшойт – Д.С.) берип Алайга узаткан экен.

Сулайман удайчы Алайга барганда, бул сыйды өз элине ызат менен айтып жүргөн дешет. Ал турсун, биринчи көргөн баласынын атын да Шабдандын баласынын атына окшоштуруп Искендер деп койгон экен”.

Ушул баяндамабызды аяктап жатып, Шабдан баатырдын Алай тарапка баргандыгын дыкат изилдеген дагы бир тарыхчы Бектемир Жумабаевдын 2000-жылы эле жасаган адилеттүү жыйынтыктарын келтирип коюну туура көрдүм. Анда, ал “…Шабдан баатырдын түштүккө барышы, бул ошол мезгилде эле түштүк жана түндүк кыргыздардын өз ара жакындык мамилелеринен улам барды десек болот, анткени Шабдан орус төбөлдөрү менен мурунтадан эле мамиледе болуп, алардын күчүн, саясатын жакшы түшүнгөн, падышачылыктын армиясына начар куралдар менен каршы туралбастыгын билген, ошондуктан кыргыздардын айбаттуу орус куралдарынын астында тепселишин каалаган эмес,” — деп бүтүм жасаган эле.

Дөөлөтбек САПАРАЛИЕВ, КР билим берүүсүнө эмгек сиӊирген кызматкер,
Илим жана техника жаатындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты,
Эл аралык Чыӊгыз Айтматов академиясынын академиги,
Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин профессору,
«Кутбилим», 24.06.2016-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.