Жеткинчек, тестиер, өспүрүм, чал, абышка — булардын айырмасы эмнеде?

Кыргыздар ар бир адамдын жаш курагына, коомдогу ээлеген ордуна жараша ар кандай кайрылышкан. Айрым сөздөр бир эле маанини билдирип тургандай сезилгени менен мааниси таптакыр башка болушу ыктымал. Мисалы “чал” менен “абышканын” айырмасын билесизби?

Балдардын жеткинчек, тестиер, өспүрүм, боз улан, улан деген сыяктуу жалпы аталыштары болот. Бирок алардын кайсынысын кандай учурда колдонуу керектигин көпчүлүк биле бербесе керек. Буга байланыштуу “Тибиртке” рубрикасы филология илимдеринин кандидаты Ишенбек Султаналиев менен биргеликте сөз маанисин чечмеледи.

Түйүлдүк — эненин курсагындагы мезгил;

Ымыркай – жаңы төрөлгөн балага карата айтылат;

Биттенип калды – бир айлык кези;

Күлүшүп калды – 2-3 айлык кези;

Торолуп калды – 3-5 айлык кези;

Балтыр бешик бала – 5-6 айлык бала;

Наристе – 1-6 жашар мезгили;

Жеткинчек – 6-11 жаштагы мезгил;

Тестиер кез – 12-14 жаш;

Өспүрүм – 15-18. Бул курактагы балдарды боз улан, ал эми кыздарды селки деп да коюшат;

Бийкеч – 14-18 жаштагы кыздарга сый, урмат катары кайрылуу;

Кыз – турмушка чыга элек мезгилдин жалпы аталышы;

Улан – 18-22 жаш;

Жигит — 23–30 жаш;

Аял – турмушка чыккан жана 30дан ашкан аялзатынын жалпы аталышы;

Орто жаш, орто курак – 50 жаш. Көбүнчө эркектерге карата “Эр ортону — элүү” деп айтылып жүрөт.

Чал-кемпир: карыган курактын жалпы аталышы. 60 жаштан жогорку курактагыларга карата айтылат. Кээде терс мааниде (көбүнчө урушкан кезде) “какбаш, шүмшүк, оңбогон чал”, “шүмшүк кемпир” ж.б. деп айтылат;

Абышка – анча жамандыгы жок, бир калыпта жүргөн карыя. Кемпири сыйлоо, урматтоо маанисинде да “абышкам” деп кайрылат. Бул дагы 60 жаштан жогору курактагыларга айтылат;

Байбиче – кадыр-барктуу кемпир, сыйлоо, урматтоо маанисин билдирет. 60-70 жаштан өткөндөргө айтылат;

Аксакал – жашы улуу (60-70), кадыр-барктуу адамдарга карата айтылат. Кээде жашы кичүү болсо да, даражалуу, кызматы чоңдорго карата сый-урмат катары колдонулат.

Сүрөт Табылды Кадырбековдуку, Айида Батырбекова, «Sputnik – Кыргызстан», 07.07.2016-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.