Жүз жыл мурда жүрөккө түшкөн кара так

1916-жылдагы Кыргызстандагы улуттук боштондук көтөрүлүш жеңилген соң башталган алааматтуу Улуу Үркүн тууралуу кыргыздын окумуштуу жана айдың бабалары кандайча эскерген? Тарыхчы, профессор Асан Ормушевдин макаласы.

1916-ЖЫЛ – ТАРЫХЫБЫЗДАГЫ КАРА ТАК

1916-жылдагы кыргыз элинин башына түшкөн «Кайгылуу күндөр» жөнүндө көптөгөн илимий макалалар жазылып, көптөгөн изилдөөлөр жүргүзүлүп келет. Ошол азаптуу күндөрдү өз баштарынан өткөргөн акындар, жазуучулар, драматургдар ошол мезгилди элестеткен ырларды, аңгемелерди, повесттерди, романдарды, драмалык чыгармаларды жазышты. Алгачкы кыргыз өкмөтүндө иштеген кызматкерлер 1916-жылдагы тарыхый окуяга саясий баа берүүгө далалаттанышты.

Бирок, тилекке каршы ушул мезгилге чейин карапайым кыргыз эли күткөн саясый баа берилбей келе жатканы тууралуу Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин жарлыгында: «Бул окуялардын болгонуна дээрлик жүз жыл өткөнүнө карабастан, коомубуз алардын себептерин жана кесепеттерин тарыхый жактан объективдүү баалоого муктаж болууда», [1] – деп туура белгилеген.

Биздин пикирибизде, 1916-жылдагы улуттук боштондук кыймылдын чыгышынын себептерин, тарыхчы илимпоздор объективдүү жана субъективдүү жактарын ар тараптан илимий багытта изилдөөгө алып, Россия империясынын колониялдык саясатынын натыйжаларын туура белгилешкен.

Илимпоз-тарыхчы Кушбек Усенбаев өзүнүн 1916-жылкы көтөрүлүшкө арналган көлөмдүү илимий эмгегинде: «Кыргыздар орус падышачылыктын эзүүсүнө жана алардын зордук-зомбулук саясатына мурдатан эле өтө нааразы болуп жүргөн. Ал эми 1916-жылкы август айындагы көтөрүлүш буга чоң түрткү болгон», [2] – деп жазат. Ошондой эле эр жүрөк кыргыздар өз эркиндиги үчүн куралданган орус аскерлерине эч коркпостон, баатырдык күрөш жүргүзгөнүн тарыхый фактылар менен тастыктаган.

1916-жылдагы улут башына түшкөн алааматта журт атасы болгон кадырман аксакалдардын, ак элечекчен мээрман энелердин эч нерседен тайманбаган эр жигиттердин, сымбаттуу кыз-келиндердин, жаш наристелердин күнөөсүз кырылганы – кыргыз элинин тарыхында кара так болуп сакталып калды. Ошол учурдагы Россия империясынын адилетсиз падышасынын, буйругу менен жан алгыч аскерлердин күнөөсүз карапайым элге ок отышы, туруктуу жашаган элдердин өзүнүн туулуп өскөн жерин таштап качышын жана улуттун келечегине тийгизген кесепеттери тууралуу объективдүү баа берүүдө илимпоздор алсыздыгыбызды көрсөтүп жаткан сыяктуубуз.

Анткени, 1916-жылдагы улуттук боштондук көтөрүлүштүн мезгилинде канча адам ак падышанын жазалоочу аскерлеринин аткан окторунан курман болгонун, канчасы Кытайга качуу мезгилинде ачкалыктан, аска-зоодон кулап, дарыядагы чоң сууга агып, ашууларда суукка тоңуп, жугуштуу ооруларга чалдыгып кан жолдо шейит болгону боюнча так санды берүүдө кайчы пикирлер көп айтылууда. Өзгөчө, улуттун келечегине тийгизген кесепеттерин тактоодо дагы илимпоздордун, саясатчылардын арасында ар кандай көз караштар жаралууда.

Ошондуктан, Президенттин жарлыгында көрсөтүлгөндөй, 1916-жылдагы кандуу күндөрдүн кыргыз элине, улутуна тийгизген кесепеттерин илимий негизде талдоо жүргүзүү зарылчылыгы келип чыгууда.

Андыктан мындай илимий иликтөөнү мен өзүм туулуп өскөн Ысык-Көлдөгү Тору-Айгыр өрөөнүндө жашаган, ошол кайгылуу окуяны баштарынан өткөргөн адамдардын эскерүүлөрүн архивдеги тарыхый фактыларга салыштыруу аркылуу ачууга аракет жасоону туура көрдүм.

 

ТОРУ-АЙГЫР ӨРӨӨНҮНДӨ ЖАШАГАН ЭЛДИН 1916-ЖЫЛДАГЫ КЫЙМЫЛГА КАТЫШУУСУ

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик борбордук архивинде, 1916-жылдагы үркүн окуясын өз баштарынан өткөргөн Тору-Айгыр өрөөнүндө (азыркы Балыкчы шаарынан Кош-Көл айылына чейинки аралыктар – А.О.) жашаган куткамергенден тараган уруулар ошол аймакта отурукташкандыгы тууралуу маалыматтар бар.

1916-жылы 9-августта Боом капчыгайынан өткөндөн кийин Байдамтал деп аталган жерде курал-жарак, ок-дары жүктөлгөн бир нече арабаны, аларды кайтарып узатып келе жаткан орус аскерлери менен колго түшүрүп 178 мылтык, 30 миң ок, дары, 875сом олжого алышкан. Бул күтүүсүз чабуулду жана коркпостон кол салууну сарбагыш уруусунун баатыр жигити Ибраим Төлөев башкарган. Анын жанында көзгө атар Узак мерген, Күлүкбай, Нургазы Жунуш баштаган 25 жигиттери коштоп жүргөн [3]. Бирок бул окуяга Тору-Айгыр өрөөнүндө жашаган Куткамерген урууларынын катыштыгы болгон эмес.

Алардын 1916-жылдагы көтөрүлүшкө кандай катыштыгы бар экенин, карапайым эл бул каргашалуу окуяны кандай кабыл алганын, орус аскерлеринен коркуп Кытайга кайсы тарап менен качкандарын, ач-жол, куу чөлдө көргөн азап-тозогун, Кытай жергесинде баштарынан өткөргөн кыйынчылыктар жөнүндө жазылган эскерүүлөр аркылуу ошол азаптуу күндөрдүн элге тийгизген кесепеттерин толугураак билүүгө болот.

Бул эскерүүлөр, ырлар, драмалар кыргыздын белгилүү драматургу, акын, коомдук, мамлекеттик ишмер Молдогазы Токобаев, көрүнүктүү лингвист, илимпоз, акын, жазуучу, мамлекеттик ишмер Касым Тыныстанов, Улуттук Илимдер Академиясынын биринчи президенти, хирург, академик Иса Акунбаев, тарых илимдеринин доктору, академик Сатар Ильясовдун архивдеги өздүк делолорунда, үй архивдеринде, жарыкка чыккан китептеринде кеңири чагылдырылган.

Архивдеги тарыхый документтер, Ысык-Көлдө көтөрүлүш 1916-жылы август айында башталганын ырастап турат. Бирок, көтөрүлүштүн жүрүшү ар кайсыл өрөөндө ар кандай кырдаалда өткөн. Алсак, Тору-Айгыр өрөөнүндө жашаган, Куткамергендин уулдары: Акылбек, Үсөн (Торпок), Бокотой, Барак, Аңылдак уруктары (Тору-Айгыр,Чырпыкты айылдарында турган), бир атанын балдары катары, айылдын аксакал билермандары Сарыбай уулу Райымкул, Сыргабай уулу Масыл, Сарыбай уулу Керимкулдун айткан акылдарына көнүшүп, Кытай жакка Балыкчыны айланып, Тоңдун сырты аркылуу качышкан [4]. Бир атанын балдары, топ-топко бөлүнүп ал топтордун башчылары шайланып, кадимки жайлоого көчүү ыкмасын колдонуп, ар бир көчтү атчан жигиттер коштоп, айылдын мергенчилери көчтүн аркасында аларды коргоп уюшкандыкта көчкөнү тууралуу маалыматтар бар.

 

ТАРЫХЧЫ САТАР ИЛЬЯСОВДУН 1916-ЖЫЛ ЖӨНҮНДӨ ЭСКЕРҮҮСҮ

Академик, тарых илимдеринин доктору профессор Сатар Илясовдун (Ильясов; ал Куткамергендин Үсөн (Торпок) уругунан) 1960-жылдары Тору-Айгыр айылындагы аксакалдар менен аңгемелешип отуруп айткан эскерүүсүндө:

«1916-жылы август айында мен 8 жаштагы бала элем. Атам Ильяс айылдын молдосу катары балдарга арабча жазганды, куранды окуганды үйрөтчү. Мен 6 жашыман баштап окуп, араб тамгаларды жазганды үйрөнүп алгам.

Бир күнү жакын тууганыбыз Сыргабай уулу Масыл келип, ак падыша буйрук чыгарыптыр, биздин жигиттерди орус-герман согушуна аскерге алат экен. Бирок Ошто, Пишкекте, Токмокто элдер буга макул болбой, алардын бийлигине каршы турууга элди үндөп жатышыптыр. Эгерде биз куралданган орус аскерлерине, куралы жок элди үгүттөсөк элди кырып алабыз, деди.

Ошондуктан эл-журтту, ага-туугандарды Көлдөн-Нарын тарапка эртерээк көчүрүп кетүү маселесин атам Ильяс экөөнүн кеңешип атканы эсимде калыптыр. Мен ак падышанын бизди карай ок аткан аскерлерин көргөнүм жок. Биз туугандар менен көчүп жүрүп олтурдук. Жол азабын аябай көрдүк, малдын көбүнөн айрылдык.

Кытайга барганда катуу оорудан атам Ильястан жана ондон ашык жакын туугандардан бир жумада ажырап калдык. Натыйжада 1916-жыл Тору-Айгыр өрөөнүндө жашаган Куткамергендин уул-кыздарын ата-журтунан ажыратты. Көптөгөн аталаш туугандарыбыз ачкачылыктан, жол азабынан, оорудан көз жумду. Бул кандуу күндөрдүн чоң кесепетинин бири жакын адамдардан түбөлүккө айрылганыбызда», [5] – деген эле.

Ошол каргашалуу күндү, кыргыз элинин биринчи кызыл профессору, Кыргыз тил илиминин негиздөөчүсү Эне тил, Алиппе китебинин түзүүчүсү, акын Касым Тыныстанов (Куткамергендин Акылбек уруусунан) ата-журт менен коштошуусун мындайча эскерет:

Каргыштын шамы жанганда,
Жазыксыз кандар тамганда.
Таяныч издеп тырмалап,
Жөө
жалаң солго салганда.
Долуланып солкулдап,
Алай дү
лөй толкундап,
Узатып салган Ысык-Кө
л,
Зары эсимде Ала-Тоо!
– деп аянычтуу билдирүү жасаган.

Касым Тыныстановдун он алтынчы каргашалуу жыл жөнүндө чоң казат ырын жазып, бирок анысы убагында ар кандай себептер менен жарыкка чыкпай, кийин эч кимге белгисиз бойдон жоголуп кеткени абдан өкүнүчтүү.

Бирок 1925-жылы басмада жарык көргөн «Касым ырлар жыйнагында» ошол кызыл кыргын жылдардын эстен кеткис элесин өтө таасирдүү берген:

Ызгардуу кышта ашуу ашып,
Чубашкан качкын келатат.
Жылаң
ач, ачка таймашып,
Сенделет, байкуш жол тартат…
[6]
(«Сураба, досум, сураба»)

 

ИСА АХУНБАЕВДИН 1916-ЖЫЛ ТУУРАЛУУ ЭСКЕРҮҮСҮ

Академик, белгилүү хирург, Борбордук Азияда биринчи болуп жүрөккө операция жасаган Иса Ахунбаевдин (Куткамергендин Барак уруусунан) эскерүүсүндө: «1916-жылкы Үркүндүн учурунда Тору-Айгырлыктар чогулуп алып айылдагы орус Александр Самсановдорду үй-бүлөсү менен өлтүрүп, үйүн, короо-жайын өрттөп, малын айдап кетели деп кеңеш курушат. Бирок, айыл аксакалдарынын кээ бирөөлөрү Сайынке орус болгону менен биздин Тору-Айгырлыктарга жакшылыктан башка эч нерсе кылбады, дайыма кыргыздарга жардам берди. Андан көрө аны Түгөл капчыгайынын ичиндеги чоң үңкүргө бокотой, барак уруусунун ак сакалдары көптөгөн талаш-тартыштан кийин көчүрүп барганын өтө кызыктуу сүрөттөйт.

Ал Самсонов Александр Тору-Айгырга 1905-жылдары көчүп келип, 10 жылдай эл менен ымалашып, кыргызча үйрөнүп алган экен. 10 эркек баласы, 1 кызы бар көп үй-бүлөлүү орусту кыргыздар ыймандуулук менен өлүмдөн сактап калганын жазат.

Иса агайдын айтуусунда, Бокотой уругу Кулжа тарапка, Барак, Үсөн (Торпок) Уч-Турпанга карай качкан [7].

 

ДРАМАТУРГ МОЛДОГАЗЫ ТОКОБАЕВДИН ЭСКЕРҮҮСҮ

Кыргыз мамлекетинин борбордук архивинде күнү бүгүнкүгө чейин сакталып турган Молдогазы Токобаевдин (Куткамергендин Бокотой уруусунан) өздүк делосунда 1916-жылы Тору-Айгыр өрөөнүндө жашаган саяк уруусунан тараган куткамергендин уулдары Байбичеден: Итак, Дөөлөт, Базаргы, Саманчы, Каракүчүк, Бокол, Акылбек, Үсөн (Торпок), токолдон: Кабатай (аңкылдак), Төлөк, Дөөлөттөн: Боктой, Барак деген уруктардан тараган бир атанын балдарынын бул каргашалуу окуя сыпатталат.

Ошол кезде 10 жашка чыгып калган Молдогазы Токобаевдин «Өмүрдүн алгачкы мезгилдеринен» деген эскерүүсүндө бул окуялар мындайча баяндалат:

«Атам арыкчырай, чарчы бойлуу, кара адам эле, апамдын суроосуна жооп берүү максаты менен обдулса да, көтөрүлө албады. Жеңем Калыйпа ыргып туруп, анын башын жөлөй берди. Эки бети алжыйып, ээктин алды килкилдетип ак шишик адамды аябай каптап ал жанын алганын мурун эле билгенбиз».

«Ой боорсуз заман ай, ач бел, куу жолдо өлөт» деген ушул ээ”, – деп өңү бузулуп, чыдай албай онтолоп жатат атам.

Кечээ эле бизди алдейлеп, эркелетип эчен-эчен кыйынчылыктардан билгизбей алып өткөн, ардактуу атам ажал оозунда жатканын анык билип, көзүм тунарды. Өпкөм көөп бышаңдап ыйлай-ыйлай жалдырай карай, атамдын оң жагына өттүм.

– «Куруган балам, кантээр экенсиң, атаңдан айрылып», – деп чекемден сылады. – «Ыбрай-аман болсо балдарым эптеп башыңарды кошкула, оокат кылгыла», – деп, көзүн бир ачты да чирене түшүп үзүлүп кетти.

Адам азапка чыдабаска чарасы жок. Сүйгөн адамдан антип, ишенген адамдан тирүүлөй айрылып, эки жесир, бир жетим элди караандап, эптеп бут шилтедик.

Кайран эл кара тумоого (келтеге) капталып, ошондо бир кырылды.

…Тил кургап, көз тунарып, бүткүл денеден көл-шал болуп тер кетти.

“Атаң айткан ач бел, куу чөл, дүлөй түз – ушул, балам! Аз туруп дем алалычы», – катуу улутунуп көтөргөн жүгүн жерге койду апам.

Жеңем да, мен да жер кучактап көк шиберге сойлодук. Сунган бутту кайра жыюуга кубат жок. Апамдын таар түйүнчөгүндө бир чыны талкан бар эле. Баарыбыздын азыгыбыз ошол бир чыны талкан. Чүңүрөйгөн жыгач чөйчөккө суу куюп, бир чымчымдан талкан себелеп, дан жыты кылып, өзөк жалгадык», – деп жазуучу, драматург атабыз Молдогазы Токобаев кытай жергесине качкан Тору-Айгырлык бир үй-бүлөнүн тарыхын, өз жон терисинен көргөн азап-тозокту, кайгы-муңду чакан аңгеме аркылуу берүүгө аракет жасаган [8].

Кытай жергесине тентип барган кыргыздардын адам чыдагыс оор турмушун, күнүмдүк оокаты үчүн өз кызын малга саткан шордуу, алсыз адамдардын тагдырын өз көзү менен көрүп, ал окуяны кеңири сүрөттөгөн кыргыз элинин биринчи драматургу – бокотой уруусунан чыккан Молдогазы Токобаев болгон.

 

1916-ЖЫЛДЫН УЛУТТУН КЕЛЕЧЕГИНЕ ТИЙГИЗГЕН КЕСЕПЕТТЕРИ

Кыргыз эли өз туулган жеринен, үй жайынан, малынан айрылып, аргасыздан падышалыктын аскерлеринин көрсөткөн кысымынан качып, ак кар, көк муз каптаган ашуулардан кулап, канчасы каза болгонун, чоң дарыяларды кечүүдө көбү сууга агып, шейит кеткени, ачкалыктан, сууктан талаа-түздө тынымсыз качууда жүргөн кайран элди кара тумоо (келте) сыяктуу жугуштуу оорулардан кайтыш болсо, тирүү калгандарды кытый жергесинде уйгур, дунган, кытай бай адамдардын залакасын тартканын өзгөчө жаш балдар менен бойго жеткен кыздарды адам чыдагыс оор тагдырды башынан өткөрүшкөн. Чынында эле элдин бир тобу Кытайга көчүү мезгилинде (ачарчылыктан, жол азабынан, оорудан) каза болсо, дагы бир канчалары Кытай жергесинде өлүмгө дуушар болгон. Кээ бир адамдар Кытайда калып жашап калышкан. Мисалы, Иса Ахунбаевдин атасынын бир туугандары, Тору-Айгырга кайра келишкен эмес. Союз учурунда Иса Ахунбаев Кытайга барып, туугандарына жолугуп келгени жөнүндө бүгүн дагы айылда кеп кылышат.

Андыктан академик, тарых илимдеринин доктору Сатар Ильясовдун эскерүүсүндө айтылгандай, бул өрөөндүн элине 1916-жыл өзүнүн оор кесепетин тийгизген. Ата-энеси жаш наристелеринен айрылса, жаш балдардын ата-энеси өлүп томолой жетим калган, иниси агасынан айрылып, эжеси сиңдисин такыр көрбөй калган. Укум-тукум өсүп келе жаткан Куткан мергендин уул-кыздары азайып, ата-журттан ажырап, туш келди чачыраган. Кайран элдин кайгысы айтып бүткүс окуяга айланып ар бир үй-бүлөнүн жүрөктөрүнө кара так болуп калганын журтубузда белгилүү аталарыбыздын эскерүүлөрү тастыктап турбайбы.

Жыйынтыктап айтканда, 1916-жыл кыргыз элинин тарыхындагы кара так катары түбөлүккө сакталып калды. Анткени Россия империясынын эң негизги максаты, 1916-жылдагы улуттук көтөрүлүштү шылтоолоп Ысык-Көл өрөөнүндө жашаган элди туулган жеринен кууп чыгып, орус калкы жайгашкан «өзгөчө» аймакты түзүү тууралуу чечимди чыгаруу болгон. Орустардын жазалоочу отряддары адилетсиз падышанын буйругун аткарышты. Ысык-Көл өрөөнү жергиликтүү кыргыздардан тазаланды. Кыргыздар Кытай мамлекетинин чет жакаларындагы кокту-колоттордо жашап калды. Эгерде Улуу Октябрь Социалисттик Революция жеңишке келбесе, падыша тактан кулабасы, көлдүк кыргыздардын тагдыры, азыркы Памир тоолорунда жүргөн кыргыздардыкындай оор турмушту башынан өткөрүшмөк.

Андыктан, 1916-жылдагы улуттук боштондук кыймылдын кыргыз элине тийгизген кесепеттерин илимпоз-тарыхчылар, саясатчылар жана социологдор келечекте изилдөөгө алышат го деген ишенимдебиз.

Пайдаланылган адабият жана булактар:

  1. Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгы. 2015-жыл, 27-май.
  2. Усенбаев К.У. 1916: героические и трагические страницы. – Бишкек, Илим, 1997.
  3. 1916-жыл: Азаттык көтөрүлүш. – Бишкек: Бийиктик, 2012. – 29-б.
  4. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик борбордук архиви (ЦГА КР). – Ф.34, оп.2, д. 5, л. 165-167.
  5. Академик Сатар Ильясовдун өздүк архиви. Д. 2. 14-16-бб.
  6. Тыныстанов К. Касым ырлар жыйнагы. – Фрунзе, 1925. – 14-б.
  7. Ахунбаев М.И., Ахунбаева Н.И., Фингер М.Г. Хирург Ахунбаев. – Бишкек, 1998. – стр. 8-9.
  8. ЦГА КР. – Ф. 1372, оп. 1, д. 69. (Личный фонд Молдогазы Токобаева).

Асан Сулайман уулу ОРМУШЕВ,
Махмуд Кашгари-Барскани атындагы
Чыгыш университетинин профессору,
тарых илимдеринин доктору,
«Азаттык», 17.10.2016-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.