“Шырдакбек” эпосу жөнүндө 7 факты. Кесирлүү аял менен келишимдүү боз жорго

Бүгүн турмуштук жана баатырдык “Шырдакбек” кенже эпосу туурасындагы кызыктуу жети фактыны сунуштайбыз. Бул чыгарманын негизинде эл оозунда Шырдакбектин боз жоргосу жана кесирлүү эрке аялдын чыккынчылыгы туурасында аңыз көп айтылат.

Көз карандысыздык үчүн күрөшкөн баатыр

“Шырдакбек” эпосунун сюжетине караганда окуя XVIII кылымдарда өтөт. Тарыхта кыргыздар чет жактан келген уйгур, монгол жана калмак баскынчыларына каршы эркиндик үчүн күрөшүп келгени туурасында бир топ дастандар бар, алардын бири дал ушул “Шырдакбек” эпосу. Тарыхый маалыматтарга таянсак, калмактардын Жунгария мамлекети XVIII кылымдын башында эч кимге көз каранды болбогон төрт чоң уруунун (Чорос, Хошот, Дурбот, Тургут) хандыгы болгон. Ар бир уруунун башында өзүнүн башкаруучулары турганы менен Чорос уруусуна баш ийишкен. Элдик оозеки чыгармада калмактардын башкы ханы Коңтаажы болгону баяндалат. “Шырдакбек” эпосунда Коңтаажынын Калдама, Ажаан деген эки уулу Чүй боорун жана Анжиянды бийлеп турганы, андан башка калмактардын Чагай, Амурсан деген хандары болгону айтылат. Эпостун борбордук идеясы калмактар менен болгон күрөшкө арналат.

Мыйзамдуу түрдө окуянын жүрүшүндө, башталыш, аякталышында, каарман, персонаждарында айырмачылык орун алат. Алсак, биринде Шырдакбек тирүү калса, экинчисинде калмак колдуу болуп каза табат. Биринде Боз жорго калмак колуна өтсө, экинчи айтылышында Шырдакбекке же баласына кайтарылып берилет.

 

Чыгарма бир нече адамдардан айтылып, жазылып калган

“Шырдакбек” кара сөз түрүндө гана эмес, ырдык формада да айтылып жүрчү экен. “Хан Шырдакты ырга салып, Балык акын айтуучу дешет”. Балыктын айтуусунда бизге жетпегендигин адабиятчылар белгилешкен.

“Шырдакбекти” учурунда ак таңдай акын Калык Акиев да айтып жүрүүчү экен. Аны 1974-жылы Жанжигит Казакбаев Абды Өмүкеевден жазып алып (ал 1948-жылы Калыктын өзүнөн уккан экен), Академиянын кол жазмалар фондусуна тапшырыптыр.

“Хан Шырдактын Боз жоргосун” акын Токтосун Тыныбеков көзүнүн тирүүсүндө газетага сунуш кылган экен. Кийин кыскарган түрүндө жарык көргөн.

Тоголок Молдонун айтуусунда “Шырдакбек” жогоркулардан кескин айырмаланып, уламыштык окуя поэманын деңгээлине көтөрүлөт. Баатырдын тулпарына калмак ханынын көз артышы, сулуу аялынын чыккынчылыгы менен Боз жоргодон ажыраган Шырдакбектин душманга алдырышы поэмада да түйүндүү окуядан болуп саналган.

Көпчүлүк учурда калмактар менен болгон согушта Шырдакбек өлүп, коргону талкаланып, башчысынан ажыраган калктын башына катуу мүшкүл түшөт. Ыбрай Абдырахмановдун маалыматында кыргыздардын түштүк тарапка агылып, жер которушу ушундан кийин башталат.

 

“Кесирлүү катын”. 40 койдун чучугуна аш бастырып жеген аялы сатып кеткенде. “Шырдакбек” эпосундагы бир эпизод бар

Калмак ханы Чагай Шырдакбектин чебин ала албай койгондон кийин анын аялы аркылуу чептин сырын билүүнү ойлоп аялды алдыртадан буза баштайт. Аял Шырдакбектин боз жоргосун минип Чагайга качып барат. Калмак ханы аялдан мурдагы жашоосу туурасы сурайт. Акылсыз аял Шырдакбек аны көлөкөдө бактырып, күнүнө кырк кара койдун шыймылчагындагы чучукка палоо бастырып, алдына мамык төшөп турарын айтат. Муну уккан калмак ханы алдыртадан ой калчап, саткындыгынан улам “аялды эки төөгө тарттырып өлтүрүп, этин кескилеп итке салып жиберет”, — деп айтылат. Шырдакбек боз жоргону чөлдөн кармап келгенден кийин калмакка каршы көтөрүлгөн элди бириктирип, Анжиянды бийлеп турган Коңтаажынын Калдама деген баласын кубалап чыгат. Калдама кышында качып келатып көчкүдөн өлөт деп айтылат варианттардын биринде.

 

Айтылуу Боз жоргонун баяны

Бул тема боюнча эл оозунда чакан аңыз сөздөр да бир топ. “Шырдакбектин Боз жоргосундай” деген ылакап сөз, мактоо ырлары алиге эл арасында сакталган. Чыгармада Боз жорго жана анын аялы жөнүндөгү окуя өзүнчө легенда, жомок катары айтылып көп замандардан бери келаткан сыяктуу. Шырдакбектин Боз жоргосу кайыптан бүткөнүн, бир күндө Кашкарга барып Анжиянга келип турганын өтө эле апыртып баяндайт:

Канаты бар өзүңдө,
Шарапаттуу буудандын
Шам күйөт эки көзүндө
Бар мүчөсү келишкен
Марал шыйрак кең соору
Өркөчү бийик, зээри пас,
Өйдөгө салса чарчабас.
Аркасы бийик, зээри пас,
Адырга салса чарчабас
Тайкы жал келген чара баш
деп сүрөттөлөт.

 

Шырдакбек тарыхый инсанбы?

Чыгарманын тарыхый негизи Шырдакбектин жашаган доору, тарыхый реалдуулугу жөнүндө сөз болгондо эки маалыматка: санжыра, аңыз-аңгеме, уламыштык материалдарга жана тарыхый булактарга таянат. Санжыра, уламыш боюнча Шырдакбек XVII—XVIII кылымдардын аралыгында жашаган тарыхый инсан катарында баяндалат.

“Айтуучулар анын өмүр сүргөн мезгилин, жашаган ордун мүмкүн болушунча так көрсөтүүгө аракеттенишет. Шырдакбектин сепилинин жайланышкан ордун, ал эмес Боз жоргонун зоругуп өлгөн жери, анын ат байлаган мамысына чейин иликтөө далалаты бар. Жазгыч акын Тоголок Молдо айткан поэманын окуясы да уламыш, аңыз-аңгемелерден орун алган маалыматтар менен шайкеш. Чыгарманын түзүлүшүнө XVII—XVIII кылымдардын аралыгындагы тарыхый кырдаал калмак-жунгар төбөлдөрүнүн баскынчылык согушуна карата кыргыздардын көз каранды эместигин, эгемендүүлүгүн коргоп, жүргүзгөн баатырдык күрөшү негиз болгондугу анык”, — деп белгилеген адабиятчы Батма Кебекова.

 

“Шырдакбекте” калмак хандарынын бийлигинин таралыш аймагы бир топ реалдуу берилген

Башы Ысык-Көлдөн тартып, Талас, Кызыл-Кыя, Анжиянга чейин алардын кол астына өтөт.

Жарыяланбаган кол жазмаларда, поэмага жазылган баш сөздө, маалыматтык кабарларда анын тарыхый адам экендиги айтылып эле келе жатат. Бирок фольклордук жана тарыхый материалдардын бирдигинде карап, Шырдакбектин тарыхый инсан экендигин илимий негизде аныктоо күн тартибинен түшө элек.

Кыргызстандын аймагында Шырдакбектин чеби, ордосу, жери, коргону, сепили деген жерлер бар.

 

Шырдакбек кайсыл аймактан чыккан?

Уламыштарда Шырдакбек Кокондун беги, Анжыян, Коконду жердеген Шырдакбек аттуу кыргыз ханы, дагы бир вариантында Шырдакбектин уруусу — кыргыз-кыпчак деп айтылып, бул нуска боюнча Курманбектин замандашы делет. Дагы бир уламышта Шырдакбектин турган жери Төрт-Көл аталып, анда калмактардан коргонуш үчүн бекем чеп курулат. Бул мезгилде Бел-Өрүктө — калмактар, Көк-Бел, Төрт-Көл, Ай-Көлдө казактар жашап, кыргыз менен калмактардын ортосунда кагылышуулар тынбай жүрүп турат. Фольклор жыйноочу Абдыракманов тарабынан катталган уламышта окуя Кокон аймагында эмес, Нарын тарапта өтүп, ага Шырдакбектин таржымалынын салыштырмалуу кийинки мезгили чагылышкан өңдүү. Шырдакбек кыпчак уруусунан чыгып, ордосу Ак-Талаанын Чолок-Кайың деген аймагына чеп салдырган. Муну азыркыга чейин сепилдин урандысынын, карападан жасалган суу түтүкчөлөрүнүн сыныктарынын сакталып калышы ачык аныктайт.

 

Шырдакбектин чеби

Ак-Талаа районундагы Алабуга суусунун оң жээгинде төрт чарчы түрдө салынган Шырдакбектин чеби жайгашкан. Учурда анын урандылары калып, толугу менен коргоого алынган эмес. Ал 1945-жылы атайын экспедиция тарабынан ачылып, изилденген. Анда бир нече типтеги бир катар дубалдардан турары аныкталган. “Түндүгүнөн Алабуганын бийик жээги өтөт, батышында терең сай бар, түштүгүндө анча бийик эмес тоо тармактары жатат. Чеп тик бурчтуу, дээрлик чарчы келет, капталдары дүйнөнүн төрт тарабына карайт. Түндүк жана түштүк дубалдарынын узундугу 120, чыгыш жана батыш тарабы 117 метр”, — деп айтылат маалыматта.

Бүгүнкү күндө чеп мамлекет тарабынан тарыхый-археологиялык жай катары каттоого алынган. Анткени менен учурда анын айланасы тосулбагандыктан, сырткы жана ички факторлордон улам тарыхый эстелик улам жоголуп бара жаткандыгын жергиликтүү жашоочулар айтып келишет.

«Sputnik-Кыргызстан», 03.09.2016-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.