Кыргыз жолу

Кыргыз – Евразия кеӊ мейкиндигинде көп кылымдар бою үстөмдүк эткен, өзүнүн дүйнө таанымы, философиясы, тарыхы, рух дөөлөтү, уӊгулуу тили, дили, таза жан дүйнөсү менен айырмаланган, адамгерчиликти, акыйкаттыкты, адептүүлүктү, баатырлыкты, ар-намыстуулукту, калыстыкты ыйык туткан, мамлекеттүүлүгү, жазуусу, кубаттуу, өз алдынча коому болгон, ачык, чынчыл социалдык демократиясы, саясый эркиндиги болгон, көчмөндөр цивилизациясын түзгөн, өнүктүргөн, гүлдөткөн, улуттук маӊыздуу өзөктүн негизинде жашаган баатыр эл болгон!

Кыргыз байыркы далай саякатчылардан, тарыхчылардан калган жазма эстеликтерде, таштарда, ал тургай, кийинки европалык саякатчы аалымдардын илимий иликтөөлөрүндө төмөнкүдөй сүрөттөлгөн: «Эт жейт, кымыз ичет, боз үйдө жашайт, дүнүйө жыйбайт, өзүлөрү шамдагай, кылычтары курч, аттары күлүк, жаасы мыкты, чөгөлөп бирөөгө баш ийбеген, өрттөн жалтанбаган, жоодон тайманбаган, баатыр, мырза эл болот».

Кыргыздар эӊ байыркы эл катары нечен ондогон кылымдар бою жашоо тажрыйба топтоп, христиан, ислам диндеринен бир канча кылымдар илгери эле Теӊирчилик дүйнө таанымын түзүп, табиятты ыйык деп билип, аны менен ажырагыс бирдикте жашап, «Манас» баш болгон керемет эпосторду, 15 миӊден ашык макал-лакаптарды жараткан, санжырасын байытып, комуз, тил жана оймо-чийме өнөрлөрүн өркүндөтүп-өөрчүтүп, адептүү, абийирдүү, даанышмандык, сабырдуу, баатырлыкта жашоону үлгү кылган улуттук каада-салт, адат, нарк-насилин калыптандырып, муундан-муунга жипке тизген таберик катары таза калтырып келген эмеспи…

Кыргыз эли Азиянын борборундагы байыркы элдерден. Узун жана кызыктуу тарыхында далай жолу өзүнүн Ата Мекенинен ажырап, кайра душмандарды кууп чыгып, түбү түптүү эл катары кайра чогулуп, биригип, ынтымакка келип, улуттун, кыргыздын намысын туу тутуп, уук сайып түндүк көтөргөн. Жерди эне катары көрүп, анын бүтүндүгүн коргоого милдеттүү экендигин ар бир атуулдун акыл-эсине гана эмес, канына, жанына сиӊирип келишкен. Душмандар басып алган күндө да, акыры жүрүп өз Ата Мекенин бошотмоюнча кыргыздардын жаны тынч алган эмес. Ага калмактар менен бир канча жүздөгөн жылдарга созулган мамиле толук күбө. Тилекке каршы, кыргыздардын өз каалоолору менен эркиндикте, улуттук баалуулуктары, салт-санаа эрежелери менен жашоосу көпкө созулган эмес .

XVIII-XIX кылымдарда Орто Азияда пайда болгон Кокон хандыгы да ири мамлекетке айланган кыргыздардын өз алдынча эркиндикте жашоосуна мүмкүнчүлүк берген жок. Кыргыз эли кокон аскерлерине каршы туруп, күрөштү хандык кулаганча токтотподу.

XIX кылымдын экинчи жарымындагы кыргыз, казак жана өзбек элдеринин Кокон хандыгына элдешкис күрөштөрү өзүнүн жемиштерин берген, анын ички тиреги биротоло бошогон. Ысык-Көл (1855), Чүй жана Тянь-Шань кыргыздары 1863-жылы Россияга кошулган. Орус аскерлери 1875-1876-жылдары Кокон хандыгын толук талкалап, Фергананы ээлеген. Ошентип, XIX кылымдын акыркы чейрегинен баштап Россиянын үстөмдүгү Орто Азияда, ошонун ичинде Кыргызстанда толук өкүм сүрө баштаган.

1916-жылы кыргыздардын улуттук боштондук үчүн чечкиндүү көрүшүн Россия аёсуз басып, жүздөгөн-миӊдеген жазыксыз адамдар атылган, алар талаада көмүүсүз калган. Мисалы, ошол 1916-жылы жылы үрккөн бостериликтердин ар бир он адамынын бирөө гана Көлгө кайтып келген. Тогузу жолдо орустун огунан, табигый кырсыктан, Кытайдын ичинде ар кандай себептер менен майып болушкан, кыздардын көпчүлүгү бир табак талканга сатылган. Ошентип, кыргыздар XIX кылымда отуз жыл, ал эми XX кылымда 20 жыл өз алдынча улуттук баалуулуктары менен жашоого мүмкүндүк ала албады.

1917-жылдын ноябрь айында В.И.Ленин баш болгон Коммунисттик партиясы Россияда көп жылдарга созулган падышалык самодержавияны кулатып, социалдык теӊдикти, эркиндикти камсыздай турган бийликти орноткон. Карапайым адамдар үчүн бир топ эле жеӊилдиктер берилип, эмгектенүүгө, билим алууга, маданиятты өнүктүрүүгө шарттар түзүлгөн.

XX кылымдын 30-жылдарынын экинчи жарымынан баштап улуттук мыкты кадрларды улутчулдар, шпиондор ж.б. болбогон шылтоолор менен түрмөгө салып, себепсиз эле атып турушкан. 1931-жылы Кыргызстанда кулакка тартуу компаниясы башталат. Айылдардын малдуу, белдүү, өз оокатына тыӊ адамдарынын малдары ортого зордук менен алынып, өзүлөрүн сотсуз, күнөөсүз эле Украинага, Оренбургка жана Сибирге айдаган.

XX кылымдын отузунчу жылдарынын экинчи жарымында Чыгыш элдеринин Москвадагы жана Ташкендеги университеттерди бүтүп келишкен уул-кыздар райондук, облустук жана республикалык деӊгээлде ар кандай партиялык, мамлекеттик кызматтарда эмгектене башташкан, улуттук айрым каада-салттарын, руханый байлыктарын, албетте, күндөлүк саясататта пайдалана баштаганы да болгон. 1917-жылдагы октябрь Революциясынын накта “азаттык”, “теӊдик”, “биримдик” ураандарынын келээрине чын пейилден ишенишип, калктын нагыз бактысы, жыргалдуу турмушу үчүн асыл жанын курман чалууга даяр болушуп, Совет бийлигинин толук салтанаты үчүн күрөшкөн кыргыздын Ж.Абдрахманов, А.Орозбеков, Б.Исакеев, К.Тыныстанов, И.Айдарбеков, И.Арабаев ж.б. улуттун нагыз-саясый жана интеллектуалдык лидерлери “эл душмандары” деген жалган жалаа менен жок кылынган.

“Ата Бейитте” атылып, анан көмүлгөн кыргыз элинин ошол маалдагы бүт улуттук саясый, руханый, экономикалык жетекчилеринин оор тагдыры, кийинки, Кыргыз ССРинин саясый жетекчилери үчүн нагыз улуттук саясатты жүргүзүүгө мүмкүндүк берген эмес. Советтер Союзунун Коммунисттик партиясы да К.Маркстын жана башка теоретиктердин батыштын идеясына, идеологиясына негизделген либералдык саясат жүргүзүшкөн. Буга ачык мисал катары улуу инсан Исхак Раззаковдун, ошондой эле Турдакун Усубалиевдин жетекчилик доорлорундагы абалды жана алардын нагыз тагдырларын элестетсек болот.

Евразияда 70 жылдан ашык өмүр сүргөн Советтер Союзунун бир ок атылбай тарашы менен кыргыз эли башка элдердей эле азаттыкка чыгып, өз алдынча суверендүү мамлекеттүүлүккө ээ болуп, өнүгө баштаганыбызга 25 жылдын жүзү болду.

1993-жылы 5-майда өз улуттук Конституциябызды кабыл алдык. Тилекке каршы, бардык жагынан эӊ мыкты, сабаттуу жана юридикалык жактан билгичтик менен жазылган бул Конституция эки жолу бүткүл элдик добуш берүү менен өзгөртүлдү. Бирок, каалаган тилектер аткарылбай, тескерисинче, артка кетип жаткан үчүн калыӊ эл мыйзамсыздыктан тажагандыктан, айлалары кеткендиктен, коомдун оӊолбой жатканына нааразы болгондуктан 2010-жылы 7-апрелде жалпы элдик ыӊкылапка чыгышып, жагымсыз, тойбос, өзүмчүл, ууру бийликти алып түшүшкөн.

Эми өткөндү кайталабай, “XXI кылымга жооп бере турган татыктуу улуттук жолду, баалуулуктарды таптыкпы? Алардын абалы кандай жана кандай болуш керек?” деген өтө маанилүү маселени талкууласак.

Азаттыктагы Кыргызстандын тарыхында болуп өткөн 2010-жылдын 7-апрелиндеги элдик ыӊкылапта кыргыз мамлекетинин 88 жараны курман болушкан, андан кийин да ыӊкылап учурунда жарадар болушкан ондогон уул-кыздарыбыз көз жумган. Демек, бул элдик ыӊкылаптын талабы да, күткөн тилеги жана тарыхый мааниси да өтө жооптуу жана жогору.

Алмазбек Атамбаев Кыргыз Республикасынын Президенти болуп шайлангандан (2011-жыл, 30-октябрь) баштап эле мамлекеттин ар тараптан туруктуу өнүгүшүнүн маселелерин күн тартибине коюу менен улуттук стратегияны (2013-2017-жылдарга) сунуштап, аны ишке ашырууга жигердүү киришкен. 2014-жылды «Мамлекеттүүлүктү бекемдөө жылы» деп жарыялап, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдардын жергиликтүү өз алдынча башкаруучу уюмдардын жана мекемелердин, жүргүзүүчү, экономикалык, саясый, социалдык, тарбиялоочулук маселелерди комплекстүү чечүүнү жана Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн стратегиялык максаттарын жана милдеттерин жүзөгө ашыруу боюнча ишке коомдук институттарын, жалпы жарандарды тартуу, алардын жигердүүлүгүн жана тилектештигин камсыз кылууда иштиктүү аракеттер жасалды. Натыйжада Кыргызстандык жарандардын улуттук аӊ-сезими, мекенчилдик жүрүм-туруму өзгөрүүдө, мамлекетке болгон мамиле бекемдөөдө, жалпы калкты бириктирүүчү жана шыктандыруучу идеялык баалуулуктар күчөөдө. Албетте, мунун баары Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн жаӊыча өнүгө баштаганын жана анын экономикалык, социалдык маданий, психологиялык жана жаӊы саясаттын пайдубалынын бекемдөөсүнүн көрсөткүчтөрү эмеспи!

Ал эми Президент А.Атамбаев тарабынан 2016-жыл Тарых жана маданият жылы деп жарыяланды. Демек, кыргыз элинин тарыхый жана маданий бай мурастарын мындан ары арттырууда өлкөбүздү өнүктүрүүнүн улуттук үлгүсүн жана ишке ашыруу үчүн өнүгүүнүн кыргыз жолуна түшүшүбүз талаптанууда.

Албетте, «жол» деген түшүнүктү кыргыз эли байыртадан көп тараптуу түшүнүк катары пайдаланып келген. XX кылымдагы Батыштан келген коом жөнүндөгү илими жана башкаруучу коммунисттик партиянын саясатынын күчү менен “жол” деген түшүнүк өз маанисинде пайдаланбай калган. Бирок кыргыздын макал-лакаптарында, илимий трактаттарында, “Манас” баш болгон этностордо, күндөлүк жашоо-тиричиликте, жүздөгөн жомокторунда, ишениминде, Теӊирчиликте “жол” жана анын мааниси кеӊири тараган. Мисалы: а) “Жол” 1) Катташуу, аркы-терки жүрүү, ар кандай транспорттун багыты, жери ж.б. 2) Сапар, саякат, жолоочулук; 3) Келе жаткан багыты, бара жаткан жагы; 4) Бир нерсенин өнүгүшү, ийгиликке, жеӊишке жетиш үчүн болгон илимий идея, багыт, аракеттин, изилдөөнүн жөнү; 5) Белгилүү бир максатка, изилдөөнүн жыйынтыгына жетишүүнүн же кандайдыр бир маселени чечүүнүн ыгы; 6) Китеп бетиндеги саптар, тилке-тилке болуп түшүрүлгөн катар сап; 7) Мүмкүнчүлүк, укук, мисалы: сүйлөөгө жол берүү. Жалкоолукка жол бербөө. 8) Үрп-адатка, салтка байланыштуу шарт, ирет. 9) Сый кылып берилген белек же салт катары бир нерсе берип сыйлагандык.

б) “Теӊир жол берсин”. Жол адамды да, коомду да оӊдойт. Жол эл бар жерге жеткирет. Жол (из) кууган – казынага жолугат. Жол бирге болсо да, тагдыр башка. Жол сурабай жолго чыкпа. Жол кыскарткан сөз. Жол салсаӊ өтөсүӊ, ор казсаӊ түшөсүӊ. Жолго коюу, жолго салуу. Жолдо калуу, жолдон чыгаруу, жолду кыскартуу, жолдугун жасоо, жолдун жолдуусу ж.б.

в) Жолбүгүн: Коомдун саясый, социалдык, экономикалык изилдөөлөрдүн ыкмаларын жана жашоо-турмушунун алган багытын, баскан жана күткөн жолун, учур-удулун жалпылап түшүндүрүүдө колдонулуучу түшүнүк, ж.б. сөз.

Демек, Кыргыз Республикасынын Президенти А.Атамбаевдин демилгеси менен 2016-жыл Тарых жана маданият жылы деп жарыяланган жарлыкта өткөнүн, абалын жана келечегин иликтеп, калкка кеӊири жеткирүү процессинде “жолбүгүн” деген байыртадан кыргыз элинин нагыз илимий терминин кеӊири колдонуу өз алдынча мамлекет катары жашап, кылымдардан бери калыптанып калган элдик түшүнүктөрдү кеӊири пайдаланууга мүмкүнчүлүк ачылууда. Өзгөчө Кыргызстан элинин тарыхый жана маданий мурастарын мындан ары көбөйтүүдө, өлкөбүздү өнүктүрүүнүн улуттук жолун күчөтүүдө жана ишке ашырууда, адеп-ахлактык жаӊы жолдорду жаратууда, кубаттуу мамлекетти курууда республиканын жарандарын бириктирүүнүн ар кандай жолдорун максаттуу пайдалануу зарыл. Калыстык үчүн белгилей турган маселе, акыркы жылдарда “кыргыз жолу – кыргыз бүтүндүгү” деген жалпы маселе республика боюнча элдик Курултайларда (2011, 2013, 2014-жылдарда) кеӊири талкууланып, “Жалгыз тааруу ботко болбойт, жалгыз дарак токой болбойт”, “Жети өлчөп, бир кес”, “Бир жакадан баш, бир жеӊден кол”, “Ырыс алды ынтымак”, “Бөлүнгөндү бөрү жейт”, “Туура бийде тууган жок, туугандуу бийде ыйман жок”, “Калк айтса калп айтпайт”, “Кеӊешип кескен бармак оорубайт” деген сыяктуу нускалуу макал-лакаптарды эске алып, бөлүнүп, бириндебей “Манас күчү – бирдикте” деген бабалардын салган жолунун чыйыры менен “Кыргыз жолу” биргелешкен коому уюштурулуп, 2013-ж. Улуу Курултайдын үчүнчү чакырылышында ураандарын жактырып, басмага жарыяланган. (“Учур” гезити, 27.02.2014-ж.). “Кыргыз жолу” биргелешкен коомунун жол багыты “кыргыз бүтүндүгү” деп, негизги максаттары: Эл биримдиги; Жер бүтүндүгү; Мамлекет кубаттуулугу; Улуттун өзүн-өзү таануусу; Дил биримдиги; Табиятка шайкештиги; Дүйнөлүк өнүгүү менен бирге бүтүндүгү деп жарыяланган.

Расмий түрдө 1993-жылы кабыл алынып, ар кандай реформаларга 8 жолу туш келген кыргыз коомунун жана жарандардын жашоо-тирчилигин тескеген, 2010-жылы кабыл алынган жаӊы Конституциянын болгонуна карабастан республиканын айрым интеллектуалдуу жарандары анын башка дагы долбоорлорун сунуштоодо. Такталбаган маалыматка караганда, 2010-жылдан 2015-жылдын аягына чейин Башмыйзамдын 23 долбоору иштелип чыгып, талкууга коюлган. Мен азырынча төрт эле долбоорго Кыргызстан жарандарынын көӊүлүн бурмакчымын.

Биринчиси: 2013-жылы апрель айында “Элдик курултай, Даанышмандар кеӊеши, Кыргыз чоролору” аталган коомдук уюмдардын атынан Башмыйзам долбоору элдик талкууга сунушталган. Долбоордун маӊызын жана руханий баалуулуктарын төмөнкү жоболор түзөт: “Ата бабаларыбыздын осуяттарын, Айкөл Манастын өрнөгүн жана үлгү тутаар иштерин ыйык тутуп; Улуттун биримдигин жана ынтымагын, мамлекеттин бүтүндүгүн камсыз кылууга умтулуп; Элдин наркын жана салтын, улуттун руханий байлыктарын, жалпы адамзаттык баалуулуктарды бийик баалап; Жалпы азамзат кабыл алган адам укуктарын жана эркиндиктерин сыйлап; Көз карандысыз, демократиялык мамлекетибизди өнүктүрүү жана чыныгы элдик бийликти орнотуу максатында ушул Конституцияны кабыл алабыз” деп баштап, коомчулуктун пикирин эске алуу менен жалпы элдик кол топтоо аркылуу референдумга алып чыгуу чечими кабыл алынган.

Экинчиси: Мурат Мусабаевдин “Эл үчүн Конституция” долбоору. Анда автор мамлекеттин жана коомдун туруктуу өнүгүшүнүн үлгүсүн сунуштап, негизги идеяларды “Таза мамлекеттин теориясы. Кыргызстан долбоору” аттуу эки томдон турган китебинде толук чечмелеп берген.

Анда кыргыздын акыл-адептик, улуттук көз караштык, социалдык, саясый-идеологиялык, диндик, этно-маданияттык, экономикалык баалуулуктар, идеалдар жана идеологиянын комплекси бири-бири менен айкалышып жана жыйнакталып, түшүнүктүү, ишенимдүү жана ачык чечмеленген.

Үчүнчүсү: кыргыз философиясын, тарыхын казып изилдеп, жупунулугу менен айырмаланган замандашыбыз Чоюн Өмүралиев “Кыргыз эл мамлекети” китебинде улуттук идеологиянын жаӊы уӊгусун Конституциянын өзөгүнө чөгөрүп сунуштаган.

Төртүнчүсү: юридика илимдеринин доктору, профессор Бекбосун Бөрүбашевдин “Кыргызстанда коомдун жана мамлекеттин өнүгүү концепциясы” жана “Кыргыз Республикасынын Конституциясынын долбоору” аттуу эмгектери (1913-жыл 12-март). Өзгөчө белгилей турган жагдай: жаш кыргыз мамлекетинин туруктуу өнүгүү жана Конституциялардын долбоорлорунун сунушталып жаткан себептери – азыркы кыргыз мамлекетинин жана коомунун абалына жарандардын канааттанбаганы, өнүгүү келечегине күмөндөр болгону. Анткени, Кыргызстанда экономикалык, социалдык, адеп-ахлактык кризис тереӊдөөдө, тышкы миграция күчөөдө, саясый-экономикалык туруксуздук, начар партиялык түзүлүшкө негизделген Парламенттин алсыздыгы, куру убадалардын үстөмдүгү, кабыл алынган Конституцияга толук ишенбегендиги ж.б. терс көрүнүштөр көп жаӊы долбоорлордун сунушталышына себеп болууда.

Кыргыз эӊ байыркы эл катары океандай “Манасты” жана миӊдеген руханий байлыктарды жараткан, тарыхта империяларды, мамлекеттерди курган улут XXI кылымга татыктуу таза, кубаттуу, ар тараптан өнүккөн улуттук мамлекет курууга толук акылуу жана милдеттүү!

Өзүбүздүн тарыхый улуттук жолубузга түшөлүк, анткени жол – коомду да, элди да, Адамды да түздөйт эмеспи…

Кусеин Исаев,
философия илимдеринин доктору, Кыргыз эл мугалими,
“Кыргыз тили”, 29.11.2016-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.