Ала качуу этникалык кыргыздардын көзү менен

Укук коргоочулардын маалыматына таянсак, Кыргызстанда жыл сайын 12 миңге чукул кыз ала качууга дуушар болот. Статистика боюнча, Кыргызстандын калкынын 2 млн 987 миңин аялдар түзөт. Башкача айтканда, дээрлик 150 миң кыргызстандык кыз ала качуу жолу менен үй-бүлө курушкан. Ал эми Кытай, Тажикстан жана Өзбекстанды байырлап жашап калган этникалык кыргыздарда ала качуу салты барбы деген суроо менен аталган аймактардагы мекендештерибиз менен байланышып көрдүк.

Сандар сайрайт

Өлкө ичиндеги кыз ала качуу фактысы боюнча аталган көрүнүштүн эң көп катталган жери – Талас облусу болуп эсептелет, ал жактагы үй-бүлө кургандардын 84%ы ала качуу менен үйлөнүшөт, ал эми эң аз көрсөткүч – Ысык-Көл облусуна тийиштүү, көрсөткүч боюнча үйлөнгөндөрдүн 38%ы ала качат.

 

Мыйзамдын тили менен

Бойго жеткен кыздын ар-намысы жана укугу мыйзам менен корголууга тийиш. Кыргызстанда 2013-жылы Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүү киргизилип, ага ылайык, кыз ала качкандар 7-10 жылга жоопкерчиликке тартылышы керек. Анткен менен кыз ала качкандар мыйзам боюнча жазаланган учурлар өтө сейрек кездешет. Көпчүлүк учурларда кыз ала качуу салт катары бааланып, тергөөгө жетпей эле эки тараптын макулдашуусу менен жабылып калат. Бул көрүнүштү колдогондор илгертен аткарылып келген салтты жасагандарды жазага тартуу туура эмес дешет. Укук коргоочулардын пикири боюнча, ал качкан тарап жазадан жеңил кутулуп кеткендиктен, кыз ала качуу фактылары азайбастан көбөйүп жатат. Ала качуу өзү менен бирге бир нече көйгөйлөрдү жаратпай койбойт. Алсак, ала качууга дуушар болгон кыз өз өмүрүнө кол салган учурлар жок эмес. Мындан сырткары, эки жаш бири-бирин тааныбай туруп үйлөнөт да, убакыттын өтүшү менен жаман жактарын байкап, чыр-чатактар көбөйөт. Жыйынтыгында ажырашуу сыяктуу терс көрүнүштөргө жол ачууда.

 

Каныбек Толкун уулу, кытайлык кыргыз: “Ата-энелери үйлөнүүгө макул болбой койгон жаштар качып кетишет”

kanybekКытайлык кыргыз Каныбек Толкун уулу учурда Бишкекте окуйт. Ал Кытай кыргыздарында кыргызга тиешелүү нукура салттар сакталып калганын, кыздын көңүлүнө карабай ала качып кетүү жапайы көрүнүш катары саналарын айтты.

– Улуу Үркүндө бабаларыбыз Кытайдын Кызыл- Суу облусуна караштуу Артыш районунун Кара- Жүл айылын байырлап калышкан. Ошол күндөн ушул күнгө чейин аталган аймакта жашап келебиз. Арадан бир кылым өткөнүнө карабай, кыргыз элине тиешелүү салттарыбызды колдонобуз. Бул жактагы кыргыздар ааламдашуу доорунда башка маданияттардын таасири алдында калганын байкоого болот. Ал эми кытайлык кыргыздарда улуттук нукуралык сакталып калган десек болот. Себеби, учурда кыргыздын салтында болбогон көрүнүштөрдү салт катары колдонуп жүргөндөр көп. Мисалга алсак, ала качуу салты мурда эч кандай жапайы түрдө аткарылган эмес. Кыздын ата-тегин, жердигин териштирип, анан кыздын ата-энесинин алдынан өтүшкөн. Тааныбаган эле бирөөнү жолдон ала качып кетүү деген болгон эмес. Бизде дагы тааныбай туруп ала качып кетүү терс көрүнүш катары каралып, андай жолго барышпайт. Албетте, ала качуу салты таптакыр жок деп айтууга болбойт, бар, бирок сейрек кездешет. Кыз менен жигиттин бири-биринде көңүлү бар болсо, бирок ата-энелери белгилүү бир себептерден улам каршы болгон учурда, жигит кызды ала качып кетет. Негизинен ала качуу жат көрүнүш катары эсептелип, кызды шаан-шөкөт менен узатышат. “Кичүү той”, “чоң той”, “сөйкө той” сыяктуу тойлор аткарылып, кызды алып кетишет. Калыңыбыз Таластыкынан ашса ашат, бирок кем калбайт. Кыргыздар мейли Кытайда, мейли Кыргызстанда болбосун, тойлорго өтө маани берип, ашыкча ысырапкорчулукка барган калк болот экенбиз. Кытайлык кыргыздар да тойду мыкты деңгээлде өткөрүү үчүн колубуздан келгенин жасайбыз.

 

Гүлнора Тожихонова, Өзбекстандагы этникалык кыргыз: “Ала качууга өзбектер таң калышат”

gulnoraГүлнора Тожиханова Ташкент облусунун Бока районундагы этникалык кыргыз, учурда Бишкекте турат. Ал өзбекстандык кыргыздарда дагы ала качуу бар экенин айтат.

– Өзбекстандык кыргыздарда ала качуу салты адаттагы көрүнүш болуп, тааныбаган эле кызды ушул жол менен алып кеткен учурлар көп кездешет. Бул салтыбызды уккан өзбектер таң калганын жашырышпайт. Кызды ала качып үйгө алып баргандан кийин кыздын ата-энесин чакырышат. Алар келип, эркек тарап менен сүйлөшүп, кыздын көңүлү болсо калтырышат, болбосо алып кетишет. Көбүнчө кызды калтырышат, себеби кыз кийинки турмушунда бактысыз болуп калат деген ишеним бар. Мурда ала качуу фактылары боюнча эч ким укук коргоо органдарына кайрылышпаса, учурда ала качуу үчүн 7 жылга чейин эркинен ажыратылсын деген мыйзам кабыл алынган.

 

Барчын Мачиева, Тажикстандагы этникалык кыргыз: “Тааныштык аркылуу жайгарышат”

barchynТажикстандагы мургабдык кыргыздардын бири Барчын Мачиева ал жактагы ала качуу салты боюнча төмөнкүлөрдү айтып берди:

– Мургаб району кичине болгондуктан, кыргыздар баары бири-бирин таанышат. Ошондуктан, ала качкан учурларда тааныштыкка салып абалды жайгарып коюшат. Кыздардын көпчүлүгү ата-энесинин айтканына баш ийип отуруп калышат. Эгер кыз 18ге чыга элек болсо милицияга кайрылып, кызды кайра алып кеткендер бар болгону менен өтө сейрек кездешет. Негизи биздин салттарыбыз бул жактагы кыргыздардыкынан бир аз айырмаланат. Алсак, кызды ала качып баргандан кийин чоң тойдон мурда эки жак “Супара жайды” салтын аткарышат. Салт боюнча айылдагы аялдар чакырылып, жайылган супарага акча ташталат. Нан, боорсок, патыр нанды ар ким бөлүшүү жолу менен жасашат. Ал эми эркектер үчүн “Масилат” салты аткарылат. Айылдагы эркектер чакырылып, кыздын ата-энеси бата алат. Мындан сырткары “Туз татыр”, “Тогуз табак”, “Чөмүч кармады” сыяктуу салттарыбыз бар. Жаштар ала качуу жолу менен баш кошконуна карабай, ажырашкан учурлар өтө сейрек кездешет.

Гүлшайыр Сабырбекова, “Политклиника”, декабрь 2016-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.