Рухий жакырчылыктан корккон жазуучу

Соңку жылдары китеп артынан китеп чыгарып, кырктын кырынан ашканда адабиятка алкынып кирген Олжобай Шакирди ким тааныбайт. Адабий сайт ачып, интернетти жиреп киргени социалдык тармактарда отургандар да жакшы таанып калды. Ат жалында кепке тартсак, той-аштардан баш тартып, убактысынын баарын адабиятка арнап калганын айтып, “керек болсо өлсөм сөөгүмдү өрттөп ий деп уулума керээз калтырдым” деп атпайбы чунак киши.

– Олжоке, акыркы жылдары адабият майданында катуу иштеп, удаама-удаа китеп чыгарып атасыз. “Куюн доор” романыңыз сыясы кургай электе эл оозуна алынып отурат. Эми ал чыгармалардын маани-маңызын мындай коё туруп, сөздү башка өңүттөн баштасак. Кыргызстандын азыркы шартында башка иш кылбай жалаң жазуучулук менен, адабият менен жашаса болот бекен?

– Жазуучулук менен жашаса болобу, болбойбу – ал мага кийинчерек маанилүү көрүнбөй калды анча. Маанилүүсү – аңгемелер топтомунан турган “Эски тегирмендин орду”, “Куюн доор” романымды акыркы төрт жылдан бери колуман чыгардым. Экөө тең чаңга басылып калган жок. Экөөнүн тең баасын түшүрбөдүм, кымбат саттым. Бекер таркатылбады. Окурман чөнтөгүн аяганым жок. Бул эки китеп мени жазуучу катары таанытты көрүнөт. Ошондон улам дымак күтүп, адабияттын малайы болгум келди. Көпөс саясатчылар азыр журналисттердин далайын малай кылып алыптыр, а менин журналистиканы көрөйүн деген көзүм жок азыр. Ошон үчүн «литературный раб» болгонду ылайык көрдүм. Ырахаттуу экен ал. Адабияттын дагы бир жакшы жери – убакытка да, чөнтөккө да сараң болгонго үйрөндүм. Убакыттын баркын эми сездим. Турмушта акчаң жетишпеген жашоо кеп эмес экен, күн өтө берет. Убакытты кор кылгым жок. Учурда менин иш тартибим 14-15 сааттан кем эмес. Ара-чолодо дене бой чыңайм, шылдыраган муздак сууга жуунам, көз умачтай ачыла түшөт, кайра отурам. Мен азыр той-топурга да барганды койдум. Чакырык жөнөткөндөргө берер жообум: «Тоюңа баргандан менден пайда жок, чакырууну конверт берчүүлөргө таркат!» деп келем.

– Жакшылык-жамандык ар бирибиздин башыбызда го, той-топур аркылуу кыргыздын алака мамилеси түзүлөт эмеспи…

– Стоп! Сурооңдун ары жагын түшүндүм. Элден кол үзүп коёсузбу дегениң да бу. Мен эмне китеп сатыгынан түшкөн аз-маз тыйынымды аш-тойго коротомбу же үй-бүлөмдүн кем-карчысына жеткиремби? Ансыз да тиягына тартсам, биягына жетпеган өп-чап турмуш баштан өтүп атат, үкам… Балама болсо эбак керээзимди айтып койгомун: өлсөм чыгым тартпай, сөөгүмдү өрттөп жибер деп. Андан асман жерге түшүп кетпейт, кыргыздын каада-салтынын кылы да кыйшайбайт…

– Ошентип көжөлүп отуруп жазганыңыздын мээнети кайттыбы жок дегенде?

– Кайтканы ушул: миң нускадан чыгарган китептерим түгөндү. “Куюн доорум” үч ай ичинде сатылып кетти, азырак калган 20-30дайын “Коом жана Мен” сайтынын туруктуу окурмандарына белекке таркатып жибердим. Туруктуу айлыгым жок болгондуктан китептен түшкөн киреше кайра дагы китеп чыгарууга жетпей, баары үй-бүлөлүк бюджеттен артпады.

– Азыр эми “Коом жана Мен” сайтын ачып, адабият менен интернет айдыңында билек түрүнө кириштиңиз. Окурмандарыңыз, авторлоруңуз акырындап болсо да арбып жаткандай. Бирок каржы жагын кантип атасыз?

– Илгери “Ала-Тоо” журналы менен “Кыргызстан маданияты” коомду сабаттуу кармап турган басылмалардан эле, кийин “Асаба” гезити элди саясый жактан 10-15 жыл сабаттуу кармап турду. Азыр барбы ошондой басылмалар? Бар албетте, жалгыз “Ала-Тоо” журналы. Чыгып атат, бирок ал кыргыздын кыйырына жетип аткан жок, себеби бир миллиондон ашык мекендешибиз сыртта жүрөт, аларга басылмалардын жетиши кыйын, ал тургай дубандарга толук жетип аткан жери жок. “Коом жана Мен” сайтын ачкан максатым – сергек окурмандардын кыртышын жоготпой сактап калуу, окурман табитин өстүрүү. Ошо сыртта жүргөн мекендештерибиздин балдарына эне тилибиздеги өрнөктүү чыгармалар жетип турбаса, алардын кыргыз деген аты эле калбаса, заты калбайт! Алар тургай бу жактагы келечек жаштарыбыз ою жетик, тили жатык тарбияланып атабы кыргыз тилинде?! Кыргыз адабиятынын саман-топонун ажыратып берер адабиятчыларыбыз болсо оозеки адис болуп алышты, жазгандары аз. Адабий сын жок үчүн графомандар толуп кетти. Сөз маданиятынын баркы азайды, эптеп сөз чүргөгөндүн баары китеп чыгарып, адабиятка ызаат мамиле кылынбай калды. Анан мунун баарын көрүп отуруп, ичиңен түтөйт экенсиз. Биз улут катары адабий-маданий дөөлөт жаратабызбы же түбүбүздү жоготобузбу? Муну ар бир кыргыз тукуму ойлонушу керек! Андыктан адабияттын жакшы-жаманын ылгай турган бир коом, же бирди-жарым адам чыгышы керек да. Мен ошого бел байладым. Бирок бул жалгыз кишиге оңой-олтоң түйшүк эмес. Мага айлык берген да киши жок, андыктан сайтты түптөгөндөн баштап эле туруктуу окурмандарга кулак кагыш кылып келатам, мен бир кембагал экемин, каралашкыла деп. Албетте, минтип окурмандарга жүгүмдү артып атканым жакшы эмес, бирок башка аргам жок. Мен кетмен чаап жер казсам да тирлик кылып кетер ал-күчүм бар курактамын. Бирок ошол күчүмдү рухий багытка, коом агартууга жумшагым келет. Улут үчүн рухий жакырчылыктан өткөн коркунуч болбосо керек! Мен ошол рухий жакырчылыкка кептелгенибизден корком…

– Азыркы сайтыңыз өтө эле жупунудай көрүнөт…

– Эмне кыл дейсиң? Суусар тебетейи башында сүлкүлдөп турган бай-манаптын жанында жупуну көрүнсө да бирок дервиш куттуу эмеспи деп өзүмдү сооротом. Кеп, сайттын маани-мазмунун кемитким келбейт. Албетте, байманам ашып турса, так ошол сен айткан жупунулукту кооздоп, сайттын эстетикалык көрүнүшүн жакшы дизайнерге жасалгалатат элем, бирок ага акча керек. Бирин-экин туруктуу окурмандар, максатымды түшүнгөндөр бир аздан тыйын салганы менен бирок сырттагы кычыраган суукту көрүп атасың, үйдөгү отун-суума, светиме төлөгөнгө ошолордун жардамы болуп атат. Жеңеңе болсо алдамчы болуп бүттүм, ага укмуштай жомокторду айтам күнүгө. “Мен келечеги бар иш жасап атам, чыда” – дейм. Маркестин аялы Мерседеске окшоп, ал кургур да менин бардык кыйынчылыгыма көндү. Балдарым да көнүп келаткансыйт…

– Кыргыз коомунда адабиятка кызыгуу кандай экенин байкасаңыз керек?

– Ошо кызыккан окурмандар бар үчүн таш көчүк болуп отурам да. Менин тоодой таянычым жеңеңден кийин ошол туруктуу окурмандарым. Алардын кээси жубайымдан кофе берип жиберет, конфет берип жиберишет. Тыйын-тыпыр жөнөтүшөт кээси. Ушу мага абдан таттуу да, үкам. Шимип отура берем конфеттерин, муздак үйүмдө кофесин шорулдатам. Иш жүрө берет. Жазуучунун жашоосу меникиндей эле болушу керек негизи…

«Кабар 24», 10.01.2017-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.