Музфира Мамытова
* * *
Көлөкөсүн аяп басып бактымын,
Көрүнгөнгө көрсөтпөгөн бар чыным.
Билсең азыр Күн жашаган үйүмдө,
Ааламда жок, адамда жок жакшымын.
Күлгөнүбүз мээлүүн деңиз толкуну,
Шоокуму анын балдарымдын шоктугу.
Бүгүн мага күмөн ушул ааламда
Биздикиндей бакыт бары, жоктугу…
Көп ичинде көч улаган из менен,
Сен издеген бакыт азыр биз менен…
Билем, бир күн балдарымды, сүйүүмдү
Кайсалактап издейсиң өз тизмеңен.
Качандыр бир таппайсың сен тизмеңен…
* * *
Экөөбүз таанышканда…
Бизден мурун дүйнө эсин жоготкон,
Күн асмандан колдорун чаап,
Күндөй сүйүү түшүп келген жомоктон.
Экөөбүз жолукканда…
Толуп-ташкан сүйүнчүмдү көп көрбөй,
Жер айланбай токтоп турчу,
Атаар таңдын жолун тосуп өткөрбөй.
Экөөбуз коштошкондо…
Күн менен ай бир тутулуп асманда,
Карангылык каптаганда дүйнөнү,
Калып кеткем мен караңгы жактарда…
Калып кеткем мен караңгы жактарда…
* * *
Түндүктөн жалгыз кылып түтүнүңдү,
Койдум мен жарты кылып бүтүнүңдү.
Оорумун, жүрөгүңдө оорумун мен,
Башталып бүтпөй койгон күтүү сындуу…
Түндөргө чырак жаккан жолдоруңда,
Түңүлбөй максат күткөн ойлоруңда
айкелмин…
Тирүү бойдон айкелмин мен,
Жаралгам жалгыздыктын колдорунан.
Көмүлгөн сүйүүң менен топуракка.
Сен мени чочутпа да, чоочуркатпа.
Ансыз да мага дүйнө бейтааныштай,
Ансыз да өчүп турат жол чырактар…
* * *
Атымды уучтап алып муштумуңа,
Кеткенсиң бир өзүңө ырыс сурап…
Мен батпай калган экем, бала болуп,
Тытылган турмушуңдун бир бурчуна…
Таштаган көчөң мени таштан болду,
Үстүмдөн үйрүлгөн бир асман болду.
Өзүмдү миң жоготуп, миң издедим,
Түздөйм деп сен адашып баскан жолду.
Айтам деп жаман сөздөр үшүткөнүн,
Урулдум айга-жылга күтүп сени.
Кайтпадың… Коркпойт окшойт убалдан да,
Кудайдын эрке апа-күкүктөрү…
Өгөйлөр өгөй ырын ырдаган бир
Өмүрүм өгөөлөндү, жылгаланды…
Келбедиң, “апа” аттуу бейтаанышым,
Керегиң ташка тийсин мындан ары!
Тилегим күтүп жүрүп күйүт болгон,
Жүрөгүм күтүүлөрдөн күйгөн, тоңгон.
Жолукпа эми мага, мүмкүн болсо,
Өзүмдү өзүм таппай жүргөн жолдон!
Жолукпа эми мага мүмкүн болсо,
Өзүмдү өзүм издеп жүргөн жолдон…