Исирадин Аманбаев, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти: “Музыкант болушума Рыспай Абдыкадыровдун салымы чоң”

Туулган жылы, күнү – 1964-жыл, 16-март

Туулган жери – Кара-Кулжа району, Алай-Куу өрөөнүнүн Көңдүк айылы

Билими – Ош мамлекеттик педагогикалык институтун, Кыргыз улуттук консерваториясын аяктаган

Учурда – Мукаш Абдраев атындагы Республикалык атайын орто музыкалык мектеп-интернатынын директору

Белгилүү обондору – “Ай жарык”, “Гитара”, “Мөл булак”, “Жетиген”, “Соң-Көл баяны”, “Тоолук кыз болду периштем”, “Айданек” жана башкалар

 

“6 ЖАШЫМДА КОМУЗ ЧЕРТИП БАШТАГАМ”

– Балалыгым төрт тарабы тоолор менен курчалган жомоктогудай кооз жерде өттү. Айылдын башында кол менен жасап койгондой керемет Кулун-Ата деген көлүбүз бар. Ошол көлдөн аккан суу биздин айылды аралап өтөт. Сууда балыктар абдан көп эле, ат менен кечип өтсөң балыктар кадимкидей ыргып кетчү. Аттын туягына тийгендери суунун бетине калкып чыгып калар эле. Жайында майкабыз менен сузуп балык кармап, бышырып жечүбүз. Муну айтып жатканымдын себеби, чыгармачыл инсан болуп калыптанышыма керемет жердин суусу, абасынын таасири чоң.

Анан албетте, кандан да өткөн. Себеби чоң атамдын атасы, өзүмдүн атам Абдилашим чоң комузчу болгон. Апам Перизат сөзгө чебер, санжыра, жомокторду көп билген аял эле. Экөө тең колхоздо жумушчу болуп, 7 баланы тарбиялап, тууруна кондурушкан. Апамдын көзү өтүп кеткенине 17 жыл болсо, атам быйыл 90 жашка чыкты.

Үйдө жетөөбүз тең комузду мыкты чертип, ырдай алабыз, бирок чыгармачылыкты аркалаганы мен эле болдум. Калгандары башка кесипти тандап кетишти. Негизи биздин айыл таланттарга бай. Майрамдарда боз үй тигилип, кыз куумай, ат чабыш, анан сөзсүз концерт болор эле. 6 жашымда бир майрамда комуз чертип чыкканым эсимде. Комузчулук өзүм үчүн болуп калды окшойт, учурда 20 чакты күү чертип жүрөм.

 

“МУЗЫКАНТ БОЛГОНУМДА МУГАЛИМДЕРИМДЕН УЯЛЫП…”

– Бала чагымда музыкант болом деп ойлогон эмесмин. Мектепте адабиятка кызыгып райондук гезиттерге макала, ырларымды жарыялачумун. Ошондуктан акын, жазуучу болом дечүмүн. Музыкант болуп калганыма Рыспай Абдыкадыровдун таасири чоң. Мен 9-класста окүп жүргөндө айылга концерт коюп келип калышты. Жай мезгили болчу, Үсөн деген агабыз чакыртып ийиптир. Барсам Рыспай агай, жубайы Давлет жеңе, кызы Сюита, чоң комузчу Фахридин Баяков бар экен. Ал кезде Аалы Токомбаевдин “Коммунизмге”, Алыкул Осмоновдун “Берчи мага жарым кашык музыка” деген ырларына обон жазып айылда атым чыгып калган. Рыспай Абдыкадыров менен таанышкан соң 2 ырымды ырдап бердим. Ал обондорумду жактырып, “биз менен жүрө бер” деп койду. Балык кармаганга кызыгат экен, анын балыгына жем таап берип жүрүп калдым. Ал ошол кезде азыркы Ош университетинин музыкалык бөлүмүндө иштечү экен. “Мектепти бүткөндөн кийин бизге келип оку, үнүң жакшы экен” деп калды.

2 жылдан кийин мектепти бүтүп, ал окуу жайга тапшырып өтүп кеттим. Окууга өтүп алып, мектептеги мугалимдеримден уялып жолугуудан качып жүрдүм. Себеби мектепте математика мугалими “математик кылам” десе, химиядан берген агайыбыз “картайып калдым, менин ордума химик-биолог болосуң” дечү. Кыргыз тили, адабиятынан берген эжейибиз ишеничтүү түрдө “жазуучу, акын болосуң” деп жүргөн. Анын үстүнө музыкант ал мезгилде аброю жок кесип болчу.

 

“АТАКТУУЛУК АЛЫП КЕЛГЕН “НЕСТАН ДАРЕЖАН” ДЕГЕН ЫРЫМ БОЛДУ”

-1980-жылы 16 жашымда студент болгом, ошол кезде “Эй, кыздар”, “Төкчү, жамгыр” деген обондорум окуу жайда популярдуу болгону менен, республикага атым чыга элек болчу. Окуу жайды бүтүп, 1984-жылы айылдагы Ак-Кыя орто мектебине музыка сабагынан мугалим болуп иштеп жүргөндө Ошто республикалык деңгээлдеги обончулардын сынагына чакыруу алып калдым. Чоң композиторлор, Рыспай Абдыкадыров баштаган обончулар катышыптыр. Ошондо “Кайдасың сен, Нестан Дарежан?” деген ырымды ырдап, элдин колдоосуна арзыгам. Эл суранып экинчи жолу аткарганымда Ош телерадиосу үнүмдү жазып калган экен, эртеси күнү республикага тарап кетти. Ошентип 2 күндүн ичинде популярдуу болуп жатып калдым. Мага атактуулук алып келген “Кайдасың сен, Нестан Дарежан?” деген ырым болду.

Азыр ойлосом, ошол мезгилде жумасына бир обонум чыгып турчу экен. Атактуулук адамды өзгөртөт, мен өзгөрбөй, өзүмдү кармаганга аракет кылдым. Атактуулукту кармай албасаң жаман жолго түртөт. Азыркы ырчыларыбызга жакшы болуп жатпайбы, өзүнүн популярдуулугун өзү пайдаланып жатышат. Материалдык жактан жакшырып дегендей. Илгери биз канча жерге барып ырдасак да акы алчу эмеспиз. Бекердин жаман жери, тамак-аш менен кошо арак-шарап куюп берип, ич деп кыстагандар көп эле. Андайларга азгырылып үнүн дагы, өңүн дагы, турмушун дагы бузуп алгандар көп болду.

 

“БАШКА ЫРЧЫЛАРДАЙ БОЛУП ГАСТРОЛДОГОН ЖОКМУН”

-Жубайым Динара Жалал-Абаддын кызы. Кудайга шүгүр, 2 кыз, 1 уулдун ата-энесибиз. Улуу кызым турмушка чыгып, балалуу болгон. Эл аралык мектепте англис тили мугалими болуп иштейт. Уулум Сапарбек менин жолумду жолдоп музыкант, Улуттук консерваторияда бир бөлүмдү жетектейт. Өзү пианист, эл аралык сынактардын лауреаты. Үй-бүлөлүү, эки баланын атасы. Көкүрөк күчүгүбүз Үмүтай студент.

Дирижёр Асанкан Жумакматов менин 10 чакты ырымды оркестрге салып иштеп чыгыптыр. Оркестри менен гастролдоп айылга келип таанышып калдык. Ошондо Дарика Жалгасынова, Керим Турапов, Шеркул Дүйшөналиев ырларымды ырдап барышкан экен. Жумакматов “айылда жүрсөң жүрө бересиң, Бишкекке барып окубайсыңбы” деп калды. Окуганды жакшы көргөн жаным Улуттук консерваторияга тапшырып, композитордук бөлүмдө 11 жыл окудум. Алтынбек Жаныбеков деген чоң композитордон 7 жыл сабак алгам.

Окуу, жумуш деп жүрүп башка ырчылардай элди аралап көп ырдаган жокмун. Бишкекте түрк лицейинде искусство жагын тейлеп 2 жыл иштеп калдым. Андан кийин Маданият министрлигинин искусство бөлүмүндө куратор болдум. Ошол учурдагы губернатор Накен Касиевдин чакыруусу менен Ошко барып, маданият тармагында эле 10 жыл иштеп келдим.

“Жубайым күйөрманым экенине карабай кыз кылыгын кылып мени бир топ убарага салган”.

 

“Рыспай агай үнүмдү, обондорумду жактырганы үчүн акын, жазуучу болом деген оюм өзгөрдү”.

 

“Асанкан Жумакматовдун сунушу менен билимимди Кыргыз улуттук консерваториясында уланттым”.

Замира Рахманбердиева, «Супер-инфо», №745 10-16-февраль, 2017-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.