Доктор Шайлообек Өмүралиев: “21 күн наалыбай, ушактабай, ыраазы болуп жашаган адам таптакыр өзгөрөт”

Бир күндө биз, адамдар, орто эсеп менен 23 жолу нааразы болуп, наалыйт экенбиз. 21 күн наалыбай, ушактабай, турмушуна ыраазы болууну үйрөнсө, ал киши таптакыр өзгөрүп, ырахаттануу менен жашап калат. Белгилүү психолог Уилл Боуэндин “Наалыбай жашайлы” –“Мир без жалоб” аттуу айтылуу китебинде айтылган ыкманы кыргыз психологу Шайлообек Өмүралиев толуктап, биздин коомго сунуштап жатат. “Кереге” жалпы адамзаттык баалуулуктар фондунда ал өзүнүн сабагынын бетачарын өткөрдү.

Боуэндин билериги

– Психологдор дүйнөдө жашоосуна канааттанбаган, нааразы болгон кишилердин саны жылдан-жылга өсүп баратканын айтышат (Бул тенденциядан, тилекке каршы, Кыргызстан дагы артта калган жок). Ушундан улам дүйнөнүн 106 мамлекетинде Уилл Боуэндин саамалыгы—адамдардын кулк-мүнөзүн оңдоо ыкмасы жайылтыла баштады.

Уилл Боуэндин ыкмасы адам баласындагы үч кемчиликти:

– наалыганды,

– ушак айтканды,

– сындоону

азайтууга багытталган. Боуэн бул үч адаттан арылыш үчүн “Наалыбай жашайлы” (“Мир без жалоб”) деген жазуусу бар силикон резинасынан жасалган билерикти тагынып алууну сунуштайт. Наалыбай жашоого үйрөнөм дегендер оозунан чыккан ар бир сөзүн көзөмөлгө ала баштайт. Кокус наалып же ушак айтып алганын, сындап алганын байкап калса, дароо билерикти чечип, экинчи колуна которо коёт. Муну менен ал адам эмоциясын башкарып, оюн топтоону, маңызы жок, туш келди сүйлөөдөн сактанып, өзүн-өзү көзөмөлдөй баштайт.

Окумуштуулардын байкоосунда адам орто эсеп менен бир күндө 23 жолу наалыйт экен. Ал эми канча жолу бирөөлөрдү ушактап, сындай турганы белгисиз, азырынча мындай изилдөөлөр жасала элек.

 

Адамдар не себептен наалышат?

Ырас эле адамдар не себептен наалышат? Анын себептери мындай:

– Өзүнө көңүл бурдуруш үчүн;

– Бийликке жетүү үчүн;

– Актаныш үчүн;

– Жоопкерчиликтен качуу үчүн;

– Бирөөнү жамандап, өзүн андан артык көрсөтүш үчүн.

Наалуу, бирөөнү ушактоо, сындоо ден соолукка кандай таасир этет? Нобель сыйлыгынын лауреаты Масаро Эмото кванттык физиканын негизинде адамдын оозунан чыккан жакшы жана жаман сөз суунун түзүлүшүнө, биоталаасына, анын энергиясына кандай таасир берерин далилдеп чыкты. Адамдын денесинин 80 пайызын суу түзгөндүктөн жаман сөз менен терс эмоция адамга залакасын тийгизет. Наалып, ушак айтып же сындап жатканда адамдын биохимиялык түзүлүшү, психоэмоционалдык абалы негативдүү болот. Бул убакта адамда терс энергия топтолот.

Дагы бир көңүл бурдурчу жагдай—бейтапканага келген адамдардын үчтөн эки бөлүгүн психосоматикалык дарттар түзөт. “Психо” – аң-сезим, “сома” – тулку бой, башкача айтканда, негативдүү ойлордун жана эмоциялардын негизинде (арман, ыза, таарыныч, стресс, депрессия ж.б. факторлордон) пайда болгон оорулар. Уилл Боуэн өзүнүн залкар оюн минтип аяктайт “Эгер жер шарында жашап жаткан адамдардын бир эле пайызы же 70 миллиону наалыбай, ушак айтпай жана сындабай жашаса, адамзаттын тарыхында абдан чоң өзгөрүү болот”. Ал эми биздин шартта, Кыргызстандын калкы 6 млн, анын бир миллиону сыртта жүрөт, ошол 5 миллион калкыбыздын бир пайызы, 50 миң адамды түзөт. Демек, өлкөнүн ар кыл аймагында жашаган 50 миң адам ушул идеяны карманса, биз да өнүгүүгө багыт алмакпыз.

 

ДемНУР ыкмасы

– Психолог катары 30 жылдык тажрыйбамды эске алуу менен Боуэндин ыкмасын мен биздин коомго ылайыкташтырып, тереңдетип иштеп чыктым. Бул ыкмага менин кошумчам – дем алуу көнүгүүсүн сунуштайм. Мен Боуэндин резина билеригинин ордуна кадимки эле шакек тагынууну сунуштайм. Менин колумдагы билерик НУР деп аталат (НУР – наалыба, ушак айтпа, ыраазы бол), (Дем – дем алуу көнүгүүсү).

Боуэндин “Наалыбай жашайлы” (“Мир без жалоб”) китеби мен окуган китептердин арасынан эң таасирдүүсү болуп чыкты. Ошол китепти окуп чыккандан кийин, менде бир идея пайда болду. Биздин коомдо ушак айткан, калп айткандар, турмушуна канааттанбаган, жашоосуна нааразы болгон кишилер көбөйүп кетти. Наалыган адам жугуштуу дарт сыяктуу, бул абалын башкага жугузуп, терс энергия чыгарып турганын өзү да байкабай калат экен. Мына ушундай жашоону өзгөрткүм келди. Таң эртеден эле наалый баштайбыз, “Көчөгө таштанды толуп кетти”, “Аба ырайы ачылбай койду” жана башкага наалыйбыз. Наалыгандык адатка, нормага айланып баратат.

Кыргызстанда 50 миң адам эле наалыбай, ушак айтпай, сындабай койсо, коомубузда чоң өзгөрүү күтүлөт экен.

Психология илими эгер коомду өзгөрткүң келсе, биринчи өзүң өзгөр деп айтат. Ошондуктан Боуэндин адамды өзгөртө турган билеригин мен шакекке алмаштырып, ага кошумча дем алуу көнүгүүсүн коштум. Мисалы, мен шакекти тагынып жүрүп, кокус эле наалып же ушак айтып, же сындап кирсем, дароо шакекти башка колума алмаштырып кием. Алмаштырып жатканда кечирим сурап, бысмылда деп айтып, терең дем алып, демди ичиме кичине кармап туруп, демди чыгарып, анан башка колума салам. Мында көңүлүм бир жерге топтолот. Оозумдан чыккан сөзгө көзөмөл кылам. Мына ушундай ыкманы колдонгондо эрте болсо, эки айда же 4, 8 айдан кийин адам наалыбай калат. Ошол такыр наалыбай калган күндөн баштап эсептесек, адам 21 күн наалыбай жашаса, таптакыр өзгөрүп, жаңы, жаркын жашоо башталат. 21 күндө жумурткадан балапан чыгат. 21 күндө адам да балапандай жаңы жашоо баштайт. Оптимист болуп калат. Ошондо жан дүйнөдө чоң революция болот.

Элибиздин жаңы нерсени бат кабыл алган жакшы сапаты бар. Бирок жаңы нерсенин арасынан терс нерсени да ылгабай кабыл ала бермейибиз бар. Мен адамдарды жаман адаттардан арылтып, жакшы нерселерге багыттасам дейм.

Психолог Томас Энтони Харрис “Мен жакшы, сен жакшы” (“Я о*кей, Ты о*кей”) китебинде адамдардын абалын мындай бөлгөн:

  1. Мен плюс, сен плюс. Бул абал бактылуу адамдын абалы. Мен жакшы, сен да жакшы дейт.
  2. Мен минус, сен плюс. Бул тагдырына таарынган, наалыган адамдын позициясы, байкуш болуу образы депрессияга алып келет.
  3. Мен минус, сен минус. Бул депрессия абалы. Муну дарылаш керек.
  4. Мен плюс, сен минус. Бул мен сенден артыкмын деген текебер абал.

Эгер биз 21 күн кармансак, бактылуу адамдын абалына келип жашайбыз. Наалыбай, фактыны констатациялап жашайбыз.

Гүлмира Үмөталиева: “21 күнгө жете албай келем”

Шайлообек Өмүралиев агайдын айтуусу боюнча Уилл Боуэндин “Наалыбай жаша” аттуу китебин окуп чыктым. Шайлообек агайдын ыкмасын мен да колдонуп келем. Бирок 21 күн наалыбай жашоого мүмкүн эмес экен. Бирок ушул ыкманын жардамы менен өзгөрүп баратканымды сезем. Токтоо, сабырдуу болуп калдым. Балким мурда жаман кишимди душмандай көргөндүрмүн, азыр такыр антпейм. Мен өзгөрүү жолундамын.

Айгүл Бакеева, “ПолитКлиника”, 04.2017-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.