Мамлекеттик мекемелердеги мамлекеттик тилдин абалы кандай?

Финансы министрлигинде…

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин жана анын түзүмдүк бөлүктөрүнүн иш кагаздары менен жеринде таанышканыбызда мамлекеттик тилде жүргүзүлгөн документтердин абалы төмөнкүдөй болуп чыкты.

2016­жылдын 1­кварталында министрликтин 30 кызматкери КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын Окуу борбору тарабынан уюштурулган дистанттык окуудан өткөн. Мындан тышкары, 2013­жылдан бери кызматкерлердин 35­40 пайызы мамлекеттик тилди үйрөнүү жана иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү боюнча атайын окуу курсунан өтүп, тиешелүүтастыктамага ээ болушкан.

КР Финансы министрлигинде иш кагаздарын жүгүртүү электрондук системага салынган. Мекемеде сырттан кирген расмий каттарга расмий тилде жооп жазуу учурларын кошпогондо, мамлекеттик тилде жазылган чыгыш каттары аз санда болуп, каттар көбүнесе орус тилинде жазылат. Аппараттык кеңешмелер, жыйындар, талкуулар көбүнчөсү мамлекеттик тилде жүрөт.

Министрликте Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппараты, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жана министрлик­ведомстволор менен кат алышуусунун басымдуу бөлүгү расмий тилде экендиги даана байкалды. Сөзүбүз кургак болбошу үчүн мисалдарга кайрылалы. 2016­жылы КР Президентинин Аппаратынан 559 кат келсе, анын 7си же 1%ы, КР Өкмөтүнөн 1548 кат келсе, анын 346сы же 22%ы, КР Жогорку Кеңешинен 78 тапшырма келсе, анын 2оо же 2%ы, министрликтер менен мекемелерден 17514 кат түшсө, анын 128и же 2%ы гана мамлекеттик тилде болгон. Ал эми кеткен каттардын жалпы саны 14346 болсо, анын 15%ы же 2152си мамлекеттик тилде, калган 85%ы расмий тилде жөнөтүлгөн.

2017­жылдын 4 айындагы көрсөткүчтөр деле мына ушундай акыбалда. Мамлекеттик тилде жазылган иш кагаздарынын жалпы саны 15%ды гана түзөт. КР Президентинин Аппаратынан 197 кат келсе, анын Зоо же 1%ы, КР Жогорку Кеңешинен 19 кат келсе, анын баары 100% расмий тилде, министрликтер менен мекемелерден 5528 кат түшсө, анын 56сы же 1%ы гана мамлекеттик тилде болгон.

2016­2017­жылдары Мамлекеттик тилди өнүктүрүү маселесинин иш планы бекитилбеген жана коллегиянын кароосуна киргизилип каралган эмес.

 

Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинде…

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын жумушчу тобу тарабынан Айыл чарба, тамак­ашөнөр жайы жана мелиорация министр­лигинде иш кагаздарын жүргүзүүдөгү мамлекет-тик тилдин абалы менен таанышып чыгуу жана жардам көрсөтүү максатында текшерүү иштери жүргүзүлдү.

Борбордук аппаратта 84 кызматкер, 9 түзүмдүк бөлүм (департаменттер)  жана республика боюнча 40 Райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыктары (РАӨБ) бар. Тармак кызматкерлеринин 99%ы  мамлекеттик тилде сүйлөй алган, кыргыз тилдүү адистер. Бирок, тилекке каршы, иш кагаздар дале расмий тилде даярдалып жатат. Мисалы: 2016­жылы министрликтин ички түзүмдөрү менен болгон кат алмашуулар   1278 катты түздү, анын ичинен 1119у (87%и) расмий тилде, болгону 159 кат (13%и) мамлекеттик тилде даярдалган. Ал эми, 2017­жылдын 25­майына карата ички түзүмдөр менен 617 кат алышуулар болсо, анын ичинен 523ү (85%и) расмий тилде.

Ал эми жергиликтүү аймактык түзүмдөр менен кат алышуу негизинен мамлекеттик тилде жүргүзүлөт. М: 2016­жылы  РАӨБдан 967 кат келсе, анын 949у, 2017­жылдын 25­майына карата 260 кат келсе, анын 236сы мамлекеттик тилде болгон.

2016­жылы министрликке КР Президентинин Аппаратынан, КР Өкмөтүнүн Аппаратынан, КР Жогорку Кеңешинен жана башка мамлекеттик мекеме­уюмдардан жалпысы болуп 9821 иш кагаздары  келип түшсө, алардын 1995и же 20%ы гана мамлекеттик тилде, ал эми 7826сы же  дээрлик 80%ы расмий тилде.

2017­жылдын январь­май айларында мекемеге жалпысы 6187 иш кагазы келип түшкөн. Алардын 5027си расмий тилде болгон (80%).

КР Өкмөтүнүн Аппаратынан 2016­жылы келип түшкөн 2536 иш кагаздарынын ичинен 2129у (84%), быйылкы жылы келип түшкөн 1222 иш кагаздарынын ичинен 919у (75%и) расмий тилде даярдалган. Башка мамлекеттик органдардан 8503 иш кагаздары келип түшсө, алардын 7893ү (93%и) расмий тилде жазылган.

Айыл чарба, тамак­ашөнөр жайы жана мелиорация министрлигине караштуу Химиялаштыруу жана өсүмдүктөрдү коргоо департаментине 2016­жылы бардыгы болуп 523 кат келген, алардын 480и (92%и) расмий тилде. 2017­жылы КР Өкмөтүнөн 2 кат келсе, экөө тең расмий тилде, ал эми башка мамлекеттик органдардан 194 кат келсе, алардын 31и (16%и) гана мамлекеттик тилде болгон. Ички түзүмдүк бөлүмдөрдөн келген 345 каттын 307си (90%ы) расмий тилде даярдалган.

 

Саламаттык сактоо министрлигинде…

Министрликтин түзүмү78 кишиден туруп, 15 башкармалык, бөлүмдөрдүн башын бириктирет. Мекемеде мамлекеттик тил боюнча иштеген атайын кызматкер жок. Анын негизги себеби, айлык маянасы төмөн. Ошондуктан, дасыккан лингвист адис токтобойт.

2016­жылы министрликке 39022 кат келген. Алардын ичинен 23318и (60%и) мамлекеттик тилде, ал эми 15704ү (40%ы) расмий тилде болгон. 944 өздүк чечимдер кабыл алынган. Алардын 618и (65%ы) мамлекеттик тилде даярдалган.

КР Өкмөтүнөн 2016­жылы 2169 кат келсе, анын 1200ү (55%ы) расмий тилде болгон. Президент Аппаратынан келген 179 каттын 102си (56%ы) расмий тилде. Ал эми башка министрлик­ведомстволордон келген 10473 каттын 7423ү (70%ы) мамлекеттик тилде, ал эми кеткен каттардын 27 пайызы гана мамлекеттик тилде (3474 каттын 965и).

2017­жылдын биринчи кварталында КР Президентинин Аппаратынан 63 кат келип түшкөн. Алдын 23ү мамлекеттик тилде, 40ы (63%ы) расмий тилде болгон. КР Өкмөтүнөн келген каттардын 74%ы  расмий тилде даярдалган. Жарандардын кайрылууларынын дээрлик жарымы расмий тилде келип түшкөн.

“Кыргыз тили”, 06.2017-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.